8
Главная » 2015 » Август » 29 » "Ата Мекен" бир катар ММКларды сотко берди
16:56
"Ата Мекен" бир катар ММКларды сотко берди
“Ата Мекен” партиясы КТРКны, ЭлТРди жана Knews маалымат агенттигин сотко берди. Бул тууралуу партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында аталган маалымат каражаттары “Ата Мекен” партиясын каралаган маалыматтарды тараткан. Эске салсак, август айында Орусиядагы айрым мигранттар шайлоодо “Ата Мекенди” колдой турганы жөнүндө маалымат жыйын уюштурган. Андан кийин башка мигранттар менен иштеген уюм өкүлдөрү жогорудагы билдирүүгө нааразылыгын билдиришкен. Бул жөнүндөгү сюжет аталган эки телеканалда көрсөтүлүп, Knews агенттигине макала жарыяланган. Мындай аракеттерди партия өкүлдөрү шайлоо алдындагы буйрутма катары кабыл алышып, сотко кайрылышкан. Азыр Бишкектеги Ленин райондук сотунда 8-сентябрда каралуу алдында турат. Ал эми аты аталган ММК өкүлдөрү бул эч кандай буйрутма эместигин айтышууда.
Категория: Саясат | Просмотров: 667 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }