8
Главная » 2014 » Март » 19 » Жаман уул, жакшы уул
16:41
Жаман уул, жакшы уул
Жаман уул, жакшы уул
Жакшы болор уулуң
Он төртүндө октолот,
Он бешинде токтолот,
Жыйырмага чыкканда
Эшигинин алдына
Калдайган жыйын топ болот.

Жаман болор уулуң
Он төртүндө октолбойт,
Он бешинде токтолбойт,
Эшигинин алдында
Калдайган жыйын топ болбойт.

Боз карчыга боодо ойнойт,
Борумдуу жигит жоодо ойнойт,
Болуму жок көр жаман,
Энеси менен аш талашып төрдө ойнойт.

Он эки жашка барганда
Балаңды жолго саларсың,
Баш ийдирип аларсың.
Он эки жаштан өткөндө,
Эрезеге жеткенде,
Тартип берип койбосоң
Өкүнгөн бойдон каларсың.
Балдар, илгеркиден кеп калган:
«Ата-энесин кордогон
Өз уулунан кордук көрөт» деп калган!..
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 963 | Добавил: VIP | Теги: жакшы уул кандай болот?, Жаман уул | Рейтинг: 1.0/2
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }