8
Главная » Кыргызча ырлар
« 1 2
Мен жаш тилек балапан,
Канатымды тарасам.
Чалгын өсүп жетилип,
Чамдап учуп баратам.
Мен жаш тилек адатым,
Ажыратып билемин.
Асман жердин арасын.
Аткан октой качырсам,
Алышкандар жадасын.
Кайраттуу баатыр экен деп,
Кабарым элге таралсын.
Мен жаш тилек тилегим,
Жалындаган жүрөгүм.
Акыл сөздөн тайбаган,
Ай нурунда сайраган.
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 992 | Добавил: VIP | Дата: 02.03.2014 | Комментарии (0)

Биринчи баатыр Ташмамат,
Көсөмдөрдөн үлгү алып,
Көздөгөн жоону жыгууга,
Жүрөгүнөн от жанып.
Анварбек биздин баатырдын,
Кандай сонун атагы,
Тяншандан чыккан баатыр деп,
Кылымда далай таң калды.
Асанов Дайыр жаш барчын,
Атканы зая кетпеген,
Алдыда жүрүп коркпостон,
Алсам деп жоону дегдеген.
Днепрдин дайрасын,
Элден мурун ал кечкен.
Автомат менен атканда,
Асылган жоону жүдөткөн.
Төрт сааттын ичинде,
Эс албастан ... Читать дальше »
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 874 | Добавил: VIP | Дата: 02.03.2014 | Комментарии (0)

Кат жаздым ага алыстан,
Калкыңдан кабар берүүгө,
Канимет кылып соо болуп,
Касташкан жоону жеңүүгө.
Караанын көрүп советтин,
Канкор бир Гитлер түңүлгөн.
Кандайсың ага аманбы,
Кабар ук мендей иниңден.
Милдетин элдин актоого,
Жазганым жок билер деп.
Ак нанды жыйдык мол кылып,
Агаин анда силер деп,
Гитлерди кармап байлагын,
Кете албас кылып чидерлеп.
Ишенем сизди жеңет деп,
Жеңишти колго берет деп,
Калкыбыз сизге ыраазы,
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 756 | Добавил: VIP | Дата: 02.03.2014 | Комментарии (0)

1-10 11-13