8
Главная » 2014 » Февраль » 8 » Таш үстүндө басуу
22:48
Таш үстүндө басуу
Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Өткөрүлүүчү жер: аянтча, таштуу жер.

Оюнга даярдануу  Адегенде оюн өтчү жерге таштарды 30 см. 1 м. аралыкта тизип алып оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алынат. Ар ким өз кезеги келгенде бир бутун тизеден бүгүп, жерге тийгизбестен, тизилген таштардын үстүндө тең салмагын жоготпой басуу керек. Оюнчулардын аракети 3—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Тең салмагын жоготпой бир буту менен таштарды басып өткөн оюнчу жеңип чыгат.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, таштарды ордунан жылдырууга, тең салмакты жоготкондой кийин таш үстүндө басууну улантууга болбойт.

Оюндун тарбиялык мааниси — тең салмакты сактоого, чыдамкайлыкка, аралыкты туура аныктоого үйрөтөт.
Категория: Улуттук оюндар | Просмотров: 759 | Добавил: VIP | Теги: Таш үстүндө басуу оюну | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }