8
Главная » Статьи » Материалдар » Кызык

Түндүк Кореяда колунда барлар гана уюлдук телефон көтөрө алат
Түндүк Кореянын жашоочулары нике шакектерине кошо уюлдук телефон колдонууну адат кылышып барат. "Кичинекей жана чоң айылдарда да бул адат улам кайталанып жатат",-деп жазат Guardian гезити. Гезитте жазылышынча, учурда уюлдук телефондор жакшы жашаган үй-бүлөлөр арасында эрегишүүнү пайда кылып, символго айланып баратат. Айрым турмушка чыга элек айымдар атайын той үлгүсүндөгү телефондорду пайдалануудан баш тартышат. Маалыматка ылайык, Түндүк Кореяда катардагы телефон 200-300 долларды(25 миң түндүк кореялык вон) түзсө, смартфондорду 400 АКШ долларына алса болот. Ал эми өлкөдөгү жарым айдагы орточо айлык акы 23 долларга(3 миң вон) барабар. Мына ошентип, Түндүк Кореяда уюлдук телефондорду мамлекеттик кызматта эмгектенгендердин же бай жашаган жарандардын балдары гана колдоно алат. Кошумча маалымат: Өткөн жылдын май айындагы статистика маалыматына караганда, өлкөдө 2 млнго чукул киши уюлдук оператордун абоненти экени аныкталган. Бул ар бир 12-адамда телефон бар дегенди билдирет. Эскерте кетчү жагдай, уюлдук телефондордо интернетке кирүү жана чет өлкөгө чалуу мүмкүн эмес. Мурда туристтердин кол телефондору текшерүүгө алынып, колдонууга берилчү эмес. Акыркы кездерде туристтердин телефон колдонуусуна уруксат берилди деген маалымат бар.
Категория: Кызык | Добавил: VIP (20.11.2014)
Просмотров: 607 | Теги: Корея | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }