8
Главная » Статьи

Всего материалов в каталоге: 78
Показано материалов: 21-30
Страницы: « 1 2 3 4 5 ... 7 8 »

Путин үчүн даярдалып жаткан эң чоң лимузин 2018-жылы даяр болот. "Президенттик лимузиндин эскиздик жана техникалык түзүүсү даяр болду. Аны менен катар негизги лимузинди коштоп жүрүүчү унаалардын да түзүүлөрү даяр",-деп билдирди Санкт-Петербург политехникалык университетинин түзүү бөлүмүнүн башчысы Алексей Боробков. Анын айтымында 2015-жылы автоунаанын прототиби жасалып башталат. Президенттик лимузин 2017-2018-жылдарга барып толук даяр болот. "Бул автоунаа дүйнөдөгү эң чоң, оор - 6 тонна, кыймылдаткычынынын көлөмү 800 литр болгон жана эң негизгиси ааламдагы эң коопсуз автоунаа болот",-дейт ал. Маалыматка ылайык, президенттик кортеждин жасалуусуна 2015-2016-жылдар аралыгында 8 млрд рубль бөлүнгөн. Ал эми былтыр, 2014-жылы жалпы 3,5 млрд рубль керектелген.

Кызык | Просмотров: 611 | Добавил: VIP | Дата: 22.03.2015 | Комментарии (0)

Түндүк Кореянын жашоочулары нике шакектерине кошо уюлдук телефон колдонууну адат кылышып барат. "Кичинекей жана чоң айылдарда да бул адат улам кайталанып жатат",-деп жазат Guardian гезити. Гезитте жазылышынча, учурда уюлдук телефондор жакшы жашаган үй-бүлөлөр арасында эрегишүүнү пайда кылып, символго айланып баратат. Айрым турмушка чыга элек айымдар атайын той үлгүсүндөгү телефондорду пайдалануудан баш тартышат. Маалыматка ылайык, Түндүк Кореяда катардагы телефон 200-300 долларды(25 миң түндүк кореялык вон) түзсө, смартфондорду 400 АКШ долларына алса болот. Ал эми өлкөдөгү жарым айдагы орточо айлык акы ...
Кызык | Просмотров: 607 | Добавил: VIP | Дата: 20.11.2014 | Комментарии (0)

Илгери бир падыша жашап өткөн экен. Анын аябай акылдуу вазири бар эле. Бир күнү падышанын жакшы көргөн аты жоголуп кетет. Падышанын аты аз кездешүүчү породадагы ат эле. Падыша аябай кайгырат. Аны көргөн вазири: - Көп кайгыра бербеңиз! Болбой калган иштин артында ар дайым андан жакшысы күтүп турат Менин сүйгөн аргымагым жоголуп жатса, кайдагы жакшысы күтүп турат! Ошол убакта падышанын аргымагы башка үйүрдөгү жылкылар менен кошулуп кетип калган жактан табылгандыгы жөнүндө кабар келет. Аргымакты тапкан аскерлер падышанын атын бир үйүр жылкылар менен кошо айдап келишет. Аргымагынын арты менен көп жылкылуу болгон падыша туура эмес кылгандыгын айтып, вазиринен кечирим сурайт. Бул окуядан кийин падыша аңчылыкка барып, бир манжасын оорутуп келет. Натыйжада манжасын кесип салышат. Падыша буга аябай кайгырат. Анда вазири: - Көп кайгыра бербеңиз! Болбой калган иштин артында ар дайым андан жакшысы күтүп турат Падыша: “Мейли, аргымагым жоголгондо, кайра таап келишти. Эми манжамды кесип салышты, эми аны кайра таппайбыз. Мындан да эмне жакшылык күтүп турмак эле ! - деп вазирине ачууланып, вазирин түрмөгө каматып салды. Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин падыша дагы аңчылыкка жөнөдү. Падыша менен аскерлери адам жегичтердин туткунуна түшүшөт. Алар качып кутула албайт эле. Алардын баарын адам жегичтер жеп баштады. Падышанын кезеги келгенде Уландысы
Таасирлүү окуялар | Просмотров: 1173 | Добавил: VIP | Дата: 25.07.2014 | Комментарии (0)

“Мен Аллахтын динине кайдыгер караган адам элем. 2000 - жылдары Рамазан айы келгенге чейин мен мечитке барчу эмесмин. Күндөрдүн биринде үйдө уктап жатып, таң калыштуу түш көрдүм. Түшүмдө өзүмдүн керебетимде өзүмдүн уктап жаткандыгымды көрдүм. Аялым келип, мени ойготуп атты. Мен андан: “Эмне болду?”-деп сурасам, бирок ал негедир мени укпайт. Мени кайра-кайра ойготуп жатты. Мен андан кайра-кайра “Эмне болду?”-деп сурасам ал менин сураганымды укпайт. Менин ойгонбогонумду көргөн аялым бир убакта чочуп, агаларымды чакырып келди. Бир кезде врач келип, мени көрө баштады. Мен врачтан: “Эмне кылып жатасың?”-десем, ал да укпайт. Мени текшерип көргөн врач агаларыма менин өлгөндүгүмдү айтты. Алар менин өлгөндүгүмө аябай кайгырышып, аябай ыйлашты, аларды көрүп мен да ыйлап жаттым. Эмнеге булар мени укпай жатышат, эч түшүнө албай жаттым. Келесо болуп калгансыдым. Эмнеге мындай? Эмнеге мен агаларымды, аялымды көрүп, угуп жатам да, алар мени угушпайт? Алар мени жерге көмүү жөнүндө сүйлөшүп, “Эгер бул жакшы адам болсо, Аллах менен эртерээк жолуктурушубуз керек. Эгер жаман адам болсо, анда мындан эртерээк кутулушубуз керек”-деп жатышты. Мени жууп, кепинге орошту. Көрүстөнгө алып жөнөштү. Мен болсо, алдымдан чыккан адамдын баарына “Мен тирүүмүн, мен өлгөн жокмун”-деп айтып жаттым, бирок мени эч ким укпады, эч ким мага жооп бербеди. Көрүстөнгө жеткенде мени жерге имамдын алдына коюшту. Оролгон бойдон жерде жатам, имамды жалооруй карап, “Мен тирүүмүн, мен өлгөн жокмун. Эмне кылып жатасыңар?”- деп жаттым. Бирок имамдан да жооп болбоду. Баары бир добуштан куран окуй башташты. Куран окуп болушкандан кийин мени кабырга кое башташты. Ал эми мен болсо, “Токтоткула! Мени көмбөгүлө! Мен тирүүмүн! ”-деп кыйкырып жаттым. Эч ким укпады. Алар кабырды тактайлар менен тосуп, үстүнө топурак сала башташты. Ошондо мен Мухаммаддын (САВ) бир хадисин эстедим: “Чындыгында, өлүү адам сөөктү көмүп бүтүп бараткан адамдардын ар бир кадамын угат”. Мен да мени көмүп бүтүп бараткан адамдардын кадамдарын угуп жаттым. Караңгы, ным жерде жатып мунун баарына түшүндүм. Ошол убакта эки адам пайда болду. Бирөөсү менин баш жагыма, бирөөсү бут жагыма туруп, мени сурап башташты. - Сенин кудайың ким? - Менин кудайым....... ... Менин кудайым....... ........... Кудайым ким экенин билчүмүн, бирок эстей албай жаттым, ким эле... кантип анын атын унутуп калдым...... ким эле....... ким эле........... Алар дагы суроо берди. - Сенин Элчиң ким? - Менин Элчим........... ... Менин Элчим........... ....... - Сен диниң кайсы? - Менин диним........... .. Менин диним........... ......... Менин аялымдан, дүкөнүмдөн, акчаларымдан, машинамдан башка эч нерсе акылыма келбей койду..... Уландысы
Таасирлүү окуялар | Просмотров: 3964 | Добавил: VIP | Дата: 25.07.2014 | Комментарии (0)

1-кеңеш: Кир жана идиш жууп бүткөндөн кийин тырмагыңызды алма уксусу менен сүртүңүз. 2-кеңеш: Тырмактарыңыз жалтырак болуу үчүн лимондун кесими менен сүртүңүз. 3-кеңеш: Канчалык сулуу тырмак болсо да айланасындагы терилер сыйрылып турса, ал жакшы көрүнбөйт. Андыктан, эртең менен, кечинде, эгер мүмкүнчүлүк болсо, колду ар бир жууган сайын крем сүртүп турган оң. Колдун териси куудурап кургабай турса, тырмак да жакшы көрүнөт. 4-кеңеш: Туз кошулган жылуу сууга колдун учтарын 30 мүнөт салып отуруу тырмактарды катырууга жардам берет.
Кыз-келиндерге | Просмотров: 941 | Добавил: VIP | Дата: 30.03.2014 | Комментарии (0)

Эгер чачыңыздын көп түшө баштаганы сизди ойлондуруп жатса, башыңызды жууган соң 1 литр сууга 100 грамм тузду аралаштырып, аны чачыңыздын түбүнө шыбаңыз. 15 мүнөттөн кийин жөн эле суу менен жууп саласыз. Эгер бул масканы күн сайын жасасаңыз, бир жумадан соң чачыңыздын түшкөнү дээрлик токтоп калат.
Кыз-келиндерге | Просмотров: 794 | Добавил: VIP | Дата: 30.03.2014 | Комментарии (0)

Башыңыздын жуурдун алдында чачыңыздын түбүнөн учуна чейин кефир же айран шыбап алуу сунушталат. Ушул калыбыңызда 20 мүнөт жүргөн соң жууп салыңыз.
Кыз-келиндерге | Просмотров: 620 | Добавил: VIP | Дата: 30.03.2014 | Комментарии (0)

Бул масканы жасоо үчүн сизге бир жумуртканын сарысы, 1 чоң кашык өсүмдүк майы, 1 чай кашык бал, 1 чай кашык хна, 1 чай кашык коньяк керек. Булардын баарын жакшылап аралаштырып, чачыңызга 30-40 мүнөт коёсуз. Үстүнөн сөзсүз түрдө полиэтилен шапкесин кийип, сүлгү менен ороп алышыңыз керек. Аягында шампунь менен жууп саласыз. Эгер фенди көп колдонгондон улам чачыңыз куудурап кургап кеткен болсо, бул масканы жумасына бир жолу жасап турсаңыз, чачыңыз 1-2 айдын ичинде өз калыбына түшүп калат.
Кыз-келиндерге | Просмотров: 623 | Добавил: VIP | Дата: 30.03.2014 | Комментарии (0)

Көбүнчөсү билдирүүүз өзгөчө чыгышы үчүн быйтыкчаларды колдонубуз ар кандай сайттардан быйтыкчаларды коду менен жазабыз. Ошол берилген коддо быйтыкчаны алган сайтыңызга шилтеме болот бул материалда кантип ошол шилтемени жок кылууну билсеңиз болот.

Керектүү маалыматтар | Просмотров: 603 | Добавил: Admin_Site | Дата: 29.03.2014 | Комментарии (0)

Көп сайттарда, форумдарда Cookie дегенди тазалаңыз деген сөздү уксаңыз керек эми ошол Cookie ни кантип тазалайт эмне үчүн керектиги бул материалда.

Керектүү маалыматтар | Просмотров: 643 | Добавил: Admin_Site | Дата: 29.03.2014 | Комментарии (0)