8
Главная » Статьи » Материалдар » Кыз-келиндерге

В категории материалов: 4
Показано материалов: 1-4

Сортировать по: Дате · Названию · Рейтингу · Комментариям · Просмотрам
1-кеңеш: Кир жана идиш жууп бүткөндөн кийин тырмагыңызды алма уксусу менен сүртүңүз. 2-кеңеш: Тырмактарыңыз жалтырак болуу үчүн лимондун кесими менен сүртүңүз. 3-кеңеш: Канчалык сулуу тырмак болсо да айланасындагы терилер сыйрылып турса, ал жакшы көрүнбөйт. Андыктан, эртең менен, кечинде, эгер мүмкүнчүлүк болсо, колду ар бир жууган сайын крем сүртүп турган оң. Колдун териси куудурап кургабай турса, тырмак да жакшы көрүнөт. 4-кеңеш: Туз кошулган жылуу сууга колдун учтарын 30 мүнөт салып отуруу тырмактарды катырууга жардам берет.
Кыз-келиндерге | Просмотров: 941 | Добавил: VIP | Дата: 30.03.2014 | Комментарии (0)

Эгер чачыңыздын көп түшө баштаганы сизди ойлондуруп жатса, башыңызды жууган соң 1 литр сууга 100 грамм тузду аралаштырып, аны чачыңыздын түбүнө шыбаңыз. 15 мүнөттөн кийин жөн эле суу менен жууп саласыз. Эгер бул масканы күн сайын жасасаңыз, бир жумадан соң чачыңыздын түшкөнү дээрлик токтоп калат.
Кыз-келиндерге | Просмотров: 794 | Добавил: VIP | Дата: 30.03.2014 | Комментарии (0)

Башыңыздын жуурдун алдында чачыңыздын түбүнөн учуна чейин кефир же айран шыбап алуу сунушталат. Ушул калыбыңызда 20 мүнөт жүргөн соң жууп салыңыз.
Кыз-келиндерге | Просмотров: 620 | Добавил: VIP | Дата: 30.03.2014 | Комментарии (0)

Бул масканы жасоо үчүн сизге бир жумуртканын сарысы, 1 чоң кашык өсүмдүк майы, 1 чай кашык бал, 1 чай кашык хна, 1 чай кашык коньяк керек. Булардын баарын жакшылап аралаштырып, чачыңызга 30-40 мүнөт коёсуз. Үстүнөн сөзсүз түрдө полиэтилен шапкесин кийип, сүлгү менен ороп алышыңыз керек. Аягында шампунь менен жууп саласыз. Эгер фенди көп колдонгондон улам чачыңыз куудурап кургап кеткен болсо, бул масканы жумасына бир жолу жасап турсаңыз, чачыңыз 1-2 айдын ичинде өз калыбына түшүп калат.
Кыз-келиндерге | Просмотров: 623 | Добавил: VIP | Дата: 30.03.2014 | Комментарии (0)