8
Главная » Статьи » Материалдар » Таасирлүү окуялар

Күмүш эшик жабылса алтын эшик ачылат
Илгери бир падыша жашап өткөн экен. Анын аябай акылдуу вазири бар эле. Бир күнү падышанын жакшы көргөн аты жоголуп кетет. Падышанын аты аз кездешүүчү породадагы ат эле. Падыша аябай кайгырат. Аны көргөн вазири: - Көп кайгыра бербеңиз! Болбой калган иштин артында ар дайым андан жакшысы күтүп турат Менин сүйгөн аргымагым жоголуп жатса, кайдагы жакшысы күтүп турат! Ошол убакта падышанын аргымагы башка үйүрдөгү жылкылар менен кошулуп кетип калган жактан табылгандыгы жөнүндө кабар келет. Аргымакты тапкан аскерлер падышанын атын бир үйүр жылкылар менен кошо айдап келишет. Аргымагынын арты менен көп жылкылуу болгон падыша туура эмес кылгандыгын айтып, вазиринен кечирим сурайт. Бул окуядан кийин падыша аңчылыкка барып, бир манжасын оорутуп келет. Натыйжада манжасын кесип салышат. Падыша буга аябай кайгырат. Анда вазири: - Көп кайгыра бербеңиз! Болбой калган иштин артында ар дайым андан жакшысы күтүп турат Падыша: “Мейли, аргымагым жоголгондо, кайра таап келишти. Эми манжамды кесип салышты, эми аны кайра таппайбыз. Мындан да эмне жакшылык күтүп турмак эле ! - деп вазирине ачууланып, вазирин түрмөгө каматып салды. Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин падыша дагы аңчылыкка жөнөдү. Падыша менен аскерлери адам жегичтердин туткунуна түшүшөт. Алар качып кутула албайт эле. Алардын баарын адам жегичтер жеп баштады. Падышанын кезеги келгенде адам жегичтер анын бир манжасы жок экендигин көрүшүп, аны жебей коюшат, себеби адам жегичтердин салты боюнча бир мүчөсү кем жаныбарларды жешчү эмес. Аскерлердин баарын жегенден кийин падышаны кое беришет. Падыша хан сарайына кайтып келип, вазирин өзүнө чакырып,андан кечирим сурап, мындан ары ал менен талашып, тартышпай тургандыгын, камабай тургандыгын айтат. Анда вазир падышанын кечирим сураганынын зарылдыгы жоктугун, андан көрө аны түрмөгө камагандыгы жакшы болгондугун айтат. Себеби, падыша вазирди түрмөгө камабаганда, ал да падыша менен аң уулоого барып, адам жегичтерге жем болмок эле.
Категория: Таасирлүү окуялар | Добавил: VIP (25.07.2014)
Просмотров: 1174 | Теги: вазирлер, хандар, Хан жана вазир | Рейтинг: 1.0/1
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }