8
Главная » 2014 » Июль » 4 » Япония. Биринчи жолу биоотун менен жүрүүчү автобус ишке кирди.
22:40
Япония. Биринчи жолу биоотун менен жүрүүчү автобус ишке кирди.

Дүйнөдө биринчи жолу жаратылыш жашыл евглена балырлары менен жүрө турган автобус Япониянын Фудзисава шаарында жүрүп баштады. Автобус үчүн биоотунду Япония жүк ташуучу жана автобус чыгаруучу "Izuku" компаниясы менен "Euglena" компаниясы биргеликте иштеп чыгарышкан. "Автобус күнүнө 22 каттам жүрөт. Биздин ойубузча 4жылдан кийин 100% жаратылыш жашыл балырлар менен иштөөчү технологияларды чыгарабыз. Азыр ал 1% бөлүк менен иштеп жатат"-дейт  "Izuku" компаниясынын маалымат кызматы. Ушул жылдын июнь айынын акырында эки компания биргеликте жаңы муундун жашыл балырлар менен иштөөчү кыймылдаткычтарды иштеп чыгаруу келишимине кол коюшту. Пландарга ылайык 2018-жылга компаниялар кошумча күчтүн жардамысыз эле 100% жашыл балырлардан чыккан биоотун менен иштөөчү технологияны иштеп чыкмакчы.

   Бүгүнкү күнү дизелдик автотранспорт үчүн кара отун менен(бензин) дизель майынын ордун биоотунга алмаштыруу эң эле ыңгайлуу чечим болот. Анткени мында узак жолго баруу мүмкүнчүлүгү үчүн  суу да, электр тогу да негизги чечими болбой калат. Бирок, биоотундун бир кемчилиги кыймылдаткычка жогорку деңгээлде күч сарпталышы болуп жатат. Эгерде бул амбициялык проект ишке ашса, анда компания базарга жаңы майды сунуштайт. Ал эми "Euglena" компаниясы дүйнөдө биринчи жолу Евглена жашыл балырларынан өстүрүп масштабтуу түрдө өнөр-жай базарына  чыгарышмакчы. Балыр майлуу түп негизден турат, ошол себептен окумуштууларды биоотун катары колдонууга көңүл бурдурган. Мындан сырткары анын курамында хлорофил бар, ал өз кезегинде көмүр кычкыл газын сиңирүүгө жөндөмдүү. Анын алгачкы автобуста иштетип башташы, проекттин максаттарын иш жүзүнө ашырууда биринчи кадам болуп саналат. 

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 849 | Добавил: VIP | Теги: Биравтобус | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }