8
Главная » 2014 » Март » 2 » Мен жаш тилек балапан
15:18
Мен жаш тилек балапан
Мен жаш тилек балапан,
Канатымды тарасам.
Чалгын өсүп жетилип,
Чамдап учуп баратам.
Мен жаш тилек адатым,
Ажыратып билемин.
Асман жердин арасын.
Аткан октой качырсам,
Алышкандар жадасын.
Кайраттуу баатыр экен деп,
Кабарым элге таралсын.
Мен жаш тилек тилегим,
Жалындаган жүрөгүм.
Акыл сөздөн тайбаган,
Ай нурунда сайраган.
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 994 | Добавил: VIP | Теги: ме, балапан, н жаш т, илек | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }