8
Главная » Улуттук оюндар
« 1 2
Акыйнек, акый - кыргыз оозеки поэзиясындагы айтыш жанрынын бир түрү.
Кордоо, шакаба чегүү, мыскыл мүнөзүндөгү жаш кыздардын айтышы. Акыйнек айтышкан кыздар тууган-уругуна, айыл-конушуна карата эки жаат болуп бөлүнүп, маңдай-тескей туруп, бири экинчисинин кемчилигин алмак-салмак чукуп, шакаба айтышкан. Акыйнек музыкалык аспапсыз, көбүнчө обонго салынбай айтылган. Акыйнек жалаң эле кордоо, мазактоо мүнөзүндө болбостон, кээде сөзгө чечендикти, сөз тапкычтыкты сынашуу максатын да көздөп оюн-зоок, тамаша иретинде да айтылган. Акыйнек айтышуу учурда жанданып, айтыш өнөрүнүн бир жанры катары өнүгүүдө.

Мисалы: "Байдын кызы менен жардынын кызы" деген акыйнек айтыш:
Байдын кызы:
Этегимби, жеңимби?
Ушул кыз менин теңимби?
Ой, жарды кыз, жарды кыз,
Жакшылап уккун кебимди.
Жарыбаган жалчылар ... Читать дальше »
Категория: Улуттук оюндар | Просмотров: 9546 | Добавил: VIP | Дата: 08.02.2014 | Комментарии (0)

Оюндун баяны:
Жетекчи отургандардын артынан айланып басып жүрүп жоолукту билдирбей бирөөнүн артына таштап салып, айланып жүрүүсүн уланта берет. Эгерде артына таштаган жоолукту отурган оюнчу байкабай калса, жетекчи кайрадан келип жоолукту алып, байкабай калган кишинин жонуна жоолук менен ура баштайт. «Таяк» жеген оюнчу отургандардын артынан тегеренип жүгүрүп качып, кайрадан өз ордуна келип отурууга шашат. Эгерде качкан оюнчу жетекчиге жеткирбей жана урдурбай качып келип ордуна кайрадан отурса, оюн жетекчиси өз ордунда калып, оюнду улантат. Эгерде жетекчи качканды кубалап жетсе, алар ролдору менен алмашышып оюн кайрадан башталат. Эгерде артына ташталган жоолукту отурган оюнчу байкап калса, ал жоолукту тез алып жетекчини кубалап жетип, жоолук менен жонуна урууга аракеттенет. Оюн жетекчиси болсо ага жеткирбей айланып качып бошоюн орунга келип отурууга аракеттенет. Жетекчи, кубалаган оюнчудан кача албай калса кайрадан ... Читать дальше »
Категория: Улуттук оюндар | Просмотров: 811 | Добавил: VIP | Дата: 08.02.2014 | Комментарии (0)

Оюнда бир нече кыз-жигиттер же бир эле кыз-жигит ат устундо кубалашып ойношот. Бир нече ончой кыздар менен жигиттер ойногондо, кыз-жигиттер кезектери келгиче бирден даярданып турушат, оюн башталганда кызды кубалоо чегине кыз-жигит барып, кыз атын чаап качат, качып бараткан кызды, эржигит чектелген аралык ичинде ат чаап кууп жетиш керек, жеткен сон, баш кийими менен кыздын аркасына тийгизүү жеңгендигин тастыктайт, кызга жетип бетинен ооп кыздан алдыны карай качып чыгуу да жигиттин женгендигин билдирет. Кызды ат чаап кууп жетпесе, жигиттин оюндан чыгуусу шарт болот. Тандоо ыкмасы менен уткан жигиттер жана кыздар оюндун женучусу аныкталгыча ойношот. 

Оюн шарты боюнча экиден жыйырмага чейин кыз жигит катыша алат. Оюндун откоруло тур ... Читать дальше »
Категория: Улуттук оюндар | Просмотров: 1798 | Добавил: VIP | Дата: 08.02.2014 | Комментарии (0)

Ат чабыш - байыркы замандан бери эле кыргыздын эн кызыктуу оюндарынын бири. Кыргыз эли торттулук мал кутууну кесип кылып келген. Алардын ичинен жылкы озгочо орунду ээлейт. Кыргыз турмушунда жылкы минсе - ат, жук артса - унаа, сааса саан болуп кызмат кылган, сойсо чуйгун эт болгон. Жылкынын жорголору, кулуктору ото жогору бааланып, аларды байгеге кошушкан. Кыз узатып, уул уйлонткондо, тай-аш бергенде ат чабышып, тогуздап байге сайылган. 


Саяпкерлер чабыла турган аттарды бир-эки ай кермеге байлап, азыраак жем-чоп берип, анда-санда тердетип, тан ашырып таптаган. Чабыла турган кулуктордун кокулдору тушурулуп, куйруктары туйулгон. Кулукторду 8-14 жаштагы чыйрак балдар чабышкан. Ат чапчу б ... Читать дальше »
Категория: Улуттук оюндар | Просмотров: 1749 | Добавил: VIP | Дата: 08.02.2014 | Комментарии (0)

1-10 11-14