8
Главная » 2015 » Август » 30 » КРден Казакстанга бажысыз унаа ташууга беш жылдан кийин уруксат берилет
13:51
КРден Казакстанга бажысыз унаа ташууга беш жылдан кийин уруксат берилет

Буга байланыштуу регламент 25-августтан тартып күчүнө кирди.

 

"Кыргызстандын унааларын Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) бирдиктүү бажы баасы менен, тактап айтканда бажы салыгын төлөбөй туруп Казакстанга ташууга 2020-жылдын 1-январынан тартып гана уруксат беришет. Бул тууралуу Tengrinews.kz булагы жазып чыкты. Буга байланыштуу регламент 25-навгусттан тартып күчүнө кирди",-деп кабарлайт КРдин Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Документке ылайык, Кыргызстанда колдонулган унааларды Кыргызстандын жараны убактылуу айдап киргенден тышкаркы учурда Казакстандын аймагына ташып кирүүгө уруксат берилбейт. Калган баардык учурларда унааларга Кыргызстан ЕАЭБгке киргенге чейин иштеп келген бажы салыгы төлөнүүгө тийиш.

"Кыргызстандан ташылган унааларды ЕАЭБдин башка мамлекеттеринин аймагына ташып кирүүга жана пайдаланууга бажы декларациясынын шарттарын аткарып жана бажы менен салыктын суммасынын ортосундагы айырма акчаны төккөндөн кийин гана уруксат берилет",-деп айтылат КРдин Экономика министрлиги тараткан маалыматта.

Кыргызстандан ташыла турган унааларды бирдиктүү бажы тарифи боюнча Казакстандын аймагына ташууга беш жылдан соң гана уруксат берилет. Казакстан өзүнүн унаа базарын коопсуз кылыш үчүн ушундай шартты колдогон.

КРдин Экономика министрлиги берген маалыматка таянсак, ошол эле учурда Кыргызстандын ишкерлерине дагы эки жылга чейин ЕАЭБдин өлкөлөрүндө кабыл алынган бажы ченемдеринен төмөнкү бажы менен унаа алып келүүгө уруксат беришти. Бирок 2020-жылга карата Кыргызстан акырындап бул ченемдерди теңдөөгө милдет алды. ЕАЭБдин өлкөлөрү жашоо минимуму ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө салыштырганда төмөн деп эсептелген Кыргызстандын жарандарына келе турган оордукту жеңилдетиш үчүн буга макул болушкан.

Категория: Экономика | Просмотров: 728 | Добавил: VIP | Теги: киргищя, КАЗАХСТАН, Кыргызстан | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }