8
Главная » 2014 » Февраль » 3 » Манас жаралуу доору
22:08
Манас жаралуу доору
Манастын" жаралуу доору боюнча азырынча негизги үч божомол (гипотеза) бар:
Енисейлик Орхон доорунда (VII-IX к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. М. О. Ауэзов, проф. А. Н. Бернштам),
Алтай доорунда (IX-XI к.к.) чыккандыгы жөнүндө (Б. М. Юнусалиев),
Жунгар доорунда (XVI- XVIII к.к.) чыгышы жөнүндө (проф. А. К. Боровков, проф. И. Л. Климович).[6]
Жакып кан уулу Манас баатырдын жана анын укум-тукумунун эл-жердин азаттыгы, биримдиги жана элдердин достук карым-катнашын бекемдөө үчүн күрөшү баяндалган эпикалык дастан. Көлөмү боюнча ага теңдеш дастандар жок. Бул дастан «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнөн турат. Айрым манасчылар аны сегиз урпагына (Кенен, Алымсырак, Кунансырак ж.б.) чейин айтышат. «Манас» дастанында кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты, чарбасы, жоокердик турмушу кеңири чагылдырылган. «Манас» дастанын айрым эпизоддору 16 кылымында жазылган «Мажму ат-таварих» чыгармасында айтылат.
«Манас» алгач жаралганда эле азыркы көлөмүндөгү, сюжеттик түзүлүшүндөгү чыгарма болгон эмес. Улам кийинки муундагы айтуучулар, жомокчулар, манасчылар, толуктап, мазмунун кеңейтип, байытып, сюжети татаалдашып олтуруп, бүгүнкү күндөгү деңгээлге келген.
Категория: Манас | Просмотров: 1395 | Добавил: VIP | Теги: Манас, Кыргыз, Айкөл, Ата | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }