8
Главная » Статьи » Материалдар » Кызык

Путин үчүн жасалып жаткан дүйнөдөгү эң чоң лимузин 2018-жылы толук бүткөрүлөт

Путин үчүн даярдалып жаткан эң чоң лимузин 2018-жылы даяр болот. "Президенттик лимузиндин эскиздик жана техникалык түзүүсү даяр болду. Аны менен катар негизги лимузинди коштоп жүрүүчү унаалардын да түзүүлөрү даяр",-деп билдирди Санкт-Петербург политехникалык университетинин түзүү бөлүмүнүн башчысы Алексей Боробков. Анын айтымында 2015-жылы автоунаанын прототиби жасалып башталат. Президенттик лимузин 2017-2018-жылдарга барып толук даяр болот. "Бул автоунаа дүйнөдөгү эң чоң, оор - 6 тонна, кыймылдаткычынынын көлөмү 800 литр болгон жана эң негизгиси ааламдагы эң коопсуз автоунаа болот",-дейт ал. Маалыматка ылайык, президенттик кортеждин жасалуусуна 2015-2016-жылдар аралыгында 8 млрд рубль бөлүнгөн. Ал эми былтыр, 2014-жылы жалпы 3,5 млрд рубль керектелген.

Категория: Кызык | Добавил: VIP (22.03.2015)
Просмотров: 611 | Теги: мерс, лимузин, длинный, Путин | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }