8
Главная » 2014 » Июль » 25
Коомдук каналды төрт жыл бою жетектеп, кызматтан өз каалоосу менен кеткен Кубат Оторбаевдин ордуна буга чейин коомдук ЭлТР каналын жетектеп келген Султан Жумагулов КТРКнын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Султан Жумагулов байкоочу кенешке сиздин талапкерлигиңизди ким сунуштады деген суроого: "Мен добуш берүүгө катышкан жокмун талапкерлигимди президенттик аппарат сунууштады. Угушум боюнча добуш берүү альтернативдик негизде жүргүзүлгөн. Мен канча добуш алганымды жана атаандашымдын канча добуш алгандыгынан кабарым жок. Ошондой эле келе жаткан жаңы жылда массалык маалымат каражаттарында орчундуу өзгөрүү болот, санариптик берүүгө өтөбүз деген оюн айтты". Журналистика чөйрөсүнө акыркы убактарда терс пикирлер айтылып келет. Коомдук каналдын мындан аркы иш-аракеттерине баарыбыз чогуу күбө болобуз.
Прикрепления: Картинка 1
Категория: Кыргызстан | Просмотров: 786 | Дата: 25.07.2014 | Комментарии (0)