8
Главная » 2014 » Февраль » 8 » Басуу
22:38
Басуу
Оюнчулардын саны 5—15 киши.

Оюнга даярдануу: Жетекчи шайланат да, калган оюнчулар бир катар болуп турушкандан кийин оюн өткөрүлүүчү  аралык,  шарты  жөнүндө  сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Жетекчисинин буйругу боюнча катышуучулар белгиленген аралыктан жөө басып тез өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келгени оюндун жеңүүчүсү болуп эсептелинет.

Оюндун башка дагы түрлөрү. Таяк таянып басуу, таякты желкеге коюп басуу, таякты белге коюп басуу, дөңгө басып чыгуу, дөңгө басып түшүү, кумда басуу, сууда басуу, карда басуу, айдалган жерде басуу, ылай жерде басуу, чөптө басуу.

Оюндун эрежеси: Буйруктан мурда басууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, жүгүрүүгө, аралыктан толук өтпөй коюуга болбойт.

Оюндун мааниси, Күчтүүлүгүнө, чыдамкайлыкка тарбиялайт. Бойду түз, тыкан алып жүрүүгө, келбеттүүлүккө үйрөтөт.
Категория: Улуттук оюндар | Просмотров: 812 | Добавил: VIP | Теги: Оюну, Басуу | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }