Бул масканы жасоо үчүн сизге бир жумуртканын сарысы, 1 чоң кашык өсүмдүк майы, 1 чай кашык бал, 1 чай кашык хна, 1 чай кашык коньяк керек. Булардын баарын жакшылап аралаштырып, чачыңызга 30-40 мүнөт коёсуз. Үстүнөн сөзсүз түрдө полиэтилен шапкесин кийип, сүлгү менен ороп алышыңыз керек. Аягында шампунь менен жууп саласыз.
Эгер фенди көп колдонгондон улам чачыңыз куудурап кургап кеткен болсо, бул масканы жумасына бир жолу жасап турсаңыз, чачыңыз 1-2 айдын ичинде өз калыбына түшүп калат.