8
Главная » 2014 » Февраль » 8 » Кыз Куумай
22:19
Кыз Куумай
Оюнда бир нече кыз-жигиттер же бир эле кыз-жигит ат устундо кубалашып ойношот. Бир нече ончой кыздар менен жигиттер ойногондо, кыз-жигиттер кезектери келгиче бирден даярданып турушат, оюн башталганда кызды кубалоо чегине кыз-жигит барып, кыз атын чаап качат, качып бараткан кызды, эржигит чектелген аралык ичинде ат чаап кууп жетиш керек, жеткен сон, баш кийими менен кыздын аркасына тийгизүү жеңгендигин тастыктайт, кызга жетип бетинен ооп кыздан алдыны карай качып чыгуу да жигиттин женгендигин билдирет. Кызды ат чаап кууп жетпесе, жигиттин оюндан чыгуусу шарт болот. Тандоо ыкмасы менен уткан жигиттер жана кыздар оюндун женучусу аныкталгыча ойношот. 

Оюн шарты боюнча экиден жыйырмага чейин кыз жигит катыша алат. Оюндун откоруло турган орточо аянты же узундугу 1000метрге чейин болот 
Катышуучулар ат устундо бир кыз, бир жигит болушуп турушкандан кийин, оюн шартттары жөнүндө сүйлөшүп алышат. 

Ушул сыяктуу унутта калып бараткан «Жигит куумай» аттуу дагы бир туру бар. Бул оюн Кыз куумай оюнуна окшош келип бирок бираз башкача шарттары менен айырмаланат. 
Эреже боюнча туурасынан жол тосууга, токтотууга, минип жургон атын башка оюнчунун атына багыттоого, камчылоого, тоскоолдук болууга болбойт. 

Оюнга катышуучулардын суранычы боюнча, юонга үчүнчү адам — жеңеси дайындалышы мүмкүн, женесинин ролу: кызды эржигиттен сактоо, жигитке жеткизбей чабып келүү үчүн кызга жардам көрсөтүү болуп эсептелет. 

Илгертен бери ушул сыяктуу Кыргыз оюндары улуттук кийимге кийинип алып откорулуп келген, ошондуктан оюнга улуттук кийим кийип ойноо шарт. 

Азыркы учурда ат чабуу, кыз куумай жана башка, ушул сыяктуу оюндар ипподромдордо же атайын шартта даярдалган талааларда өткөрүлөт. 

Эреже боюнча буйруктан берилле электе аттарын чаап баштоого, тоскоол кылууга, улуттук кийими жок оюнга катышууга шарт берилбейт. 
Ушу сыяктуу оюндарда тең салмакты сактоого, шамдагайлыкты онуктурууго, чечкиндүүлүкту кучотууго жана ат устундо устаттык менен журууго үйрөтөт.

Кыз куумайдын байыркы оюндардан экендиги «Манас» эпосунда да жолугат. Сейтек ата конушу Таласка көчүп келе жатканда жолдо эригип, көңүл ачып, кыраандар бары баш болушуп кыз куумай оюнун ойногондугу мындайча баяндалат: Боз бала, жигит аралаш,
Кыз-келин менен жарышып,
Кызык өзөн бойлошуп,
Кызыгышып кыраандар
Кыз куушмай ойношуп,
Талыкпай көчүп, бээ байлап
Таласты көздөй бет алып,
Эл чуркурап, чуу болуп
Эр кубанып, дуу болуп,
Киндик кесип, кир жууган

Оюнга методикалык көрсөтмө.
 Оюнчулардын каалоосу боюнча, үчүнчү киши — жеңеси киргизилиши мүмкүн, анын ролу: кызды жигиттен сактап, ага жеткирбей чаап келүү үчүн кызга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Оюнчулар, оюнга улуттук кийимдерди кийишип чыгууга зарыл.
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда шамдагайлык тарбияланат, тең салмакты сактоого, чечкиндүүлүккө, ат чабуунун ыкмаларын үйрөтөт.
Жерине көчүп келатат.

Келин жарыш 

Катышуучу кыз-келиндер аттарын минип, оюн башталуучу сызыкка катар тизилип турат, 
Оюн баштоочу кишинин буйругу менен кыз-келиндер аттарын чаап, берилген аралыкты тез отууга аракет кылышат. Марага эн биринчи чаап келген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болуп калат. 


Маалымат: Түп, Википедиа.
Категория: Улуттук оюндар | Просмотров: 1799 | Добавил: VIP | Теги: Оюну, Кыргызча, кыз, Куумай | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }