8
Главная » 2014 » Февраль » 28 » Токтогул Сатылганов-Кош, апаке!
22:11
Токтогул Сатылганов-Кош, апаке!
Боздодуң, апа, боздодуң,
Кайгымды кайра козгодуң.
Кайрат кылсаң болбойбу,
Тирүүмдө жоктодуң…

Ыйладың, апа, ыйладың,
Ыйлаба жашың кургасын.
Убайым тартып ый-ыйлап,
Уулуңду муңдуу кылбагын…

Айланайын, апамсың,
Анчалык неге жаш алдың?
Айдалып барам алыска,
Азабым тартып жатарсың.

Карууң кетет, кейибе,
Кулак сал менин кебиме.
Ажалым жетип өлбөсөм,
Карчыга куштай айланып,
Келермин кайра элиме!

Айланайын, апаке,
Балапандай баккансың,
Ак сүтүңдү эмизип
Бооруңа басып жаткансың.
Мага окшогон жалгызды,
Зарлап жүрүп баккансың.

Алпештедиң, апаке,
Адам кылдың асырап,
Ачылар бекен кабагым
Ушул иштен ажырап?

Керимбай кылды кесирди,
Кекенип мага эсирди.
Жаш кезимден каршы элем,
Журтумдан айдап кетирди,
Башыма түштү, көрөйүн,–
Ажалым жетсе өлөйүн,
Кайгырбай, апа, үйгө бар.
Кантейни барып келейин.

Айланайын, апаке,
Уккун менин сөзүмдү.
Картайганда көп ыйлап,
Алдырба муңга көзүңдү.
Ажалым жетип өлбөсөм,
Акыр бир күн алармын
Керимбайдан өчүмдү.

"Кош, апаке". Токтогулдун туткунга алынган учур 1898 жылдын жай айлары. Акын бул ырга чейин "Беш каман" жана башка ырларында  эзүүчүлөр менен  эзилгендердин ортосундагы келишпес күрөштү, карапайм калктын оор абалын баяндаса, эми туткунга алынган  мезгилден баштап  Токтогулдун чыгармачылыгында мазмун жагынан да айрым өзгөрүүлөр болду. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү эзилген эл  жети ата менен бир ата болуп бөлүнүп , Рыскулбектин  балдарына каршы көтөрүлүп , бир нече жолу чабыш болгон соң, "калың эл колуна курал алып, Анжиянга басып киргени жатат  , тез аскер жибергиле"  деп манаптар Наманган горнизонунан аскер сурашат. Куралданган  алтымыш ашык аскер  келип , 1898 -жылы 11-июнунда Кетмен-Төбөдө көп адамды кармап кетет . Алардын арасында Токтогул да бар эле. Акын  "жамандыгын ырдайм деп, жазыктуу болдум манапка" деген сөзүн бекеринен айткан эмес. өзү  айткандай  ак жерден күнөөлүү болуп, сүргүнгө айдалып кетээрде " Кош, апаке" деп энесине " Кош, элим" деп журтуна кайрылат.
Достор эгер текстте ката тапсаңыздар комментариилерде жазып койуңуздар сураныч.
Категория: Поезия | Просмотров: 8773 | Добавил: VIP | Теги: сүргүн, кантип, Токтогул, кош апаке | Рейтинг: 2.5/13
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }