8
Главная » 2014 » Февраль » 8 » Макал-Лакаптар жана учкул сөздөр жыйнагы
22:27
Макал-Лакаптар жана учкул сөздөр жыйнагы
Адамдын кийимине караба, сөзүнө кара
Жаман кийим ичинде жалындаган жүрөк бар.
Адамды өттү экен деп эсептебе,
Артында өчүрүлгүс изи калса.
Арбак ыраазы болбой, тирүү жарыбайт.
Алтынды эрите албаган иритер,
Терини ашата албаган чиритер.
Акыл, илим-тирүүлүктө урмат, өлгөндө-даңк
. Ат кадырын минген билет.
Ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
Алпты жеңген баатыр эмес, ачууну жеңген баатыр.
Аттан айрылсаң да, ээр токумунан айрылба.
Аз сүйлө, көп тыңда.
Ачуу тил таттуу турмушту бузат
. Атадан каргыш алган оңбойт.
Билгенди айтуудан тартынба.
Бирөөнүн сөзү сыйлуу, бирөөнүн өзү сыйлуу.
Баарын ук бирок керектүүсүн ал.
Дааналык менен кыскалык – сөздүн көркү.
Дил кадырын ыйман билет, тил кадырын сынган билет.
Жакшы таап сүйлөйт, жаман каап сүйлөйт.
Заман өзгөрсө, салт өзгөрөт.
Ишти билгенге бер,сөздү айтканга бер.
Камчы болсоң төрт кырлуу бол,
Жигит болсоң бир сырлуу бол.
Карысын сыйлаган элде касиет бар. Күзүндө чыгынбаган, кышында жылынбайт.
Максатсыз киши-канатсыз куш.
Ок жетпеген жерге сөз жетет.
Өмүрдөн өткөн байлык жок.
Өнөрлүү адам көпкө таанылат, элге алынат.
Өнөр издегениң-өргө кадам шилтегениң.
Уул жакшысы-атанын даңкы,
Кыз жакшысы-эненин даңкы.
Улууну урматтаган узак жашаар,
Кичүүнү ызаттаган куунак жашаар.
Эне сыйлаган элге жагат,
Ата сыйлаган абийир табат.
Категория: Макал-Лакаптар | Просмотров: 12134 | Добавил: VIP | Теги: сөздөр, Учкул, Макал лакап, Кыргызча | Рейтинг: 2.7/18
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }