8
Главная » 2014 » Февраль » 8 » Кош аяктап жүгүрүү
22:43
Кош аяктап жүгүрүү
Оюнчулардын саны 2—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу. Катышуучулар бир катар болуп турушуп алып оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышкандан кийин кош аяктап күтүп турушат.

Оюндун баяны. Оюнга катышуучулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча оюнчулар белгиленген аралыктан кош аяктап жүгүрүп өтүү керек. Оюн 2—3 жолу

кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келгени жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрлөрү бар: Маселен, чалкалап, кол жана буттарды ракка окшотуп басуу. Өрдөкчө майпаңдап басуу ж. б.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда аракетти баштоого, аралыкты толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт. Оюн өткөрүлүүчү жер таза жана тегиз болушу керек. Ойноочулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө талапка ылайык келет.

Оюндун тарбиялык мааниси. Адамда күч, ылдамдык, ийилчээктик чыдамкайлык калыптанат. Алдыга коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.
Категория: Улуттук оюндар | Просмотров: 787 | Добавил: VIP | Теги: Аяктап, Кош, жүгүрүү | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }