8
Главная » 2016 » Сентябрь » 04

Учурда Кыргызстан – Борбор Азияда демократия лидери. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри өлкөнү эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди.

Керри 25 жыл мурун АКШ алгачкылардан болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныганын эске салды. Андан кийин дагы Кошмо Штаттар чейрек кылым аралыгында стратегиялык өнөктөштүккө жана достукка негизделген мамилени колдоп келгенин белгиледи.

Демократия, плюрализмди сыйлоо, андан тышкары бардык жарандар үчүн саясий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр бар экенине үмүт берүү - эки өлкөнү жакындатып турган көпүрө экенин айтты.

“Туруктуу жана гүлдөгөн Кыргыз Ресубликасы аймактагы бардык өлкөлөр үчүн өрнөк боло алат. Кошмо Штаттар Кыргызстандагы экономикалык жана демократиялык ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 2549 | Дата: 04.09.2016 | Комментарии (0)

Reuters агенттиги үч дипломатиялык булакка шилтеме берип жазганына караганда, Өзбекстан президенти Ислам Каримов дүйнө салды. Бирок бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек. Каримовдун саламаттыгындагы көйгөйлөр тууралуу кептер 27-августтан тарта жайыла баштаган. Эртеси күнү кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Instagram, Facebook баракчаларына атасы мээсине кан куюлуп, инсульт болуп Ташкендеги оорукананын интенсивдүү терапия бөлүмүндө реанимацияда жатканын жазган. “Абалы туруктуу, бирок азыр кандайдыр бир божомол айтуу эрте" деп билдирген. Бүгүн эртең менен мамлекеттик булактар анын абалы кескин начарлаганын маалымдашты. Өлкөнү 25 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келген Каримов 1-сентябрда Өзбекстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата майрамдык иш-чарага к ... Толугу менен окуу »
Категория: Дүйнө | Просмотров: 2566 | Дата: 04.09.2016 | Комментарии (0)