8
Главная » Статьи » Материалдар » Кызык

В категории материалов: 7
Показано материалов: 1-7

Сортировать по: Дате · Названию · Рейтингу · Комментариям · Просмотрам

8-МАРТ ЭМНЕ ҮЧҮН МАЙРАМДАЛЫП КАЛГАН?

1857-жылдын 8-мартында Нью-Йорктогу текстилдик фабрикада иштеген аялдар эмгек шартты жакшыртуу, иш күнүнүн убактысын кыскартуу жана эркектер менен тең укуктуу болуу талаптары менен демонстрацияга чыгышкан. Бирок алар тез эле тартип сакчылары тарабынан куулуп, таркатылган эле.
Кийин 1908-жылдын февраль айынын акыркы жекшембисинде Нью-Йорк шаарынын аялдары дагы көтөрүлүшкө чыгып, шайлоо укугуна ээ болууну жана жаш балдарды иштетүүнү токтотуу, эмгек шартын жакшыртуу талаптарын коюшкан. Бул ирет полиция аялдарды муз аралашкан суу чачып таратат. Бирок бул көтөрүлүштүн толкуну бүткүл Европаны каптап, кийинки жылы аялдар жөө жүрүш менен гана чектелбестен, массалык иш таштоого чейин барышат.....

Кызык | Просмотров: 1578 | Добавил: Admin_site4510 | Дата: 23.02.2017 | Комментарии (0)

Дүйнөдө окуяларды алдын-ала туура айткандыгы менен айырмаланган Ванга аттуу болгариялык атактуу аял жашап өткөн. Аны дүйнөлүк илимпоздор XX кылымдын атактуу инсандарынын катарына киргизишкен. Анын атактуулугу ушунда – ал айткандардын дээрлик 97-98%ы туура чыккан. Ал азыр арабызда жок. Бирок, азыр биз жашап жаткан доордогу болуп жаткан бардык окуялар менен көрүнүштөрдү буга чейин ал жаземдебей туура айтып кеткен экен. Анын айткандарынын баары туура чыгып келгенине жана азыр да туура чыгып жатканына таңдангандар көп. Болгар окумуштуусу Георгий Лазанов Ванга феномин чейрек кылымдан бери иликтеп жүрүп, 7000ден ашуун алдын ала айткандарынын жүзөгө ашкандыгын белгилеп, Ванганын айткандарынын чындык менен кокусунан дал келүүсү 80%дан жогору экен деген жыйынтыкка келген.

Кызык | Просмотров: 1510 | Добавил: VIP | Дата: 04.09.2016 | Комментарии (0)

Toyota компаниясынын тарыхы өткөн кылымдын 30-жылдарында башталып, кадимки текстилдеги токуу станокторун чыгарган Toyoda Automatic Loom Works комнаниясынын негиздөөчүсүнүн баласы-Киитиро Тоёда атасынын фирмасында унаа бөлүмүн ачып, андан көп өтпөй эле жеке унаа куруучу “Тойота” компаниясын 1936-жылдын, 28-августунда негиздеген.

Кызык | Просмотров: 1054 | Добавил: VIP | Дата: 30.08.2016 | Комментарии (0)

Неопубликованные "закулисные" фото

Баардык фотолорду коруу учун макаланы басыныз.

Кызык | Просмотров: 3572 | Добавил: VIP | Дата: 01.09.2015 | Комментарии (0)

Клеопа́тра VII Филопатор биздин заманга чейин 69-жылы 2-ноябрда туулган. Ал Птолемей XIII түн кызы жана эллинистикалык Египеттин акыркы Ханышасы. Тарых барактарына кайрылсак,  Ханышанын мүнөзү абдан катаал болгону жана  Египеттин билимдүү аялдардын катарына кирип, 7 тилде эркин сүйлөгөнү жазылат.

Кызык | Просмотров: 1567 | Добавил: VIP | Дата: 29.08.2015 | Комментарии (0)

Путин үчүн даярдалып жаткан эң чоң лимузин 2018-жылы даяр болот. "Президенттик лимузиндин эскиздик жана техникалык түзүүсү даяр болду. Аны менен катар негизги лимузинди коштоп жүрүүчү унаалардын да түзүүлөрү даяр",-деп билдирди Санкт-Петербург политехникалык университетинин түзүү бөлүмүнүн башчысы Алексей Боробков. Анын айтымында 2015-жылы автоунаанын прототиби жасалып башталат. Президенттик лимузин 2017-2018-жылдарга барып толук даяр болот. "Бул автоунаа дүйнөдөгү эң чоң, оор - 6 тонна, кыймылдаткычынынын көлөмү 800 литр болгон жана эң негизгиси ааламдагы эң коопсуз автоунаа болот",-дейт ал. Маалыматка ылайык, президенттик кортеждин жасалуусуна 2015-2016-жылдар аралыгында 8 млрд рубль бөлүнгөн. Ал эми былтыр, 2014-жылы жалпы 3,5 млрд рубль керектелген.

Кызык | Просмотров: 610 | Добавил: VIP | Дата: 22.03.2015 | Комментарии (0)

Түндүк Кореянын жашоочулары нике шакектерине кошо уюлдук телефон колдонууну адат кылышып барат. "Кичинекей жана чоң айылдарда да бул адат улам кайталанып жатат",-деп жазат Guardian гезити. Гезитте жазылышынча, учурда уюлдук телефондор жакшы жашаган үй-бүлөлөр арасында эрегишүүнү пайда кылып, символго айланып баратат. Айрым турмушка чыга элек айымдар атайын той үлгүсүндөгү телефондорду пайдалануудан баш тартышат. Маалыматка ылайык, Түндүк Кореяда катардагы телефон 200-300 долларды(25 миң түндүк кореялык вон) түзсө, смартфондорду 400 АКШ долларына алса болот. Ал эми өлкөдөгү жарым айдагы орточо айлык акы ...
Кызык | Просмотров: 607 | Добавил: VIP | Дата: 20.11.2014 | Комментарии (0)