8
Главная » 2014 » Февраль » 8 » Тушоо менен басуу
22:54
Тушоо менен басуу
Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда жип колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бир катар болуп турушуп  буттарын жиптер менен өтүп, оюн өтчү аралык шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар белгиленген аралыктан тушоолору менен бат басып өтүүгө аракеттенишет. Оюнчулардын аракети 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи болуп келген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда аракетти баштоого, тушоону чечип аралыктан өтүүгө, аралыкты толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өтчү аралык тегиз, тоскоолдуксуз тушоолор бирдей болушу керек,

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч тарбияланат, тең салмакты сактап жүрүүгө, кыймылдарды башкарууга, максатка ынтылууга үйрөтөт.
Просмотров: 719 | Добавил: VIP | Теги: Тушоо, Басуу, Менен | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }