8
Главная » 2014 » Март » 2 » Баатырларга рахмат
15:14
Баатырларга рахмат
Биринчи баатыр Ташмамат,
Көсөмдөрдөн үлгү алып,
Көздөгөн жоону жыгууга,
Жүрөгүнөн от жанып.
Анварбек биздин баатырдын,
Кандай сонун атагы,
Тяншандан чыккан баатыр деп,
Кылымда далай таң калды.
Асанов Дайыр жаш барчын,
Атканы зая кетпеген,
Алдыда жүрүп коркпостон,
Алсам деп жоону дегдеген.
Днепрдин дайрасын,
Элден мурун ал кечкен.
Автомат менен атканда,
Асылган жоону жүдөткөн.
Төрт сааттын ичинде,
Эс албастан кичине,
Уу тырмак капыр Гитлердин,
Жалынды салдың ичине.
Асанов Дайыр жаш баатыр,
Ал айткан антын актады.
Намысты алып бергенге,
Бүт элдериң шаттанды.
Тогузунчу май күнү,
СССР жоону жеңди деп,
Өлкөбүздө бүт элдин,
Эт жүрөгү элжиреп.Согуш бүткөн күндөрдө,
Толкубай жүрөк турабы,
Ааламга бүтүн таралды,
Советтик жеңиш урааны.
Согуш бүттү дегенде,
Сүйүндүрдү жүрөктү,
Ардактуу Кызыл Армия,
Орундатты тилекти.
Мен жеңем деп салпылдап,
Япон да чыкты бир туштан,
Шаңданып шумкар чыкканда,
Туруштук бере албастан,
Ойсуз иттер кан кускан.
Москвага түштө барам деп,
Санабастан ал чыккан,
Жашасын Кызыл Армия,
Кубантып көңүл тыңгызган.
Тынчтыкта жаткан өлкөгө,
Мыкаачы Гитлер кол салды,
Аттанып жаштар чыкканда,
Акылсыз душман сандалды.
Бул кабарды укканда,
Толкубай жүрөк турабы,
Балдарым намыс алды деп,
Өлкөдө элим кубанды.
Дүйнөлүк согуш басылды,
Сүйүнүп жүрөк ачылды.
Дүрбөлөң алган Гитлердин,
Түп тамыры казылды.
Ушунун барын иштеген,
Узун болсун өмүрүң.
Кыйратып жоону талкалап,
Ачылды гүлдөй көңүлүм.
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 874 | Добавил: VIP | Теги: га, Баатырлар, рахмат | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }