8
Главная » Статьи » Материалдар » Керектүү маалыматтар

Эмне үчүн караңгыда тырмак кыскартууга болбойт?

Дин эмне дейт?

 Тырмакты кыскартуу өздүк тазалык гана эмес, ал Мухаммед (С.А.В) Пайгамбардын калтырган сүннөтү. Аиша эне калтырган хадистердин биринде, тырмакты кыскартуу адам баласы үчүн адаттагы эле көрүнүш экендиги жана ал бардык Пайгамбарларга түшкөн өкүм болгондугу жазылат. Тырмак кыскартууга Ислам дининде эч кандай мезгилдик чектөө жок. Башкача айтканда, күндүн кайсы бир бөлүгүндө же бир убакыт аралыгында тырмак кыскартуу керек деп белгиленген эмес. Андыктан, тырмактарды маалында, каалаган убакытта  кыскартып туруу жетиштүү. Бирок, тазалыкты сактап, алынган тырмактарды ар жерге таштоо адептүүлүккө жатпастыгын айта кетүү ашыкча болбос.

Баса, динде тырмак алуунун тартиби, тагырак айтканда сүннөт делген эрежеси бар: 

 Ошондой эле, Ибн Маждын хадистер жыйнагында, “эгер адам тырмактарын 40 күнгө чейин кыскартпаса, анда бул макүрүк болот” деп жазылган. Ал эми Аиша эне айткан хадистердин бирине ылайык, Мухаммед Пайгамбар (С.А.В) мындай деген: “Ким жума күнү тырмактарын кыскартса, анда Алла ал пендесин кийинки жума күн жана дагы 3 күнгө чейин бөөдө кырсыктан сактап турат”. Көпчүлүктүн ишеними, электр энергиясы жок маалда кокустук болуп кетпесин деген кыжаалатчылыктан улам калыптанып калгандыр балким. Анткени, мурда жарык болгон эмес да. Мындан улам, бул ишенимдин Ислам динине эч кандай тиешеси жок тыянак чыгаруу туура.

Кызыктуу фактылар:

- адамдын тырмагы төрөлгөндөн баштап өсүп, өмүр бою узарып турат жана карылыкта анын өсүшү жайлайт;

- сөөмөй, ортон жана аты жоктун тырмактары баш бармак менен чыпалакка караганда тезирек өсөт;

- колдогу тырмактардын өсүшү буттагыга караганда эки эсеге бат;

- тырмактар кышта жайырак өссө, жайда өсүү тездейт;

- тырмактар күндүзү өсөт, түнү өсүү аябай жай болот;

- тырмак кечкиге салыштырмалуу эрте менен бат узарат;

- адамдын тырмагынын өсүшү күнүнө орточо 0,15 мм;

- эң узун тырмак 64,7 смди түзөт, ал 13 жыл аралыгында өсүп отурган;

- чоң адамдын тырмагынын калыңдыгы 0,75 мм болсо нормалдуу;

- 1 айда ал 4,5 см ге чейин өсө алат;

- 1 жылда 5,4 см;

- бүтүн өмүрүндө эркектер 3,9 метр, ал эми аялдар 4,3 метр тырмагын кыркат;

- тырмакты канчалык көп алып турса, ал ошончолук бат өсөт.

Категория: Керектүү маалыматтар | Добавил: VIP (06.09.2015)
Просмотров: 1845 | Теги: Тырмак, Дин, эреже | Рейтинг: 1.0/1
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }