[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 2
  • 1
  • 2
  • »
Модератор форума: Асман  
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » "Күкүк эне же сойкунун тагдыры" (Айгүл Шаршен)
"Күкүк эне же сойкунун тагдыры"
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:02 » Билдирүү # 1
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Рапия балдар үйүндө жүргөндө эле абдан тентек кыз болчу. Аны Анарбай менен Жийде балдар үйүнөн атайы алып келип багып алышкан. Эки эркек баласы бар эле. Рапияны жакшы эле тарбиялап, колунан келишинче багышты. Рапия кичине бой көтөргөндөн эле оюн-зоокко катышып, Жийденин тилин албай далай жолу Анарбайдан токмок жеди. Мектепте да тың окуган жок. Өзү да чоңойгон сайын көздөрү карагаттай болуп, башкача сулуу болуп баратты. Ан сайын жигиттердин көздөрү Анарбайдын үйүнө кадалганын айтпа. Ошентип эптеп он жетиге келгенде Калмурат Рапияны ала качып алган. Бирок ошондо ал анын кыз эмес экенине карабай жакшы көрүп: "Өмүрүм өткөнчө колума көтөрүп жүрүп багам" деп анын сулуулугуна суктанып баскан изин кызганчу. Аңгыча Рапия эркек уулдарды катарынан төрөп койду. Калмурат ого бетер бактылуу болуп, сулуу аялдын кучагында уулдарын эркелетип жашап жатышканда капысынан заман өзгөрүлүп, СССР кулап, эл чаң-тополоң боло баштады. Калмурат да иштеп жаткан ишинен кыскартылып үйдө болуп калган. Балдары бул кезде бири төрттө бири эки жашта эле. Рапия бир күнү Калмурат менен жөндөн жөн эле уруша кетти.- Сен үйдө олтурсаң, балдар болсо чоңоюп калды, буларды багыш керек же толгон малыбыз болбосо эптеп жумуш издеп иштебесең бул эмне деген жашоо?!.- Койчу эми Рая, мен сени баары бир иштетпей багам, ыйлабачы, эми эки балам менен сени кантип эле кор кылып койойун.- Ооба сага, кор кылбайм деп койот, ушинтип отурсак кор болмок турсун көчөдө кайырчы болуп калабыз.- Койсоңчу, кайдагыны айтпай, кантип ошого жеткирейин. Мен тирүүмүн го.- Мен атамдардыкына барам да, акча алып Россияга соода кылым келем, ал эми эки баланы ошоякка алып барып койом, сен аларды карай албайсың.- Барбайсың, - Калмурат жини келе айтты.- Барам дедим, барам.- Барбайсың деп жатам!- Иш-шиң болбосун барам, билгениңди кыл!- Энненди-и! деген Калмурат шилтеп калганда Рапиянын жаак тушуна колу шак эле дей түштү. Бирок Калмурат өзү да чоочуп кетти. -Кечирип койчу Рая, мен сени урайын деген эмесмин, -деп кучактап сооротоюн дегенде Рапия кыйкырып жиберди.- Жого-ол, тапкан экенсиң сен катын урганды, мен сага көрсөтөм аял урган кандай болоорун, - деген Рапия өлөрмандана ыйлап-сыктап кийимдерин чогултуп, балдарын кийинтип экөөнү жетелеген бойдон кетип калды. Калмурат канчалык жалдыраса да болбоду. Аргасы кеткенде: кайда бармак эле кетсе кете берсинчи, деген бойдон кала берди. Көрсө Рапияны ошондо бир жигит: "эки балаң болсо да мен сага үйлөнөм, кор кылбай багам" деп азгырып жүргөн экен. Ал ошого ишенип аерден чыгып алып балдарын ата-энесине таштап өзү Россияга кетип калды. Ал эми тигиниси аякка баргандан кийин Рапияны жанына жологон жок.
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:05 » Билдирүү # 2
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Анткени аерде анын бир тууган агасы бар эле. Кез кезде гана жолугуп турат. Ошентип жүрүп Рапия соода кылбай эле ал жакка да күн тийген тоонун күкүгү болуп жүрө берди. Жаш сулуу келинге кимдер гана көз артпады. Акчалуу жигиттер аны ар күнү ресторан менен кафелерде, барларда сыйлап, жетпегени ак эткенде так этип жүрдү. Убакыт өтө берди. Рапиянын же кылган соодасы жок жөн гана бекер сыйдын үстүндө жүрүп эки жыл өтүп кетти. Ошол убакыттын ичинде ал аерге аттын кашкасындай белгилүү болуп колдон колго өтүп тажатып калган. Ишенбек ошол кезде ага капысынан жолугуп калды. Анын сулуулугуна арбалган ал Рапияны дароо квартирасына алып барды да ошол күндөн баштап аны өзү менен кошо соодага чыгарып алды.Аны көргөн кээ бирөөлөр көз менен мазакташып: "оо баягы сойкуну бул имерип калган го?" деп тим болушса кээсин ачык эле: "эй муну сен кайдан таап алгансың ыя. Россия боюнча муну көрбөгөн эркек калган эмес эле!" дешсе Ишенбек алардын бирине жооп бербей укмаксан болуп жүрүп жыл айланып калганда Рапия ай күнүнө жетип төрөй турган болуп калганда Ишенбектин шаштысы кетип жүрдү: "Айылда өзүнүн үч балалуу аялы аны күтүп жатса бул биякта төрөгөнү турса кандай кылаар экемин?" Антип минткиче бат эле күн өтүп Рапия кыз төрөдү. Кыздын эмитен эле көздөрү бакырайып кирпиктери упузун болуп жакшынакай эле. Ишенбек ошол учурда Рапияга абдан ыраазы болуп жүрдү.- Рапия, мен сага ыраазымын, өзүңө окшогон жакшынакай кыз төрөп бердиң, эми мага окшотуп эркек төрөп берсең, - деп өздөрүнчө бактылуу болуп жашап жатышты.Бирок бул көз ирмемчелик бактылуулук көпкө созулбады. Сезим торолуп үч айдан ашып калган эле. Ишенбек кышкы Россияны суугунда кечке соода кылып күндө кечинде тамак ашты көтөрүп келет. Ал эми Рапия болсо жеңил аяктыгы кармап күндө-күндө эшикке чыкканда тийише берчү бир жигит менен таанышып калды. Ал:- Рапия, эгер мен сенин ордунда болсом ушул квартирада кор болбой эле эркин учкан куш болуп каалаган жагымда сайрандамакмын, карачы, бул үйдүн түрмөдөн айырмасы кайсы? Капастагы кушту элестетип жатам, сени көрүп эле, -деди адеп сүйлөшүп турганда эле. -Карачы, сени төрөгөн аял деп ким айтат?- Кызым турбайбы, эми кайда бармак элем, аял киши төрөгөндөн кийин баарына баш ийип калат тура.- Койсоңчу, өзүндүн үйүң болсо бир жөн, биерде квартирада жөн эле камалып жата берсең алдагы сулуулугуң, жаштыгың жөн эле кор болот.- Билбейм…-Рапия ошентип тагдырына баш ийип жашай баштаганда дагы бир каскак аны жылуу ордунан козгогону турду. Бир күнү Ишенбек:- Рапия, мен сени менен ачык сүйлөшөйүн дедим эле…- Эмнени, айта бер да айта турган сөзүңдү.- Мен… мен сага айтып коюшум керек, менин айылда аялым үч балам бар, мен быякта соода кылам деп жүрүп сени жолуктуруп калбадымбы. - Эмне-е, мени сен ким деп жүрөсүң ыя, эмнеге ушул күнгө чейин айтпадың?- Койо турсаң эми, акыры айтам деп ойлогом, мына айтып жатпаймынбы. - Айтканыңды уккум да келбейт, мен эми кызымды алам да каалаган жакка кетем!- Эмне деп жатасың?! - Ишенбек аны жаактан ары чаап жиберди, ошондо Рапия беш жыл мурунку Калмураттан жаакка жегенин ойлоп: "чын эле дагы кайда барганы жатам, эки уулум эмдигиче чоңоюп калды го, аларды эне-атасыз томсортуп койгонум жетер, кой эмнеси болсо да жашай берейин" деген ойго келди да үнсүз ыйлап отуруп калды. Ал балдары төркүнүмдө эле жүрөт деп ойлонгон.- Койчу эми, ыйлабачы, тагдыр бизди жолуктуруп жатса айла канча, сени ата-энемдин колуна алып барам, ал эми тигини шаарга эле тим койом.Рапия андан кийин үн дебеди: "Бала кезимен бери эч бир адамдын тилин укпай ушул жашка келгеним жетишээр" деп ойлонуп жатты. Ошол бойдон бир бирине ыкташып жашай берет беле, Рапия кезектеги сүйгөнү менен колго түшпөгөндө. Ал күн да дем алыш күн эле. Ишенбек кечке соода кылып кечинде товарын жыйып бүтүп анан тамак аш алып үйдү көздөй жөнөдү. Негедир жүрөгү бир нерсени сезгендей өзүнчө эле шашып баратты. Үйгө кире берейин дегенде ичтен Рапиянын күлкүсү жаңырды.- Бол эми эртерээк кетип кал, кокус ал азыр келип калса экөөбүздү тең өлтүрөт.- Койчу ай, өлтүрүп эле эмне, андан көрө кетээрде да бир жыттап алайынчы, - алардын өбүшкөн дабышы угулду, -Райичка, канчага ушинтип жүрө беребиз ыя, мен сени азыр жетелеп кетким келип турат.- Кой дейм, бар эртерек үйүңө, мен эми кызым турганда сени ээрчип кайда бармак элем?- Кетебиз кетчү жакка! - Ишенбек андан ары угууга чыдабай каалганы ачып кирип барды.- Ой эненди ур-райын ######, бул эмне кылганың ыя?!- Мен, эмес, - Рапиянын көзү чакчайып калтырап туруп калды.- Сен кимсиң? - тиги улгайгансып калган кытайга окшогон неме деле коркуп койбой жай баракат кайра өзүнө суроо берди.- Азыр өлө элегиңде чыгып кет, мен сага өзүмдү тааныштырып отуралбайм! - Кетсе кетип калам, катынынды урганда эч нерсе чыкпайт, андан көрө…- Чык! - деген Ишенбек аны көздөй жөнөгөндө ортого Рапия түшө калды.- Өлтүрсөң мени өлтүр, ага тийбе, баарына мен күнөөлүмүн, мен аны сүйөм, уктуңбу мен аны сүйөм!- Анда неге мени менен жашап жүрдүң, неге төрөдүң, баланын убалын ойлогон жоксуңбу ыя?!- Сени менен жашап көнүп кетем деп ойлогом, эми жашай албайм, сени сүйө албадым!! !Ошондо жини келип намыстана түшкөн Ишенбек анын жанына барды да бетине түкүрүп жиберди:- Ок бети жок канчык десе, сүйбөсөң сага мени сүй деп эч ким жалдырабайт, жолдо калганыңда ушул үйгө алып келип калкалап калдым эле, мен сени аял экен десем, сойку сойку бойдон калат тура!-деди да төрдө ороодо жаткан наристени көтөрүп алып кайрылбай жөнөп кетти. Рапия ордунан козголо албады же бала баккандан тажаганы же Ишенбектен тажаганы белгисиз турган ордунда мостойгон бойдон тура берди.Ишенбек ошол эле түнү мейманканага жатып алып эртеси эртең менен камерага келди да болгон товарын оптом берип жиберип калганын алып пойоздге олтуруп Бишкекке жөнөдү. Ал үйүнө телеграмма бербегендиктен аны эч ким тосуп чыкпады. Таңга маал вокзалга келген Ишенбек такси жалдап алып үйүнө келди. Ал келгенде аялы үйүндө жок экен. Балдары үч айлык Сезимди жакшы көрүп көтөрүп жүргөндө Кымбат келди да:- Бул кайдагы неме?-деп жактырбагандай түр көрсөттү, - же бирөөнү туудуруп ийдиңби?- Эмне деп былжырап жатасың, алыстан узак жолдо чарчап келсе кайдагыны айтып башты оорутасың, таап алдым, мен соода кылып олтурган жерге бир келин келип: "байке, карай туруңуз туалетке барып келип алайын" дегенинен кармап олтурсам жок, үч күн күттүм келбеди, анан алып быякка баса бердим, карасаң кандай татынакай жылдыздуу кыз, - деди Ишенбек: "качан гана бирөө таштап кетсе мен бакмак белем андан көрө биз да бирөөгө берип салалы" дейт го деп ичинен сарсанаа болуп атты.- Иши кылса өзүң баксаң бага бер, менин кыз-пызың менен ишим да жок, -деп Ишенбектин товарларын ачып көрө баштады.Эки жумадан кийин Ишенбек күлүшүп калган Сезимди ата-энесине жеткирип берди да болгонун болгондой айтып берип түшүндүрдү эле алар эмне десин үндөбөй кызды алып калышты. Анткени Сезим абдан сүйгүнчүктүү көзгө жакын кыз эле.Рапия Ишенбек кеткенден кийин өзүнүн сүйгөнү менен бир жумадай жашады. Анын даярдаган оокат ашы түгөндү, акыры айласы кеткенде ал:- Бүгүн тамак жасаганга эч нерсе жок эмне кылабыз?-деди эле тигиниси:- Азыр мен базарга барып келейин, -деген бойдон келбеди. Рапия анын алдап кеткенине көзү жетип ызаланып ыйлап жээрге эч нерсеси калбай өзөгү карайганда көчөгө чыкты. Эшиктин суугунан ичиркене көчөдө кайдыгер басып бара жатты, үчтү төрөгөнүнө карабай Рапия абдан татынакай эле, джынсы шым, бутуна бийик модалуу сапошкачан, үстүндө дубленкасы. Ал көчөдө маанайы пас бара жаткан, бир кезде жанынан бирөө өтүп бара жатып эле тийишип калды:- Эй красавица, кайда баратасың ыя?- Барчы ары, сен эле жетпей жаттың эле, - деп Рапия жактырбай басып кетейин дегенде ал:- Токтой турчу сулуу, эмне кааласаң аткарам жүрү кафегеби, ресторангабы, сөзсүз көңүлүндү ачууга жарайм, - деди катар баса, - сендей сулууларды карабай коюу күнөө го.- Ресторанга алып баргыдай эле крутойсуңбу, бул түрүң менен чөнтөгүңдө жарым тыйының жок бездельник болсоң керек!-деди эми чындап Рапиянын жини келе.- Сулуу бийкеч, мен бүгүн сөзсүз сенин көңүлүңдү ачаламын дедимби ачамын, - деди да Рапияны колтуктай көчө бойлоп басып жөнөдү. -Атың ким бийкеч, кайда баралы?- Өзүң каалаган ресторанга, - деди Рапия кош көңүл.- Анда жүрү, атыңды айтып койчу сулуу, менин атым Славик.Рапияга азыр баары бир эле, жашоонун акыркы мүнөттөрү калгандай, бүгүнбү же эртеңби бул өмүрдөн көчүп кайдадыр белгисиз жактарга кетчүдөй кайдыгер гана Россиянын кышкы көчөсүндө орус жигиттин колтугунда кетип жатты. Отуз жашты жашабай туруп ушул азыр кылымдар бою жашап өмүрдөн тажагандай көңүлү чөгүп сүйлөп бара жаткан жигиттин сөзү кулагына кирбей бет алдын мизирейип тиктеп кете берди…***Айсалкын бир үйдүн эң кенжеси болгондуктан абдан эрке эле. Ата-энеси айылдын кадыр барктуу адамдары болгондуктан балдары да тартиптүү болуп өскөн. Ошол жылкы кайгы Айсалкынды эси көөнүнөн кеткис кылып, токтотууга аргасыз кылган.Эң улуу агасы аттан жыгылып өлгөндө ата-энесинин күйүтүн көргөн кыз кантип токтолгонун да сезбей калды. Эки жашар уулу менен калган келин боздосо чыдап жанына отура албас эле. Жыл айланып агасынын ашына камынып жатканда бойго жетип калган үйлөнө элек агасы кайтыш болуп бир үйбүлөө кайгыдан бүк түшүп калышты. Айсалкын ошондо билди өлүмдүн азабын, жаралган жандын баары акыры бир күн бул дүйнөдөн өтөөрүн. Агасын жайына койгондон кийин өздөрү эле калганда казаны асылып от жагылбай, үйдөн кыбыр эткен жан сыртка чыкпай калды. Ошентип өлүмдөн өч алгысы келген, бирок андай болбоду тирүүлүк өз шаңын улап тийген күндүн шооласындай жарык берип, үмүттөрү кичинекей наристесинде болуп анын ыйлаган үнү чыкканда ошол үчүн жашоого белсене бел бууганга аргасыз болушту. Арадан күн өтүп, жыл жылып бат эле үч жыл өтүп Айсалкын да бойго жетип керилген кыз болду. Ырас сулуу болбосо да назик, сүйкүмдүү кызга атасынын кадыры менен сөз айтып жуучулар келе баштады. Ата-эне Айсалкынды дале болсо жаш секелек көрүп келген жуучуларды кайтарып жатты. Анын үстүнө атасы эки баласынын күйүтүнөн төшөк тартып жатып калган. Ошол жылы ал киши да дүйнө салды. Ызаат сыйын тууган уругу өткөрүп жесир келин менен кайынсиңди кемпирди кааран тутуп кичинекей наристени бөпөлөп багып жатышты. Келин сыртынан билгизбеген менен "Жакшы эле аза күттүм, өлгөндүн артынан өлө албадым, эми уулумдун келечеги үчүн жашашым керек" деп кээ кээде эки жакка кетип калып кайра келип же төрүкндөрүнө кетсе көпкө жүрүп алчу болду. Муну сезген эне келинине кеңешип төркүндөрүн чакыртып, өзү аттуу баштуу туугандарынын билермандарын чакырып семиз кой союп куран окутту да акырында элди карап туруп минтти:- Айланайындар, тагдыр буйругу экен, эки чырактай уулдарымдан ажырап, чалымдан калып мен арман кылып олтурам. Бүгүн жалпыңар менен кеңеше турган сөзүм бар, аярлап угуп койгула!-деген эне үнүн каргылданта бир азга токтой калды. -Келиним Салыйга ыраазымын эки дүйнөдө, мына төрт беш жыл өтсө да арбакты сыйлап бизди сыйлап үндөбөй келе жатат. Мен силер менен кеңешип келинимдин башын бошотоюн деп жатам, жаш неменин багын байлабайын бирок…-эне жашка мууна түштү, - уулумдан калган жалгызымды мага таштап кетсин, көзүм өтүп кеткенче караан кылып уулумдун ордуна жыттап жүрөйүн…-эненин көз жашы мончоктон эки бетин жууй берди.- Кайрат кылың эне, өлүм бар жерде кайгы бар, келиңиздин башын бошотуп туура кыласыз, эстүү кишинин кылаар иши ушул, ал эми кудалар эмне дээр экен, сөзүн угалы, - деди улгайып көкала сакал болуп калган туугандарынын бири.- Эмне дейин, тагдыр экен, ажал айтып келбейт деген ырас тура, күйөө бала өз эле балаңдай болот жакшы болсо бизге деле кыйын болду, кудагый сизге биз ыраазыбыз сиз келиниңизге батаңызды берип коюңуз, ал эми Белекти болсо калтырат, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылган кантип болсун, Салый өзү келип кетип турат, өзүңүз барып келип туруңуз, өлүм ажыратпаса ажырабайт элек, -деп сөзүн бүтүрдү Салыйдын атасы. Бул учурда Салый сырткы үйдө уулун кучактап алып ыйлап отурду, кичинекей беш жашар наристе да бир нерсени сезгендей кабагы бүркөө энесинин көз жашын быйтыйган колу менен аарчып коюп:- Апа, эмнеге ыйлап жатасың, чоң энем сени урушуп жатабы?-деп чулдурап жатты. Ан сайын арманы ичин өрттөп ушул наристенин жүзүн көрбөй кеткен күйөөсүн эстеп солкулдап берди Салый. Бир кезде Салыйды кайненеси чакырды да:- Садага, келиним эмес кызымдай эле болуп калдың эле, мен сага ыраазымын, кудай багыңды ачсын, кайда болсоң да бактылуу болуп барган жериңден бак айтсын Оомийин!-деп алакан жайып бата бергенде үйдүн ичиндегилер да жабыла бата кылып жиберди. Ошентип үндөбөгөн Салый кайын эне, кайын сиңди менен коштошуп үйдөн чыга бергенде чыркырап Белек чыр кылып кирди.- Апа, мен дагы барам, мени эмнеге ээрчитпей кетип жатасың, мен дагы барам!- Мен азыр эле таятаңдарды узатып коюп эле кайра келем, сен чоң жигит болуп туруп мени ээрчип ыйласаң уят эмеспи, бара гой чоң энең ыйлап калат мен бат эле келем!-деген Салый бурула берип буулукканы сыртка тээп чыгып узай берип буркурап ыйлап жиберди. Белек бала эмеспи апасынын сөзүнө ишенип чоң энесине карай чуркап кетти. Белекти Айсалкын көтөрүп ала коюп үйдү айлана басып кетти. Артын кылчак, кылчак караган Салый узап баратты. Кайрылып келип уулун көрбөөчүдөй көзүнүн жашы көл болуп ыйлап бараткан кызын энеси сооротуп:- Кызым, болду ыйлаба, уулуңдун аман-эсен чоңоюшун тиле, аман болсо өзү, эле табат сени, Кара чечекей жалгыз небересин бербей коюуга акыбыз жок, балам, кантип кары кишинин сөзүн аттап баланы алып кетмек элек, ойлон мындан аркы багыңды-дегенде Салый үнсүз ыйын токтотуп кете берди. Минтип кайрылып келбес болуп кетип жатканын карачы, "ал өлүп келбес бул үйдүн эшигин аттабас болуп жатса, мен тирүү кетип жатам, неге мен ошол баскан жерди басып, ошол жүргөн жерде жүрбөй кетип жатам?" деп Салый ойго батып бара жатты: "Балким, мен Мусаны унутаармын, башка бирөөгө жолугаармын? " деп ойлонуп алып өзүнөн өзү селт этип алды: "Мен жинди болдум беле, кайдагы бирөөнү ойлоп жатам, жок, жок, Мусанын колу тийген денемди башка бирөөгө карматпайм! " деген ой дилинде жаңыра берген Салый артын көздөй жүгүрүп жөнөдү. Аны көргөн ата-энеси жеңеси баары таң кала туруп калышты. "Баласына кеттиби, кокуй, карыганда кудагыйды нааразы кылып койот го эми" деп энеси ичинен сызып алды. Салый жүгүрүп жетип кайын энесин кучактап солуктап ыйлап жатты:- Апакебай, мени кечир, мени кечире көрүңүз!- Эмне болду? Садага, кой ыйлаба, каралдым! -эне Салыйды кучактап турган калыбында "жалгыздан калган жалгызды алып кеткени турабы бул куу тумшук, анда мен кантем ыя, каран күн, өлгүчө медер кылып турайын дебедим беле???" деп ичинен ачуу чаңырып алды, -Кайсы күнөөң үчүн кечирим сурап жатасың айланайын?-эне келинин саамай чачынан сылай жүзүнө үңүлдү кайраттуу.- Силерди, уулумду, Мусанын жүргөн жерин, жаткан жерин таштап кеткени жатканымды, апакебай! -Салый ыйын токтотуп, -Мен эч жакка кетпейм, Муса жаткан жерди өмүр бою көрүп турайын, мен жаңылдым, апакебай, кетпейм эми, кечирип кой!- Кой, каралдым, антпе жашсың, багың ачылып кетсин айланайын, өлгөндүн артынан өлмөк жок, - эне Салыйды кучагынан чыгарбай өзүнүн да көз жашы салаа, салаа болуп кайраттуу сүйлөп келинине акыл-насаат айтып турду.Артынан келген Салыйдын төркүндөрү кучакташып ыйлап турган кудагыйы менен кызын көрүп эч нерсе дей албай туруп калышты. Ал күнү калып кайрадан конок болуп эртеси Салый төркүндөрүн жөнөтүп калып калды. Айсалкын мектепти бүтөөрү менен коңшу айылдык Калыбек алакачып алды. Кыз баланын эли жери бөлөк экени ушул учурда дагы эненин жүрөгүн сыздатып кетти. Акыры аргасыз "аман болсун, багы ачылсын жалгызымдын" деп каниет кылып келини менен небересин караан кылып кала берди.Айсалкын барган жеринде ыймандуу, ызааттуу келин болду. Кайын журтуна алымдуу болуп күйөөсү экөө абдан ынтымактуу. Кээде гана кайненесинин чырт эткен кыялы болбосо, бактылуу жашоонун кучагында термелип, ара чолодо жеңеси менен апасынан кабар алып турат. Калыбек абдан шайыр, ак көңүл, сүйүүнү баалай билген адамгерчиликтүү жигит эле. Жыл айланып баратса да боюна болбогондо айрыкча Айсалкындын энеси кабатырланып жатты. Жаш эмеспи, Калыбек менен Айсалкын бала жөнүндө ойлонууга үлгүрө элек. Ойносо оюнга тойбогон жаштыктын доорунда экөө бактылуу болчу. Бир күнү экөө көчөгө чыгып жолдо жетелешип келе жатса алдынан бир цыган аял чыгып:- Ээ кызым, экөөңөрдү бир кырсык аңдып турат, бирөө силерге көрө албастык кылып дуба окутуптур, алдын алып кырсыкты болтурбай коюга болот, кааласаңар мен дубаны жандырып берейин, - деди божурап.- Жок кереги жок, лөлүнүн эми болбойт дешет го, жандыра албайсың! -деген Калыбек колун шилтеп басып кетип баратып, - дегеле көзү ачыктыгын кара, - деп Айсалкынды карады, - булар сүйлөй берет эч ишенбе, - Айсалкынды кучактай андан ары жолун улады.Айсалкын бир азга ойлуу: "Эмне деген кырсык, бул лөлүлөр чын айтат дечү эле, кантип окутсак экен, Калыбек тилимди албайт го, болбосо…" деп басып баратып Калыбектин күлкүлүү сөздөрүнө алаксып бат эле лөлүнү эсинен чыгарып салды.Арадан билинбей эле үч жыл өтүп кетти. Бирок, Айсалкындын боюна болбой Калыбек аздап ичкиликке оой баштаган, мас болуп калса жол карап туруп карааны көрүнгөндө жетелеп, жөлөп таяп алып келет. Мындайда Калыбек Айсалкындын кулагынын кужурун алып: "Сени туубайт окшойсуң, мен сени менен жүрө берсем как баш болуп өтөм го, эй катын, мага төрөп бересиңби же?" деп сүйлөнүп жатып уктаганда эс алат. Бара, бара Айсалкын чүнчүп, төрөбөгөнү үчүн өзүн күнөөлүү сезип кыйналчу болду. Ал Калыбекке бир күнү өзүнүн оюн айтты:- Калыбек, мына үч-төрт жыл болуп баратат, мен сени кубантып балалуу кыла албадым, ушундан көрө экөөбүз ажырашып алалы, сен балалуу болбосоң болбойт.- Ийи, кеткиң келип калдыбы, тийе турган эриң даярбы?-деди кекетип Калыбек, - кетсең кете бер, мен катын албайм уктуңбу?!- деди да каалганы тарс жаап чыгып кетип калды. Айсалкын томсоргон бойдон ордунда отура берди. Ал эмне кылаарын билбеди: "Ырас эле мен туубас, куу жатын окшойм, болбосо менден кийин келген кошунанын келини экини төрөп кечээ эле жээнтек той беришпедиби" деп ойлоп отура берди. Улам күн өтүп, ай жылга алмашылган сайын Калыбек кийинки күндөрү бир, эки жумалап үйгө келбей калчу болду. Андайда Айсалкында уйку жок, тирмийип таң аткыча кирпик ирмебей чыгат. Эртең менен эрте туруп жолду карап Калыбекти издей берет. Негедир Калыбектин кийинки учурда мүнөзү өзгөрдү, үйгө келсе чөнтөгү толо акча менен келет. Эмне кылып жүргөнүн сурабайт же өзү айтпайт. Айсалкын сурагандан айбагып үндөбөйт, апасы бир жолу сураганда "күндөп-түндөп иштеп жатам"-деп койгон. Үйгө бир түнөйт да эки үч жумалап жоголот. Айсалкын көчөдөн суу алып келе жатса коңшу кайниси алдынан чыгып:- Ой жеңе кандай, акемдин кайда жүргөнүн билесизби?-деп калды, - Же издеп, жол карап жүрө бересизби?- Анын кайда жүргөнүн билип эмне кылам, иштеп жүрөт да, -Айсалкын кайнисин кыртышы сүйбөй өтүп кете берээрде ал:- Кор болуп жүрө бербей бир жаңсыл болуңуз да, жеңе, сизге менин боорум ооруганынан айтып жатам, - деди алдын торой;-Менин колума тийсеңиз куштай кылып кулпунтпас белем, - деп ого бетер тийише сүйлөдү. Айсалкын жооп бербей басып кетти. Калмурат анын артынан ойлуу көпкө карап тура берди.***Калмурат- Калыбектин бир уруу туугандарынын баласы. Рапия кеткенден кийин аялдан катуу көңүлү калганбы же аны катуу сүйгөндүктөнбү үйлөнө элек, эки уулун өз үйүнө алып келип алган. Кээде аз, аздан иче койот. Үйлөнүүгө көңүлү жок. Калмурат кийинки күндөрү Айсалкынды ой боюна койбой жетелеп алып башы оогон жакка басып кеткиси келет:"Эл эмне десе ошол десин, аял дегенди кор кылбай алып жүрбөйбү, күн-түнү кумар ойноп талаалап, жолун карап күтүп отурган аялын ойлоп да койбойт" деп өзүнчө жинденип алат. Анткени, Айсалкын ал үйүнө түнөбөгөн түндөрү түн уйкусу качып: "Эгер элдей болуп балабыз болгондо башкача болмок, минтип үйдөн качмак эмес, мен гана күнөөлүүмүн төрөп бербеген" деп кыжалат болуп уктабай чыгып эртең менен таң заардан жолду карап, көпкө жол боюнда тура берээр эле. Аны көргөн Калмурат жан дили менен жактырып: "Эркекти кадырлап, сыйлап күткөн аялдарга ушундай эркек жолукканын кара" деп суктанып алаар эле. "Болбосо өзү Рапияны кандай гана сүйүп, кадырлачу эле. Ошону көтөр албады" деп ичинен сызып Калыбекти жектеп кетчү. Тууган, анын үстүнө улуу, болбосо Айсалкынды ага бир күн жоктотмок эмес. Бир эсе ата-энеси дагы: "Балам, балдарың бой жетип баратат, үйлөн, бой жүргөнүң болбойт" дешип күндө кулагынын кужурун алышат. Үйлөнөйүн десе көңүлүнө жагаар бир да келин-кыз табылбадыбы, анын оюу кайрадан эле Айсалкынга келип такалат да турат. Руслан менен Рустам болсо бири жетиге, бири бешке чыгып калышты. Рапиядан дарек жок, айланып балдар үчүн келээр деп ойлогон Калмураттын андан үмүтү эбак өчүп аялдарга болгон көз карашы таптакыр башкача болуп өзгөрдү. Бир аял менен мамиле кылбады. Аз аздап ичип да койчу болду. Калмураттын атасы бир күнү оорубай туруп эле дүйнө салды. Атасынан кийин Калмурат ого бетер иче баштады.Калыбек бир күнү үйгө аябай мас болуп келди да ооздон тозуп алып колтуктап жөлөй калган Айсалкындын колун түртүп жиберди:- Жоголчу энеңдурайын десе, кыйратып койгонсубай, мени как баш атанта турган болдуң го же жыргатып койдуңбу?! - Каке, кир эми үйгө кирсең, жыгыласың,- Боор оорубай эле кой, куу жатын катын алган турбаймынбы, согончогу канабаган аял менен эркек эшектин айырмасы кайсы, чынбы эй куу жатын?!- Эмне кылайын Каке, койчу эми кирип анан сүйлөшөлүчү, эмне десең да баары туура, төрөп берип сени кубанта алган жокмун. -Айсалкын ыйлап жиберди.- Ай эн-неңди, өлөрманын кара, сүйлөшөлү деп.. . эмнени сүйлөшөбүз ыя?- Кирсең анан…-Айсалкын Калыбекти колунан тартып үйгө киргизип төшөккө жаткырып үстүнө жабайын дегенде:- Жогол куу жатын, жогол көзүмө көрүнбөй, азыр жогол!-деп силкип жиберди.Айсалкын ыйлаган бойдон сыртка чыгып кетти. Калыбек өзүнчө сөгүнүп жатып уктап калды. Айсалкын түнү бою эки көзү тоодой болуп ыйлап чыкты. Калыбек болсо эч нерсе болбогондой демейдегисиндей үйдөн наар жатпай чыгып кетти. Айсалкындын кышкы аязда үшүк урган жалбырактай бүрүшүп тагдырына наалат айтып боздоп отурганы менен иши жок абалын сурамак тургай кылчайып койбой баратканын туюп, билип турган Айсалкын өзүнүн эч кимге кереги жок ыргытылган буюмдай абалга келип калганын билди да кылчайып же бир бирөөнө айтып койбой үйүнө кетип калды. Ансыз да жалгызынын төрөбөй калып санааркап жүргөнүн билген эне кызын көрүп эле баарын түшүндү, үндөбөдү, тек ичинен түтөп Айсалкынды капа кылып албайын деп аста үн катты.- Башың аман болсо болду балам, арга канча, аттиң бала-чакалуу болуп бачар болуп кетсең болот эле, мейли эми, ургаачынын чырагы кырк дегендей кудай берээрин унутпасын, али жаш эмессиңби, - эне үшкүрүнүп алды, анан Айсалкындын чачынан сылай маңдайынан сылап койду.
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:06 » Билдирүү # 3
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Айсалкын төркүнүнө келгени канчалык өзүн алаксытып өз көңүлүн өзү көтөрүп өткөндү унутууга аракет кылса да Калыбек оюнан кетпей үч күн үч жылдай болуп баратты. Улам анын айткан сөздөрү кулагына жаңырып, "ичип алып бир нерсеге кабылбаса экен" деп кайрадан аны аяп атты. Кантсе да биринчи күйөөсү, төрт жылдай чогуу жашап жыты сиңишип калгангабы кайрылып баргысы, анын абалын билгиси келип туруп алды. Ошол күнү Айсалкын кирин жууп өзү да жуунуп алып:- Апа, Калыбекте күнөө жок, менин төрөбөгөнүм күнөө болуп жатат, ичип алып бир нерсе болбосун, мен барайын, -деп апасына кеңешип отурганда эне ойлуу кызын тилмире тиктеп алып:- Өзүң бил каралдым, бирок ушул бойдон андан алыстап, ушундайда ажырашып алсаң болот эле чайналбай, -дегенче сырттан кобур, собур үн угулуп кайненеси кирип келди.- Жакшы жатасыңарбы кудагый, мал-жан эсенби, жаман уулуң чоңоюп жатабы, капырай ушул жерде туруп ал абалыңарды да сурай албайбыз, - деп кобурап келип кудагыйын кучактап учурашып калды. Айсалкын кайненесинен ыйбаа кыла ордунан туруп барып төрдө жыйылып турган көлдөлөңдөн салып кирди. -Айланып кетейин десе, келиним десем кызымдай эле болуп калды, кудаанын буйругу экен балалуу болбой экөөнүн арасына кара мышык аралап балакет болду. Калыбек бирдеме деп көңүлүн оорутуп койгон окшойт бир ооз айтпай баса бериптир. -отуруп жатып божурай берди.- Ээ кудагый, пенденин колунан келбейт тура, биякта отуруп мен деле кудайга жалынып ушуларга жок дегенде бир перзент беришин тилеп турам, арга канча.Бир топко чейин сүйлөшүп отуруп түш оой бергенде Айсалкындын кайненеси:- Айсалкын, эстүү жансың садага, азыр жүр деейм, бир аз күн кудагыйдын жанында болуп сагынычың тараганда үйгө бар, айланайын, өз үйүң өлөң төшөгүң.. . бара гой!-деди да жөнөп кетти.Арадан эки күн өтүп Айсалкын апасы экөө үйдө чай ичип отурганда сырттан Калмурат кирип келди. Аны көргөн Айсалкын негедир чоочуп барып анан:- Кел, келгиле, жөн-жай элеби?-деп ордунан тура калды.- Жөн жай эле…-Калмурат турган ордунда кайра сыртка чыгып кетти. Аңгыча эшиктен кобур- собур үн угулуп үч-төрт аял үйгө кирип келишти да бири:- Айсалкын айланайын, кайненең өтүп кетиптир! -деп Айсалкынды кармай калды.- Кантип эки күн мурун эле жакшынакай эмес беле?-Айсалкын ишенээр ишенбесин билбей ар кимисин делдейе карап туруп калды.- Ажал айтып келбейт балам, тур жөнөйлү кийин, -дегенде гана Айсалкын:- Ай-ай!-деп бакырып ыйлап кирди.Ошентип, алар арыдан бери камынып жөнөп калышты. Жеңеси менен кошо үч-төрт аял кошо ээрчип алды. Алар жетишкенде үйдү курчап турган элди көрүп Айсалкын бир нерсени сезгендей чаңырып калды эле эки аял жетип келип Айсалкынды кармап:- Айланайын, Калыбектен ажырап калдык, -дегенде Айсалкын жулкунуп үйгө кирип барып көшөгөнүн ичине кирип барып узунунан жаткан өлүктүн үстүндөгү бетине жапкан жабууну ачып жиберип кучактай жыгылаарда беш-алты аял тартып алышты.- Жо-оок, мен ажырабайм, мени кошо койо бергиле, мен кошо жатам, мени койо бергиле!! !-деп барып өзүн жоготуп койду эле аялдар аны сүйрөп сыртка алып чыгышты да бетине суу чачып жатып зорго эсине келтирди. Ботодой боздогон Айсалкын Калыбектин артында туяк калбаганын, өзүнүн төрбөгөнүн арман кылып айтып көз жашын төгүп үч күн бою үнү басылбай, үнү бүтүп сүйлөөгө дарманы калбай калды.Уккан элдин баары кошо ыйлап, Айсалкындын кошокчулугуна тамшанып коюп отурушту. Акыры өлгөндү көммөк парз эмеспи Калыбекти жайына беришти. Ошондо гана Айсалкын эсине келип:- Эмне болуптур, киши колдуу болгон го, денеси көкала экен?-деп кайненесинен сураганда ал:- Ким билсин, баягы сен кеткендеги бойдон ушинтип келбедиби. Кимдер менен жүргөнүн же кайда жүргөнүн айтпаса, көчөдө жаткан жеринен таап келишти,- Жөн койбош керек, иликтеш керек, мен ким өлтүргөнүн изилдейм! -Айсалкын улутуна көзүнүн жашын аарчыды.- Аа-а балам, өлгөндү өз жайына тынч койолу, өлтүргөн неме оңмок беле, кан куткарбайт, ал да азабын тартаар, - эне үшкүрүп койду.Айсалкын үндөбөй калды. Аргасыз ажалга алдырып ийип бир туугандары, энеси, алган жары боздоп кала беришти.Ичинен кан өткөн Айсалкын: "байкушум балалуу болбой арманда кетти го, мага нааразы болуп жүрбөсүн, сөзсүз арбагы нааразы болот болуш керек?" деп Айсалкын басса турса ойлонуп абдан чүнчүп да арыктап кетти. Бул учурда Калмурат өзүнөн өзү чүнчүп жүргөн Айсалкынга ээндетип жолуга албай жүрдү. Аңгыча жыл айланып Калыбектин кара ашын беришти. Айсалкын үн-сөзсүз өз арманы ичинде болуп "жок дегенде бир эле балам болгондо эмне, өмүрү кыска экен, артында бир бала калганда эмне, эрмек кылбас белем" деп күйүттүн кара түнүнө уугуп жүрө берди. Кайненеси ичинен: "байланаар баласы болбосо акыры бир күнү кетем дээр, айла канча уулумдун артында бир баласы калбады…" деп өзүнчө санаада. Андай мындай дегиче дегендей арадан үч жылдын кантип өтүп кеткени билинбей калды. Айсалкындын апасы, эки тууганын ээрчитип келип айсалкындын азаттагын сурап калды.Конокторго арналып кой союлуп, дасторкон жайылып, кайненеси Салкын эне, дагы тууган уругун жыйып куран окуткандан кийин Бурма эне сөз баштады.- Кудагый, кудалар, силер менен сүйлөшөйүн деген сөзүм бар, буйрук экен, ушул жалгыз кызымдын көз жашын көрбөсөм дедим эле, айла жок, жок дегенде бир баласы болгондо эмне?.. Силерге ылайык келсе Айсалкынды алып кетейин, өзүм болсо карыдым, арыдым, өлөрүм эле калды, өлөөрүмдө жанымда болсун, - деп кудагыйын карады. Ошондо Салкын эне көзүнө жаш ала минтти:- Аттиң арман десең, артында бир туяк калбады, арга жок тура ажалга, болбосо жашым жетимиштен ашты, келсе ажал мени албайбы…- Көпкө үнсүз отуруп калганда баары анын оозун карап калышты, - Мен буга Айсалкынды күнөөлөй албайм, ал деле балалуу болуп очор бачар болгусу келген эле, мен баарын сезип туюп эле жүрдүм, бул тагдырдын буйругу да, барса барсын, мен келиниме ыраазымын, жаш али бир жерден болбосо бир жерден бак айткысы бардыр, бактылуу болсун, ыраазымын! - Туура айтасыз жеңе, Айсалкын али жаш, бак айтсын, акылдуу кишинин айтаары ушул да!-деп бирөөсү коштоду аны.Ошентип, сөз бүтүп Айсалкын кийим-кечесин даярдап жатканда сырттан Калмурат кирип келип бирөөнү чакырып чыгып кетти да бир аздан кийин чыгып кеткен киши кирип үйдө отургандарды тегерете карап:- Менде бир такилип бар, эгер силерге туура келсе айтайын, - деп калды. Ал, Тентимиш деген киши эле.- Айт, айта бер айланайын, - деди Бурма эне аны таңдана карай.- Менин такилибим мындай, илгертеден элибизде жакшы сөз бар эмеспи, "Жакшыны жатка чыгарба" деген. Агасы өлсө иниси бар дегендей…- Муну кандай деп түшүнсөк болот?-деди туугандарынын бири.- Айтайын дегеним, келинди кетирбей эле кайнисине нике кыйдырып алып берсек болбойбу?- Ким бар ылайык, Айсалкынды ыйлатпай куштап ала турган балдарыбыз барбы?-Салкын эне "кимди айтып жатат бул" дегендей тигини оозун карап калды.- Ал бул эле Төрөбек акемин баласы Калмуратчы, ал эмне кайниси эмеспи же, аны өзүңөр билесиңер жаман деле адам эмес, - деп Тентимиш "эми буга эмне дешээр экен" деп ар бирин карап туруп калды.- Ойлоно турган иш экен, Калмурат деле жаман жигит эмес, андай болсо анын өзүн да апасын да чакыра койгула, - деген Калыбектин улуу агасы Нурмат апасын карады, - Салтты аттап өтө албайбыз, буга Айсалкын да эмне дээр экен?-деп сырткы эшикти карады. Ошол учурда кийим-кечесин жыйыштырып бүтүп калган Айсалкын бул сөздү угуп калып мууну калтырап ыйлаган бойдон кирип келди:- Жок, жок мен эч кимге тийбейм да эч жакка кетпейм, мени өз жайыма койгула!- Балам, Салкын эне Айсалкынды карап токтоо үн катты:-Сен али жашсың, мен буга каршы эмесмин, анткени Калмурат өзүбүздүн бала, жаман жигит эмес, ойлон балам, кирип-чыгып сени өзүм да көрүп турайын, Калыбегимдин өзү болсо ушул иш болмок беле балам, тагдырдын салганына көнбөскө чарабыз канча?!-үшкүрүп алды эне, - Ойлон айланайын, бүгүн эле дебейбиз, али убакыт бар, ойлон.Ары кетип, бери кетип ар кимиси ар кайсыны айтып Айсалкынды көндүрө албай жатканда Калмурат апасы экөө киришти. Калмуратты көргөн Айсалкын аны жаман көзү менен карап сыртка чыгып кетти. Бул анын: "эмне десеңер ошо, аргам канча улуулардын сөзүнөн чыгып каргышка калбайм" деген ойдо баарына кайыл болуп тагдырына аргасыз көнгөнү эле.Ошентип, ал күнү эки тарап бир бүтүмгө келишип, Калмуратка Айсалкынды алып бирмей болушту. Бирок Бурма эне Айсалкынды үйүнө алып кетип ошол жактан узатмай болду. Арадан ай өткөн соң Калмурат апасы, жеңеси менен кошо үч төрт туугандары менен келип Айсалкынды алып кетти. Айсалкын келгенден эле Рустам менен Руслан ага жакын болуп "апалап" калышты. Ан сайын Айсалкын аларга эзилип ою менен болуп өз жанынан артык көрүп: "өзүм туубасам, апалап турган балдарды кантип жеримек элем, ушуга да шүгүр" деп өзүнчө ичтен тобо кылаар эле. Калмурат болсо Айсалкындын кареги менен тең айланып өзүнчө бактылуу болуп жүрдү. Мурда-"Калыбекке кор болуп жүрөт" деп боор ооруса эми жакшы аял өз жанында, өз койнунда, балдарына эне болуп калганына абдан ыраазы.***Ишенбек Айсалкын менен бир класста окуган эле. Экөө бир айылдан. Сезим күндөн күнгө чоңоюп келе жатты. Улам чоңоюп көзгө көрүнгөн сайын чоң-эне чоң атасынын сүймөнчүгү болуп кадим эле Рапиянын өзү болуп чоңоюп баратат. Ишенбек да бат, баттан келип кызын көргөндө Рапияны көргөндөй болуп анын кылыктарын эстегенде кыжыры кайнап, ыракаттуу түндөрүн эстесе өзүнчө бактылуу жылмайып кээде аны издеп баргысы келет. Бирок аны издегенде эч пайда болбосун эстеп: "Өңү сулуу болгону менен жүрөгү мэрез, акылы кыска тура" деп ойлоп кайрадан өз үйбүлөөсүн андан артык көрүп кетчү. Бир күнү Айсалкын апасы катуу ооруп калып жанында болуп калды. Эки уулу жанында. Алар Айсалкындан карыш ажырабай кайда болсо ээрчип алышчу. Ошондо да Айсалкын балдарын ээрчитип алып дүкөндөн кетип жатса алдынан Ишенбек чыгып калды.- Ой, оо-ой, мен кимди көрүп турам ыя, кандай Айсалкын, денсоолуктар жакшыбы?-Ишенбек аны көрүп эле жаркылдап жайнап учурашып, жанындагы койондой окшош балдарды колдоруна ала коюп өөп:-бул жигиттер өзүндүкүбү ыя, ой азаматтар десе, жакшы жигиттер тура, - Айсалкынды карап, - деги кандай ыя класташ, жашоо, турмуш аяш кандай?-деп калды.- Жакшы, жакшы, а өзүң кандайсың, бала-чака чоңоюп жатабы?-Айсалкын ага күлө бага жооп берип жатты.- Абдан жакшы, менин үч уул-бир кызым бар, аяшыңдын аты кымбат. Буйруса таанышаарсыңар. - Жакшы экен, эмесе Ишен, мен барайын, апам ооруп жатты эле, эртерээк барбасам болбойт, карыган неме бир аз эле көрүнбөй калсам издеп калат.- Макул анда, Айсалкын, жакшы бар, - Экөө эки жакты көздөй кетишти. Ишенбек Айсалкындын жанындагы татынакай балдарды көрүп ичинен таң калып жатты: "Айсалкынды төрөбөй жүргөн балалуу боло элек дешпеди беле, булар кимдин балдары, же экөөнү тең багып алды бекен?" деген ойго берилип үйүн көздөй басып баратты. Үйүнө келгенден кийин апасынан сурады эле ал.- Биринчи күйөөсүнөн төрөгөн жок, ал бечара, ал күйөөсү киши колдуу болуп өлбөдүбү, үч төрт жыл мурун. Андан кийин бир кайнисине тийген, балдар ошонун мурунку аялынан экен-деп жооп берди. Ошондо гана Ишенбек Айсалкынды аяп койду ичинен: "байкуш кыздардын ичинен жакшы кыз эле, өзү төрбөй калган тура?" деп бир азга ойлуу болуп отуруп анан шаардагы өз үйүн көздөй жөнөөгө ата- энеси менен коштошуп, Сезимди өөп коюп чыгып кетти.Ошол бойдон Ишенбек шаарда иштеп соода менен алек болуп өз тиричилиги менен күн өткөрүп жатты. Аялы Кымбат болсо Сезимди өз балдарындай сүйчү эмес. Көргөндө ирээнжип: "кантип эле өз энеси таштап кетсин, Ишенбек калп айтып мени алдап койду, акыры билинет болуш керек, ошондо шашпа…" деп ичинен күйөөсү Ишенбекти да Сезимди да жек көрүп кетчү. Ишенбек күндөгүдөй эле ордунда соода кылып жаткан. Ал Аламедин базарындагы "вешевойдо" соода менен алек болуп кардалдарды тейлеп жаткан эле, бир кезде жанына Рапия келип:- Кандай Ишенбек жакшысыңбы? -деп туруп калды. Ишенбек бир азга делдейе аны карап туруп анан:- Жакшы эле, эмнесин сурайсың, - деп терс бурула бергенде,Рапия: - Ишенбек, кечирип кой мени, Сезим кандай, чоңоюп калдыбы?-деди жалоорууй. -көрсөм болобу аны, тили чыгып сүйлөп калгандыр ээ, үчкө чыгып калды…-деп Ишенбектин маңдайына келди.- Сезим менен ишиң болбосун, ал жөнүндө ойлонбой да койсоң болот, экинчи менин жаныма келип аны сураганыңды токтот!- Койчу Ишен, мен анын энеси эмесминби, кантип сурабай койом?!- Сураба, мен сени тааныбайм дагы, тынчымды албай бул жерден жогол!-Ишенбек ачуулана кыйкырып жиберди.- Макул, сурабайын, деги аман жүрсө болду, - деген Рапия көзүнүн жашын куюлта басып кетти.- Эн-неңди урайын десе, - Ишенбек көпкө ачуусун токтото албай сүйлөнүп жатканда жанында жанаша соода кылган аял аны карап:- Ой Ишенбек, эмнеге эле ачууланып жатасың, бул ким эле?-деп сурап калды.- Энесин урайын, тааныбайм дагы…-деп сүйлөшкүсү келбегенин билдире терс карап кетти.- Кайран эр десе, сенде бир иш бар го, бул аял-жөн аял эмес, өңдүү-түстүү эле аял экен, - деп ийнин куушура тигил Рапия кеткен жакты карап койду.Ошол күнү кечке Ишенбек өзүнчө кыжаалат болуп, кыжыры келип, өткөндү көз алдына келтире берди: "Ошонун сулуулугун урдум, ушул деп үйбүлөмдү кечип кете жаздабадым беле, өзүнө өзү кылды, болбосо айтканын айткандай кылып ою менен болбодум беле, баладан айлангыр, кызыл эт баланы кыштын күнү койнума катып келип чоңойтуп алып энең ушул демек белем, керек болсо энеси, атасы бар эрке кыз-ал, ал сендей болбойт!" деп ичинен Сезимдин көпөлөктөй болуп алдынан чуркап чыгып аталаганын эстей элжиреп алды.Күндөр өтө берди, андан кийин Рапия Ишенбекке келген жок. Ал эми Сезим болсо чоңоюп энесинин жеңилин жерден алган куракка келип мектепке да барып калды. Чоң ата чоң энесин өз ата энеси катары көрүп Ишенбекти болсо байке деп койот. Ишенбек аны жалгыз кызы катары кийим-кечесин камсыз кылууну өз мойнуна алган сайын Кымбат:- Эмне эле Сезим, Сезим деп турасың, ошонун таштанды кыз экенине ишенбейм, бир сыр бар, сен менден жашырып жүрөсүң, - дей берет.- Койсоңчу жаным, мен сенден эмнени жашырмак элем, болгону баланы жакшы көрөт эмесминби, экинчиси кызыбыз жок, кыз кылып алалы деп ойлогом, сен кабыл албадың, атамдарга эрмек болуп чоңоюп жатат, балада эмне күнөө, көрөсүң го абдан сулуу кыз болот, - деп Ишенбек Кымбатты ишендирүүгө далалаттанат. - Апасы да сулуу беле?-Кымбат ансайын Ишенбектин жинине тийе сүйлөйт.- Апасынын сулуу экенин кайдан билем, суукта оронуп-чулганып алган жаш келин болчу, - ал да турмушта жаңылып жазып калгандардын биридир да, болбосо кандай эне өзүнүн баласын чоочун бирөөгө таштай качсын-деп Кымбатты кучактай минтти:- Кымбат, Сезимдин өгөйлөбөй жүрчү, мээримиңди аябачы жаным, ал деле бала да…- Болуптур эми, андай болсо го мейли, эгер сырың ачылган күнү менден жакшылык күтпө, уктуңбу?- Уктум жаным, уктум, мындан ары Сезимге өзүң деле кийим- кеченин жакшысын алып берип турсаң, чоңоюп баратат, кыз баланы жакшынакай карабасак болбойт.- Негедир улам чоңойгон сайын татынакай болуп менин жаман оюмду жоготуп бараткансыйт, айтпасаң деле өз кызымдай сезип кетем кээде, - ырас эле балада эмне күнөө деп өзүм да бара, бара жакшы көрүп баратам.- Ыраспы Кымбат, ырас айтпасыңбы, ушундай акылдуу келинчегим бар эле дейм да, -Ишенбек Кымбатты кучактап өөп өөп алды да жаш баладай кубанып кетти.- Балада эмне күнөө, анын үстүнө ымыркайыңды өз колубузга келгенге өз кызымдай көрөм же кызыбыз жок болгонго буга аябай тартылып туруп алам.- Өзү да сүйгүнчүктүү кыз ээ Ишен?- Ооба да, кези келегенде аябай сулуу кыз болуп, далайлар куда түшүүгө эшигибизге келет го буйруса, ошондо өзүң чечесиң да кимге берээрди.- Эмне, энеси турса мен бийлик кылат белем?- Эми-и сен жеңеси катары деле чечип койосуң да-Ишенбек Кымбатты дагы бирдеме деп жибереби деп буйдала калды.- Аны убагында көрөрбүз, чоңойо берсинчи, - Кымбат ал жөнүндө сөз бүттү дегендей төркү үйгө карай басты. Ишенбек өз оюнду: "Буйруса Кымбат деле баш ийет экен, Сезимди өгөйлөтпөй, өз энесиндей болуп кетсе… Кокус Рапия бирөөлөргө экөөбүз жөнүндө айтып коюп угулуп калсачы, анда эмне болот, ошондон кудай сактаса экен" деп ойлонуп Кымбаттын артынан басты. Балдары биринин артынан бири чоңоюп баратат. Турмушу ойдогудай. Күнүнө жыйырма миңден отуз миңге чейин соода кылат. Жалаң кымбат баалуу импорт пальто, кайыш курткаларды сатат.Ишенбек Рапия дагы келеби деп күттү. Бирок келбеди, дайыны да билинбеди. Эгер дагы кайрылып келсе: "Эгер экөөбүз жөнүндө бирөөгө айтсаң өлтүрүп койом, сен эне болууга татыктуу эмессиң, сен көчө катынысың билесиңби кандай абалда калганыңды, бапестеп бакканымдын кадырына жетпеген күнөө өзүңдө, эми оозуңдан сөз чыкса таарынба" деп айтууга камынып жүрдү. Күткөн менен ал көзүнө ошол бойдон көрүнбөдү. Жай турмуштары өз орду менен өтө берди. Колунда байлык бар үчүн дос, жолдошту, тууган-уруктун алды. Каттоосу көп. Бара, бара каникул убагында Сезимди шаарга алып көрсөтүп каалаган кийимин, куурчак алып берип Кымбат да аны өгөйлөгөнүн коюп, кайда барса ээрчитип алчу болду. Ан сайын Ишенбек ичинен кубанып Кымбатка ыраазы боло мурункудан да сүйүүсү артып, көңүлү шат.***Калмурат менен Айсалкын балдарын бапестеп багып өздөрүнчө бактылуу. Айсалкын гана кээде: "өзүмдөн бала болбогону өкүнүчтүү, неге кудайым бир кызыл этти менден аяды экен, жок дегенде бир кыз берип койсо эмне" деп эки жыл өтүп үч жылга карганда Айсалкын эч нерсе ичпей ооруп жатып калды. Ичкен жегенин кусуп ордунан туралбай калды. Өңүнөн азып арыктап да кетти. Кайненеси менен мурунку күйөөсүнүн апасы Салкын эне анын жанында сүйлөшүп отуруп:- Айсалкын, өңүң азып кетти, доктурга көрүнчү балам, оорудум деп жата бербей, -деди эле кайненеси дагы аны коштоду.- Мен айтып эле жатам, көрүнсө болот эле.- Эч жерим оорубайт деле, болгону тамакка табитим жок, бирдеме ичейин десем жүрөгүм айланып кусам…-Айсалкын ооруганын мойнуна алгысы келбей жооп берди.- Мейли өзүң бил айланайын, көрүнүп дарылансың жакшы болот эле, создуктуруп аласыңбы деп корком, - деп кайненеси Шуру ордунан турду. Салкын менен Шуру сыртка чыккандан кийин да көпкө кобурашып отурганда Шуру минтти:- Аа-ай жеңе, Айсалкынды кош катпы деп ойлойм, талгак болуп калган го?!-деди.- Койчу, чын элеби?-Салкын анын сөзүнө бир азга ойлуу боло калды. -Айсалкын азыр канчада ыя?- Отуз экиде го сыягы, Калмураттан эки, үч жаш эле кичүү да, Калмурат быйыл отуз беште.- Анда төрөй турган эле экен, капырай байкап көрчү ботом, болсо болсун байкушум…-деп Салкын эне ойлуу: "төрөсө төрөйт да, менин уулумдан төрөгөндө бир туяк калып калбайт беле" деп ичинен сызып алды. -Калмуратка айтып эртең доктурга алып барып көрсөтсүн, бат эле билип койот доктурлар.- Ооба, ошентейин, мен шекшип турам, бул ит талгак болуп тамак иче албай жатат, мени тартса керек, мен дагы баардык балдарымды ит талгак болуп үч-төрт айга чейин тамак-аш ичпей эле соолуп жатып калчумун.- Андай болсо эртерээк көрсөткүлө: - Эртең өзүм деле шаарга алып барып көрсөтүп келем, көрөсүң го бул талгак эле.- Болсун айланайын, төрөсө төрөп алсын.Булардын сөзүн ордунан туруп кусканы чыгып келе жаткан Айсалкын угуп алып кубанаарын же ыйлаарын билбей бир топко ишенбей туруп калды: "Капырай, мен төрөймбү ыя, кантип эле талгак ушундай болсун, андай болоор күн кайда?" деп ойлонуп сыртка чыкты да окшуп куса баштады. Ошол күнү Айсалкындын түшүнө Калыбек кирди. Ал аппак болуп кийинип алыптыр, Айсалкын аны көрө калып артынан ээрчийин дегенде ал: "Сен кайда, бул жакка сен келүүгө болбойт андан көрө тээтиги жерде алма бар ошону алып жегин, мен сага деп алып койгонмун" деп карааны көрүнбөй калат. Айсалкын жүгүрүп ал көрсөткөн жерди караса чын эле кыпкызыл болгон бир алма туруптур, аны алып эми тиштеп жейин дегенде Калыбек кайра пайда болуп: "Токто, аны азыр жебе, үйүңө барганда жейсиң, Айсалкын, мен мындан ары сенин жаныңдамын, сени менен биргемин уктуңбу мен сенин жаныңдамын! " деп көрүнбөй калганда Айсалкын чоочуп ойгонуп кетти. Кара терге түшүп калыптыр. Анын чоочуп ойгонгонун сезген Калмурат:- Сага эмне болду Айсалкын, чоочуп ойгондуңбу? -деди.- Ооба, чоочуп кеттим.- Чоочуба алтыным, биягыңда мен, тиягыңда эки уулуң жатпайбы, - деп эки жагын кымтылап кучактап жатып алды.Айсалкын түшүндө Калыбекти көргөнүн жашырып айткан жок: "Өлгөн киши түшкө кирип алма бергени жакшылыкпы же жамандыкпы? " деп ойлуу көпкө чейин Калмураттын жанында шыпты тиктеп жатып уктап кетти.Ошондон баштап Айсалкынга машакаттуу жашоо башталды. Кусканы басыла баштаганы менен тамак ичүүгө көңүлү чаппайт, үй тиричилигин жасай кыбырап жүрүп күндүн ысыгында үйгө жата калган эле. Көзү илинип илинбей босогодо Калыбектин турганын көрдү. Ал жөн гана аны карап турган экен. "Эй сен эмнеге босогого туруп алдың бери өт" деп Айсалкын аны мурдакысындай эле жанына чакырганда ал: "Жок, мен сенин жаныңа барбайм, бирок жаныңда эле жүрөм, баса алманы алдыңбы?" деп сурады. "Ооба алгам" Жакшы болгон тура, атайын ошол алманы сага арнап койгомун" "Эмнеге бир эле алма арнадың, экөө же кө-өптү койсоң болбойт беле?" "Ошого шүгүр десең, Айсалкын, ал алма менин жан дүйнөмдөн бүткөн алма", ошон үчүн мен мындан ары ар дайым сени менен биргемин, жаныңдамын! " деп Калыбектин үнү жаңырыктай болуп өзү көрүнбөй кетип түшү экенин билди. Анын ички үйдө кыйкырган үнүн уккан кайненеси Шуру эне кирип келди.- Эмне болду Айсалкын, эмнеге кыйкырдың?- Көзүм илинип кетиптир, чоочуп ойгондум.- Ийи, чоочубай жүр айланайын, чынбы, төгүнбү деп турганда…-деп барып унчукпай калды эле Айсалкын:- Эмне дейсиз?-деп сурап жиберди.- Тиги сени кош кабат го деп жүрөм, аял киши талгак болгондо кусат, уктайт.- Коюңузчу, чын элеби?-Айсалкын көздөрү жайнай күлүмсүрөдү. - Ырас эле айланайын, кудайдан болуп төрөп алсаң ажеп эмес.- Оозуңузга май апа, мен төрөгөндү ойлобой калбадым беле, кечээ түшүмдө…-деп келе жатып "Калыбекти айтсам эмне дейт жаман көрөт го?" деп такала түштү.- Айт, айта бер, түшүңдө эмне болду?-Шуру эне кызыга сурап калды.- Түшүмдө Калыбек кириптир…- Ок! Өзү менен кетсин, ийи?- Калыбекти көздөй мен жүгүрсөм ал мени биякка келбе ары жакта бир алма бар ошону алып ал деп өзү жок болуп кетти.- Аа-аа байкуш, ырыскысын бериптир, анан кыз төрөйт экенсиң балам ал сага алма бергени жакшы болгон экен, - деп Шуру эне сырткы үйгө чыгып дасторкон жайып Айсалкынды чакырды. -Кел Айсалкын, куран окуп койолу, арбагы колдосун, ыраазы болсун!-деп Калыбектин арбагына багыштап куран окуду да өз ишине киришти. Келинине көңүл бурбай жумушун жасап жүрдү: "байкуш отузга чыккыча төрөбөсө мунун төрөтү кандай болоор экен, эптеп аман-эсен көз жарып алса болду" деп ичинен аны аяп жатты эне. Кантсе да аялзаты, эне эмеспи. Ошонун эртеси Калмурат Айсалкынды ээрчитип айылдык акушерге барып текшерткенде, Айсалкынды эки жарым айлык боюнда бар болуп чыкты. Айсалкындын кубанганында чек жок эле. Көзүнөн жаш куюлуп кубанычына чыдабай ыйлап жиберди.- Ай келин, сага эмне болду?-акушерка ага таң кала суроо берди.- Эжекебай, төрөгөндөн үмүт үзүп койгон элем, өңүм же түшүм экенине ишенбей турам, ырас эле боюмда бар бекен?- Ооба, чын айтып жатам, куттуктайм сиңдим, ыйлай турган жөнүң бар экен, кубанычтан ыйлап жаткан турбасыңбы. Сыртта күтүп турган Калмурат Айсалкындын ыйлап келе жатканын көрүп чоочуп, алдынан тосо сурай кетти:- Айсалкын, сага эмне болду, эмнеге ыйладың?- Айсалкын сүйлөй албай энтигип көзүнүн жашын тыя да албай жашка жуулган жүзүн күлүк чайып:-мени, мени.. . боюңда бар деди, - деп күлүп да ыйлап да жатты.Калмурат кубанганынан Айсалкынды жерден так көтөрө калып айлантып бетинен өпкүлөп:- Алтыным десе, оозуңа май, сен эми мага кыз төрөп бер, сен эне болосуң жаным!-деп кубанычына ортортош болуп экөө колтукташа басып кеткенде аларды көргөндөр аргасыз жылмая күлүп карап турушту.Айсалкын Калмурат экөө ошол эле күнү Бурма энеге сүйүнчүлөө үчүн жөнөштү. Эки уулун ээрчитип алган. Бурма эне укканда кубангандан жашып, анан аксарбашыл айтып жатты. Ошол жерден кудайы кылып бир эчки союп коңшу-колоңун чакырды. Ошентип бактылуу үйбүлөө балдары менен кайрадан өз үйүнө жөнөгөнү жатканда мурунтан ооруп жүргөн карылыгы жеткен Бурма эне жетимиш сегиз жашында таптаза туруп дүйнө салды. Анын карылыгы жана оорулуу жүрөгү кубанычты көтөрө албады көрүнөт. Бир үйдө жеңеси менен он төрттөгү баласы экөө калып калды. Айсалкынды кайненеси дагы, күйөөсү Калмурат дагы саксактап:- Күйүт жаман, этиет бол, ичиңдеги баланы күйгүзүп аласың, зорго тилеп алган наристени аман-эсен төрөп ал, апаң жаман жашка келген жок, жакшы жашады, күйүттүп да чеги болот, - кайрат айтып жатышты.
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:07 » Билдирүү # 4
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Акыры Бурма эненин ызаат сыйын жасап жайына узаткан соң Айсалкынды үйүнө алып келишти. Бара, бара ичи билинип, кыймылга кире баштаганда гана ал өзүн ыраазы болуп Калмуртка да мурункудан жакшы мамиле кылып? ошого турмушка чыкканына ичнен кубанып жүрдү: "Эмнеге мурун боюма болбоду, же Калыбектин өзүндө бар болсо керек, деги койчу эмнеси болсо да ушул наристем аман-эсен жарыкка чыкса экен" деп ойлонуп апасынын өлгөнү кабыргасын кайыштырып турса да бир жарык шоола чачкан үмүт пайда болуп өзүнө өзү кайрат берип алат. Рустам менен Руслан да Айсалкындын жанынан чыкпай кол аякка жарап калышыты. Рустам өтө шогураак, өз билгенин бербеген бала болчудай. Руслан болсо болбурап жоошурак. Шуру эне болсо келин-уулун өз очогуна бөлүп өзү кичүү уулу менен калган. Калмураттан улуу эки уул бир кызы өз-өзүнчө түтүн булатып жашоолору ойдогудай эле. Ушул Калмураттын турмушу болбой аялы кетип эки баласы менен калганда эне көп кейичүү, эми көңүлү тынып калды. Адеп Айсалкынды алам дегенде эне каршы болгону ырас бирок Калмураттын көгөрүп туруп алганынан акыры макулдугун берген эле.Салкын эне да Айсалкынга тез, тез келип турчу болду. Ал да өзүнчө ичинен сызып: "Капырай Калыбегим менен беш жыл жашап боюна болгон жок эле, мейличи байкушум, өйдө карап жаман айтпады, алдыман кыя өтүп тастаңдаган жок, кудай берчү эле келин, аман-эсен көз жарып алсын, кыйналбай төрөп алса экен" деп ойлонуп кылаар иши болбогондуктан кечке ийигин ийрип Шуру менен кобурашып отуруп анан кетет.Ай күнүнө жетип Айсалкын кыз төрөдү. Калмурат тамак ашын даярдап кызына Изат деген атты даярдап алып төрөт үйүнө жетип барды. Айсалкынды бетинен өөп, колуна кыпкызыл роза гүлүнөн букет берди да:- Акин, кыздын атын Изат койолу, баарыбызды ызааттап сыйлаган, акылдуу да бактылуу да кыз болсун, - деди Калмурат.- Сен айткандай болот да, анткени өзүңдүн заказың боюнча кыз болуп калды, - деп Айсалкын жаркылдай күлүп тамашалай сүйлөдү, - Сага ыраазымын Каке, мени эне катарына коштуң, мен эми энемин, - бир азга капалуу болуп көзүнөн жаш кылгыра түштү, - байкуш апам менин боюмда бар экенин укканда кубанычты да көтөрө албай калдыбы, болбосо ушуну көрүп өлсө эмне…- Койчу Акин, кейибечи жаным, ажалга арга жок экен да, андан көрө кичинекей Изатыбыздын өмүрүн, бактысын тилейли.Үч күндөн кийин эле Айсалкынды ымыркайы менен үйгө чыгарып келишти. Рустам менен Руслан болсо улам колуна алып көтөрө коюп наристенин жанынан чыгышпайт. Үйгө келген күнү кечинде жаңы эле жаткан Айсалкын көзү илинип илинбей эле босогодо турган Калыбекти көрүп чоочуп кетти, бирок корккон жок, баягысындай эле: "Калыбек, эмнеге босогого туруп алдың, кел төргө өт" деп жиберди. "Жо-ок мен төргө өтпөйм, болгону мен сенин жаныңдамын, ошону сезип жатасыңбы, мен сени менен биргемин, алдагы кызды карасаң дал мага окшош, мен сага ошону бербедимби! " дегенде Айсалкын кызын караса чын эле ошого окшош экен, кайра кайрылып босогону караса Калыбек ордунда жок. Ойгонун кетсе Калмурат аны түрткүлөп ойготуптур. - Айсалкын сага эмне болду, уктап атып эле сүйлөп жатасың же эмне дегениң белгисиз, кыйналбасын деп ойготуп жибердим.- Аа-аа жөн эле уйкусурап жатсам керек, -деген Айсалкын бышылдап уктап жаткан кызыл эт наристесин карап өзүнчө жүрөгү "бөлк" этип алды: "Бул эмнеси ыя, чын эле Калыбекке окшоп калабы, анда Калмурат эмне дейт?" деп өзүнчө кызын карап делдейе ойлуу отуруп калганда Калмурат аны кучактап ордуна жаткырды да:- Быйпыйып уктап жаткан кызыңдын эмнесин карайсың, андан көрө мени карап жатчы жаным, сагынып кеттим!-деп өөп койду.- Кантип карабайм Каке, чынбы-төгүнбү деп деле ишене албай жатпайынбы, карасаң кимге окшош ыя?- Кимге окшосо ошого окшосун, деги мага ыраазысыңбы жаным, аман болсун.- Ыраазымын Каке, өмүр бою ыраазымын, кудайга тобо кылам, ушул муштумдай кызыл эт үчүн канча көз жаш төкпөдүм.- Укта алтыным, эс ал, бир аздан кийин кызың ыйласа дагы туруп уйкудан каласың.- Уктабаганга кайылмын, как баш, туубас атка конбой ушуну берген кудайга миң мертебе ыраазымын Каке!- Мейли эми эс алып алчы, элдин баары уйкуда, убагында эс алганың өзүңө жакшы, жаш төрөгөн аял жылуу-жумшак жатып тыңышы керек.- Мына уктадым, - Айсалкын жатып калды. Ал эми жатаары менен эле кайра Калыбек пайда болду. Айсалкын: "тез эле уктап кеттимби, түшүмө дагы Калыбек кирип жатат" деп ойлогончо ал: "Мен сенин жаныңдамын Айсалкын, сен уктаган жоксуң бирок мени сен гана көрүп сен гана уга аласың" деди "кантип мен уктабай эле сени көрүп жатамбы, сен эмнеге мага гана көрүнөсүң, апаңа, бир туугандарыңа көрүнбөйсүңбү? " Айсалкын таң кала сырады. "Жок аларга көрүнбөйм, менин рухумдан сен балалуу болуп жатпайсыңбы, мен эми сенин жаныңда ар дайым жүрө берем, коркпо мен сага тийбейм!" "Кызык сенин рухуңдан пайда болдубу бул наристе?" "Ооба, менин балам, сени ыйлабасын деп сага бербедимби! " "Ыраазымын, ыраазымын" деп ыйлап жаткан Айсалкынды Калмурат дагы түрткүлөдү: - Акин, эмне эле болуп жатасың?- Эч нерсе, - Айсалкындын кулагына Калыбектин: "Менин рухумдан жаралган бала" дегени жаңырып туруп алды. Калмурат болсо: "байкушум өңүндө да түшүндө да ыраазымын деп мага айтып жатат. Эгер мурун төрөп жүргөн аял болсо ушинтип ыраазы болмок беле, мынчалык болмок эмес" деп ойлонуп Айсалкынды кучактай уйкуга кирди. Айсалкын болсо тирмийип уйкусу келбей жата берди, ушул учурда ал Калыбекти көргүсү келди бирок ал андан кийин көрүнгөн жок. Күндөр өтө берди, Изат күндөн күнгө болтоюп чоңоюп баратты. Үйдөгүлөрдүн сүймөнчүгү, эрмеги. Бир күнү Салкын эне келип Изатты колуна алып олтуруп:- Айсалкынга окшобой эле кимге окшоп калга, же Калмуратка окшобойт, - деп калды.- Ээк, кимге окшош болсо да ата-энесине кап болсунчу жеңе, чоңоюп келетат жаман десе, "көрүнгөн жоонун ыраагы жок" деген ошол да. - деп Шуру Изатты карап жылмайып койду. Шуру эне ары басаары менен Салкын эне Айсалкынга шыбырай:- Ботом бу кызың Калыбегиме эле окшошуп калган го? -деди.- Койчу апа!-деп жиберди Айсалкын уурусу кармалгандай. - Койбой эле, Калыбек кичинесинде дал ушундай болчу, - десе болобу.- Кантип окшошмок эле…-Айсалкын түшүндө көргөндөрүн эстей бир эсе таң калса бир эсе мурунку кайненесинен уялгандай үнсүз боло калды. Ушул мүнөттө Айсалкындын көзүнө аппак кийинген Калыбектин элеси тиги короонун босогосунан көрүнүп делдейип эле эки көзү босогодо болуп туруп калганда Шуру эне: "байкуштун жүрөгүн оорутуп кайдагыны айтпа койдум эле" деп ойлоп өңү купкуу болуп кеткен Айсалкындын жанына жетип барып:- Садага сага эмне болду, бир жериң ооруп турабы? Балекет баскан жаным кайдагыны айта койдум эле, ансыз да өзүн зорго жүргөндө, - деп Айсалкынды жөлөй койгондо босогодогу Калыбектин элеси көрүнбөй калды эле ал эсине келе:- Жок, жок апа, эч нерсе деле болгон жок, мен жөн эле…-деп ордунан тура калып короонун ичин тегерете карап кирди.- Эмне бирдемени издеп жатасыңбы балам, же бирөө короого кирдиби?-Кыраакы эне эки жакты айлана карады.- Жок апа, мен жөн эле, - Айсалкын өзүнө келип арыда уктап жаткан кызын караса Калыбек анын баш жагында туруптур. -Апа кызымды алып үйгө кирейинчи, - деп кызды алганда Калыбек: "Айсалкын көрдүңбү меним кызым өзүмө окшошуп турганын көөп жашайт, абдан бактылуу болот" деди. "Аны сен кантип билдиң?" "Ха, ха мен кантип билбейин, сен бала эле бойдон турбайсыңбы, мен азыр бейиштемин, кааласам сенин жаныңда, кааласам кызымдын жанында болом уктуңбу?" "Койчу Калыбек, сен мени кыйнап жатасың, менин кызым дебей жүрчү" "Болуптур сенин кызың, бирок ал менин рухумдан жаралганын унутпа" деп Калыбек көздөн кайым болдуу.- Жок, жок сен жоксуң, сен экинчи келбе! -деп Айсалкын бакырып жиберди. Ошондо баятан бери кызынын жанына жетип жетпей бирдемелерди сүйлөп жаткан Айсалкынды байкап калган Салкын эне:- Кагылайын сен эмне болуп жатасың?-деп жетип барды.- Эч нерсе эмес, өзүмчө эле… -Айсалкын Изатты көтөрүп үйгө кирип өзүнчө ыйлап кирди: "Бул эмнеси, же менин да ажалым жеткени калганбы, же апасына айтсам бекен?" деп ойлуу көзүнүн жашын аарчып отуруп калганда сырттан Шуру эне кирип:- Ээ Айсалкын тиги Жолдубектин баласы чакырып келиптир, мен ошоякка барып келейин.- Макул өзүңүз билиңиз.- Тиги сууну ысыта бер мен кайра келип кийиз бышырам.- Ооба апа, ысыта берем-Шуру эне Айсалкындын ыйлап отурганын байкабастан чыгып кетти.- Оо кудай ай, деги ушул кыздын аман-эсен чоңойгонун көрсөм экен, деги бул эмне деген табышмагы эле жараткандын, - Айсалкын кызын алдына алып эч нерседен капарсыз бышылдап уктап жаткан Изатты жүзүнөн сүйүп койду. Аңгыча сыртан Салкын эне кирди да:- Кызың менен эзилишип отурасыңбы, Шуру кетип эрмектешээр киши жок сенин жаныңа отурайын деп келдим, -деп төргө отуруп калды да Айсалкындын сумсайыңкы жүзүн, ыйлагандай болгон көзүн көрүп, -Ийе Айсалкын ьир нерсеге капасыңбы садага?- Жо-ок апа, - Айсалкын калмуратка тийгенден кийин да Салкынды апа дечү. "Калыбек жөнүндө айтсамбы же айтпай эле койсомбу?" деп ойлуу отуруп анан ички сырын акыры бирөөгө айтышы керек экенин ойлоп ушул азыр айткысы келди. -Апа, менин түшүмө Калыбек кирип …-андан ары ыйлап отуруп баарын айтып берди. -Эмне кылышымды билбей калдым, ушул кудайдан тилеп жүрүп тапкан кызымды менин кызым, менин рухумдан жаралды деп атпайбы, түшүмө эле кирбестен ойгоо басып, туруп жүрсөм да көрүнүп жатпайбы?! - Ушуну сездим эле, жана "Калыбек Калыбек" деп эле сүйлөп жатпадыңбы, анда мындай айланайын, бир мал союп куран окуталы дагы алдага кызыңдын бир сыйра кийимине куурчак жасап ороп туруп Калыбектин жанына сойгон койдун териси менен кошо көмөлү.- Ошондо Калыбек көрүнбөй калабы?- Ырым жырымды толук жасаш керек, бир сыйра жаңы кийим ал дагы кызыңа кийгизип кайра чеч да таза баштык алып ошого салып туруп үч айрылыш жолго коюп кой, ошондон кийин келбейт балам, кеткенине нааразы экен. Мен Шуру менен кеңешейин.- Зыяны болбосо эле мейли го, адегенде көргөнүмдө чоочуганым менен азыр кадимкидей эле көнүп калдым аны менен сүйлөшкөнгө. - Кой балам антпе, сен деле бирөөнүн жалгызысың, бактылуу болушуң керек, Калыбек менин балам өлгөнүнө кабыргам кайышат, жүрөгм сыздайт бирок тирүүдө бирөөнүн кыйналганын көрүп туруп жардам бербей коюу жарабаган иш, адагечилик эмес.Айсалкын, сен негедир эле күндөн күнгө арыктап да ойлуу да болуп баратасың, эмне бир жериң ооруп жүрөбү?- Эч жерим деле ооруган жок, бала менен кыйналгандыкы го…- Изат андай деле ыйлабайт, жоош эле, өзү жашы өтүп төрөгөнгө кыйналып калгандыкы го болбосо…-сөзгө Салкын эне аралашты.Айсалкын үндөбөдү, тамак ичилип бүтүп баары жатууга киришти. Шуру эне өз төшөгүн салып жатып калды. Жаш балалуу келинин аяды көрүнөт болбосо кайненесинин төшөгүн өзү эле салып берип турчу Айсалкын. Бүгүн да уйкусу келбей көпкө жатты ал. Ар кайсыны ойлоп, бүгүнкү Салкын кайненесинин айткандарын эстеп: "Калмурат кандай кабыл алат болду экен, ал жаман ойлоп калбайбы, мага эмне айтпадың десе эмне дейм?" деп ойлонуп жатып көзү илинип кеткен экен жанына кимдир бирөөнүн жаткандай болгонун сезип артын караса Калыбек уупузун болуп Калмурат экөөнүн ортосуна жатып алыптыр. Оюнда Айсалкын "муну көрсө Калмурат эмне деп ойлойт" деген ойдо "Бул эмнең сен алды качан эле өлбөдүң беле, биерге эмне жатып алдың?" дегенде ал акырын төшөктөн ак булут сыяктуу суурулуп чыгып: "Мен кеттим, сен кызыңды жакшы кара, бирок мен эч качан сенден алыстабайм, дайым сенин жаныңдамын, уктуңбу?!" деп босогого барып көрүнбөй калды.- Эмне эле сүйлөнүп жатасың?-Калмурат башын өйдө көтөрүп Айсалкынды бетинен өөп койду.- Жөн эле, уктап жатып сүйлөп жиберген турбайынбы, - деди бери карап. Чынында ал уктап кеткен эле.- Билбейм, уктап жатып сүйлөй берет экенсиң, катуу катуу сүйлөп ойготуп жибердиң.- Ийи, өзүм да билбей калам. -Айсалкын "айтсамбы же айтпасымбы? " деп ойлоп кайра унчукпай жатып калды.***Рапия Ишенбекке жолуккандан кийин буулугуп ыйлап: "мен эне болбой куруюн, уулдарыдан да кызымдан да алыстап калдым, жок менни балдарым өзүмдүн ата-энемдикинде эмес беле, мен сөзсүз аларга барышым керек!" деп ойлонду да ата-энеси экөө тең өлгөнүн аларга барбаганын эстеп ого бетер ыйлады: "Оо чолок акыл жаным, сулуумун, сулуулугум менен бакытка жетем деп жүрүп баарынан айрылдым, эми болсо да барышым керек, эки бирдей баламды томсортуп койгуча өлгөнүм артык" деген чечимге келди да Покровкагы жөнөдү. Ал келгенде агасы Байсал жок эле. Жеңеси Таалайкүл аны көрүп сүйбөгөндөй кабыл алды.- Ийи кел, кудайга тоб-боо келет экенсиң го ээ, аман-эсенсиңби ыя, өлүү же тирүүң билинбей калды го?- Кандай жеңе, жакшы жатасыңарбы? - Жакшы, жакшы-ы, баары жайында, ийи келген жөнүңдү айт!- Мм, кечирип койчу жеңе келе албадым, атам менен апамды да уктум… бирок келе албай калдым, алыс жер…- Ох кудайга тобо-оо, келгиси келген киши Америкадан, Меккеден деле келмек, ошол кемпир чал сени кандай гана эркелетип бакпады эле, өз ата-энең болгондо жердин түбүндө жүрсөң да келмексиң.- Койчу жеңе, андай эмес, шарт болбой эле…- Эмне шарт, алты саның аман, өңдүү эле экенсиң, андай эле кыйналган түрүң деле көрүнбөйт, и баса сени көчө таптаган сойку болуп кетиптир деп айтып жүрүштү эле, чынын айтсам сени мобул куттуу босогомду аттатпайм билсең!- Жеңекебай антип айтпачы, андай болгон эмес, менин күнөөм атам менен апама келе албадым ырас алар алчаңдатып баккан эле, кантип унутайын…- Ой сени менен жомок айтышып отура турган убакытым жок, кандай келсең ошондой кете бер!!! - Жеңе?- Жок айланайын, сенин сөзүңдү угаар чагым эмес.- Жеңе, жок дегенде акем менен учурашып анан… анан балдарымды алып кетсемби…- Кайсы балдарыңды? - Рустам менен Русланды.- Аларды күйөөң алда качан алып кеткен, сен эне болуп карабай кетсең ал эркек экен, сендей күкүк эне баладан айланабы! - Жеңе!- Бас жаагыңды, жеңеден, акеден айлан, биздин сендей эч кимибиз жок, Байсал келе электе кетип кал, болбосо ал да сени капа кылып койот.Рапия артына бурулуп көзүнүн жашын көлдөтө дарбазадан чыгып кетип баратканда алдынан Байсал чыга калды.- Рапия сенсиңби, сага эмне болду, качан келдиң?-Байсал Рапияны карыдан кармай калып жүзүнө карады, - айтчы сага эмне болду?Ушул учурда босогодо карап турган Талайкүл аларды көздөй басып келе жатып минтти:- Өлгөн ата-энесин жаңы угуп ыйлап жатат, Эмне болмок эле, - чоюштай мурдун чүйрө сүйлөдү.- Койсоңчу Таалай, атайын бизге келсе анткениң болбойт, жүр, жүрө гой үйгө кир!- Ийи жөн эле жаш кызды эркелетип жаткансып, өзү үйгө киргиси келбей кетип жатканда аны эмне кыласың?- Жеңе, кантип эле, сиз…- Эмне эшик аттай элек жатып бизди уруштургуң келип жатабы?- Болбодубу эми, келе элек жатып сага эмне кылды ыя, ата-энемдин арбагы үчүн да Рапияны сыйлабасаң болбойт, алар өлөөрдө экөө тең табыштаганын өз кулагың менен укпадың беле!?- Укканда эмне, алпештеп баккан ата-энеңди жыргатып сен калыпсыңбы, киргиз, киргизмек тургай бир бөлмөңө киргизип кетирбей бага бер!- Бакса багам, бул менин карындашым, өзүм көтөрүп чоңойтком, ишиң болбосун! Байсал Рапияны колунан ала үйгө киргизди. Таалайкүл андан кийин эч нерсе деген жок. Эгер дагы тажатып сүйлөй берсе Байсалдан келтек жээрин эң жакшы билет. Ошондуктан өз ишине киришип кечки тамакты жасоого өттү.Рапия үнсүз гана өзүнүн жаштык кылып сулуулугуна чиренип балдарын таштап кеткенине өкүнүп турду, ал турсун ата-энесинин алпештеп бакканын баалабай терс жолго түшүп жүрүп баарын жоготуп алганына ичтен сыздап жүрөгү ооруп турду. Жашы отуз менен кырктын ортосуна барып калганда гана сезди өзүнүн жаңылганын: "Эми Калмурат ага балдарын береби? Арадан он жылдан ашык убакыт өттү, балдары аны тааныйбы, кабыл алабы?" деп жатты анын ою. "Жок дегенде бир көрүп алсам, кандай чоңоюп жатканын, өгөй эне аларды кандай карап жатат, эгер балдарым жүдөп өгөй эненин заарын көрүп жатса анда мени ээрчийт" ушул ойго келгенде ал өзүн өзү сооротуп бир аз да болсо эс ала түштү. Ал күнү Байсалдын жакшы сөзүн, акыл насаатын угуп анын алдында өзүн пас сезип отурду. Көрсө жакшы адамдын баласы жакшы болот тура, ата-энеси абдан жакшы адамдар эле: "бөлөктүгүмдү билгизип өлгөн ата-энесине келбей койсом да мени сыйлап жатканын карачы, кайран кишилер өз баласындай карап оюм менен болчу эмес беле, убагында сезбеген мен акмак экемин да, жакшы адамдарды баалай албаган мен келесоо, акылсыз!" деп өзүн, өзү жектеп турду Рапия.Эртеси эртең менен туруп Байсал Рапиянын колуна беш миң сом берип:- Карындашым, муну жолуңа керек кыл, мен да ата-энемдин карызынан кутулайын, келсе томсортпой жакшы тозуп алып жакшылап узаткыла деген эле экөө тең, анан калса сени абдан жакшы көрчү эмес беле, келгиң келсе келип тур, сенин бир тууганың мен турам, жеңеңе таарынба, ал аялдык кылып жатат, бирок ал деле түшүнөт. Аман жүр, капа болуп кайгырбай сыйлап алаарым бар деп эстей жүр садага!-деп бетинен өөп узатты. Рапиянын сүйлөөгө дарамети жетпеди, эмне демек. Адамкерчилиги улуу адамдын алдында өзүн өтө жаман сезди, жан дүйнөсү сыздап жүрөгү ооруп көзүнүн жашын төгүп:- Кечирип кой аке, мен ит болдум, мени кечириңиз! -дегенге зорго жарап так#### отуруп жатып, - мен акылсызды кечирип коюңуз, - деди да машинанын эшигин жаап буркурап ыйлап жиберди. Зуулдаган такси аны тез эле Кара-Балта шаарына жеткизди. Өзү билген адреске айдатып барып Калмураттын үйүнүн тушуна таксини токтотуп коюп, тааныш үйдү көздөй кадам таштады. Дарбазаны такылдатканда Айсалкын ачты эшикти:- Сизге ким керек?-Айсалкын мүчө бою келишкен жаш келинди көрө таңдана сурап койду. Оюнда адашкан бирөө деп ойлогон.- Мага.. . мм.. . мага Калмурат керек эле, ал үйдө болду бекен?- Ал үйдө жок, мен аялы болом, айта бериңиз!- Аа-а балдары кайда, балдары үйдөбү?-Рапия бул муңайым көрүнгөн сылык, сыпа сүйлөгөн келинди кекеткендей сүйлөп кирди, - Жээ балдарын тааныбайсыңбы? Аңгыча Рустам менен Руслан жүгүрүп келип Айсалкындын жанына тура калып:- Апо-ов, бул ким?- Апа, бул аял ким?-деп жарыша сурап калганда, Айсалкын:- Бар үйгө киргиле, чоочун аялдын көзүнчө антип сурабайт, бул эжеңер бирөөлөрдү издеп жүрүптүр, бар бара койгула.- Ики, кирбейм.- Мен дагы, адашып жүрсө мен таап берейинби, кимди издеп жүрөсүз?-деп чоңураактык кылып Рустам Рапиянын көзүнө тике карады. Ошондо Рапия дагы алдастап калды. Аттиң, ошондо кирип кетчү жер болсо дароо житип жок бомок, бирок жер катуулугунан, жан таттуулугунан зорго турду ал. Телмирип сөз сүйлөөгө кудурети жетпей өз канынан жаралган, ичнен чыккан балдарын өзү эркелете албай, жадагалса жүзүнөн сүйүүгө мүмкүн болбой жетимсиреп томсоро унчукту:- Мм.. . мен… мен- Тургула, үйгө кирип Изатты карагыла, чоң энеңдин колу бошобой атат.- Барбайм, Изатты энем карап атат, - Руслан Айсалкынды этегин кармап эркелей кетти.- Анда экөөң тең сабагыңарды окугула, киши менен сүйлөштүрөсүңөрбү! -деп Айсалкын катуу айтканда экөө тең жүгүрүп кетти.- Сиңдим, мен бул балдардын энеси болом, мүмкүн болсо учурашып, анан… анан алып кетсемби деген элем, - Оюнда өгөй балдарды ким сүймөк эле алып кетем десем кубанып кошуп берет, - деп ойлоп турган эле.- Кайдагыны айтасыз, бул экөөнү өзүм төрөгөм, сиз жаңылып жатасыз, мүмкүн башка жактан издеп көрөөрсүз, - дегенде Рапия чыдай албай:- Өзүң төргөнүң көрүнүп турат, ушуга ишенет же ушинтип койсом эле кетип калат деп турасыңбы ыя!-деп үнүн катуу, катуу чыгарып сүйлөп жибергенде арытан Изатты көтөргөн Шуру эне басып келип:- Ийи, айланайын сен кимсиң?-деди Рапияны таанып турса да таанымаксан боло, - өңүң жылуу учурайт, чүрөктөй болгон келин экенсиң, бирөөнү издеп жүрөсүңбү?-Шурунун какшыгы ого бетер Рапияны дудук кылып салгандай болду. Бир аз жер карап туруп анан:- Апа, апакебай, кечир мени, балдарымды жок дегенде өөп жыттап алайын дедим эле…-Рапия ыйлап жиберди.- Ии-ии балдар эми керек болуп калдыбы, жөжөдөй болгон чырактай эки баланы унутуп койгонуңа канча болду, бала тапкандыкы эмес баккандыкы дегенди билээрсиң, андан көрө сыйың менен кетип кал, балдарга азыр мен апаңмын десең түк ишенбейт, аларды алпештеген апасы бар, ал мына көрүп турбайсыңбы! -деп Айсалкынды көрсөтө берди.Рапия башка чапкандай делдирей түштү. Кандай бурулганын өзү да сезбей калды.Бир кезде дарбазанын шарак деп жабылганы угулуп эчкирип жиберди. Дароо так#### отурду да Бишкекти көздөй жөнөдү: Ал азыр өлгүсү келди, эми анын кимге кереги бар, сел жүргөн өзөндөгү суунун жээгине чыгып калган таштандыдай, агынды дөңгөчтөй керексиз болуп калганын дагы бир жолу сезди, өзөгү өрттөнүп көңүлү караңгылап бир кезде тууп таштап кеткен энесин каргады, жаратканга наалат болуп айтты дилинде. Үнсүз көз жашын төгүп кете берди.Таксист улам күзгүдөн карап коюп: "бул көз жашын төгүп мөгдөгөн сулуу келиндин эмне арманы, кандай сыры бар болду экен?" деп ойлонуп сөз суроого батынбай баратты. Рапия эсине кирип жигиттердин көзүнө чалына баштагандан тартып ата-энесинин тилин албай оюн зоокко сүйүп калып акыры ошонун кесепетинен кыз атынан жаңылганын, өзүн сүйүп калып бузулуп калганына карабай көзүнүн агы менен тең айланган Калмураттан кеткенин, андан кийин Ишенбектин көзүнө чөп салып андан төрөлгөн кызын да эстеп ыйлап баратты: "Балдардын, көзүмө карап, айтканымды аткарган ата-энемдин, Калмурат менен Ишенбектин кусуру урду мени, мен чын эле Таалайкүл жеңем айткандай күкүк эне турбайынбы, балдарым мени эми кайдан кабыл алмак эле, мени төрөп таштап дайынсыз жоголгон энемди тарткан окшойм, ал да мендей сыздады бекен, ал да мендей армандуу болду бекен же бактылуу гана мендей бир шордуу кызы бул жашоодо бар экенин сезбей эч нерседен капарсыз жашап жатат бекен?"Толгон токой ойлорду ойлоп заманасы куурулуп кайда барып эмне иш кылаарын билбей таксиден түшүп мас кишидей теңселе аялдаманын отургучуна отуруп калды. Ал ошол калыбында канча отурганы белгисиз бир маалда аны коңур үндүү эркектин доошу селт эттирди:- Чоң кыз, капалуусуң го, бир аз көңүл ачпайлыбы?! - Эмне?- Таанышып дегендей, капалуу отурасың, көңүлүңдү ачайын деп атам.- Жогол ары!-Бет маңдайында салабаттуу адамды көрүп Рапиянын кыжыры келип кагып кйоду.- Андай дебе чоң кыз, мындай баарлашып, ал жай сурашып дегендей, сага тийишип жетелеп кетчү чолок акыл жаш жигит эмесмин көрүп турасың, кайгыңды тең бөлүшүп жардам берейин деп ойлогом.- Мага эч кандай жардамдын кереги жок!- Макул анда, өзүң бил, - чоочун адам ары көздөй басып кетти.Рапия отурган жеринде мелтиреп отура берди: "Мен акмак, мен келесоо, мен акылсыз, кандай кылам эми, туубаган аялдай болуп как баш болуп каламбы, менин кимге керегим бар?" деп ойлонуп отуруп көңүлүнө бир ой келип үмүттүн оту жагылгандай караңгы үңкүрдөн жылчык табылгандай кубанып кетти: "Гезитке жарыя берем, балдар үйүнө таштап кеткен энемди, издеп табам, анан…" деп андан ары баары бүдөмүк болуп туруп алды. Аз, аздап өзүнө келип күүгүм кире баштаганда ордунан туруп мейманкананы көздөй жөнөдү. Негедир Рапияны көргөн эле эркек чап жармашып алмайы бар. Бул күнү да ага гүлгө айланчыктаган аарыдай эркектер көз салып тийишип калды. Мейманканага кирип орун алгандан кийин ажатканага барып келе жатканда эс алуучу жайда отурган үч-төрт эркектин бири:- Оххо-оо, бу чүрөк кайдан келип калды, билсек болобу?-деп бир күрсүйгөн эме ордунан туруп келип, колун сунду, - салам көгүчкөн, биз менен бир аз отуруп маектешпейсизби, таанышып алалы, менин атым Тимур.- Таанышууга көңүлүм жок, отура бериңиздер, мен эс алайын, - деп Рапия басып кетээрде Тимур колдон ала:- Кой антип жигит шагын сындырган жарабайт, бир жаралган чүрөк экенсиз, жашыңызда, тойс.. . балдыркан кезиңизде кандай болдуңуз экен, азыркы келбетиңиз ушул экен, - деп сугалактана сүйлөп кирди.- Колумду койо бериңиз да, жолумду тоспоңуз, мен сизге эрмектегендей, шакаба чеккендей жолдо жүргөн неме эмесмин!-Рапия колун жулуп алып тез, тез басып бөлмөсүнө кирип эшигин бекитип диванга жата кетти. Ошол бойдон чарчагангабы таза тынч бөлмөдө өзүн эркин сезе уйкуга кеткенин билбей калды.Эртең менен ойгонсо күн көтөрүлүп калган экен. Ордунан туруп жуунуп таранган соң "издейм сени" аттуу гезит бурчуна жарыя жаза баштады. Ал өзү чоңойгон балдар үйүн даана, так билбесе да өзү жөнүндө жазылган катты тарбиячысынан алып ушул кезге чейин катып жүргөн эле. Ошол катты алып өзгөртпөй кагазга түшүрдү. Ал катта мындай деген жазуу бар эле."Мени кечирип койгула, ушул наристемди бага албадым, анткени менин ата-энем билип калса балалыктан кечип, өзүмдүн да абийрим төгүлөт, ушуну төрөгөнчө орус кемпир Валя апанын үйүндө бекинип жаттым. Мен алданган шордуу кызмын. Менин ким экенимди билбей эле койгонуңар дурус. Кызымдын атын өзүм Арууке деп койдум, анткени менин аруу махабатымдан жаралган. 1967 ж. 20-декабрда төрөлдү. Мендей алсыз, аргасыз, арсыз энесин билбеген бойдон калсын"" Бейтааныш бейбак" 1975ж. 23-декабрь." Эгерде ушул катты бир кезде жазып таштаган аял азыр болсо менин катыма жооп берсин. Сиз издебесеңиз да, бир кездеги балдар үйүнө таштап кеткен кызыңыз издейт, апаке! Жүзүңдү көрүп үнүңдү уккум келет. Мени балдар үйүнөн жакшы адамдар багып алып эч нерседен кем кылбай бакты. Азыр алардын көзү өтүп кеткен. Өз энемди көргүм келет. Мени баккан ата-энем менин атымды өзгөртүп Рапия деп коюшкан экен.Рапия Анарбаева.Дарегим: Бишкек шаары, Кулиева көчөсү, 33. "Рапия бир айга чейин Кулиева көчөсүндөгү квартирада өзү берген жарыянын, издөөнүн жообун күтүп жатты. Бирок бир да дарек болбогон соң кайрадан көнгөн Россияга жөнөп кетти.
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:07 » Билдирүү # 5
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Айсалкын бир аз көңүлү тынып кызы менен эки уулун карегиндей карап, багып жатты. Кээде гана Калыбектин элеси көз алдына келип, кадимкидей сүйлөшүп калганы болбосо жашоосу өз нугунда өтө берди. Ал эми Калыбектин ага көрүнүп сүйлөшүп, күндө бир маал келгенине өзү да көнүп калгандай ал көрүнбөй калса кайра кадимкидей күтчү болду. Салкын эне бир күнү Шуру менен кобурашып отуруп кеп баштады.- Ыя Шуру, бу Айсалкын бая күнү сен жокто кызынын жанына туруп алып эле мени деле унутуп калып өзүнчө эле сүйлөнүп жатып бир кезде бакырып эле бирөөнү урушуп кирди, мен коркуп кетип ага жетип барып, эмне болду?-десем эч нерсе айтпай эле өңү купкуу болуп кетиптир, анан үйгө киргиздим да кетип калдым, кайненеси эмесиңби сырын сурап көрсөң боло, - деди.- Билбейм капырай, мен да кээде байкап жүрөм, өзүнчө отуруп деле бирөө менен сүйлөшкөндөй болуп кобурай берет, ырас эле сурайынчы…- Ботом жаш эмеспи, эч нерсени билбейт, мен мурун мундайын көргөн эмесмин, төрт, беш жылдай колумда болду, мындайын көрбөгөнмүн. - Бүгүн аны менен сүйлөшүп сырын тартайынчы, жеңе?- Ошентсең капырай, жаш неменин да убал сообу болот, ооруп, сооруп жүрбөсүн.Салкын эне эч нерсе билбегендей сөз салып койду: "Кокус Айсалкын менен сүйлөшүп сырын билгенимди укса: "мага кеңешпей анан сага айтабы деп Айсалкынды жаман көрүп жүрбөсүн" деп сак сактаганы эле. Кечинде Калмурат жумуштан кечигип калганынан тамак ашын жасап алып кайнене, келин аны күтүп отурушту. Шуру эне дал ушул мүнөттөн пайдаланып: - Айсалкын, бирдеме сурайбы балам, сен ушу бир нерседен чоочуп жүргөндөйсүң, кийинки убакта өзүңчө отуруп эле сүйлөнүп калчу болдуң, мурда мындай эмес элең…-деп аны сынай тиктеп: "сыр жашырбас, эстүү неме өзү сураар деп күтүп жүргөн болуп жүрбөсүн, эгер сырын айтпаса өз убалы өзүнө!" деп ойлонуп кулак түрүп калды.- Апа, мен деле сизге айтайын деп эле…-деп Айсалкын бүт баарын айтып берди. Ошондо Шуру эне:- Ботом, дароо эле айтсаң болмок экен, кой айланайын, Калмурат келсе кеңешип ырым-жырымын жасайлы-дегенче эле сырттан Калмурат келип калды.- Балам, эмне кечиктиң?- Жумуш көп, апа, анын үстүнө бүгүнкү бүтө турган жумушту эртеңкиге калтырба деп атамдын айтканын бек тутуп алган эмесминби! - Алдыңа кетейин десе, ошентсе да тезирээк келип жүр, заман өзгөрүлүп ээнбаштар көп көчөдө, - эне кабатырлана сүйлөдү. Тамактанып отуруп Шуру эне Калмуратка Айсалкын жөнүндө айтты эле ал да байкап жүргөнүн айтты.- Чын эле уктап жатып эле түшүнүксүз бирдемени сүйлөп уйкумду бузуп жиберет, эмне болду десем айтпайт.- Айткандан тартынса керек да байкуш, андан көрө-балам, мал союп ырым-жырымын жасап куран окуталы кыйнабай, болбосо бирөөнүн колунан мертинип, артында туяк калбаганга нааразы болот го, анан калса, шейит кеткен да, балам.- Ошентсе ошентели апа, - Калмурат макул экенин айтты. Бул кезде Айсалкын ички бөлмөдө кызы менен алек болуп жаткан эле. Калмурат кирип келип кызын эркелете, күлүшөйүн деп калганына кубана:- Ийи, ийи Изаттай, күлүп койчу, кана, кана атаңды күлүп кубантып койчу, кызым, - деп өзүнчө бактылуу боло Айсалкынды карады, - Мурунураак эле айтсаң болмок, чоочуп калсаң эмне болот, - дегенде ал Калмуратты карап муңая сүйлөдү:- Негедир адегенде чоочуп жүргөм, кийин коркунучу жок, тирүүдөй эле көрүнүп сүйлөп жатса кантем, кантип айтам Калмурат, кандай пайда болсо ошондой эле көздөн кайым болот, ал турсун мен баягы кусуп ооруп жатканда да мурункусундай болуп түшүмө киргенде мен анын артынан жүгүрсөм: "Сен биякка келбе, андан көрө ары жакта алма турат ошону алып ал" деген бойдон жок болгон.- Кудая тобо-оо, ушу сенин көзүң ачыла турган жөнүң бар эй, - Калмурат Изатты ордуна жаткызып коюп Айсалкынды кучактай эркелетип атты, - жаным, сен таза, акылдуу жансың да ошон үчүн арбак болсо да сени колдоп жаткан тура.- Ким билет, кээде өлгөн адам менен сүйлөшкөнүмө коркуп кетем, бирок кайра ал көрүнгөндө эч бир чоочубай эле сүйлөшүп калам…- Кой чоочубай жүр, биз кантебиз сен ооруп калсаң, эки уулуң болсо чоңоюп калды, беш алты жылда кудай буйруса келиндүү болосуң, анан Изаттай чоңойот, анан биз бактылуу чоң эне, чоң ата болобуз- Ошондой эле болсо гана, кээде коркуп ажалым жетип баратабы деп ойлоп кетем.- Койчу жаным, анын бетин ары кылсын, андан көрө ушундайда алдын алалы.- Макул, - Айсалкын ойлуу төшөгүнө жата кетти.- Укта жаным, Изаттай уктап жатканда эс алып ал, өзүң да баласааксың, кичине чукуранса эле алып аласың.- Картайганда көрсөм, төрөбөй калдым деп үмүт үзүп калганда кудайым берип отурса уктап эмне кылам, Рустам менен Руслан ак жолтой болушту, экөөнү тең ушундай жакшы көрөм, өзүм эле төрөгөндөй сезип кетем аларды.- Өзүңдүн балдарың экени калппы, экөө тең сени өз энеси катары көрөт, менден да сени жакшы көрүшөт.- Аның го чын дечи, бирок эл деген эл да акыры айтылат, энеси табылат, ошондо мен кантер экемин, азыртан эле ойлоп алып кимдир бирөөдөн балдарды кызгана берем.- Алтыным, жокту ойлонбой тек жүрчү, ошентип энеси чыга келсе жыга чабаармын, анын энелик мээрими бар дейсиңби, жети жашында калган Рустам эч качан антпейт. Ал эми Руслан болсо төрттө болчу. Эми кайсыл бети менен энеңмин деп келсин, келе албайт.- Ким билет, кой эс ал, сен да эртең жумушка барасың.- Жок мен барып уруксат сурап келем да мал алып келип куран окуталы.- Өзүң бил.Ошентип бул күнү эки жубай эртеңки күндүн өтө турган жумушун өз-өзүнчө ойлоп жатып уктап кетишти. Эртең менен эрте ойгонгон Айсалкын сыртка чыгып кайра келсе Изаттын аяк жагында Калыбек турган экен. Аны көргөн Айсалкын: "Сен дагы келдиңби, мен абдан кыйналып кеттим, деги эмнеге келдиң?" "менби, мен бүгүн кызым менен коштошоюн деп келдим, бүгүн мен алыскы-ы меккеге кете турган күнүм, сен менден чочулаба мен эми биротоло кетемин" деди да созулуп барып босогодон кандай чыгып кеткени билинбей калды.- Ох, кудай ай! - Айсалкын оор жумуш жасагандай шалдайып отуруп калды.- Күндөлүк турмуш баштагыдай эле башталды. Калмурат жумушунан суранып келип заматта агасын жеңеси экөөнү тең чакырып килейген эчкини кошо ала келди да заматта союп казанга салды. Салкын эне Шуру экөө камырдан адам түспөлүндөгү куурчак жасашты да болгон ырым-жырымды толук жасап союлган эчкинин этинин бирин калтырбай салып эл чакырып бир да сөөк сыртка чыкпай калсын деп кулактандырды. Анткени бүт мүчөсүн толук кылып териге ороп куурчак менен кошо үч-төрт эркек мүрзөгө көмүп келишти. Мүрзөгө баргандар таң калып:- Ой тобо-оо. Калыбектин мүрзөсүнүн чети, киши батаарлык болуп оюлуп калыптыр! -дешти шыпшына жакаларын кармап, - меккеге кеткендердин мүрзөсү ошентет дечү беле?- Садагаң болоюнум десе, түшүмдө меккеге кетип баратам деди эле, чын эле уулум бейишке кеткен экен…-деп Салкын эне кемшиңдеп ыйлап калды. Муну казан аяк кармап жүргөн Айсалкын угуп алып таң болуп турду: "ой тобо-оо, мага да ошентпеди беле, байкуш чын эле кеткен экен да" деп отурган жеринде делдейе калды. Муну байкаган Калмурат ага келип.- Айсалкын, сага эмне болду?-деп сурады.- Жөн эле, - деп чоочуп кетти ал.- Баятан бери байкасам ойлонуп эле отуруп калыпсың.- Жөн эле, суу жылыгыча отуруп калбадымбы. - Ойлонбой жүрчү, жаным.- Эмнени ойлонмок элем, кудайга шүгүр, өзүңдөй эр көкүрөк күйөөм, уулдарым, кызым турат, кайынжуртум мен деп турса мен эмнени ойлоном, мени эле аңдый бербечи, Каке!- Ошентсең, жаным. Калмурат ага көзүн кыса дасторкондо отургандарды көздөй басты.Айсалкын ошондон кийин тынч уктап, көңүлү ачылып өңүнө чыгып шайыр да шайдоот да болуп кетти. Калмурат бир күнү жумуштан келгенде Айсалкын:- Балдардын энеси келиптир! -деди эле Калмурат түшүнбөй кайра сурады.Кайсы балдардын?- Рустам менен Русландынчы. - Койчу!?- Койбой эле, аябай сулуу неме турбайбы ээ, аны аябай сүйчү белең?- Сүйүүнү оюнчук көрбөчү Акин, азыр мен сени гана сүйөм, сени гана билем, башканын кереги да жок! Ал эми мурунку өткөн нерсе, эстегиң да келбейт, эмне дейт ал сойку?- Түз эле сойку дегениң туура эмес, татынакай эле келин тура, дарбазаны такылдатып жатыптыр, мен чыга калсам ал сени сурады "мен аялы болом айта бер" десем, ал "балдар кайда?" деп сурады, мен "кайсы балдар?" десем "билмексен болбо, сенин айтканыңа ишенип мен кетип калбайм" деп кыйкырып жибергенде апам барып: "сага балдар эми керек болуп калдыбы, баладан айлан, алпештеп баккан энеси бар алардын, бала тапкандыкы эмес баккандыкы" деп айтса эч нерсе дей албай басып кетти.- Ажап болуптур, - Калмурат ошентип айтканы менен жүрөгүнүн түпкүрүндө ага деген сүйүүсү өчө электигин сезди. "Каап, мен барда келсе болмок экен, бир көрүп калмак экемин" деп ойлонуп кайрадан өз оюна өзү каршы болуп: "Ырас кылган экен апам, сүйүүдөн айлансын, менчелик сүйгөн адам болбогондур, ошонун жылтыраган өңүн урдум, ак бетин ак этин көрбөгөн адам калбагандыр … энеңдурайын сойкунун" деп ойлоп жинденип жатты: "балдардан айлангыр, алып кетет имиш, ага баланы ким берет экен?"Улам күн өткөн сайын Изат торолуп басар кезге жетти. Ал там тум басып калганда бул үйбүлөөнүн арасын кара мышык аралай баштады. Калмурат өзүнүн кесиби боюнча инженер мастер эле. Бир чиновниктин особняк үйүн бүтүргөнгө иштеп жаткан. Ошол жерде башчынын карындашы кээде келип кетип жүрчү, ал Калмуратты өзүнө имергенге аракет кыла баштады. Адегенде жумуштан кармалып калдым деп түн бир оокумда келсе кээде түнөп калчу болду. Ар кандай шылтоолорду айтып тим болот Айсалкын сураса. Кийин жумасына бир келип анан такыр эле келбей калды. Айсалкын сезди баарын, сезгенде эмне кылат, жараткандын бир кыз берип койгонуна ыраазы болуп Калмураттын бары-жогун деле эстебей баратты. Рустам менен Руслан болсо: "Атам эмнеге келбейт, ага эмне болду?" дешип сурай беришип тажаганда алар да сурабай калышты. Бир күнү үйгө түш ченде мас болуп келди да кийим-кечесин чогултуп берүүсүн талап кылды Айсалкынга. Ал үндөбөй кийимин чогултуп баштыкка салып колуна берди эле кайра аны көздөй кекете сүйлөдү:- Эмне күйөөң кетип жатса кабыргаң кайышкан жокпу, же менин кеткеним жакшы болуп турабы сага?- Калмурат, акырын бала жатат ойгонот. Ойгонсо ойгоно берсин, менин кызым беле, түшүркөп алган күйөөңдөн төрөп алган кызыңды мага таңуулаган турасыңбы?! - Эмне?- Жалганбы, карасаң алдагы кызыңды, кайсы жери мага же сага окшоп турганы, Калыбектин эле өзү!- Койсоңчу Калмурат, эмне деп турасың, кеткиң келсе урушпай этпей эле кет, мен сени кетпе дебейм, мен кетпе деген күндө да кетесиң аны билип турам, наристеде эмне күнөө?- Мага десең эриңди тирилтип тийип албайсыңбы, мен кеттим, - деп чыгып баратканда Шуру эне алдынан чыгып: Эмне болуп калгансың ыя, кебетеңди карачы, жакшы эле өзүңдү өзүң билип жети сегиз жыл жүрбөдүң беле, дагы тентигиң келип калдыбы, жылуу очогуңду суутуп, карыганда мени ойлосоң боло! -деп кирди эле:- Мен Айсалкындын Калыбекке окшогон кызын көрүп жашай албайм! -деп терс бурулуп кетти.Айсалкын бул кезде көзүнүн жашын көл кылып кызын көтөрүп турган эле.- Ээй айбан, кайдагыны айтпай кайт артыңа, баланын кусуруна калганың болбойт! - Калмурат энесинин сөзүн укпай кетип баратканда ойноп жүргөн Рустам менен Руслан аны көрүп чымын куюн болуп аталап жөнөштү:- Атаа-а, ата дейм, кайда барасың, каякка кетип жатасың, - жетпей калган экөө тең кайра үйгө кирип келип эки жерде ыйлап отурган чоң энеси менен Айсалкынды көрүп делдейе туруп калышты да:- Апа, атам кайда кетти, үйгө жатпай каякка жатат, эмнеге кетип калды? - Рустам да ыйлап жибердди.- Келет атаң, келет жумушу көп тура бүткөнчө жатып иштейт. - Айсалкын аларды тынчтандырууга өттү.- Үйдөн эле иштеп турбайбы, - Руслан дагы атасына таарынгандай мурчуя сүйлөдү.- Андай болбойт да, балам, - Айсалкын өзүн-өзү соорото чыйрала ордунан туруп эки баласын эркелете баштарынан сылады. Шуру эне эч нерсе дебеди. Отурган ордунда мелтиреп отура берди. Айсалкын өзү токтоо болгондуктан эч үндөбөй өз жумушуна киришип кетти. "Акыры бир күнү келет, ушунун сөзүнө теригип жылуу очогумду суутмак белем, айдай көрүнүп азгырып жүргөндүр" деп ойлонуп койот. Шуру эне болсо: "Эми Айсалкын кетип калат го, менин сөзүмдү укмак беле, кайдагы бир бузуку аялга ишенип үйбүлөсүнөн ажырамак болду" деп сары санаа тартууда.Арадан билинбеген эки жыл өтүп кетти. Изат болсо тыпылдап жүгүрүп, тили чыгып чулдурап сүйлөп калды. Рустам бул кезде он алтыга келип бой тартып ак караны айрыбаштай баштаган. Руслан он үчтө. Экөөлөп үй түйшүгүнө жардам берип Шуру эне менен Айсалкындын жеңилин жерден оорун колдон алып атасы Калмуратка ичтеринен нааразы болсо да билгизишпейт. Бирок экөө тең атасынын артынан жүгүрүп чакырса да кайрылбай кеткенин көз алдыларына келтирип жек көрүп кетишет. Бой жетип калган Рустам түнкүсүн балдар менен ойноп кечигип калса Айсалкында уйку жок, качан ал келип ордуна жатканда гана ага тамагын берип төшөгүнө жаткандан кийин кымтылап коюп анан жатат. Шуру эне кийинки күндөрү улуу баласынын үйүнө көбүрөөк кетчү болгон. Айсалкынды аяп кейип кетет. Анын үстүнө эки бала бирдей чоңоюп калганга түйүшүк да оордоп баратат. Бирин-экин малын багып, иштеген киши жок каражат, жетпейт. "Жеңем баласы экөө жалгыз жайшайт эмеспи, эптеп биригип соодага чыксак жашоо өтөр" деп ойлоноп кайненесине кеңешип эки баланын айласын таппай турду. Ал кетем дегенде эле Рустам менен Руслан экөө тең Айсалкынга: - Биз биерде калбайбыз, сизден ажырабайбыз апа, бизди да ала кетиңиз!-дешти. - Силер мени бакпайсыңарбы, Айсалкын кыйналып кетти, эптеп кызын багып жашап турсун, биз барып турабыз, - Шуру эне балдарына ушинткенде Айсалкын ыйлап жиберди:- Мен силерди кантип таштайын, биротоло кеткен жокмун да, апамды карап тургула, мына силер чоңоюп калдыңар, кийим-кечеден кыйналып жатасыңар, базарга чыксам силерге да жакшыраак болобу дегем.- Сиз эч кайда барбай эле коюңуз, мен иштейм, мектепке барбай эле жумуш издейм, сиз кетпеңиз! - Рустам ушинтип кесе айтты да сыртка чыгып кетти.Айсалкын эмне дээрин билбей туруп калды: "жок дегенде ушул балдарга кайрылып койбойбу же менин ашкан дүнүйөм болбосо, жыртык жылаңач калабы, ачка токпу дебей кетип калганын" деп Калмуратка жини келди. Кетем деп айталбай эки баланы кыя албай Айсалкын кала берди. Ошондон баштап Рустам жүк ташуучу жерге ишке орношуп иштегеп калды, Айсалкын анын таап келгенин үнөмдөп отуруп экөөнө бир сыйра кийим алып берип үстүлөрүн жаңылады. Муну көргөн Рустам ичинен сызып: "өзүнө деле жаңыраак көйнөк же жоолук алып алса болчу экен, бизди багам деп байкуш кыйналып жүрөт, кой мен өзүм чоң энем экөөнө алып бербесем бизге өнтөлөй берип өздөрү жылаңач калбасын" деп ойлонуп:- Эмки тапканыма чоң энем экөөңөрдү өзүм кийинтем ээ, апа?!-деп Айсалкынды бетинен өөп эркелей кетти.- Балам, кыйналып каласың го, кабыргаң ката элек, оор жүктү этиеттеп көтөр, белиңди мертинтип аласың, - Айсалкын да аны жүзүнөн сүйө аярлап сүйлөдү.- Ой жок, андай деле оор эмес апа, жумуш болбой калгандан көрө болсо экен деп турабыз, жумуш болбой калса жаман да.- Садага болоюн десе, уулум мени, чоң энесин кор кылбай багып алат экен, сенчи, сен качан багасың? - деп Русланды күлө карап кайненеси менен Рустамга көзүн кысып, эрдин тиштеп койду.- Мен деле иштейин десем иш жок болуп атпайбы! - Руслан бултуя жер карады.- Алдыңа кетейин десе, эки үч жылда уулум да чоңойот, анан көрөсүңөр, - Шуру эне Русланды кучактап өөп эркелетип койду.- Ананчы, мен деле Рустам акемдей болгондо иштеп көп көп акча таап келем, - Руслан эдиреңдей сүйлөдү.- Охо-оо, менин Русум да иштейт турбайбы, эми иштей албаган эле Изат экөөбүз калдык го, - Айсалкын жаркылдай күлүп кучагындагы кызын өөп койду.- Экөөңөрдү иштетпей калалы, биз эркекбиз да ээ, Рустам аке?! - деп Руслан Рустамды карады эле ал аны коштоп кетти.- Изаттай чоңойо берсин, үчөөңөрдү машина аламын да салып алып зуулдатып шаарды аралатамын, мынабу эскирген үйдүн жанына заңгыраган үй саламын, - Рустам өзүнчө кыялдана сүйлөп жатты.- Тилегиңе жет, уулум, бактылуу эле болсоң экен, - Шуру эне кубанычтан көзүнө жаш алып ийди.- Жарыктык, сизге эмне болду, Рустамдын кыялданганына мынчалык эреркедиңиз чындап үй тургузуп, машинасына отургузганда кантээр экенсиз?-Айсалкын кайненесинин жоругуна күлүп калды.- Жакшы тилек жарым ырыс деген, тырмактай ушул бала ойлонгонду ойлобой жанагы арамды карабайсыңбы, - Шуру эне чындап эле ыйлап жатты. Баары унчукпай калды, анткени Калмурат үйдөн чыгып кеткени аны эчким сөз кылбай калышкан. Эне деген эне да, баласынын кылыгын ойлоп зээни кейип турду.Бир күнү Айсалкын Рустамды эрте тургузуп төркүнүнө жөнөттү. Жеңеси жалгыз баласы менен ошол үйдө калган. Баласы жыйырмадан ашып энесине жөлөк болгон кези. Айсалкынга ал:- Эже мен чоңойдум, төркүнү жоктой болбой келип кетип бирдеме керек болсо алып кетип тур, - деген эле. Эт-аштан кыйналган Айсалкын Рустамдан бир союш суратып жөнөткөн. Рустамды коноктоп тамак асып калышты. Аңгыча Рустам жол боюна чыгып, үч-төрт кыздын сүйлөшүп турганын көрдү. Алардын ичинде бирөөсүн Рустам улам, улам карай берди. Ал кыз дагы уурдана Рустамды карайт. Бир кезде кыздар күлүп калышты. Рустам ыңгайсыздана короого кирип кетээрде кыздардын бири:- Чоң жигит, уялбаңыз, таанышып албайлыбы?! - деп калды. Рустам короого кирип бараткан жеринен кайрылып кыздарды көздөй кадам таштады: "тамашакөй кыздар окшойт, тиги кыз абдан татынакай экен ээ?" жеткенче бирөө менен сүйлөшкөндөй болуп баратты.- Салам кыздар, менин атым Рустам, - деп колун сунду тартынбастан эле.- Асел.- Сүйүмкан.- Кызылгүл.- Сезим. -акыркы кызга жеткенде Рустам кызыктай абалга туш болду. Негедир бирөөгө окшоштургансып же бир жерден качандыр бир кезде жолуккансып бүткөн боюн калтырак басып кетти. Бир бирин карап тиктешип калган экөөнү беркилер тамашалай күлүп калышты.- "Любовь с первого взгляда" деп, силер эмне сүйүшүп калдыңарбы, болду эми, - деп Асел тамашалады. - Койсоңчу, мен бул акени бир жерден көргөндөй болуп жатам.- Мен дагы, чын эле мурун жолуккан жок белек ыя?- Билбейм…- Мен да билбей турам, көздөрүң тааныш…- Мурунку жашап өткөндө тааныш болсоңор керек анан, экинчи жаралганыңарда минтип жолугуп калдыңар да. - Кызылгүл тим калбай билерман боло сүйлөдү.- Экөөң чын эле окшошуп кетет экенсиңер, - Сүйүмкан тапкыч болуп кетти.- Кай жери окшош, эч жери окшобойт, жөн эле экөө тең супсулуу болуп бир-бирин жактырып калышты, - Асел өз оюн бербеди.- Макул, кыздар, тамаша бүттү, башка, сөзгө өтөлүк, мен Карабалтадан болом, онунчу класста окуйм, - Рустам жакынкы күндөрдөн бери окубай калганын айткысы келбеди. Аңгыча таякеси чакырып калды.- Рустам, бас, кел, кеч кирип кетет, эртерээк жөнө.- Азыр, - деген Рустам Сезимди жалт-жалт карай кыздарга, - макул кыздар, мен бүгүн эле кетишим керек болчу, дагы жолугушабыз- деп колун сунуп кошошуп жатып Сезимдин колун катуу кысып койду да жүгүрүп кетти. Ал кеткенден кийин Асел:- Эй ал чын эле сени сүйүп калды, көрдүңбү, сенин колуңду катуу кысып биздин колубузду жөн эле кармап койбодубу-деп текилдеп кирди. Булар он үчтөгү эле кыздар. Заманга жараша жаш кыздар балдарга өзү тийишкенин көрбөйсүңбү. Сезим он экиде.Кыздар менен туруп эле таанышууга аралашып калды. Болбосо ал кыздардай болуп шайкелеңдиги жок баё бала бойдон эле. Сезим-Ишенбектин кызы. Көп кыздарга караганда жаш болсо да жигиттердин көзү Сезимге көбүрөөк түшөөр эле. Чоң энеси көзүнүн карегиндей карап ушу кезге чейин чачын өзү жууп тарап назик кылып өстүрдү. Чачы узун. Ар дайым эки бөлүп өрүп артына таштап кээде лента байлап алып өйдө илип алчу. Негедир ошол күнү Сезим өзүнөн өзү карбаластай берди, "кимге окшоштуруп жатам, мурда көрбөгөм, анан эмне эле мага жакын сыяктуу сезилет?" деп кылган ишин чала кылып атты.Рустам дагы үйүнө кайрылып кетип жатып: "кызык, биринчи жолу көргөн адам ушундай жакын сезилеби, чын эле.. чын эле сүйүп калдым окшойт, сүйү деген ушундай болсо керек го, болбосо ал кыз мага кайдан жакын болмок эле" деп ойлонуп кыңылдап алды! Сулуу кыз экен, бирок жапжаш экен, менден төрт беш жаш кичүү окшойт.Ошентип, Айсалкын өзү төрөбөсө да Рустам менен Руслан боор этинен жаралгандай аларды жакшы көрүп: "ак жолтой балдар боду, ушулардын артынан Изатым ээрчип келди, Изатымдын агалары, садагаларым" деп элжирей мээримин төгүүдөн тажабайт. Антип минткиче Рустам жыйрмага чыкты, атасы дайнын таптырбай кеткен, "Тиги жерде жүрөт, баланча жерде иштеп жашап атыптыр" деп бирөөлөр айтса "ал ичип кетиптир, азыркы аялы аны үйүнөн кууп чыгыптыр, кайран бала азгырыкка кирип жолдо калды" дешип бирөөлөр жан ачый айтып жүргөндөрүн Айсалкын да Шуру эне да угуп бир бирине сөз кылгандан айбыгат.Айсалкын оюнда: "Азгырылса эркек эмеспи, анда эмнеси калмак эле, ичип өзүн жоготпой эле үйгө келе бербейби" деп өз ичинен аны аяп койот. Шуру эне күндөн күнгө карылыгы жетип бир жагынан Калмураттын үй-жайынан безип жүргөнүнө ичинен күйүткө батып: "Кудай сактай көр уулумду, жамандыгын көрсөтө көрбө" деп жакасын кармана күндө жаратканга жалынып отурат. Рустам бир күнү түнкү тамактарын ичип отурганда минтти:- Мен атамды таап алып келишим керек го, бир кезде бизди кылчайып карабай таштап кетсе да атабыз эмеспи, элден уялып баса албай калдым, мүмкүн ал бизден уялып келүүгө батынбай күйүтүнөн ичип алып жүргөндүр.- Туура кыласың балам, туура кыласың, кандай болсо да ал сенин атаң, биз үчүн деле уят, намыс эмеспи, анын талаалап калганы, - Айсалкын Рустамдын сөзүн коштоду.- Кайдан табаар экенсиң уулум, аны издейм деп бир балеге кабылып калба, анын үстүнө ал Бишкектеги Ош базарында жүрөт имиш, - Шуру эне тынчсыздана сүйлөдү.- Ой чоң эне, мен жаш бала белем, эми мен чоңойбодумбу, атамды алып келем да үйлөнөм!-Рустам өз оюндагыны айтып жиберип уяла түштү.- Садага кетейин десе, мейли өзүң эле бил, үйлөнгөнүң жакшы эмей, эми чөбүрөмдү көрүп өлсөм арман жок эле, - Шуру эне ойлуу сүйлөдү.- Сүйлөшкөн кызың барбы, уулум, биз аларды билебизби, биздин бары-жогубузга карай турган энелерби деги? - Айсалкын түпөйүл ойдо сурады-Анткени азыркы убакта алар өтө жакырланып жалаң Рустам менен Русландын таап келгенине жашап калышкан эле.- Бар апа, эч коркпогула, Покровкадагы Ишенбектин кызы экен, быйыл ал мектепти бүтөт, экөөбүз үйлөнүп алып анан чогуу окууга тапшырууну чечтик.- Ишенбек дейсиңби?-Айсалкын тактап сурады.- Ооба, ата-энеси шаарда жашайт экен, чоң-энесинин колунда.- Ой кокуй күн десе, ал менин классташым да, ал болсо жакшы болуптур, жакшы адамдар, баарын түшүнөт. Айсалкын көңүлү жайлана келечекте келиндүү болоорун ойлоп кубанычтуу жылмайды, - уулум үйлөнсө мен келин жумшап калат турбаймынбы ээ? - Рустамды кучактап чекесинен өөп койду, - бактылуу болсоңор болду….Эртеси Рустам Калмуратты издеп Бишкек шаарына келди. Ош базарындагы жүргөн селсаяктардын арасынан аны таба албады. Издеп жүрүп суй жыгылды, чарчады. Эптеп мейманканага жайгашып эртеси дагы издөөнү чечти. Кулиева көчөсүндө кетип баратып жолдун боюнда мусор яшикти челип жаткандарды көңүл буруп тура калды. Колуна кир болгон чаар сумканы көтөрүп алып Калмурат мусор яшиктин ары жагында бир нерселерди сумкасына салып жаткан экен. Рустам аярлай басып барып атасынын бет маңдайына туруп калды. Анын азыр каңырыгы түтөп көзүнө жаш толо калды. Бул кезде боюна чаң жолотпой кычырап жүрчү атасынын кейпи өтө жийркеничтүү эле, үстүндөгү кийими кийим деп айтканга да татыбайт. Калмурат жер карап буюмдарын салыштырып жатып маңдайында турган бирөөнү көрдү. Башын өйдө көтөрүп Рустам экенин таанып тааныбай бир топко аны көзүн ачып жума карап турду да:- Эмне керек сага?!-деди башын жерге салып, - менин сага эмне керегим бар?- Ата, сизди ушул күнгө таштап коюп кантип жүрөм, элдин бетин кантип карайм?!- Карай бер, күнөө өзүмдө силерде эмес, бар андан көрө ишиңди кыл!- Мен сизди алып кетпейин эч жакка барбайм!- А мен эч жакка барбайм!- Анда мен тирүү жүрүп эмне кылам, атам тентип мусоршик болуп жүрсө менин тирүү жүргөнүмдөн көрө өлгөнүм артык!- Кой балам тамашаңды, мени өз жайыма кой, өлөмүн деп коркутпа, андан көрө иниң менне карындашыңды жакшылап кара.- Мен сизден эки суранычым, мени менен азыр кетесиз, ат айланып казыгын табат дегенди билесиз да, мен сизди калтырбайм. - Суранычыңды айт!- Биринчиси баягыда артыңдан Руслан экөөбүз жүгүргөндө кайрылбай кеткенсиз, азыр мени менен кетесиз, экинчиси мен үйлөнсөм атам болуп сиз өзүңүз башкарып кудаңыз менен таанышыңыз, эгер мени укпасаңыз азыр кетем да үйгө барып муунуп өлөм!- Ат-таңдын оозун урайын десе, үйлөнөм дейсиңби, ушу сен чоңоюп калган белемсиң… Мен барганда Айсалкын мени кечирбейт го?- Апам өзү жиберди, сиздин ушинтип жүргөнүңүз аны да тынчсыздантып атат.- Чын элеби?- Калп сүйлөп көнбөгөм.- Макул, артка кайтпайын дедим эле, болбостур эми, жүрү менин үйүмө, кийинип алайын. -Калмурат алдыга басты. Экөө ээрчишип барып мостко жете берип бир жерге келгенде Калмурат мосттун алдын көрсөтү.
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:07 » Билдирүү # 6
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
- Мен бул жакка кирип тез эле чыгам, сен бул жерден күтүп тур!-деп мостун алдынан секирип түшүп кетти. "Качып кетип жүрбөсүн" деп ойлонгон Рустам анын артынан суу жээгине түшүп мостун алдына келди. Ар кайсы жерде кийим-кече чачылып, бош баклашкалар менен бөтөлкөлөр, идиш-аяктар жатат. Калмурат эптеп бирдемелерди кийип даяр боло калды. Ээрчишкен ата-бала Карабалтага кетчү унаага отурушту да жөнөп кетишти. Алардын келгенин көргөн Шуру эне суу алып чыгып Калмураттын башынан айлантып чачты да:- Кир үйгө, ушуну менен баардык балээнин баары чыгып кетсин!-деп үйгө киргизди. Аны Айсалкын дагы ыйлап тозуп алды. Баняга түшүрүп бир сыйра жаңы кийим кийгизип, эскисин өрттөп жиберишти. Калмурат негедир өз үйүнө келгени менен өйдө карап эч кимисине сөз айтпады, үңкүйүп отуруп күн кечирчү болду. Бир күнү аны Айсалкын сөзгө тартты:- Каке, эмне болуп калгансың, өз үй өлөң төшөгүңө келдиң, кабагыңды аччы, Изатты көрдүңбү чоңоюп калды, ага сени иштеп жүрөт сага шоколад, конфет алып келет деп айтчубуз, аны бооруңа тартып эркелетсең боло атасындай болуп, билсең мен деле сени сагындым, арадан алты, жети жыл өтүп кеткени билинбей кечээ эле жумушка кетип бүгүн келгендей болуп көрүнөсүң, же кызыңды же мени эркелетип баягыдай эле болчу, көңүлүңдү аччы!- Ыя Айсалкын, сен мени кечирдиңби? Калмурат Айсалкынды эки карыдан ала силкилдетип жиберди, - чын эле сен мени кечирдиңби? - Эмнеге кечирбейм Каке, эркектер ошон үчүн эркексиңер да, мен сени эбак эле кечирип койгом, мына уулубуз үйлөнөм деп турат, андан көрө камыналы, кеңешели.- Алтыным десе, мен жаңылдым, аялдын баары сендей болсо кана, айкөлүм менин, асылзаадам, акылдуум, - Калмурат Айсалкынды кучактап алып өпкүлөп жатты. Ушул убакта сырттан кирип келген Изатты көрө калган Калмурат, - оо садагасы, менин кызым чоңоюп атасын сагынып күтүп жүргөн тура, кел келе гой!-деп кучагын жайганда Изат атасынын кучагына бой таштады. -Көпөлөгүм менин, окуп да калган го, - Изатты жүзүнөн өөп эркелетип алдына отургузду, - кана кызым сабакты жакшы окуп жатасыңбы?- Ооба, жакшы окуйм, жалаң беш алам.Ушул кезде Айсалкын негедир кубанычтан кызы менен күйөөсүн карап күлүп да ыйлап да жатты. Калмурат отуруп, отуруп эле Изатты алдынан тургузуп сыртка чыгып кетти. Анын көзүнө ушул тапта Калыбек көрүнүп тургандай болду! "Бул эмнеси ыя, чын эле өлгөн адамга окшошуп калганы эмнеси, ушуну өзүмдүн кызым деп кантип айтам, нече Калыбекке окшошуп калды, оо кудай мен деги тынч жашасам болот эле го, ушул кыздын айынан азапты дагы көп тартпагай элем". Деп эшикте ары бери басып жүрүп: "окшошсо эмне экен, жакын эле тууган эмес белек, менден улуу агам катары зарлап жүрүп тапкан кызы аман болсун" деп ойлонуп өзүн өзү сооротуп үйгө кирди. Айсалкын ал чыгып кеткенде эч нерседен деле күмөн санаган жок, ошол бойдон бир бүтүн үйбүлөө бир бирин кайрадан толукташып бактылуу жашоонун кучагына сиңип кетишти. Тууган-уругу менен кеңешип Рустамды үйлөнүүгө камынып үй-жайын актап даряданып жатышты. Бул учурда Рустам Сезимге барып жолугуп келип турду. Ошол күнү да жолугууга келген Рустам:- Сезим, үйдөгүлөр даярданып жатышат, жакында экөөбүз бир бирибизди сагынтпай бир үйдө болуп калабыз-деди Сезимдин колдорун сылай.- Коркуп жатам Рустам, билесиңби, мен бая күнү түш көрдүм түшүмдө экөөбүз бир уядагы балапан экенбиз, кадимки чымчыктын, энебиз тамак алып келгенде ошону чогуу жей албай мага бергени жерге түшүп кетти, анан чымчык энебиз экөөбүздү тең карабай учуп кетип калды, сен экөөбүз аны ээрчип канатыбызды күүлөп учууга далбас кылып жатып бир кезде экөөбүз тең ылдый карай кулап кеттик. Ал эмнеси?- Билбейм Сезим, бир уяда жүргөнүбүз эми бир үйгө бирге жашайбыз, балалуу болобуз, бактылуу болобуз. Рустам Сезимди бекем кучактап алып айлантып жатты, - көрөсүң го биз бактылуу болобуз!- Мен да ошентип ойлойм, биз бактылуу болобуз.- Алтыным десе, сага келгенде такыр кетким келбейт, тез эле экөөбүз биригер күн келсе экен.- Мен дагы, сенден жарым мүнөткө бөлүнгүм келбейт, азыр эле кетсең кайра көргүм келе берет.- Кош жаным, кош, мен барайын, алардын камы бүтүп калса тез эле келем уктуңбу, мени менен кетүүгө, келин болуп жүгүнүүгө даярдана бер!- Дайым даярмын!-Сезим оң колун чекесине койо честь берип койду.Рустам келе жатып өзүнчө ойлонуп жатты: "кандай татынакай келинчектүү болом ээ, өзү абдан назик, эстүү дагы, эх ошол күн!.. ".Ал үйүнө келгенде күүгүм кирип калган эле.Калмурат бара-бара өзүнө келип туугандарына аралашып калды. Ал ошончо жыл талаада жүргөн менен ичкиликти көп ичпей ушул абалга келген тагдырынан ошентип өч алгысы келген. Биротоло эч кимге таптырбай жүрүп талаада өлүүнү чечкен. Кайрылып үйүнө келүүнү намыс көргөн. Жөндөн эле Айсалкындын да жүрөгүн оорутуп чыгып кеткенине ичинен сары санаа болуп өзүн өзү жектеп экинчи кайрылып келбей көрүнгөн жерди түнөк кылганы ошол эле. Эми минтип уулунун үйлөнөм дегенине жетине албай карбаластап союшун таап туугандарына кеңешип бир аз акча жыйып келинди кечиктирбей киргизүүгө камынып жатышты. Шуру эне сандыгын ачып өзү камдаган кийиттерин алдыга жайганда Айсалкындын көздөрү жайнап кубанып кетти. Ал жеңесине барып алардан да кийит кече алып келип камы бүтүп Рустамды жолдоштору менен машиналарды жалдап Покровкага жөнөтүп келиндин келээрин күтүп калышты. Арадан үч-төрт саат өткөндө машинанын сигналын катуу берип келинди алып кирип келишти.- Ой кокуй келин келди, болгула жоогучуңарды даярдагыла, болгула алып кирели!-дешип аялдар чуркурап машинанын эшигин ачып Сезимди колдон ала жетелеп жөнөштү. -Айланайын ак жолтой бол, ыйлаба, биз деле ушинтип кемпир болуп төрөлдү дейсиңби сендей болгон эле секелек болгонбуз, кыздын бараар жери күйөө болгондон кийин эртелеп эле орун алып алган жакшы. Эки үч аял аны жетелеп баратса бери жактагы эки кемпир өздөрүнчө сүйлөшүп жатат:- Апей ботом, балапан эле бойдон го, азыркы кыздар жыйырма беш отуз жашында эрге тийсе тийбегени жүрөт го, буга эмне жок десең.- Ошону айтсаң, анан тим эле татынакай экен бечара, Калмураттын мурунку аялы да кудум ушуга окшош супсулуу келин болчу.- Апей ботом, аны билбей мен эмне, анысын да жакшы билем, ошо сулуусунган неме эки баласын карабай таштап кетип калган да.- Капырай десең, аялдардан да мээрими жок болот экен да, болбосо ушул чырактай балдарды боору таш эле эне таштабаса… Кой кокуй, үйгө кирип келинди көрүп чыгалы. Экөө ээрчишип алып үйгө киришти. Бул кезде Сезим апаппак жоолукту салынып көшөгөгө отуруп калган эле. Алар аяк-биягын жыйгыча бир машина келди да ичинен кемпир түшүп үйдү көздөй басты карап тургандарга: - Ой айланайындар, кудайды карасаңар боло, кенедей кызды алакачып, - деп киргенде эле аяктан, бияктан чыга калып Сезимдин чоң энесинин алдын тосо калышты.- Капырай, сизди келин көргөнү келаткан айылдын эле кемпирлеринен экен деп атпайбызбы, кечириңиз кудагый, деп бир келин шакылдай баштаганда ал:- Тарт колуңду, кудагый деп эч нерсе боло электе, сыйыңар менен колума салып бергиле, шаардагы атасы укса жаман болот, ага билгизбей үйгө алып барып калайын.- Капырай деги сиз кимиси болосуз? - бирөө сурап калды.- Мен чоң энеси болом, тышта такси күтүп атат, болгула милийса чакыртпай эле колума салгыла!-деди Саадат эне.- Карангүүн, чоң кудагыйды тааныбай кудай уруп кала жаздаган турбайбы, - үйгө карай кыйкырып, - Оо-ой киргизгиле кудагыйды! - Сен кайдан көрдүң эле чоң энеси кууп келгенди, кудагый, судагыйы жок эле сыйыңар менен кызымды колума салып бергиле!Топурап үйдөн аялдар чыгып чоң энени үйдү көздөй сүйрөп жөнөштү эле ал жулунуп:- Койо бергиле өзүм кирем!-дегенде койо беришти. Ал акырын үйгө кирди да:-кана кызым кайсы жакта, ач кенедей асылбай кызыма жолуктургула! -деди. Аны ээрчитип төркү бөлмөгө киришкенде көшөгөдө кыздардын жанында отурган Сезим тура калды.- Апа!- Балакетиңди алайын десе, кайсы балдар сени зордоп ала качкан, мага жипке тизгендей кылып гана айтып бере сал, эртең папаң менен мамаңдар келгенде милисага берип акесин окутсун.- Апа, мени зордоп алакачкан жок, мен Рустам экөөбүз сүйлөшүп өзүмдүн макулдугум менен эле келгем.- Ок, чунак кыз, эмне деп жатасың ыя?- Кечирип кой апа, күнөө менде!-Сезим апасын кучактап ыйлап жиберди.- Карангү-үн эми эмне болот, атаң болсо жер сабап жатат, кичинекей кызымды алагачкан эмелерди көрсөтөм деп анан сени өзүм алып кетейин деп келгем.- Жок апа, келген жеримден кетпейм, андан көрө батаңызды бериңиз!- Алда-а айланайын кыз бала ай, сенин ушинтээриңди билгенде келбей койбойт белем, чычкандай кызым чырылдап ыйлап отурат го деп чыдай албай келбедимби. - Аа-а кудагый, бойго жеткен кыз ыргыткан таш деген туура, акыры бирөөнүн бүлөсү болоору бышык эмеспи. Жүрүңүз, конок үйгө, биякта жаштар отура берсин, - деп Шуру кудагыйын колтуктап коңшу бөлмөгө алып кетти. Саадат эне көп отурбай эле нан ооз тийип, отур дегенге болбой.- Мен эч нерсе билбейм, ата-энеси шаарда, алар келсе анан чечилет, өтө эле жаш кызым, эмне мынча шашты билбейм-деп эне көзүн жаштап машинага отурду, - он алтыга толо элек эле…Ошентип Калмураттар сар санаа болуп жатышты. Рустам болсо Сезимге ишенип камаарыган жок. Анткени баарын Сезим чечет деп ойлоп көңүлү ток эле.Эртеси кечке маал эки жеңил машина менен кудалар келип калышты. Кыз алган тарап тыпырап эле калышты. Арткы машинадан эки милиция түшкөндө баары элейип карап: "эмне болуп кетээр экен" дегендей кулак түрүдө. Адегенде Ишенбек машинадан түшүп тегеректеп турган элди айланта карады да:- Туугандар, менин кызымды ала качкан бала менен атасы ким?-деди токтоо.- Айланайын, сен деле кыргыз экенсиң, адамгерчилик кыл айланайын-деп эки үч кары аялдар анын жанына барып алып, күйөө балаң коркуп жатат, айып бизде айланайын, жаштар өздөрү сүйлөшүп алышыптыр…- Өздөрү деп, арбап, алдап жатып жаш кызды көндүрдүңөр да!-Ишенбек ачуулана жарданган элди жирей жөнөгөндө алар жол берип артка чегиништи, бир тобу анын артынан үйдү көздөй үнсүз ээрчий басышты, - Кана кайда Сезим, мен өзүм жолугуп сүйлөшөйүн, - деп босогого барып артын караганда Шуру эне алдынан чыга:- Айланайын мына биякта, жолуксаң жолук, мен да неберемди алып келейин, экөөнү беттештирип чогуу чаран угалы, - деп төркү бөлмөнүн эшигин ача берди. Сезим Ишенбекти көрө:- Папа!-деп кучактап ыйлап жиберди.- Кызым, мен сенден бир гана жолу сурайм, кийин өкүнбөгөндөй бол, чын эле сүйлөшүп келдиңби?- Мени кечирип коюңуз папа, биз сүйлөшүп үйлөнүүнү чечкенбиз! - Кана, балаңарды алып келгилечи! -Ишенбек өктөм унчукту.Сырттан Шуру эне кирип анын артынан башын төмөн салып Рустам кирип салам айтты. Негедир Ишенбек бир саам Рустамды тиктеп: "Капырай, бул эмне деген окшоштук, Сезимге бир окшоштугу бардай, көздөрүчү, кайдагыны эстеп жатам, мүмкүн эмес, адамга адам окшош боло боло берет да" деген ойго бериле түшүп кайра башын чулгуй көтөрө:- Кана, Сезим экөөңөр сүйлөшкөнүңөргө канча болду?- Эки жыл болду, - Рустам тартынбастан жооп берди.- Бир бир бириңдин кадыр баркыңа жете аласыңарбы? - Жетебиз!- Ох-хоо, силер турмуш курууга даяр экинсиңер да ээ?- Ооба!- Сезим, мен сенден дагы бир жолу сурайм, эч ким сени зордук менен алакачкан жокпу, өкүнбөйсүңбү? - Жок!- Айланайын, булар жаш, баш-көз болчу силер турбайсыңарбы, оң жолго салып турасыңар да, ата-энеси деле жакшы адамдар деп тургандардын ичинен ак сакалдуу адам сөз кошуп калды. Ошондо Ишенбек кайрадан сыртка чыкканда аны карыш жылдырбай турган кары жаш колтуктап калышты.- Кулдук айланайын, кулдугубуз бар, ыраазылык берип батаңды аяба, үйгө кир айланайын, - деп жатканда машинадагыларды беш алтоо барып түшүрүп үйгө киргизишти. Кымбат келген эмес эле. Ал: "отуруп калса кийин апам экөөбүз себин алып барабыз" деп калып калган Калмурат менен Айсалкын качан гана кудалар тынчып дасторконго отурганда киришти. Отургандар аларды тааныштырып кирди.- Кудалар, куда, кудагыйыңар мына айланайын, ачуулары басылсын деп силерге даабай атышты.- Айсалкын, бу сенин балаңбы?-Ишенбек таң кала сурап койду.- Ооба, баягы жолуканда ээрчитип жүргөн эки баламдын улуусу да, куданын сүрү кыйын окшойт, кире албай аттык.- Кулдугум бар куда, силерде кыз бар экен, бизде уул бар экен минтип куда болуп отурабыз. - Калмурат оң колун бооруна ала аста ийилип койду.- Тагдырдын буйругун кара Айсалкын классташым экөөбүз куда кудагый болобуз деп үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес.- Тагдыр, буйрук, насип деген бул кудайдын иши. Мына минтип башы жакшы башталды, Ызаат сыйлуу кудалардан болгула айланайындар! -деп ак сакалдуу адам сөзгө аралашты.Калмурат менен Айсалкын колдорунан келген ызаат сыйын көрсөтүп алдыларына беш миң сом акча менен бир ат мингизип жөнөтүштү. Сезим менен Рустамдын бир бирине окшоштугун көргөндөр жакаларын кармап жатышты.- Кудая тоб-боо, ушундай окшоштукту биринчи көрүшүм, ай, булар туугандай окшош экен да ыя?-деп бир узун кулак ушакчы аял жанындагыга шыбырады.- Койсоңчу, кайдагы бир тууган болмок эле, анча деле окшошо бербейт, сен эле окшош экен деп жатасың го.- Мага ишенбесең башкалардан деле сурап көрсөң, куюп койгондой окшош экен.- Ай андай окшош эрди-катындар боло берет, андайларды абдан бактылуу болот дешет.- Анысын ким билиптир. - Бир аз күн өткөн соң алар жөнүндө анча сөз болбой көнүмүш эле үйлөнгөн жаштар катары кабыл алышып Калмураттын үйү шаңга бөлөнүп музыка жаңырып келин көрүп келгендердин аягы суюла элек.Арадан бир ай өтүп өтпөй Кымбат менен Шуру эне дагы бир жеңеси болуп Сезимдин көшөгөсү менен кийим-кечесине кошуп бир сыйра килем, палас баш кылып төшөнчөсүн алып келип беришти. Жаштар эки жактан ата-энелеринин камкордугуна бөлөнүп бактылуу жашоонун кадамын таштап жашоонун чечилбеген сырларынын табышмагы, бактылуу күндөрдүн ээси болуп жүрө беришти. Калмураттыкына барып келгенден кийин Кымбат бир күнү Ишенбектен минтип сурады:- Ишен, Сезим менен Рустам туугандардай окшошуп турганын байкадыңбы ыя?- Кайдагыны айтасың, анча мынча окшошуп турат, окшош деле эмес, болгону экөө тең сулуу болуп элдин көңүлүн буруп атат го, аман болушсун экөө бир бирине төп жарашкан жубайлар болушту, тү-тү көз тийбесин! - Эмнеси болсо да…-Кымбат дагы бир сөз айткысы келсе да кайра айнып айтпай калды. Ал: "мүмкүн сага таштап кеткен аял ушул балдардын апасы болуп жүрбөсүн" деп айткысы келген. Бирок: "жөн эле жаман көрүнбөйүнчү, ансыз деле сенин кызың болуш керек деп деле кекетип жүргөнүм жетээр" деп ойлоп тим болду.Убакыт суудай агып, желдей сызып арадан жыл айланганда Сезим уул төрөдү. Бактылуу үйбүлөөлөр неберенин урматына кой сойуп жээнтек беришип, анын артынан бешик той кылып Куда кудагыйлар мамыры жумуру болуп жыргап эле калышты. Наристенин атын чоң ата чоң энеси койду, Бакберген деп. Бирок наристе төрлгөндөн баштап чыныкчаал болду, бара бара анын өспөй калышы бул бактылуу жаш жубайлар менен ата энелерин санаага салып атты. Анткени бир жашка чыкса да наристенин чоңойор түрү жок, буту колу чийдей болуп өйдө болууга жарабайт. Сезим бала багып жүдөп да кетти. Айсалкын менен Шуру эне деле каралашып жатты, эне деген эне го тынчызданып врачка тез тез көрсөтүп жатты. Врач бир күнү:- Силердин каныңарда окшоштук бар, ошондуктан экөөңөрдө бала болсо да нормальный бала төрөлбөйт! -деп кесе айтты.- Кантип, биздин каныбыз бирге эмес да?-Рустам врачты элейе карады.- Билем, бирок кандайдыр бир окшоштук бар…-врач ойлуу экөөнү күмөнсүрөй карап койду.- Ата-энеси биринчи группа болсо бала болбойбу? - Сезим да тынчсыздана сурады.- Жок кызым, силердин каныңарда бир жакындык бар, атаңарбы же энеңер тараптан…Сезим менен Рустам ойлонуп калышты. Ошондон көп узабай эле Бакберген чарчап калды. Сезим кыйын күйдү. Бирок алар баласынын күйүтүн тартып жатып врачтын айтканын эстеринен чыгарып коюшту. Ошол бойдон кайрадан: "жашоодо ушундай болот тура, дагы да балалуу болобуз, али жаш эмеспизби" деп ойлоп өздөрүн сооротушту. Бир күнү Рустам чоң энеси Шуру эненин жанына эркелеп олтура кетти да:- Чоң эне, Сезим экөөңөрдүн каныңарда жакындык бар экен, мындайда балалуу болуу кыйын, болсо да оорукчан төрөлөт деди врач, Сезим экөөбүздүн тууганчылык жайыбыз, илгертен бери Сезимдин ата-энелери менен жакындыгыңар жок беле? - деп сурады.- Кайдан уулум, дегеле тааныштык жайыбыз болгон да эмес, врач айта берет да, - деп койду эне.Рапиянын башкадан кыздуу болуп коңшу айылда чоңойгонун алар ойлоп да коюшкан жок.Калмурат менен Айсалкындын кайрадан машакаттуу күндөрү башталды. Анткени бул кезде сокулдап бойго жеткен Руслан дагы үйлөнөм деп чыкпаспы. Айласыз аны да үйлөнтүүгө даярданып жатышты. Рустам баарын өзү иштеп камсыз кылып ата-энесине көп түйшүк салган жок. Анын калса Рустам менен Руслан абдан эстүү болуп эр жетти. Өтө намыскөй. Тапкандарын Айсалкындын колуна алып келип үй жайын оңдоп шаардан бир бөлмө үй алганга жетишти. Рустам бул кезде бир мекеменин начальнигинин шофёру. Инисинин үйлөнөм дегенине кубанып колунан келгенин аябады. Ал турсун үйлөнүү той өткөрүүгө аракеттенип жатты.Ошол күздө Руслан үйлөндү, ачуу басарын берип, келим кетимин тозуп бүткөндөн кийин Калмурат менен Айсалкын Рустам менен кеңешип тойду шаардагы үйдөн өткөрүүгө макулдашты. Тойго келүүчүлөрдү той болоордон бир ай мурун эле чакырып коюшкан. Тойго Айсалкындын бирге окуган курбусу-сырдашы да курдашы да болгон ынак классташы Гүлнур да чакырылган эле.Ал Россияда соода кылып жүрүп Рапия менен таанышып азыр чогуу Бишкекте болчу. Ал Рапияга: - Рая, бүгүн мени менен чогуу тойго барып кел, менин мектепте бирге окуган ынак курбум тойго чакырыптыр, биринчи келинин да көргөн эмесмин, бул экинчи келини экен барбасам болбойт, -деди.- Мен барбай эле койоюунчу, көңүлүм тартпай турат, - Рапиянын баш тартканына карабай Гүлнур ээрчитип алып тойго келишти. Тойдо бака-шака болуп отургандар кызуу болуп ырдай башташкан. Гүлнур менен Рапия кирип келгенде Айсалкын жумуш менен алек болуп ары жакта жүргөн эле. Бир кезде Айсалкын келип Гүлнур менен өбүшүп калганда Рапия аны таанып же чыгып кете албай баш ийкешип койду да эптеп сыр алдырбай Гүлнурдун артынан төргө отуруп калды.Гүлнур төргө отуруп жатып Ишенбекти көрүп:- Ой сен да бул жердесиңби, классташтар бүгүн бир чер жазышат турбайбызбы? ! - деп күлүп калды.- Ананчы, Айсалкындын улуу баласы менин күйөө балам, - ошол кезде сырттан кирип келе жаткан Сезимди көрсөтүп, - бул Сезим менин кызым Айсалкындын улуу келини, -деп бакылдай кеткенде Рапия жалт карай калып Ишенбекти көрдү да башына бирөө келтек менен чапкандай кулагы тунуп: "Оо кудай бул эмне деп жатат, менин кызым менен балам үйлөнүп алган го, бул шылдыңды укпай билбей эле эбак өлсөм болбойт беле?! "деп өңү бозоруп отурганда Калмурат сырттан кирип келди. Ал төрдө отурган Рапияны көрүп не дээрин билбей бир азга отуруп анан сыр алдырбай:- Келгиле меймандар, чайга карагыла, кандай аяш?-деп Гүлнурду карай сүйлөп жатып:өзүңө чала, балдарды көрүп ичиң өрттөнүп күйүп аткандыр, деп да ойлоп алды. Алдына келген бир чыны чайды ичүүгө дарманы жетпей Рапия бозоргон бойдон отурганда Гүлнур:- Рая, бул Айсалкындын күйөөсү Калмурат, ал эми Ишенбек менин классташым, экөө кан куда экен, - Ишенбек менен Калмуратты карай, -а бул болсо менин курбум, Россияда бирге соода кылабыз, - деп калды.- Ийи-иш, - дегенге араң жараган Рапия ордунан туруп сыртка чыгып баратканда Гүлнур аны токтотууга аракет кылды эле ал үн катпай чыгып кетти.- Кечирип койгула, курбумдун артынан чыгайынчы, азыр киребиз, - Гүлнур отургандарга карай кечирим сурап коюп сыртка чыкты эле Рапияны таппай жолго басты. Ал ошол тушта так#### отуруп кетип жаткан Рапияны көрүп кыйкырып калды. Ал токтобой жүрүп кеткен таксинин артынан: "буга эмне болду, же мен тигилер менен сүйлөшүп жатып ага көңүл бурбай калганга таарындыбы. Өзүнө чала, сыйды көтөрө албаган неме го?" деп ойлоп ийнин куушуруп коюп кайра үйгө кирди. Ал киргенде үй- ээси же классташы ооз ачып: "курбуң кана, кетип калдыбы?" деп сураган жок. Той абдан көңүлдүү уланып жатты. Калмурат менен Ишенбек бир убакта эшикке чыгып сүйлөшүп туруп калышты. Калмурат тамекинин түтүнүн бурулдата үйлөп:- Жанагы аялды көрдүңбү куда, ошол балдардын апасы болчу, байкабай келип алып качканча шашты, ырыс кыйды балдарына батына албай калды да. Булар деле анча билбей калышты, - дегенде Ишенбек чоочуп кетти.- Эмне дейсиң, Рапияны айтып жатасыңбы? - деп Калмуратты тиктеп, -ой ал Сезимдин да апасы эмеспи!- Ооба, Сезимдин дейсиңби?- Ооба, Сезимдин да апасы ошол Рапия!- Олда-аа кокуй ай, балдардын убалына калган экен го ал ######, - ушул учурда үйдөн чыгып келе жаткан Рустам тыңшап калды, - Эн-неңди Шуркуя, эми эмне болот, балдар укпасын эптеп бир айласын табаарбыз, - Калмурат үй жакты карап коюп Ишенбекти жол тарапка колтуктай басты. - Болоор иш болуптур эми, экөөнү эптеп бир шылтоо таап ажыраштыралы! - Балдар кантээр экен, биздин тилибизди алып алар ажырашабы, экөө жандан башкача ынак, кудай урганда мындай болоорун ким билиптир, кой эми тойду тынчыраак өткөрөлү, - деген экөө эч нерсе болбогондой боло үйгө киришкен менен экөө тең жүрөк өйүгөн сары санаа кыжаалат ойдо отурушту.Алардын сөзүн уккан Рустам Калмурат менне Ишенбек басып кеткенде көзүнө жаш кылгыра ары көздөй караңгы тарапты көздөй буйтка, элге көрүнбөгөндөй жерге барып алып өзүнө келе албай ыйлап жатты: "Көрсө врачтын айтканында чындык бар тура, энекем ай!!! Ушундан көрө жаратпай койсоң эмине, туубас болбойт белең, эки балаңды алпештеп багып ыраатын көргөндүн ордуна азапка салганыңды сезген экенсиң да, эмне кылам, Сезимдин өз бир тууганым экенин билбей…" . Кайсы бетим менен эми кайра эрди -катын болуп жашамак элек? Жок, жок эми мага бул жашоодон көрө өлүм артык! деген чечимге келип көзүнүн жашын аарчып эч нерсе болбогондой үйгө кирди. Бул убакта Калмурат менен Ишенбек үйгө кирип отуруп коноктор менен бажырашып отурган. Эшиктен кирген Рустамды экөө тең жалт карашты, Рустам эчтеме укпагандай алардан көзүн ала кача кайра сыртка чыгып алдынан чыккан Сузим Рустамды бактылуу жылмая колтуктап эркелей кетти.- Рустам, сен эмне көңүлүң чөгүп калды, көздөрүң кызарып калгандай, бүгүн Русландын тоюнда сен кабагыңды бүркөгөнүң болбойт! Кана күлүп койчу, жаным десе.- Сезим, Сезимтай! !! - Рустам Сезимдин эки ийнинен ала, - Сези…. - деп айтып жибере жаздап, - Сези, кагылайын мени кыйнабачы, башым ооруп турат, - Рустам: "экөөбүз энелеш бир тууган турбайбызбы, убагында билсем гана аттиң!" деп көзүнө келе калган жашты көргөзбөөгө аракеттене сыртка чыгып кетти. Сезим: "Бирөө капа кылдыбы, эмнеге мынчалык сабыры суз болуп калды? Башы ооруп турса дары берсемби?" деген ойдо Рустамдын артынан карап калды. Үйлөнгөндөн бери биринчи жолу Сезимди Сезимтай дегендиктен ойлуу ашканага кирип бирдемеге алаксый түштү. Рустам шашып кайра кирди да кастюмунун төш чөнтөгүнөн блокнот алып бир барак айрып алды да чыгып баратып Русланды бекем кучактап өөп:- Рус. Мына биз чоңойдук, атам менен апамды жакшы кара Сезимди капа кылбагыла, ал.. - деп баратып анан күлө, - келин бала экөөңөр бактылуу болуп узак жашагыла деди эле Руслан:- Экөөлөп десең, экөөлөп жакшы карайбыз, мен сенин да бактылуу болуп узак жашашыңа тилектешмин аке! - деп ал дагы Рустамды кучактап өөп далысынан таптап койду. Аңгыча Сезим ашканадан чыга калды эле Рустам аны чекесинен сүйө:- Садагам, Сезимим…-деп сыртка чыкты. Ал ошол бойдон кайрылган жок. Кат жазды да кастюмунун чөнтөгүнө салып койду. Каттын мазмуну мындайча эле:"Ата-, апа менин тагдырым талкаланды, Сезим экөөбүздүн бир тууган болуп чыгып калганыбыз өкүнүчтүү! мындай болоорун ким билиптир, ата бул үчүн апабызды күнөөлөбөгүлө, жаштык, мастык кылгандыр, бул тагдырдын иши! Төрөгөнү үчүн, ак сүтүн бергени үчүн ал күнөлүү эмес, анын атына жаман сөз айтылышын каалабайм, энелик мээримин төкпөсө да, жүзүмдөн сүйүп жакшы сөзүн айтпаса да мени бул жашоого алып келгени үчүн анын алдына менин ак сүтүн актоо милдетим болчу бирок, аттиң бул оор тагдырдын, жазмыштын салганы көтөрүүгө чамам, кудуретим жетпеди, алсызмын азыр, ызалуумун… көөдөнүмдө кайгынын оту күйүп жүрөгүм ызадан ыйлап жатат. Ата, апа мени кечиргиле. Апа мен сиздин мээримиңизге бөлөнүп өз энемден артык бапестеп өстүргөнүңүз үчүн карыздармын, бирок ал карызыңыздан кутула албай кетип жатам! Кош апаке, кош апаке. Кош жарык дүйнө, мен үчүн кең дүйнө. Мен үчүн кең дүйнөдө орун калбагандай дүйнөм жарып жаным кейип турат. Өмүр бою бул жаңылыштыгымды ойлоп эзилгенче өз ыктыярым менен өлүмгө баш ийдим. Өлүм ак, мен баарыңарга ыраазымын! Суранам апакемди күнөөлөй көрбөгүлө. Менин силерден акыркы суранычым Сезимге эч нерсе айтпагыла. Алыс. Алыс алып кетип алаксытып көңүлүн көтөргүлө! ? Кагылайын Сезимтай мени.. . билип угуп калса кечирээр. Ага бир ооз айтпаганымдытүшүнөөр. Анын өмүрүн сактагыла! Силердин армандуу кеткен уулуңар Рустам…" деп ыйлап отуруп жазды да костюмунун чөнтөгүнө салып коюп, колундагы жипти колуна алып курулуп бүтпөй турган кабат үйдүн ичине кирип экинчи кабатка чыкты да тарбайып турган арматурага байлап бир учун илмек кылып моюнуна илип туруп буйдалбай бой таштады.Калмурат менен Айсалкын конокторун узатып үйүн жыйыштырып болуп жат жатка келгенде Сезимден Рустамды сурашты.- Ыя Сезим, Рустам кайда кеткен көрүнбөйт да?
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:07 » Билдирүү # 7
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
- Билбейм эшикте жүрсө керек да. - деди да өз иши менен алек болуп ата-энесине орун салып алаксып кетти. Калмурат негедир бир нерседен шек алгандай жүрөгү түпөйүл тартып улам сыртка чыгып кирип тынч алалбай атты. Калмурат Айсалкынды тургузуп сыртка ээрчитип чыкты да болгон окуяны айтып Рустамдын кечиккенинен чоочуп атканын билдирди эле ал:- Кызык, Сезим да ошонун кызы бекен?-деп ойлуу отуруп калды.- Ошондой байбиче, кудай уруп Ишенбек экөөбүз сүйлөшүп.. .- Ким билет, Рустам угуп калганбы, кудай уруп экөө бир энеден болуп атпайбы!-Калмурат Айсалкын уккудай кылып акырын сүйлөп жатканда үйдөн Сезим чыга калды.- Рустамга эмне болду, жоро-жолдоштторунун бир жарымы келген жок беле?- Жо-ок, аларга эртеңки күндү белгилегенбиз да, бүгүн эчким келген жок.- Анда кайда кетти, мынча кечикпей эртерээк эле келбейби?- Келип калаар…-Сезим жол тарапты бир карап келип кайра үйгө кирип кетти.Айсалкын менен Калмурат сыртта көпкө чейин сүйлөшүп отурушуп түнкү муздак абадан ичкериге, үйгө кирди да түнү бою эшиктен көздөрү өтүп кирпик какпай таң атырды. Таң атканда баары дүрбөлөңгө түшүп жоро-жолдошторуна телефон чалып сураштырса эч кимиси көрбөгөн болуп чыкты. Беш-алты досу келип кошо издеше турган болушту. Алардын ичинде Кымбат гана эч нерседен кабары жок болуп шек санабай: "Эмне эле болуп жатышат экиленип, келет да" деп ойлонуп алардын чак челекей түшкөнүнө жини келип жатты. Ишенбек ага эч нерсе айтпады, эгер азыр айтса жаңжал салып урушуп кетип калаары бышык болчу. Ошондуктан ал Калмурат менен Айсалкынга айтып түшүндүрүп койгон. Төрт күн бою издеп суй жыгылганда бир тестиер бала: "бүтпөгөн тамда бирөө асылып турат" деп жүгүрүп келгенде чогулуп жетип барышса, Рустамдын денеси таштай катып салаңдап туруптур. Бакырып басып калышты. Ботодой боздогон ата-эне, кара кийип какшаган Сезим, иниси Руслан күйүт тартып аргасыз кала беришти. Сезим менен Руслан болсо: "аны ким асты, ошону табыш керек, өз жанын өзү кыймак эмес, кимдин колунан келди экен" дешип милицияга да арыз таштап коюшту. Руслан болсо: "агамды өлтүргөн немени сөзсүз табам, дал ошондой кылып асып өлтүрөм!" деп кекенип атты ичинен. Калмурат менен Ишенбек экөө өздөрүнчө кеңешип алып Сезимге кийгизген карасын койгондон кийин эле чечтирип коюшту, буга Кымбат кыйын тебиреңдеди: - Капырай, кыз алган жары кара кийет да, бул эмне кылганыңар, көргөндөр эмне дейт, жубан келсе бир жөн.- Кудагый мунун да жөнү бар, биз да салтты билебиз, ошондой болуп атат.- Жок дегенде элүү күндүгүнө чейин кара кийип отурушу керек эле.- Эч нерсе эмес, боло берет. - Калмурат Ишенбекти аста карап койду. Ишенбек Кымбатты колтуктап ары басты да: -Кымбат, сен билбейсиң да, Рустамдын энеси менен Сезимдин энеси бир экен. Мага Сезимди таштап кеткен аял баягүнү келип кеткенден кийин балакеттин баары башталып атпайбы!- Койчу, сен ошол аял экенин анык тааныдыңбы? - Ооба, ошону үчүн отурбай кетип калыптыр.- Укму-уш ой, укмуш тура, ой сен ошол бир көргөн аялды кайдан таанымак элең, анда сен ал аял менен жашап, Сезим сенден төрөлгөн тура!- Ой жоок, Калмуратты таанып анан мени да тааныптыр ал, а мен тааныган деле эмесмин, өзү айтып кетиптир, Рустам сүйлөшүп жаткандарын угуп алып анан ушул ишке барып атпайбы!- Мен сага айтпадым беле, экөө абдан окшош деп, көрсө.. .- Ооба, ушундай экен, арга жок болуп калды, багып чоңойткондон кийин өз балаңдай эне болуп калат экен…-Ишенбек күнөөлүдөй Кымбаттын жанында өзүн тазалап жатты.Баарынан да Шуру энеге кыйын болду, небересинин күйүтүнөн тура албай калды. Ага эч нерсе айтышкан жок, болгону ким күнөөлүү экенин издеп жатабыз дешти. Руслан болсо эч ким менен сүйлөшпөй түнөрүп "эмне күнөөсү бар эле, мага эмне айткан жок, көрсө мага коштошкон тура", деп ойлонуп кыжаалат болуп: "эмнеге өз жанын арачалап калган жок, же жашоодон аша кеткендей эмне себеп болду экен, жок дегенде бир тууганы мага айтпаганы эмнеси, эгер агамдын өлүмүнө себепкер болгон адамды тапсам дал ошондой кылып асып өлтүрөмүн, ачылбаган сыр болбойт эмеспи, акыры ачылаар…" деп кыжаалат ойдо жүрө берди. Сезимди Ишенбек алып кетейин дегенде ал такыр көшөрүп койду.- Рустамдын өлгөнүнө бир ай боло электе кантип кетем, ал үчүн өмүр бою аза күтөм, ата!- Кызым, күйүттөн ооруп каласың, али жашсың, өлөр Рустам өлдү айла канча, менин деле кабыргам кайышып турат.- Мени кызым десеңиз алып кетем дегениңизди коюңуз!- Макул кызым, өзүң бил.Бир күнү Рустадын кийимдерин жууп отуруп анын акыркы күнү кийип жүргөн костюмунун чөнтөгүнөн бир бүктөм кагаз таап алып ары таштап койду. Ошол тушта эшиктен кирген Руслан аны жерден алып ачып окуп жатып эле көзүнүн жашы куюлуп колунан кагаз түшүп кетти, аны көргөн Сезим жерге түшкөн кагазды ала коюп окуп калды, экөө кучакташкан бойдон ыйлап, буркурап боздоп турганда эшиктен Айсалкын кирип келди:- Эмне болду, айланайындар, садага болоюндарым десе, Рустамды эстеп атасыңар го, кой садагаларым ыйлабагыла! -деп айтып өзү да ыйлап: "байкуштарым ай, эми кайдан тапмак элек, аны унутуш кыйын го, азапты салып кетти го садагам" деп ойлонуп Сезимди кучактаганда ал:- Апа, апкебай мен… мен Рустамдын артынан кетишим керек, кантип жашайм! Кайсы бетим менен-деп жердеги кагазды алып Айсалкынга сунду, - биз деген тууган, энелеш турбайбызбы? !- Эмне дейт карангүн, кана?-деп кагазды окуй баштады. Руслан болсо үндөбөй тура берди, ал азыр бир жерде катып турду, эмне деп сүйлөөрүн билбеди, жүрөгү муздай тоңуп мизирээ дудук, көзү көрбөгөн сокурдай темселеп караңгыдан чыгууга жол издегендей боло берди. Сезим заматта көз жашын токтотту да: "Мен да өлүшүм керек, бул жашоодон көрөөрүм ушул азап болгон соң жашап эмне кылам, менин да күнүм бүткөн тура, мен эч ким өлүгүмдү таппай турган болуп өлөм, жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт деген эмеспи, Рустам кагылайын бир боорум, экөөбүздүн тагдырыбыз ушул тура, мага айтып койсоң болбойт беле, сени менен кошо ал дүйнөгө да бирге кетмекпиз, мүмкүн ал жактан күнөөбүз кечирилип бир тууган болуп калмакпыз, мени эмнеге боздотуп таштап кеттиң, мен да сенин жаныңа барам, күт мени, бир боорум. Жок, жок бир тууган болууга, бир тууган дегенге акым да жок!" деп ичтен түтөп жүрөгү сыздап турду. Калмурат катты окуп эле Айсалкынды карады:- Айсалкын, муну Сезим окуган жокпу?- Окубай койчу беле, Руслан экөө кучакташып алып ыйлап жатканынан Рустамды эстеп ыйлап жатат го деп ойлогом, көрсө, катты окуп алып…- Кокуй, Ишенбекти чакыртып Сезимди чогуу кайтаралы, чакырт, - Айсалкын үрпөңдөй үйгө кирди. Руслан Айсалкын киргенде аны карап:- Ошол шуркуяны энем деп ким айтат, азыр менин көзүмө көрүнсө мууздап салат элем!-деди. - Кой балам, Рустамдын акыркы жазган катын толук окудуңбу?- Жок, кат кайда?-деди да сыртка көздөй жөнөдү.- Атаңда, - Айсалкын Русланды ээрчий эшикке чыкты.- Ата, катты берчи, толук окуп чыгайын, мен башын эле окуп өзүмдү жоготуп коюпмун.- Мына, окуп чык баарын, - Калмурат катты Русланга сунду. Руслан катты аягына чыга окуп анан бурк этти:- Эне деген сөздөн айлансын ошол шуркуя, мен аны өлтүрөм, издеп жүрүп өлтүрөм!-Руслан кыжына сүйлөдү.- Ок, антчү эмес, садага болоюнум, Рустам айтып кеткен тура, кантсе да силерге ак сүтүн берген, он ай көтөрүп омурткасы сыздаган, антип айтба, балам, - Айсалкын чебелектеп жиберди.- Ошону апа деп ким айтат, ак сүтүн ит да берет күчүгүнө, итче болалабаган энени эне деп эсептебейм? -Ошол учурда келинчеги Зууракан келип калды.- Эмне болду сага, Руслан?- Эч нерсе, менин башыма каран күн түшкөнүн али биле элексиңби, ишиңди кыл!-деп Руслан аны кагып койду эле ал тултуңдаган бойдон үйгө кирип кетти: "мен тимеле агасын өлтүрүп койгонсуп мага ороңдогонун кара, азыр кетип калсамбы?" . Ошентти да анан Сезимдин солкулдап ыйлап жатканын көрүп анын жанына барды.- Жеңе, кечке эле ыйлай бересизби, кичине алаксыбайсызбы, - абысынын көңүлүн жубатууну ойлоду эле ал туруп койбой же жооп бербей жаткан бойдон козголбогонуна жини келип отуруп калды: "Баары эле мени менен сүйлөшкүсү келбей калган го, мен буларга эмне кылдым?"Кечинде Руслан келинчеги Зуураканга болгонун болгондой кылып айтып түшүндүргөндө ичинен Русланга боору ооруп калды. Ошондон баштап Сезимди карыш жылдырбай кайтарууга өтүштү.***Рапия квартирага баргандан кийин да жаны жай албай: "Оо кудай, тирүүнүн тозогуна калган белем, эми эмне болот, ачууга, ызаага алдырып бир балээ болушпаса экен, Калмурат менен Ишенбек сүйлөшсө эле баары ачык болот да, мени алардын энеси экенимди билсе… Мен эми жашай албайм, бул жарыкта мага орун жок, мен окшогон шуркуяга, акылсыз бейбакка өлүмдөн башка дабаа жок!" деп ордунан турду да экинчи кабаттын терезесинен бой таштады. Бирок ал өлбөдү, ажал ага оңой менен келбеди, эки буту тең сынып, бир жак жамбашы ажырап кетип эси ооп жатып калды. Ошол жерде жашагандар көрүп калып аны тез жардам чакыртып ооруканага жеткирип койду. Эртеси түштөн кийин эсине келди. Кыймылдоого дарманы жок. Көзүн ачып кроватта жатканын билди. Ал эсине келгенден бир саатай убакыт өткөндөн Гүлнур жетип келип абалын сурап жанында отурду. Врач:- Көп сүйлөгөнгө болбойт, нервте да бар экен, катуу ойлонуп өзү да эмне жасап жатканын билбей калган, - деди. Гүлнур бир аз отуруп кетип калды. Эртеси да көрүүгө келгенде Рапия ойгоо ойлуу жаткан экен.- Кандай Рая, абалың дуруспу?-Рапиянын бетинен өөп абайлап жанына отурду. Рапия үнсүз гана жооптун ордуна көз жашын жаагы ылдый куюлтуп жата берди. -Көп кейибесең, деги эмне болуп жатасың, кандай сыр бар Рая, сенде бир сыр бар болбосо жакшынакай эле жүрбөдүң беле?- Жок, Гүлнур, мени кыйнаба, өлсөм сөөгүм менен кошо кетчү нерсе ал…- Эмнеге?-Гүлнур элейе аны: "кандай сырың бар болду экен байкушум ай" деп отуруп калды. Андан ары эч сөз сурабады, бир аз отуруп анан коштошуп чыгып кетти. Үч күн дегенде ага бир медсестра келип "история" толтуруп кирди- Аты-жөнүңүздү айтып койсоңуз, туулган жылыңызды. - деп кагаз-калемин белендеп күтүп калды.- Рапия Анарбаева, 1967 ж. 20-декабрь.- Жакшы, анда эс ала бериңиз, көп ойлонбоңуз, бүгүн Шайгүл Бокойовна келет, бүгүн анын смени, сизди көрсөтөбүз, сынык боюнча абдан кыйын хирург, жакшы жатыңыз, - деп чыгып кетти медсестра." Кыйын болбосо койсун, мен өлгүм келген, жашап эмне кылам, бул өмүргө татыктуу жашай албагандан кийин өлгөнүм жакшы эмеспи" деген Рапия канча жатканы белгисиз, эшикти ачып жанагы медсестра менен врач кобураша эшик ачканда гана эсине келе босогону карады.- Ий-и сиңдим, кандай, уктум баарын, өз жанын кыйуу өтө чоң күнөө экенин билесиңби, анын үстүнө көрө турган күнүң бүтө элек, антип жандан кечкидей эмне болду?-деп температурасын, канын текшергенден кийин сестраны карап, - историясы кана?-деп сураганда сестра колундагы кагазды ага кармата койду. Врач картаны ачып аты-жөнүн окуп эле үнсүз отуруп калды. Эч ким эч нерсе түшүнгөн жок, бир топко отургандан кийин турду да картаны кармаган бойдон чыгып кетти. Рапия: "менин тамырымды текшерди, демек абалым оор болсо керек, дегеле өлсөм мейли эле" деп башын ары бура жатып калды.Врач кабинетине келгенден кийин Рапияга кымбат дары уколдорду жазып берип:- Бүгүндөн баштап ушул уколдорду куйгула! деди эле сестра:- Бул дары, уколдор кымбат эмеспи, анын үстүнө старший бербейт го?-деп врачты суроолуу карады.- Берет!-Шайгүл Бокойовна ордунан туруп терезеге келди да: "өмүр бою жүрөгүмдүн башында жүргөн бир кайгым ушул эмес беле, томуктай кызыл этинде таштаган кызым эми минтип оор абалда үндөбөдүм" деп алтымыштан ашып буурул чач болуп калган варч Шайгүл Бокойова көзүнө жаш алып турду: "эмнеге өлгүсү келди, кандай кайгысы бар болду экен, бала-чакасы, күйөөсү бар болду бекен?" деп ойлонуп кайрадан Рапия жаткан палатага киргенин өзү да билбей калды. Ал Рапиянын чачынан сылап, кулак түбүндөгү сыргасын көрүүнү ашыкты, анткени Рапиянын төрөлгөндө эле кулагынын түбүндөгү бармактай сыргасы бар эле.- Рапия, күйөөң барбы, бала чакалуудурсуң? -деп сурады.- Жок, менин эч кимим жок, өзүм таштанды кыз экемин, эми да эч кимге керегим жок!-Рапия башын дубал жакка буруп соолуктап ыйлап жатты, - бул жарыктыкта мен эч кимге керек эмесмин.- Кой, антип айтпа!-Шайгүл Бокойова: "мен сенин энеңмин, сен мага керексиң, сени коргоп алчу адамың бар, ал мен!" деп айтып ийе жаздап өзүн кармап калды. - Сени өзүм айыктырам, уктуңбу, сен али жашсың, сендей сулуу кыздар жерде калбайт.- Ошо сулуу болуп төрөлбөй калсам болмок, андан көрсө көптүн бири катары акылым болгондо…- Айтчы Рапия, менин кызымдай эле экенсиң, эне-баладай сүйлөшөлүчү, эмнеге өлгүң келип жатат?- Жөн эле, өлгөндө кошо жатчу сырымды сурабай эле коюңузчу! -Рапия тескери карап жаткан калыбында жооп берди. Ал ушул убакта врачты караганда балким ал аялдан өзүнө жан тарткан жылуулукту, мээримди көрөт беле, карабады.- Андай болбойт, кызым, биз врачтар ар бир оорулуу менен сүйлөшүп оорунун себептерин билишибиз керек, өзүң татынакай келин экенсиң, сүйлөй кой, - ичинен: "оо кудай дал ошол өзү тура" деп алды улутуна.- Айтууга менин кудуретим жетсе да угуудан сиздин жүрөгүңүз ооруп мени жек көрүп каласыз го?!- Андай болбойт, кайра жардам берем, акыл кошом…-Шайгүл Бокойова жалдырап жиберди, - айт айта гой!Рапия көпкө чейин ары карап үнсүз көз жашын төгүп жатып анан башынан өткөндү терип, терип айтып келип азыркы учурдагы өзүнүн өлгүсү келгенин көз жашын жамгырдай төгүп туруп айтып бергенде Шайгүл Бокойова да ыйлап отуруп укту.- Мен бейбак, мен арсыз ушул жаркыраган жарыктыкта жашоодо укугум жок, эжекебай, мени айыктырбай эле койгулачы! -деп бакырып жиберди эле Шайгүл Бокойова аны кармай калды.- Өзүңдү карма кагылайын кызым, кайрат кылып ызааңды жең, өмүргө эч ким тойбойт. Жаныңдан кечпе, мен сага жөлөк болом, айыктырам, мени өз энеңдей көр макулбу?-деп бети башынан өөп жиберди.Рапия негедир өзүнчө таң калды: "бул эмнеси, мага эмне жан тартып жатат, баласы жокпу, же жөн эле боору ооруп жатабы?" деп ойлоп бир эсе жини келип алды да кайра: "эмнеге кызым деп атат?" деп ойлуу жатып калды. Шайгүл Бокойова көпкө отуруп-акыл насаатын айтып жатты. Ошол убакта сестра келип:- Шайгүл Бокойова, укол куйайын, сиз дайындаган уколдордун баарын алып келдим. - деди эле. Рапия:- Кудай жалгагырлар, деги мени дарылабай эле койгулачы, менин төлөп бере турган эч кимим жок, мага жашоо керек эмес, менин өлгүм гана келип жатат!-деп бакырып асылып турган буттарын күчөнүп булкуп, булкуп жибергенде Шайгүл Бокойова кармап калды:- Тынчтан, эмне болуп жатасың, биздин колубузга түшкөндөн кийин айыктырып чыгарыш милдетибиз, эгер бул жерден өлсөң бизге жаманатты кеп тийет, эмне менин соттолуп кетишимди, жазаланышымды каалап жатасыңбы?! - Жок эжекебай, менин силерге зыяным тийишин каалабайм, өзүм жашоодон тоюп турам, бир мүнөт да жашагым келбейт!Шайгүл Бокойова чыгып баратып медсестраны өзү менен кошо ээрчитип чыгып кабинетине баргандан кийин Рапияны катуу дайындады.- Уколду сайып, дарыны бергенде саксактап тургула, тамырдан куйганда бүткөнчө жанында бол, калган убактарда өзүм карайм!- Макул, мен барып укол куя берейинби?- Бар, барып жакшылап кара!-Шайгүл Бокойова сестра чыгып кеткенден кийин да өзүнчө ойлуу терезени карап алып тээ мындан кырк жыл мурунку өткөн окуяны эсине салып он сегиз, он тогуз жаш курагын көз алдына элестетип…***Анда Шайгүл жаңыдан мединститутка тапшырып, шаарга көнө албай жүргөн кези. Группалаш кыздардын кино театрга жүр дегенине карабай башын көтөрбөй китеп окуп биринчи курсту бешке тапшырып алдыңкы катардагы стипендияга жетип ого бетер окууга баш оту менен киришкен. Шайгүлдүн ата-энеси орто жашаган адамдар эле. Шайгүл он баланын бешинчиси болуп андан кийинки балдарын зорго багып Шайгүл жылына каникулга келгенде жолуна каражат бергенден кыйналып калышчу. Шайгүл өңдүү-түстүү болгондуктан ага өз айлынан сөз айткандар көп болду бирок окууну алдына максат кылып алган кыз эч бирине көңүл бурбады. Же дурусураак кийим-кечеси жок, таза жууп кийип мода менен иши болбой, алып кийгенге колунда акчасы жок стипендиясын кийинки айга чейин үнөмдөп жүрүп үчүнчү курсту бүткөн жылы анын жашоосунда күтүлбөгөн өзгөрүү болду.Ошол күнү Шайгүлдүн туулган күнү болчу. Ал эч нерседен бейкапар бөлмөдө сабак окуп отурса группалаштары гүл көтөрүп алып беш алтоо кирип келишти. Шайгүл абдан уялды:- Айтып койсоңор болмок, чынын айтсам өзүмдүн туулган күнүмдү да унутуп койгон экенмин.- Конок айтып келчү беле, окуу, окуу деп жүрүп бизди да унутуп өзүң менен өзүң болуп каласың го!-деген курбусу Тажи деген кыз шакылыктап заматта стол даярдап алып келген роза гүлүн столдун тең ортосуна койда да тамак ашты толтуруп жиберди. Ого бетер уялган Шайгүл:- Рахмат, силерге ыраазымын! -дегенге зорго жарап эки бети кызарып жылмайууга аракет жасап жатты. Аңгыча тамак аштын четине койгон жылдыздуу коньяк, шампанский жана суусундуктар пайда болду. Келген коноктордун арасында Нуржигит да бар болчу. Ал Шайгүлдү улам, улам карап анда, санда сөз ыргытып отурду. Шайгүл да аны карабай койо албады, анткени ал шайыр да көздөрү ойноктогон оң жак жаагында бармак басым калы бар экен. Тосттор айтылып ушул күнкү жакшы каалоолордун баары Шайгүлгө арналып жатты. Кеченин аягында кыздарды жигиттер киного чакырды эле бул жолу Шайгүл баш тарта албады: "Мени сыйлап келип жатса барбай койгонум болбос" деп ойлоду ал. Чындыгында Нуржигит да ага жагып аны менен чогуу болууну четке кага албай макул болуп киного жөнөдү. Эки экиден сүйлөшүп катар басып баратып ал Нуржигит экөө жакындан таанышып да алышты. Шуржигит шаардык жигит экен. Ата-эненси жок улуу энесинин үйүндө жашап күндүзү окуп кечкисин иштейт. Көптөн бери Шайгүлдү көрүп жүргөнү менен ага даап сөз айта албай Таажиге айтканда ал дал бүгүнкү күндү болжоптур. Ошентип киного киришти, кинодон кийин кыздарды жатаканага жеткирип коюп жигиттер кайтып үйлөрүнө кетти. Шайгүл ошол күнү көпкө чейин уктай албай ооналактап жатып кеч уктады. Негедир Шайгүл Нуржигитти көп ойлончу болду. Өчөшкөнсүп келбей жүрдү. Бир күнү китеп окуп отурса сырттан вахтёрша аял кирип:- Кызым, сени бир жигит чакырып жатат, ушунча жылдан бери бир жигит менен басканыңды көрбөдүм, сенин да убактың келген экен, бирок жаман жигит эмес, бара гой!-деди жылмая.Шайгүл сыртка чыкса, Нуржигит экен.- Кандай Шайгүл, окуулар, денсоолук?-Нуржигит дароо эле Шайгүлдү бетинен өбө учурашып бакылдап кирди. - Келе албай жаттым, жумуштан кол бошобойт.- Келиңиз, - деген Шайгүл эч ким өбө элек бетин өпкөнгө уяла жер карады.Экөө бак аралап көпкө басып жүрдү, ошол күнү Нуржигит ага ак сүйүүсүн арнап кыз алдында өзүн абдан алсыз көрсөтүп койду. Кыз өзүнүн назын карматып, кыз намызын бийик тутуп өзүн токтоо кармап:- Ушул кезге чейин канча кыздын жүрөгүнө чок салдыңыз же канча кызга сүйүңүздү арнадыңыз экен?-деп жылмайды.- Шайгүл, мен жөн гана бирге басып мамиле кылганым болбосо эч бир кызга сүйүмдү арнаган эмесмин, менин жүрөгүмдөн чыккан ак сүйүүм бир гана сага арналат! Кыз унчукпады. Оо андан кийин дагы далай жолугушуулар болду. Бир күнү Нуржигит ага сүйүүсүн арнады. Чечилип сүйлөп кыз алдында төгүлүп турду. Кыздан үн чыкпайт. Ар бир сөзүн тыңшап угуп отура берди.- Шайгүл, эгер макул десең быйыл эле үйлөнүп албайлыбы, мен азыр эле эжеме барам да айтам, макул дечи, сүйөм деп койчу?!- Кантип, мен окуумду бүтмөйүн күйөөгө тийбейм, эгер сүйгөнүң чын болсо күтүшүң керек!- Макул, мен сени өмүр бою күтүүгө даярмын, бирок өз оозуңдан сүйөм деген сөздү укмайын жаным жай албайт!- Болуптур эми, - Шайгүл ушул кезде негедир өзүнөн өзү эргип, жүрөгү алып уча эки колун жая кыйкырып жиберди, - мен сени сүйөм Нуржигит! - Ыразымын сага Шайгүл, ыраазымын, эми сени өмүр бою өзүң макул болмоюн күтө берем, - Нуржигит Шайгүлдү колтуктай басып баратып колунан кармап өөп койду.Ошондон баштап экөө күндө жолугушуп турду. Аңгыча Нуржигиттин туулган күнү келип экөө бир ашканага кирип тамактанып кичинеден вино ичип отурушту. Бул күн алардын бактылуу күндөрүнүн аягы болоорун эки жаш сезген жок. Болгону экөө чексиз бактылуу болчу. Нуржигит Шайгүлдү жатаканасына жеткирип келсе бөлмөдөгү кыздар жок экен. Ал күнү экөө көпкө сүйлөшүп отруп Нуржигит калып калды. Винодон кичинеден ичип отуруп кызып калгангабы Шайгүл анын каалоосун аткарбай койо алган жок.- Эртең эле алып кетем жаным, сенин жаныңдан кетсем эле жалгызсырап жаман болом, биригип алалычы! - Нуржигит жалынып, жалбарып кызды өз оюна койбоду.- Ошондо эле, көшөгөнүн ичине киргенде эле жаталычы, - деген Шайгүлдүн сөзүнө көнбөдү, ошол күнү ал өз мүдөөсүнө жетти, түнү менен ырахат көлүнө сүзүп бактылуу күндү эңсенген эки жаш эртеңки күнү эмне болоорун билген жок, өздөрүнөн башка бактылуу жоктой сезишкен эле…Нуржигит дайынсыз жоголду, ал келбей кечиккен сайын Шайгүл эч кимге көрүнбөй көзү тоодой болуп шишигенче ыйлап алат. Арадан билинбей эки ай өтүп кетти. Шайгүл күтүп чарчаган соң түңүлүп: "эптеп эле алдап өз мүдөөсүнө жетүүнү ойлогон экен, бети жок акмак, жүзү кара!" деп ичинен каргап жүргөндө күтүүсүздөн көңүлү айнып кускусу келип тамакка табити тартпай калды: "Эмне боюма болуп калдыбы, жок-жок, кантип эле бир эле жолу жаткандан.. . ? " деп ойлоп, өзү сезип, билип турса да ата-энесин шылтоолоп сырттан окууга которулуп алды да бир орус кемпирдин үйүнө батирге кирип жашай баштады. Багына орус кемпир жакшы болуп өзү менен чогуу жашап батир акчасынан баш тарты. Шайгүл эптеп жүрүп бир фабрикага ишке орношуп иштей баштады. Өзү кийим тигүү жагына шыктуу болгондуктан тез эле өз алдынча иштегенге көнүп кетти. Аңгыча ичи билинип алты айдан өтүп калганда түшкү сменге шашып баратып бир аялдын коляска сүйрөп баратканын көрүп калды да жүрөгү бир нерсени сезгендей зырп этип алып, жолдун аркы өйүзүнө өтүп коляска сүйрөгөн аялга жете келди. Майыптардын коляскасындагы өзүнүн зарыгып күтүп жүрүп акыры үмүтүн үзгөндө каргап-шилеп өчүн алгысы келип жүргөн Нуржигит экенин көргөндө эки көзүнүн жашы салаалап бетин жууп, сүйлөөгө дарманы келбей колясканы бекем кармап туруп калды. Анткени, анын эки буту тизеден жок болчу:- Ай келин, сага эмне болду, толготуп калдыңбы, тез жардам керекпи? - деп тигил аял таң кала сурады.- Сен, сен Шайгүлсүңбү? - дегенге араң жараган Нуржигит да тили күрмөөгө келбей көзүнө жаш толуп жер карап туруп калды.- Апе-ей, экөөң таанышсыңарбы? - Эжеси экөөнү алмак, салмак карай, - бирге окудуңар беле? - деп сурап жиберди.- Жок… - Нуржигит эмне деп айтаарын билбей, - эже, бир азга бизди жалгыз коюңузчу! - деп суранды. Эжеси ары басып кеткенде:- Шайгүл кандай, денсоолугуң жакшыбы? - деп жылмая кадимкисиндей колун сунду. Ошондо зорго жүргөн Шайгүл:- Эмнеге мага дайныңды билдирбей койдуң, кыйналганыңда жаныңда болбойт белем, неге мага айтпадың? - деп буркурап кучактап калды. Экөө көпкө чейин ошентип кучакташкан бойдон тура берет беле, бир кезде эсине келе калган Шайгүл: - Мына көрүп турасың, ушул абалымды эч ким көрбөсүн, билбесин деп сыртан окууга которулуп, кийим тигүү фабрикага кирип алгам, түшкү смендемин, кана эмне кокустукка кабылдың айтчы, сенин бул акыбалыңды билбей мени алдап кетти деп каргап жүрбөйүнбү, - ого бетер шолоктоду Шайгүл. Нуржигит Шайгүлгө өзүнүн кырсыктуу күнүн оор үшкүрө айтып берди.Нуржигит үйлөнүүгө астыртан даярданып жаткан, анча мынча даярдык көрүп тапканын эжесине алып келгенде ал:- Оо-хоо, Нуржигит мени келиндүү кылганы жаткан го! - деп тамашалай күлдү, - деги келин бала жакшы эле болсо болду.- Ананчы эжеке, колуңду узартпасам балдар менен кыйналып кеттиң, келиниң өзүңө сөзсүз жагат, көрөсүң го! - Нуржигит ушуну айтып жатып көз алдына Шайгүлдүн элесин келтире калып, - сөзсүз жагат! - деп коюп чыгып кеткен. Жумуштан чыкканда кийин жолдош баласы жолугуп:- Нуржигит, мени менен тоого барып келчи, инимди үйлөнткөм, кудалар келет эле союш алып келебиз, аяктан таякемди да алып келем, - деп калды.- Макул, бул эле Чоң-Арыкка эмне, тез келебиз да, - Нуржигит кыйылбай макул болду. Кетип баратып жолдон чоң машинага урунуп жолдун жээгиндеги чуңкурга кирип кеткен. Ошондо Нуржигиттин эки буту тизеден чорт сынып бир бутунан жарака кеткен экен, ал эми тиги жолдош баласы мүрт кетиптир, аны Нуржигит кийин билди. Ооруканага түшкөн Нуржигит он күн жөөлүп эсине келе албай жатты. Улам денеси ысып чабалактап жөөлүп жатып Шайгүлдүн атын айта берген экен, эч кимиси сураштырбаптыр. Он күндөн кийин аз аздап эсине келип жакшы болгонсуп эле келатып бир күнү эки буту тең шишип чыгып чыдатпай ооруп кыйналганда кайрадан текшерип эки бутун тең кесүүгө туура келерин врачтар айтканда, Нуржигит:- Өмүр бою тирүүнүн өлүгү болгончо кестирбейм, андан көрө өлгөнүм жакшы! - деп жакшы эле каршы болду. Бирок эжеси врачтар менен сүйлөшүп кестирип жакшы болгончо өзү жанында болуп кайтарып жүрдү. Кокус бирдеме болобу деп чоочуп жанына бычак же жип шуу койбойт, мына бир ай гана болду ооруканадан чыкканына. Муну угуп отурган Шайгүл эмне дээрин билбеди, жумушунан кечигип калаарын ойлонуп да койбоду, Нуржигиттин жанынан ал чыккысы келбей тура берди.
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:08 » Билдирүү # 8
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
- Шайгүл, тагдыр экен, сени мага кошподу, кандай гана жакшы тилектерим бар эле аткарылбады, эми менин өлгөндөн айырмам барбы, сен жашсың, сулуусуң, багыңды тап…-күймөлө калды, каңырыгы түтөп турду.- Муну эмне кылам, кайда алып барам, эл эмне дейт, ата-энем билсе өлтүрөт, намысты кантем?- Аныбы, аны өзүмө алып келип бер, эжем багып алат, бир эне-атадан экөөбүз элебиз, мен минтип жарым жан болуп калганга эжем да зээни кеип жүрөт.- Эжең ишенеби, ушул экөөбүздүн таза махабатыбыздан экенин түшүнөбү?- Эмнеге түшүнбөйт, Шайгүл…- Нуржигит, мен сени менен жашайм, сени багам, өмүр бою жаныңда болом!- Жок болбойт, сен жашсың, бактылуу бол жаным, мындай болоорун билсем сага жолобойт болчумун, сенин убалыңа калдым…- Андай дебе, мен эми сени күнөөлөбөйм, ак сүйүүмдөн тапкан баланы өзүм эч кимден корунбай багам, көрөсүң го Нуржигит, мен сенин жаныңда болом, дарегиңди бер, мен сага өзүм барам!- Дарегимди сага айтпайм, сен өз жолуңду тапкын Шайгүл, мен деген төкөрмүн, мен деген тоголок жанмын, менин өлүктөн айырмам кайсы! - Нуржигит кыйкырып жибергенде Шайгүл делдейе түштү. Анын үнүн уккан эжеси келди да үндөбөй колясканы сүйрөй басып кетти, Шайгүл турган жерде көзүнүн жашын төгүп бир топко турду да жумушуна жөнөдү. Нуржигит менен эжесинин карааны көрүнбөй калганча кылчактап карап кетип жатты…- Шайгүл Бокойова, - үн чыккан жакты жалт караган врач чоочуп кетти.- Эмне болду?- Анарбаеванын температурасы көтөрүлүп кыйналып жатат.- Азыр, - Шайгүл Бокойова градуснигин алып тез эле Рапиянын палатасына жетип барды. "Жана эки бутун тең жулкуп алганда жаңы камдашып келе жаткан сынык ажыраган экен" деп ойлоп кайрадан операция жасоого врачтар менен сестрларды даярдык көрүүсүн эскертти. Рапия кайрадан операцияга каршы болуп ай асмандан кетип болбой атты. Шайгүл Бокойованын эмнеге бул аялга жан тартып, кымбат укол дарыларды куюп далбастап жатканына түшүнбөдү. Операция төрт саатка созулду, жамбаш сөөгүнүн сынган жери кайрадан ажырап оңой менен бүтчүдөй көрүнбөйт. Шайгүл Бокойова андан кийин күнү-түнү жанынан кетпей уколдон жакшысын, дарынын күчтүүлөрүн берип өзү карап жатты. Бул үчүн Рапиянын оюна жалаң өлүм келип, эптеп жанын кыюу максаты орундалбай жаткан кези: "Эмнеге мени мынча эле өлүмгө кыйбай жандалбас кылып жатат, мен бул үчүн ким элем?" деп ойлонуп да койот. Уколдорун куюп тынбай карап жараатын жаңылап таңып жаткандыктан Рапиянын денсоолугу күндөн күнгө оңолуп баратты. Бирок сынык бүткөн менен басууга болбой кала турганын алдын ала сезген Шайгүл Бокойова катуу кыжаалат болуп, болгон аракетин аяган жок. Ал Рапиянын жанына келип аны көргөн сайын өткөн өмүрү көз алдына келип ушул кыз өзүнүн бир кезде биротоло түңүлүп таштап кеткен өз канынан жаралган кыз экенин эстеп алып, анын аянычтуу тагдырын ойлоп жүрөгү сыздап жүрдү. Ал азыр: "Мен сенин таштап кеткен энеңмин" деп айта албайт эле. Анткени жооптуу кызматта иштеген күйөөсү, балдары аны кабыл алмак эмес. Болгондо да ушундай оор кырдаалда аны "бул менин кызым" деп айтууга болбойт эле. Эмне кылаар айласын таппай чабалактап күнү-түнү Рапия жөнүндө ойлонуп кыйнала берди. Бара бара Рапиянын жараты бүтүп бирок басууга жарабай турган болуп аны врачтар эскертип айтканда ал:- Эмнеге менин өмүрүмдү сактадыңар, менин багаарым да, барар жерим да жок, ушул абалымда кимге, кайда барып жан сактамак элем?! - деп буркурап боздоп жатты.- Мен карайм, мен жардам берем, сен аман калганыңа кубана бер, коляска алып берем да бир жерге жайгаштырам. - Шайгүл Бокойова ага көңүл көтөрөм деп айткан сөзүнө Рапия көздөрүн жашын салаалата минтип жооп берди:- Сиздин жардамыңыздын да коляскаңыздын да кереги жок, сиз мен үчүн кимсиз, андай болсо мага окшогондорду чогултуп кайрымдуулук кылап багыңыз, мага окшогондор толтура, жашагысы келгендерге жардам бериңиз а мага кереги жок!- Андай дебе, Арууке! - деп алган Шайгүл өзү чоочуп кетти.- Эмне, эмне дедиңиз, сиз, сиз мени төрөп таштап кеткен энесизби? Рапия көздөрүн бакырайта Шайгүлдү суроолуу тиктеп таң кала карап калды. Шайгүл Бокойова үнсүз гана: "Эми жашырганга болбой калды көрүнөт" деп ойлоп алды да көзүнүн жашын эки бети ылдый куюлтуп башын ийкеди. - Ош-шондой экен да, кандай эле менин өлүмүмдү каалабай жан тартып жатат десе… демек менин жарыямды окуп, аты жөнүмдү бүт билип туруп дайыныңды билгизбей, жөлөк болоор адам издегенимде кабарыңды билгизбей коюп анан мусаапыр болуп алдыңа келгенимде гана жардам берип жаткан турбайсыңбы, түшүнүктүү! - Рапия бир топко мизирейип үнсүз отуруп анан жин тийгендей бакырып кирди, - чыгып кет, азыр мага сенин жардамыңдын кереги жок, көзүмө көрүнбөй жого-ол! - ушул учурда сырттан сестра кирип келди эле Шайгүл Бокойова үндөбөй чыгып кетти.- Тынчтаныңыз, сизге эмне болду, Шайгүл Бокойованы тилдей турган акыңыз жок, ал сизге экинчи өмүр тартуулап отруат.- Биринчи өмүрүмдү да тартуулабай койсо болмок, мени төрөгөнчө иттин баласын төрөбөйбү! - Эмне деп жатасыз? - Сестра таң кала Рапияны карады, - ар бир эне балага биринчи өмүр тартуулайт эмеспи, анда Шайгүл Бокойованын кандай тиешеси бар?- Сенин да тиешең жок, мени өз жайыма коюп бара берсең болот, - Рапия башын дубал жакка буруп жатып алды. Сестра ийнин куушура чыгып кетти.Рапия ары карап жатып абдан ойлонду: "ушул татынакай аял менин, болгондо да жөлөк болоор бекен деп караан тутуп издеген өз энем тура, кудай ай, эки бутум басып жүргөндө жолукпай мен мүңкүрөп мусаапыр абалга келгенде жолукканын кара. Баса, бул деле жаңылгандыр, жаш болсо, сулуу экен… менчи, мен эмне болдум? Бул го мени төрөп таштап кетиптир, менин балдарым эмне болду, ушунчадан келип кызым менен уулумдун үйлөнүп алганын кара, мага өлүмдөн башка жаза жок, кантип жер үстүндө тирүү жүрөм" деп сай сөөгү сыздап, жүрөгү ооруп жатты.Ал эми Шайгүл Бокойова кабинетине барып алып ою бир жерге турбай кыжаалат боло берди: "Туура айтат, жөлөк болордо издеп убара болсо, эми мен сенин энеңмин деп жашоодон кечип, баарынан түңүлүп турганда чыга калсам кайдан кечирмек эле, айтпайын деп туруп кайдан да Арууке деп алдым экен, бул атты анан мен эле билет эмесминби, мейли эч нерсе эмес, акыры айтылмак, ушундай болмок, мурун билбей врач катары кабыл алып жатса эми башкача ойлойт, түшүнөт, кечирет" деп ойлонуп өзүн өзү алаксытып жатты. Кайрадан Нуржигиттин аянычтуу элеси көз алдына келди…Экинчи жолу ал Нуржигитке төрөөрүнө аз калганда жолукту. Анда ал колясканы өзү жылдырып жүрүптүр. Капысынан жолдон көрүп эле жүгүрүп барды.- Нуржигит, кандай, денсоолук? - маңдайында бажырая күлүп турган Шайгүлдү көргөн Нуржигит эч нерсе дебей эле коляскасын жылдырып жөнөдү. - Нуржигит токтосоң, бир аз сүйлөшүп туралы. Токточу?!- Мен сени тааныбайм, эмнеге сүйлөшмөк элем, же мени табалап жатасыңбы?-кетип баратып сүйлөдү.- Антип айтпачы Нуржигит, мен сени табаламак белем, кантип, кантип мен…-Шайгүл ыйлап жиберди.- Анда жолуңа түш, экинчи менин алдымдан чыкчу болбо, уктуңбу?- Мен сени сүйөм Нуржигит, сенин кайгың менин кайгым экенин билбейсиңби, менин ушул туштагы абалыма боор оорубайсыңбы? - Шайгүл коляска менен кошо жүгүрүп баратып сүйлөп атты. Ошондо Нуржигит токтой калып:- Мындан ары мени өлдү деп эсепте, сүйүңдү башкага айт, мен болсо сени сүйбөйм, сүйгөн да эмесмин, жөн гана алдагам!- Нуржигит! - Шайгүл токтоп калды, Нуржигит колясканын ылдамдата айдап кетти. Көпкө чейин анын артынан карап туруп анан өз жолуна түштү Шайгүл. Ал Нуржигиттин ушул кездеги абалын түшүндү, таарынган жок, боору ооруп жүрөгү тызылдады. Экзамен жакындап калганда төрөөрүнө аз калган, университетке барып чогуу окуган кыздарга жолугуп калды. Алар Шайгүлдү көрүп абдан таң калышыты. Айрыкча Тажи аны табалагансып: _Сен тим эле дайыныңды билдирбей кеттиң эле, тийген күйөөң укмуш неме көрүнөт, байкуш Нуржигит болсо өлүп калды, өмүрү кыска экен, - дегенде Шайгүл бакырып жиберди:- Калп, мен аны жакында эле көргөм!- Калп-салпы жок эле ал өлгөндө мен катыштым, эжеси байкуш жаман болду, жалгыз бир тууганы тура.- Байкуш десе, эмне болду экен ага? - Шайгүл өзүнчө шыбырап алганын сезбешти.- Ошондой, өзүн өзү өлтүрүптүр, кыскасы тамырын бычак менен кесип эч ким жокто кансырап калыптыр.- Жаман болгон экен…- Жаман болбой анан, минтип төрөлө турган баласын көрбөй өлүп калса!- Тажи, оозуңду жап, аны сага ким айтты?- Эч ким, эжеси ыйлап отуруп сени күнөөлөп жатат, ошол болбосо өлмөк эмес, кайра-кайра жолугуп боюмда бар дей берип ошонун кылганы деп.- Былжыраптыр! - Шайгүл Тажинин сөзүн уккусу келбей басып кетти. Ошондон көп узабай Шайгүл "раддомго" төрөп чыкты, бирок жашоосу өтө кыйындап кызын таштоого аргасыз болду. Кайрадан өзү төрөгөн "роддомго" барып бир акушерка менен сүйлөштү да кызын таштап алакандай катты кошо берип: "Эжеке, бул катты кызымды багып алган адамга кошо бериңиз, жок дегенде кызымдын төрөлгөн убактысын так билишсин, кааласа атын өзгөртүп алсын, каалабаса өздөрү билсин!" деп артын карабай басып кеткен. Шайгүл ошондон көпкө чейин Рапиянын палатасына кирбей жүрдү, болгону сестрага дайындап тамак аштын да күчтүүсүн киргизип турду. Рапия болсо кийинки күндөрү Шайгүлдү көргүсү келип дилинде аны кечирип мээримдүү көз карашын, жылуу сөзүн, апакай жүзүн көрүп эне-бала катары аны менен сүйлөшкүсү келди. Бирок ал таптакыр келбеди. Анын сырттан көз салып жатканын жүрөгү сезди. Анткени Шайгүл Бокойова келгенден бери даамдуу тамактарды киргизип жаткан эле. Гүлнур болсо келбей калды. Аны ойлоп балдары жөнүндө бир кабар уксам дегенде эки көзү төрт. Ойлогону эле Рустам менен Сезим: "Кайдан да бара калдым экен, Гүлнур ээрчитпесе бармак эмесмин, алардын шаарда үйү бар экенин кайдан билдим, бир жагы барганым да жакшы болуптур, деп ойлонот ал, эгер мени көрбөсө Ишенбек менен Калмурат да билбейт эле, эми сөзсүз сүйлөшүштү мен жөнүндө, балдарды ажыраштыраар…" Жарым жыл бою ооруканада жатып жакшы болгондон кийин аны ооруканадан чыгарууну чечти врачтар, Шайгүл менен Рапия бара-бара эне баладай сүйлөшүп калышкан. Рапияны үйбүлөсүнө айтпай: "убактылуу биздин үйдө туруп турсун" деген шылтоо менен өз үйүнө алып барды, Рапия өз тагдырына кейиген менен жөлөк болчу адам табылганына ичтен кубанып жүрдү. Шайгүлдүн күйөөсү начар экен, кызматтан келди Рапияны жаман көзү менен карап:- Тиги коногуңду качан кетирсиң же биротоло биерде жашатайын деп турасыңбы, андай болсо бомждор жашачу үйгө айлантып ал да чолокторду, сокур менен дудуктарды бага бер!-дечү болду.Андайда Шайгүл:- Ылайыктуу жер табылбай жатпайбы, баспаса, же караары болбосо кайда алпарып тайштайм! -деп чыйпалактап ийет. Балдары андар бетер:- Мама, надаело, кетирбейсиңби жанагы мунжуларды баккан жерге алып барып таштаңыз, көчөдө калган бир чолок үчүн сиз милдеттүү эмессиз да! - дешип күндө бири кулагын жешет. Үйлөнүп өз алдынча жашаган бала-чакалуу балдар кыздары да келгенде жээрип турушчу болду. Шайгүл Рапияны атайын бир бөлмөгө киргизип телевизор коюп берип койгон, тамак ашын үйдө экенинде өзү берип турат, ал эми горшокко да өзү отура албаганы Рапиянын зээнин кейитип эми чындап өлгүсү келди. Бир күнү Шайгүл аны басып кетеби деп өзүнчө дарылап жаткан дары дармектерин анын жанына унутуп таштап кетип калган экен. Рапия дарылардын баарын чогултуп уучуна салып туруп жутуп алды. Базардан келген Шайгүл Рапиянын бөлмөсүнө баш багып анын шилекейи куюлуп башы шылкыйып калганын көрүп чоочуп жетип келип тамырын кармап ал ууланып калганын билди. Жерде жаткан дарынын кагаздарын көрүп дароо тез жардам чакырыды да алар келгенче укол жасап койду, уколдун күчү менен Рапия дагы аман калды, анткени дагы жарым саат болгондо ал биротоло өзү каалаган ажалдын чеңгелине түшүп бермек экен, кайрадан ооруканада жатып калды. Өзүнө келген Рапия: "Ажал менден качып караанын көрсөтпөдү, чын эле ичээр суум түгөнбөсө өлбөйт окшойм, андан көрө Камчы акемди чакыртсам болот эле, " деп ойлонуп аяктагы ажаан жеңесин эстегенде ал оюнан да айнып: "мен эми кимге батам, буту-колум таза, денсоолугум соо убагымда бир күн батырбаган жэңем эми мени карайбы?" деген ойго келип кайра: "капырай жан таттуулугу кара, өлгөндөн качып жатамбы, өлтүрсө да ошол жеңемдин колуна барайын, эптеп чакыртышым керек!" деп ойлонуп өз оюнда кубанып алды: "Ошол жеңем мага ажалды эртерээк чакырып берээр"Арадан бир топ күн өткөндө Россиядан келген Гүлнур Рапиядан кабар алганы келип калды.- Рая, кандайсың, акыбалың дуруспу?- Дурус экенин көрүп турбайсыңбы, басалбай да калдым, өлөйүн деп өлө албадым, - Рапия үнү кардыга жооп берди.- Кейибе досум, акырындап басып кетээрсиң, мен болсо келе албадым, Россияга кетип кечээ гана келдим, баягы товарларды өткөргөм, муну керегиңе жарат, бул сенин эмгегиң, - деп Гүлнур Рапияга жыйырма миң сом сунду. Рапия үндөбөдү, колундагы резинка менен буулган миң сомдукту карап көпкө ойлуу отурду да Гүлнурга минтти:- Бул акчанын буту баспаган чолокко эмне кереги бар, андан көрө мен жөнөткөн дарек боюнча бир адамды чакырып бере аласыңбы?- Макул, кантип чакырып бербей койоюн, барып эле келем, кана дарегиңди бере гой!- Мына, мында жазылуу баары.- Анда мен кеттим, эртең келип калам, - Гүлнур Рапия менен кошотошуп чыгып кетээри менен Шайгүл кирди. Негедир Рапиянын көңүлү ачык экенин көрүп кубанып алды.- Мени чыгарасыңарбы? - Рапия Шайгүлгө күтүүсүз суроо берди.- Эмнеге, чыкканда кайда барасың кызым, мен да ойлоно берип кыйналдым, эми карыганда менин төрөгөн кызым деп айтууга оозум барбай жатпайбы, кайрадан жоготуп аламбы сени, жок дегенде дарегиңди берип кет.Шайгүүл барак менен ручка берди. Рапия Камчынын үйүнүн дарегин жазып Шайгүлдүн колуна карматты. Арадан эки үч күн өтүп Гүлнур менен Камчы кирди Рапияны палатасына. - Кандай жакшысыңбы? - Камчы кирип келип эле Рапиянын бетинен өөп денсоолугун сурап кейип отурду. - Неге учурунда эле айтпадың?- Өлөйүн дедим эле, ажалга жеткирбеди, аргасыз сизге жөнөттүм. Анткени бутум баспай калды, башка бараар жерим жок… - Рапия мууна сүйлөй албай туруп калды.- Бараар жерим жок деп айтпай жүр, мен бар сени өзүм карайм, мен турганда сени кор кылбайм!- Ыраазымын аке, тагдырым ушундай тура!- Кейибе, - Камчы врачтар менен сүйлөшүп баарын уккандан кийин Рапияны такси менен алып келип үйүнө жөнөдү. Анын да жүрөгү түпөйүл болуп: "Кайдагы бир немени алып келип мени куураттың, соо кезинде кайрылбаган немеге эми мунжу, төкөр болуп карайлаганда керек болдуң да" деп ажаандыгын кармаптып жүрөгүн оорутат ко деген ойдо ичтен сызып баратты.***Калмураттын үйүндө аза кайгысы аз келгенсип Сезимди кайтарып калышты. Руслан болсо арыктап кетти. Келинчеги Зууракан да анын көңүлүн табууга аракеттенип жумуштан келгенден кийин тамагын өз убагында берип сейилдеп чыгып келүүгө көндүрүп өзү каалаганын аткарып келет:- Руслан жүрү, атамдар конокко чакырып жатат, агасы өлгөндөн бери күйөө бала үйгө келе элек, ээрчитип кел дешкен. - деп бир күнү жумушунан келээри менен айтты.- Жок, Зуура, азыр барбай эле койолу, бир тууганымдын кыркы да боло электе кантип бармак элем, анын үстүнө Сезимди жакшы кайтарбасак болбойт. Аны көрүп жатпайсыңбы, же тамак ичпей же киши менен сүйлөшпөй өзү менен өзү болуп калды, минтип отурса акылынан ажырап калышы мүмкүн.- Макул жаным, кабакты ачып жок дегенде алаксычы, Сезимди чогуу кайтарабыз, ал да алаксып кетээр, ата-энеси келсе алып кетет деди го атамдар.- Алып кеткенде кандай болот? Мен абдан коркуп жатам, таптакыр киши менен сүйлөшпөй жаман болуп жүрөт, бизге кыйын болду го, неге биздин тагдыр мындай болуп калды десең… - Руслан ойлуу отурганда сырттан бакылдаган үндөр угулуп Калмурат, Ишенбек, Кымбаттар кирди, алардын артынан Айсалкын кирди. Ишенбек түз эле Сезим жаткан бөлмөгө кирип:- Оо садагасы кызым, кандай денсоолук, эмне бир жериң ооруп жатабы? - деди Сезимди өөп.- Кандай Сезим, кичине алаксыбайсыңбы кызым, өңүң азып кетиптир го! - Кымбат да Сезимди кучактап өөп, чачынан сылап жанына отурду. Сезимден үн чыкпады. Айсалкын дасторкон жайып тамак ашын жайнатып аларды коноктоп ал күнү алар түнөп калышыты. Сезимди алып кетели дегенге болбоду:- Мен бул жерден тирүү чыкпайм, эч жакка барбайм! - деп кесе айтып жайнап турган тамактан ичпеди же бир чыны чай ууртабады. Калмурат менен Айсалкын анын бир жумадан бери кезек менен сыртка чыкса да саксактап кайтарып жатышканын айтып үрпөйүп турушту. Ары кетип, бери кетип жатып акыры чоң энесин алып келип көрөлү деген жыйынтыкка келип туура эле айылга жөнөштү, ошол күнү кечинде чоң энеси Сезимдин жанында болду.- Сезимтай, мен сени сагындым кагылайын, сенин чоң-ата, чоң-энең биз турбайбызбы, сени сыздатып коюп кантип чыдап турабыз, жүрү кагылайын, менин тилимди алып мени менен үйгө бар, чоң-атаң жол карап калды.- Апаке!-Сезим чоң-энесин кучактап алып буркурап ийди, - Апаке, мен кандай күнгө туш болдум, мени кыйнабай эле койгулачы, кантип тирүү жүрөм, өз агаңа тийгенсиң деп мен сөзгө сөлтүк болдум го?!- Ок, антип ким айтмак эле, мына ушул үйдөн эч жакка чыкпайт андай сөз, менин жаныма барып бизди карабасаң карып калдык тамак аштан кыйналып жатабыз садагам, баары турса да жасап жеш кыйын экен, сени бизди багат деп бакпадык беле?!Сезим ойлуу мелтиреп көпкө отурду да:- Апа, эл айтпаса да ичтен эзилип бүтөм го, өзүмдү өзүм кечире албайм го?- Антпе садагам, көпөлөгүм менин, жыйырма экиге зорго чыктың, али сенин көрө турганың алдыда, келерки жылы атаң окууга өткөрүп койот анан окуп алып иштейсиң…Ар кимиси ар кайсыны айтып жатып Сезимди айылга барууга көндүрштү, ал турсун анын ошого көнгөнүнө ичтеринен кубанып жатышты. Айсалкын менне Зууракан аны коштоп жеткирип келүүгө макулдашып эртеси эртең менен чогуу Покровкага жөнөштү. Руслан болсо Сезимдин сөздөрүн эстеген сайын өзүнөн өзү туталанып ушул абалга балдарын кабылтып коюп сайрандап басып жүргөн аялды, өз энесин издеп таап өлтүрүүнү ойлоп кандай кылып, канткенде аны табаарын билбей башы катып турду.Алар Сезимди эптеп аман алып калуунун амалы менен чоң-ата, чоң энесине алып барып келишкендин эртеси Гүлнур келип калды. Аны көргөн Руслан: "бир билсе ушул билет эптеп бир дарегин билейин да аны өлтүрүп тынайын, болбосо жаным жай албай турган, ошонун айынан агам өлүп отурат, эне катары тарбиялап өстүрбөсө, мээримин төкпөсө, ар жерге төрөп таштап коюп басып жүрүп Рустамдын өлүмүнө себепкер болду, Сезим болсо тигинтип өзүнө келе албай жатат, мен андан өч алышым керек!" деп ойлонуп Айсалкын менен Гүлнурдун сөздөрүн кыя кетирбей тыңшап жата берди.- Кандай анан, жакшы жатасыңарбы, баягыдан кийин Россияга кетип келгениме эки-үч күн эле болду, - Гүлнур Айсалкын менен сүйлөшүп отуруп Рапия жөнүндө айтып кирди, - Баягы мени менен келип кайра кетип калган аялчы?- Ийи, - деп Айсалкын кулак төшөп угуп отурду.- Ошол мен бияктан барсам ооруканага жатып калыптыр.- Эмне болуп?- Эмне болсун, биз экинчи кабатта квартирада турчубуз, товар алып келип кайра бияктан Россияга товар ташып экөөбүз иштеп жүргөнбүз.- Анан?- Ошол экинчи кабаттын терезесинен секирип буту, жамбашы сыныптыр. Мен барсам оор абалда экен, эмне болду десем сен сураба, өлсөм сөөгүм менен жатчу сыр, баары бир айтпайм деп койду.- Жаман болгон тура.- Жаман болгону курусун, ал аз, кечээ Россиядан келгенде кийин барсам дале жатыптыр, сыныгы бүткөн менен баспай калыптыр, нервте да бар деп врачтар айткан тура!- Атаны шордуу ай жаман болуптур. Эми эмне болот болду экен? - Айсалкын чын дилинен боору ооруй сүйлөдү.- Эмне болмок эле Карабалтанын бир айылынан адрес берди эле барып чакырып келдим, жеңеси абдан жаман аял экен ажылдап эле калды, байкушту бир күн батырбайт го?!- Агасы эмне дейт?- Мен сени кор кылбайм деп эле атат билбейм. Баса ал эмнеге биерде тойдон баш тарты, эмнеге кулап өлгүсү келди, ай ушул жерде бир сыр бар ай.- Кайдан билдим, жанында жүргөн сен билбесең, - Айсалкын эч нерсе билбегендей жооп берди.- Таң калыштуу, мурун анда мында балдарым бар, көрө албай жаман болуп жүрөм деп кээде гана ойлонуп калганы болбосо абдан шайыр жүрчү да.- Ким билет? - Ошентип экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Конок болуп кечке маал кетмек болуп Айсалкын аны узатып койду да тез эле үйгө кирди. Руслан Рапия жөнүндө баарын укту: "Байкуш, ал деле азап тартып жаткан тура, эми бутунан жылалбай жаткан шорду аялды өлтүргөндө мен эмне тапмак элем, кыскасы өз жазасын алган экен, оо күкүк эне!!! " Русландын каңырыгы түтөп ичи ачышып кетти: "Сулуулугуна менмен####н го, бир кезде, сулуу аял көптүкү деген туура окшойт, кудай берген сулуу өңдүн пайдасын көрүп бактылуу жар, ырыстуу эне болуп отура бербей күкүк болуп кетип эми азабын жеп жата берсин!" деп ойлонуп ызаасын ичине катып аргасы куруп тим болуп калды.Сезим чоң-атасы менен чоң энесинин маңдайына баргандан баштап көргөн, билген, тааныгандар, классташтары менен коңшулары көңүл айтып бата кылып жатышты. Ан сайын Сезим ичинен сызып өзүнөн өзү кичирейип, өзүн өзү кемсинтип элдин алдында өзүн жаман сезип жүрүп бир күнү катуу ооруп калды. Чоң энеси менен чоң атасы чоочулап молдого дем салдырып да көрүштү бирок ал такыр эле айнып ар кайсыны сүйлөп, каткырып күлүп ар жакка басып кетип кары кишилерди кыйнап жиберди. Ишенбек келип врачтарга көрсөтүүгө алып кетти бирок баары бир болбоду, Руслан да Сезимди абалын көрүп ого бетер санаа тартып аны карашып колдорунан келгенин аяшкан жок. Улам улам кыйкырып, кайра каткырып, ар кайсыны сүйлөп жатты.- Мен жана эле Рустамды көрбөдүмбү, ал менден качып кетти, мен аны кубалап ойнойм, ал менден бекинип жатат, койо бергилечи мени Рустамды издейм! - деп жулунуп кара терге түшүп жатты.- Сезим, эсиңе келчи кызым, эмне болуп жатасың?! - Ишенбек аны жулкулдатканда бир аз эсине келип:- Ата, мени койо бергилечи, мен Рустам менен кошо кетип калайынчы, мени кыйнадыңар го! - деп жатып калды.Күн-түн дебей кезек менен аны карап атышып суй жыгылган ата-эне, Руслан, Калмурат менен Айсалкын да эзилип бүттү. Укол сайгандан кийин бир эки саатка тынчып уктабаса эч бир тынчыбай сүйлөй берет. Айлалары кеткенде акыры баары тажашты белем аны жиндиканага жеткирип коюшту. Өзөгү өрттөнө ойлонуп Сезимдин аянычтуу тагдырын көргөн Руслан андан бетер ооруп калды: "кайтарбай эле койбой, ушундан көрө өлсө өлүп калганы жакшы эле го, эми эмне болот, деги эсине келеби же ушул бойдон өмүр бою жинди болуп калабы?" деп санаа тартып кыйнала берди. Аны көргөн Айсалкын коркуп: "бул да ооруп калбагай эле" деп аны Зуураканга кеңешип экөөнү Ысыккөлгө жибермей болушту. Руслан муну укканда адеп баш тартты эле:- Уулум, өлгөндүн артында да жашоо бар, менин да жаш кезимде кырчындай болгон эки бирдей агам өлгөн, мына мен өлбөй жашап жүрөм го, адам деген бири өлсө бири кайгырат акыл менен жеңе билиш керек, кайгы менен ызадан Сезим эмне болду, акылыңа кел балам, мына карындашың Изат да чоңоюп калды. Сезим деле акыры келээр өзүнө, - дегенде Руслан ойлуу үндөбөй отуруп калды: "Чын эле мен эмне болуп атам, мына Рустам өлгөндөн бери бери жыл айланып баратат кайгырып таап алдымбы, Сезимге дабаа боло алдымбы, жок мен адам болуп жатышым, кайгыны жеңишим керек!" деп өзүнө өзү кайрат берип ордунан туруп сыртка чыгып келип Көлгө барууга макул болду. Зууракандын кубанганын айтпа.Ошентип аз да болсо Калмурат менен Айсалкын Русланды көлгө жөнөтүп эс ала түштү. "Эми ушул Русланыбыз аман болсун, айла канча" дешип Изат менен айылдагы үйүнө кайтышты. Изат бул кезде он бирге келип калган. Сезим жөнүндө ойлогон менен анын келечеги жөнүндө баары тең бүттү дегендей өз тиричилиги табышмак болуп кайрадан алардын көңүлүн дагы бир көйгөй эзип машакатка салаарын бири да билбеди…Сезим жиндиканага баргандан кийин да баягындай эле ар кайсыны сүйлөп күлүп, бир туруп Рустамдын атын айтып күлүп жүрө берди. Бир күнү аны укол саюга даядап жатканда ал укол албайм деп качып жүгүрүп жөнөгөндө бутундагы чынжыр бир нерсеге илинип калды. Врачтар аны тегеректеп карап көрүшүп "өлдү" дешип үйүнө телеграмма беришти. Ишенбек канткен менен өз атасы эмеспи, Кымбаттын: "барбай эле койчу, дагы кандай болот" дегенине карабай Кызыл-Жарга жөнөп Сезимдин абалын билүүгө ашыкты. Ал келгенде Сезим өлүм менен өмүрдүн ортосунда кыйналып жаткан болчу. Анын абалын көргөн Ишенбек машинага салды да Сезимди Бишкекке алып келди. Сезим эч нерсени сезбей тууган уругун бүт чогултуп күнү түнү тикирээ карап отурушту. Он экинчи күн дегенде Сезим болоор болбос кыймылга келгенде чоң энеси:- Кагылайын Сезимтай, мени таанып, билип жатасыңбы, мен чоң-энең эмесминби?! - дегенде Сезим көзүн зорго бардап ачып:- Апа, атама айтып койчу, кошунасы кара мурут жигит экен, алып кетти, баласы, аялына жаман болду го, айтып койчу, - дегенде Ишенбек, Кымбат бир бирин карап таң калып койду. Сезим буларды көзүн ачпай, биринчи жолку сүйлөгөнү эле.Бирок Сезим ошондон тартып кайрадан жаралгандай өзүнө келип бара бара көзү ачылып улам бир жаңылыкты айтып айланасындагыларды таңыркатып жатты Анткени Сезим айланасындагы болчу нерселерди алдын ала айтып коюп баарын таңырактты. Арадан эки үч күн өтпөй эле Ишенбектерден беш алты үй арыраактагы кошунасы машинасы менен кетип баратып түз эле жерден аварияга учурап каза болду. Ошондон кийин Сезимге кээ бирөөлөр келип көрүнүп, көрүп берүүсүн өтүнүп келе баштады. Бирок бул учурда Сезим жакшы өзүнө келе албай алсыз болуп кээсин көңүлү келсе көрүп кээсин карабай коюп жүрдү. Айтканы айткандай келген бул кызга туш тараптан келип көрүнчүлөр көбөйдү. Төшөктө жатканда Калмурат менен Айсалкын Руслан болуп келип абалын билип турушкан. Жакшы болуп эл көрө баштаганда угуп кубанып жетип келишти эле Ишенбек менен Кымбат аларды башка бөлмөгө киргизип:
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:08 » Билдирүү # 9
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
- Бизди айып этпегиле, азыр бир аз жакшы болуп калды, силерди көрсө кайрадан өткөндү эстеп ооруп калбасын, кудайга шүгүр эми дурус, өзүңөр көрүп түңүлүп эле калбадык беле адам болушунан, - деп Ишенбек алардан кечирим сурай коноктоп узатып коюшту. Алар эмне демек, аргасыз макул болушту.- Туура айтат, - деди Калмурат кетип жатып, - ырас эле түңүлүп калбадык беле, жакшы болуп калса көрүнбөй эле койолу, мүмкүн таза айыгып кадимкисиндей болгон кезде жолугаарбыз. - Ооба, ооруп калбасын дегени туура, али жакшы айыга элек да, байкушум десе, өз кызымдай эле көрүп калбадым беле, эмне болсо да жакшы болуп аман жүрсө болду, - Айсалкын да өз оюн айтты.Ошентип Сезимдин жашоосу акырындап өз калыбына келип баратты. Бирок ал таптакыр өзгөрүп өзүнүн өткөнүн таптакыр эскерген жок, жаралгандан эле ушундай төрөлгөнсүп баш оту менен адамдарды көрүп дарылаганга өттү. Акырындап намаз окуй баштады. Ишенбек Сезимдин ушунусуна ыраазы болуп ичинен кубанып бир бөлмөсүн атайын киши көрүүгө ылайыктап берди. Эл ушунчалык көп келгендиктен кезекке тургандардын саны эки, үч күндөп күткөндөр бар. Бир күнү намаз окуп отуруп көпкө күбүрөнүп атып өзүнчө сүйлөп жатты:- Эмне, менин энемби, жок андай болушу мүмкүн эмес, түк ишенбейм ал менин апам эмес! Жок, жок, жо-ок! - ал отурган жеринде талып жыгылып калды. Анын үнүн уккан Кымбат кирип келип аны ордунан тургузууга аракеттенип калганда ал көзүн ачып өзүнө келди да, - мама, мени бир оорулууну дарылайсың, ал сени гана колуңдан айыгат, ал сенин энең деп жатат, - деди Кымбатты карап.- Ким? - Кымбат ушуну гана суроого батынды.- Ким болмок эле, менин кишилерим, периштелер айтып жатат.- Капырай…-деген Кымбат башка сөз айтуудан айбыгып туруп калды. Ошону менен ар кимиси өз иши менен алек болуп кеч киргенде жумуштан келген Ишенбекке Кымбат Сезимдин сөзүн айтты эле ал:- Кудай уруп ооруп калбагай эле, - "дагы кандай балакети болуп кетээр экен, эл балалуу болсо баары жайында болуп өз-өзү менен болуп кетет экен, эми эмне болот" деп ойлонуп отуруп калды.- Өз балдарыбыз жай жайына конуп эле калбадыбы, кайдагы бирөөнүн таштанды кызын алып келип башыбызга балээни үйгөн өзүң-деп Кымбат үтүрүңдөп кетти.- Ошентсе да бактык, тиктик дегендей, өз балаңдай эле болуп калат экен да, - Ишенбек: "менин кызым эмей кимди кызы" деп айтып ийе жаздап тим болду.***Камчы Рапияны алып келгенден баштап алардын үйүндө тынчтык жок. Үйдүн ичи сасып кетет деп Таалайкүл аны сарайга киргизип койгон. Ошондо Рапия баягы өз энеси Шайгүлдүн үйүндөгү күндөрүн эстеп бир аз эс ала түшөт да күйөөсү менен балдарынын кирип чыгып жийркене карашкандарын эстегенде ичиркенип алат. Сарайдын ичи ным жыттанып, келемиштер ары бери жүгүрүп үстүндө ойноп жүрөт. Камчы жакшы эле үч ай өздөрү менен чоң үйүндө карады, бирок анын да айласы куруп жумушка кетип кеч келген күндөрү Рапиянын жанына келе албай чарчап жатып калат. Ордунан жыла албаган адамдын абалы оор болоору кимге болсо да белгилүү эмеспи, даарат ушатаарда жалдырап отуруп аргасы куруганда ордунан койо берет. Же алды которулбайт кийимин болсо жууп которуу жок, бит басып кетти. Тагдырына кейип: "кудай таала, өлүмдү да ыраа көрбөдүң, жазамды тартып жатам, бул да мага чала, бирди кийип бирди чечип күндө душка жуунуп менменсине басып жүргөндө ушу күндү көрөм деп ойлодум беле, анда мусаапырчылык эмне экенин билбеген кесирлүү аял экем, эми же өлбөй же адам катарында жок иттин да жашоосу меникинен өйдө" деп коляскадан түшпөй армандуу үшкүрүп коюп сарайда жатат. Кээде аны коляскадан жерге түшүрүп коюну унутуп калганда байкуш ошол бойдон отуруп чыгат.Анын абалын көрүп турган Камчы бир күнү аялына:- Ушу деле адам баласы го, жок дегенде бир айда бир үстүн которуп койсоң боло, сооп деле алат элең, - деди эле албууттана кыйкырып кирди Таалайкүл:- Ошол эле калды, ал эмес өз көйнөгүмдү жууп кийерге чамам жок, өлүк-тиригиңди көрөйүндүн же өлө турган түрү жок, башыма түшкөн балээ болду, сасыган жанына баралбайсың! - Келгенде таптаза болуп эле келбеди беле, жууп тазалап караган киши жок кыйналды байкуш, оору деген кыйын да, эки көзү жалдырап тил сүйлөп турса, кой кемпир сообу тийет, эркек болсо өзүм эле жууп тазалап турмакмын, аял кишини сен эле карап койчу, кудай жалгагыр.- Жуубайм этпейм, өлүп кетсин, текебер, кесирлүү неме болчу, ошентип азабын жеп бир күнү өлөт да!- Ал өлсө экөөбүзгө эле тийет билесиңби ошону, эч нерсени сезбеген кандай немесиң ыя? Түшүнсөң боло, үйгө киргизип тазараак кара, нааладан, адамдын убалынан корк, бараар жери, караар кишиси болсо экөөбүзгө эмне келмек эле?! - Камчынын жини келип сыртка чыгып кетти.- Кудай албаган өлүгүңдү көрөйүн шуркуя, денсоолугу тазасында бир кайрылып баккан ата-энесине бата кылган жок эле, эми го? - деп булкунган Таалайкүл Рапияны жуунтуп, өзүнүн эски-уску кийимин кийгизип чачынын биттеп кеткенин көрүп устара менен кырып туруп башына жоолук байлап койду. - Өлбөгөн шуркуя, кумдап кеткен тура, эгер сен өлүп калсаң наала мага калат, - башка көзгө койгулап ушул азыр мусаапырдын күнүн көрүп жаткан Рапиядан өчүн алгандай каргап-шилеп үйгө киргизип жаткырып койду. Рапияга баары бир эле, азыр мусаапырдын күнүн көрүп, кулагы угуп туруп тил кайрууга, же кол шилтеп басып кетүүгө чамасы жок аргасыз тирүүнүн өлүгү болуп турганда не демек? Күндөр өтө берди. Таалайкүл Рапиянын жанына балдарын жолотпойт, алардын үч, төрт небереси бар эле, балдарынын баары өз-өз алдынча үй-жай күтүп кетишкен, алар келгенде Рапия менен иши деле жок. Рапия ушул бүгүн Шайгүлдү эстеди: "менин жарым жан экенимди билип туруп бир кабар албаганын кара же жумушунан бошой албай жатабы, өз балдарындай көрбөсө деле керек, көзүмдү көрүп эле мени менен кошо ыйлап жаткан тура, болбосо алты айдан бери бир жолу келип кетпейт беле же жол алыс эмес" деп ойлонуп жатып уктап кетти. Уйкуда ар жок эмеспи, канчалык арып, азып мусаапырлыкты баштан өткөрүп жатканда да тырп түшүнөн чоочуп ойгонуп кетти. Түшүндө Рустам кирип: "Апаке, сен жаныма келчи, мен жалгызмын, көнө албай жатам, анын үстүнө жип менен асылып турам, келип чечип койчу?!" деп муңканып эки колун Рапияны көздөй сунуп жатыптыр." Капырай бул эмнеси, улуусу эмеспи атасына айтып мени алып кеткени жаткан го, жок, жок кантип кайсы бетим менен барам, байкуш аялдар деги алсыз, аргасыз турбайбызбы" -деп анан кайра: "жипке асылып турам дегени эмнеси? Кудай ай, деги балдарым аман-эсен жүргөй эле, мен эле өлөйүн эти жармашкан алсыз колу менен көз жашын сүртүп коюп дубалды карап жатып калды".***Калмурат менен Айсалкын чай ичип олтурушкан. Изат мектепте окуйт. Руслан менен келинчеги Зууракан шаарда.- Баягы Рапия баспай калган тура, эки буту кыймылдабайт экен, - Айсалкын Калмуратка карай унчукту.- Эмнеге? - Калмурат үнүн пас чыгара кайдыгер сурап койду.- Баягыда биерден кетип калчуда экинчи кабаттан кулап өлгүсү келген экен бирок эки буту, жамбашы сынып ошондон баспай калыптыр.- Ажеп болуптур энеңдурайын, балдардын убалы аны уктатат беле?!- Кой антип табалабай эле койчу, азыр акесинин үйүндө экен. Ага деле оор болуп жатса керек, андан көрө Русланды шаардан чакырталы да энесине жолуктуруп, көрсөтүп келели, - Айсалкын чын ниети менен айтканын Калмурат ойлуу отуруп укту да минтти:- Алтыным аа-ай, аялзатынын баары сендей болсо гана, ал шуркуя ошол сулуулугум менен бактылуу болом деп ырыскысын көтөрө албай басып кетип балдардын убалына калды, Рустамым намысынан жанын кыйды, болбосо…-- Ал да болсо тагдырдын иши Каке, маңдайга жазгандан чыга албайбыз, ал себеп гана, эми анын аянычтуу тагдырын угуп, билип туруп эне баланы катташтырбай койгонубуз болбойт.- Руслан макул болот дейсиңби?- Аны көндүрөбүз да.- Өзүң бил байбиче, эми ушу экөөнүн өмүрү узун болсо экен, - Калмурат Айсалкындын жүйөөлүү сөзүнөн чыга албай тим болду. Чынында Калмураттын Рапияга деген сүйүүсү абдан таза, бекем да эле, аргасыз андан бөлүнүп калганына ызасы да күч болчу. Пенде катары өч алгысы келген бирок анын азыркы абалын угуп өч алмак тургай өз ичинен да боору ооруп турган. Экөө кеңешип эртеси Русланга тааныш аркылуу айтып жиберишти. Телефон чалганда албаганына кабатыр болуп да калышкан, Руслан бул кезде юридикалык факультетке тапшырып сырттан окуп, иштеп жаткан. Келинчеги Зууракан тилмеч болуп иштейт. Тапкандары жакшы болуп бара бара жашоолору жакшырып бараткан. Руслан катты алып ойлонуп калды: "атамдар жөндөн жөн эле чакыра беришмек эмес, жүйөөлүү маселе бар го, эмне кылсам? Зууракан келсе кеңешейин да барып келейин, Зууракан ал үйгө бара элек" деп ойлонуп телевизор сайып алып көрүп отурганда келинчеги келип калды. Экөө кечки тамактарын ичип отурганда Руслан:- Зуураш, экөөбүз кеңеше турган иш болуп калды, бүгүн атамдар тааныш таксистен кат берип жибериптир дегенде Зууракан:- Эмне деп? - деп суроолу тигилди Русланга.- Келип кет дептир.- Анда экөөбүз тең барбайлыбы? - Зууракан Русланга эркелей кетти.- Сен ал үйгө бара элексиң да, болбосо…- Эмне болмок эле, акем өлбөгөндө мүмкүн эмгиче бармакмын, эч нерсе болбойт барып келейинчи? - деп калды.- Болуптур, камыналы, эртең эртерээк жумушуңдан уруксат сурап кел, мен да суранып келейин, түштө жөнөп кетели макулбу?- Макул жаным, сөзсүз ошентем. - Зууракан Русланды кучактап өөп койду.Эртеси экөө эки сумка майда барат алып алышты да КараБалтага жөнөп тез эле жетип калышты. Айсалкын сыртта жүргөн эле таксиден түшкөн уул келинин көрө кубана алардын алдын утурлай басты.- Келдиңерби садага болоюндарым, - деп анан шашкалактай кетти, - Капырай Зууракан бул үйгө келе элек эмес беле, тура тургула ушундай, - деп үйгө жүгүрдү, -Ээ Калмурат, балдар келди! - деп өзү суу куюлган чыны алып экөөнүн башынан айлантып, - түкргүлө! - Ой апаке, алтыным апам ай! - Руслан Айсалкынды эзиле карап сууну төгүп чыныны көмөрүп коюп жанына келгенде кучактап өөп, - Алтыным апам менин, келиниңиз келе элегине карабай ээрчитип келе бердим-деп кубанычтуу тамашалай Зуураканга көз кысып койду.- Ооба сага, мен да барам десем болбойт, мен да көгөрүп ээрчип алып келе бердим.Ээрчишкен садагаларым десе, келгениңер жакшы болбодубу, атаңардын бир багып жүргөн ириги бар, ошону союп коңшу-колоңду биротоло чакырып койолу…-ойлоно калды. Аңгыча үйдөн Калмурат чыга калды.- Оо келгиле балдарым, келгиле!-деп келининин чекесинен өөп, Русланды эки бетинен өөп анан аларды үйгө баштап кирди.- Ата, кандай жатасыңар, жумуш, окуу деп эле кол бошобой…. Руслан атасын карады, - карый түшүпсүз?- Карыбай анан.. . Экөөбүз тең элүүнүн кырына жакындап калдык, кайсы жаштыгыбыз калды дейсиң, балам, - Айсалкын сөзгө аралашты, - Атаң экөөбүз теңбиз.- Койчу апа, экөөң тең эле жаш көрүнөсүңөр, айрыкча жолдошторумдун көзүнчө силер менен сыймыктанам, - Руслан улутунуп алды, - Рустамдын өлүмү баарыбызга кайгы-муңду салып кетпедиби, Сезимди айтсаң, ал эмне болду экен?- Ал кудай буйруса жакшы болуп калыптыр, өткөн окуянын бири эсинде жок дейт, көзү ачылып айтканы айткандай келип күндөн күнгө көрүнгөнү келгендер көбөйүп атыптыр. -Айсалкын кубанычтуу сүйлөп жатты, - Байкушум эми аман болсо эле болду, башка эмне дейин…Ошону менен сөз бүткөндөй ар кимиси өз ойлору менен болуп отуруп калышты. Чай ичилип бүткөндөн кийин Калмурат байлануу турган коюн алып чыгышты да төрт бутун бууп арыдан бери бата кылып союп кирди. Айланасындагыларды чакырып куран окутуп анан эл кеткенден кийин өздөрү калышканда Айсалкын сөз баштады:- Уулум, мына чоңойдуң, өзүңчө түтүн булатып атаң экөөбүздү кубантып отурасың. Сени чакырганыбыздын жөнүн айтайын…. - деп Калмуратты карады эле ал:"өзүң эле айта бер" дегендей белги берди. -Рапия бутунан баспай калыптыр, кандай болсо да силерди төрөп төрт, бешке чыккыча багып өстүргөн…. - дегенде Руслан:- Ошону кулагыма угузбагыла дебедим беле, апа, мен сизди билем, сизди төбөмө көтөрүп багып алууга даярмын а бирок аны угайын деген кулак, көрөйүн деген көз жок! - деп ордунан туруп кетти.- Кой балам, ак сүтүн берген, сен ошол эненин ак сүтү үчүн да анын алдында карыздарсың, жакшы киши кекчил болбойт, кечиримдүү болот, ойлон, менден тартынба, ушундай оор абалга да бала деп соккон жүрөгү чыдабай, ар намысына доо кетип уятынан барды. Аны да билип кечиришиң керек, балам.- Кантип, эгер Рустамдын өлүмүнө ал себепкер болбосо да иш башка эле, азыр аны "эне" деп кантип айтам, муздаган жүрөгүмдү кантип жылытам?!- Эмнеге болбосун, болот, ушундай оор абалда барып абалын билип көзүнө көрүнүп койбосоң болбойт, уулум.- Жок апа, мен анын алдына бара албайм!- Мени угасыңбы, эне катары сыйлайсыңбы? - Сизди сыйлайм, урматтайм, сиз үчүн баарына кыйылмын бирок.. .- Анда мен сага эне эмес экемин, ушул убакка чейин бир нерсе өтүнүп же бир ооз ашык сөз айттым беле?- Апаке кыйнабачы мени, менин апам сиз гана, башканы билбейм.- Жок барасың, эртең майда барат, бир сыйра кийим алып жөнөйбүз! - Айсалкын буйрук бере ордунан турду. Руслан үндөбөй үйдүн ичинде ары бери басып жүрдү. Калмурат менен Зууракан сөз кошкон жок. Эртеси түшкө жакын Кара-Балта шаарынын чакан айылдарынын бирине Камчынын үйүнө төртөө жөнөштү. Калмурат келип жүргөн үйүн бат эле таап жетип дарбазанын түбүнө келип турганда Калмурат Таалайкүлдү тааный коюп:- Кандай жеңе, жакшы жатасыңарбы, акем күүлүү күчтүү элеби? - деп ал-акыбал сурап калды.- Ийи, кел Калмурат, кайдан бу? - Таалайкүл таңыркай карап туруп калды.- Бул Руслан эмеспи, апасынын ал-абалын билүүгө келген элек, а бул болсо келинчеги…- андан ары Айсалкынды карап унчукпай туруп калды.- Туура, туура энесинин ал-абалын билбей анан…-Таалайкүл үйгө карай жол баштап баратып: "кудай уу-ур, үйгө киргизип жууп тазалап койгонум жакшы болгон тура, баягы бойдон көрсө" деп ойлонуп алды. -Киргиле, киргиле ал биякта!Рапия ушул учурда абдан арыктап, этине сөөгү жармашып абалы өтө оор болуп жаткан. Бакылдаган ундөрү укса да кайдыгер дубалды карап жата берди: "төркүндөрү келген го, тим эле жепилдеп калыптыр" деген ойго келди ал зорго жатып, анткени төркүндөрү келгенде берээрге эчтеме таппай ушинтип калмайы бар. Аңгыча Рапия жаткан үйдүн каалгасы ачылып Калмурат баш болуп төртөө кирип келгенде селдейе, көздөрүнүн бакырайта баш оозуна сөз кирбей көзүнө жаш толо карап калды.- Кандай Рапия, жакшысыңбы? - Калмурат ири алды үн катты. -Сени ооруп атат деп Русланды алып келип учураштыралы деп эле…- Жакшысыңбы Рапия? -Айсалкын анын жанына келип алсыз колун кармады. -Мына уул-келиниңдин алып келдик.- Ыраазымын…- Рапия жашка мууна алсыз шыбарады.- Мени кечире көргүлө, мен акылсыз… Рустам келген жокпу?- Эчтеке эмес, өзүңдү карма, өткөн ишке өкүнбө, өкүнгөн менен ордуна келбейт, денсоолугуңа кара, - деп Айсалкын Русланды жанына чакырды, -Кел Руслан, апаң менен учураш, кел келе гой! Рапиянын Рустам жөнүндө сураганын укмаксанга салып коюшту.- Жакшысызбы? -Руслан Рапиянын жанына келгенде ал алсыз колун сунуп:- Каралдыларым ай!!! Мен акылсызды кечире көр, келчи кагылайын каралдым…-деп өйдө болууга умтулду эле өйдө боло албай колу шалак түшүп өзүн жоготуп койду.Аны көрүп алардын жүрөгү ооруп турду. Русландын да көзүнө жаш келе калды эле ал өзүн кармап кайраттанып: "энемдин ушул абалда кор болуп жатканын билбей жектегенимди кара, байкуш ай, мынчалык абалда экенин билсем…" деп ичтен сыздап атты. Бир аздан кийин эсине келген Рапия көзүн ачып, -Сага ыраазымын, сенин ордуңда болсом мен ушинтмек белем ким билет, уулум кагылайын менин өлөөрүм гана калды, келчи жок дегенде бир жыттап алайын, - анан Зуураканды карады, -Кел садагаң кел… келгениңерге ыраазымын, аман болсоңор эле болду-уу, -улутунуп алды Рапия. Ушул кезде Таалайкүл кирип:- Чай ичкиле меймандар, жүргүлө тигил үйгө, -деди тигилерди карай.- Азыр -деген Айсалкын алып келгендерин Рапияга берип-мына булар Русландын алып келгени -деп таттуу, саттууларын алып чыгып Таалайкүлгө сунду, -Буларды жээниңердин эмгеги деп катып койгула!- Рахмат, тил билчи экенсиң айланайын, сага ырахмат!-үйгө чыгып баратып артын карады, - жүргүлө чай ичкиле, аңгыча Камчы да келип калат.Калмурат менен Айсалкын алдыга басып Таалайкүлдүн артынан ээрчий чыгышты.- Ооруну багуу кыйын экен, улгайган кезде баладай кылып көтөрүп тозуп, бок-сийдигин жууп кыйналдым, - Таалайкүл чай куюп отуруп жатты. Ал оюнда: "баласы деле үйлөнүп киши болуп калыптыр, алып кетем дээр.. " деп ойлоп ичинен алардан сөз күтүп отурду. Бирок алар алып кетүү, коюу жөнүндө сөз кылышкан жок. Бир аздан соң Калмураттар чайга бата кылган соң Рапиянын жанына барып коштошуп чыгышты.- Жакшы калгыла, балдар келип турушат.- Капырай, тамак ичип кетсеңер болот эле, Камчы деле келет бир аздан кийин, отура тургула.- Кой, үйдө тырмактай кыз калды эле, коркуп калып жүрбөсүн, баралы.- Капа болбогула эми, жакшы баргыла, келип тургула, - деп Таалайкүл аларды узатып кала берди.Алар кеткенден кийин Рапиянын жүрөгү ооруп жан дүйнөсү жабыркап өзүнө келе албай жатты: "Оо жараткан, ушул азаптан көрө эртерек эле алып кетсең болбойт беле? Өз балам өзүмдөн жат болуп өгөй энеге өз энедей ык коюп айтканынан чыкпай сыйлап калганын карабайсыңбы, оо кудай, ушул жашооңо тойдум, күндөштүн алдында алсыз бечара болуп көрүнгөчө өлсөмчү!" деп алтымыш тамыры зыркырап жатты. Ал эми Руслан андан бетер ичинен түтөп: "жашында балдарын таштап коюп жаштыгына, сулуулугуна чиренип тентип жүрүп бизди унутуп салган да, болбосо… жок дегенде Сезимди өзү бакса мынчалык жек көрүнбөйт эле, эми эмне болот, жеңеси деле жакшы карабайт окшойт" деп кыжаалат ойдо баратты. Калмурат менен Айсалкын билгизбеген менен Русландын кандай азап чегип Рапияга боору ооруп ичинен кыжаалат болуп калганын сезишти бирок бири да сөз кылган жок. Ар кимиси өз ичинен ойлонуп бири биринен сыр жашыра бара беришти. Айсалкын: "байкушка кыйын болгон экен, көп узабайт го, абалы болсо оор экен, эмне болоор экен Руслан деле оору немени карай албайт го, жаш келин анын түйшүгүн тартып жумушун таштай албайт да" деп ойлонуп Калмуратты асте карап койду. Калмурат да өзүнчө: "ушуну көрмөк, асты үстүнө чыгып жалдырасам да болбой кетип калып Ишенбекти таап кыз төрөп анын да кадырына жете албай күкүкчө көрүнгөндөн тууп таштап кетип жүрүп эми майып болуп калганда балам деп, эн-неңди урайын десе, мүмкүн дагы башка балдары бар чыгаар ким билет?" деп жинденип ага табаасы канып турду. Чынында Калмурат анын Россияда көрүнгөн менен жүрүп акыры көчөдө калганда гана Ишенбек жолугуп калып аны менен жашаганын билбейт эле. Ал эми Ишенбек болсо ал жөнүндө айткан да эмес.Таалайкүл Калмураттар кеткенден кийин Рапиянын үстүнө кирип кыялы кармап ажылдап кирди:- Бети жок өлүгүңдү көрөйүн десе, баланы ит деле тууйт, карачы чырактай балдарың туруп талаада калдың, талаада калат деген ушул да, сага караганда туубаган катын өйдөрөөк, карачы Калмураттын аялын сандыктай болуп, өз балаңа эмес өзү төрөбөгөн балага эне болуу өтө оор, эгер жаман катын болсо сенин абалыңды көрүп, балаңды ээрчитип келмек эмес!- Айла канча жеңе, айланайын жеңекебай, деги колуңан келсе мага уу берчи, ушул азаптан көрө өлүп тынайын, - Рапия алсыз үнүн чыгарды.- Сага уу берип өлтүрүп кудайга күнөөкөр болгум келбейт, ансыз да өлөсүң, өлбөгөндө эмнең калды, же кайрадан жүгүрүп тентип кетээр күн келет деп ойлоп атасыңбы? -Таалайкүл мурдун чүйрө чыгып баратканда алдынан улгайган аял чыга калды. Ал туура эле кирип келе жаткан эле, Таалайкүлдүн сөздөрүн угуп босогодо туруп калган. Таалайкүл каалганы ачып жибергенде эч нерсе байкабагандай күлө бага учурашып калды. Бул Шайгүл эле.- Саламатсыңарбы? - Саламатчылык, сизге ким керек эле? -Таалайкүл бейтааныш, нур жүздүү аялды таңыркай карады.- Мм, мен Рапияны дарылаган врачмын, абалы кандай болуп жатты экен билейин деп эле…-Шайгүл Рапия жакка өтүп:-Кандай кызым?-деп Рапиянын эки бетине өөп керебеттин четине отура кетти да анын кургабаган көз жашын көрүп үнсүз отуруп калды.- Ийи, көрүңүз, - Таалайкүл: "өлмөк беле, мындайлардын өмүрү узун, жаны бек болот" деп ойлонуп врач аялды сүйүңкүрөбөй чыгып кетти. Рапия болсо үн чыгарбай көзүнүн жашы жаагы ылдый куюлуп дубалды карап: "Руслан келиптир, Рустам эмнеге келбеди, ал мени көргүсү келбеген го, анын алдында менин күнөөм төө көтөргүс эмеспи?" деп ойлонуп жаткан эле, тааныш үндү укканы менен ага жүзүн буруп карагысы келбей көзүн жумуп жата берди.- Рапия, кандай кызым, абалың кандай?-Шайгүл жашка мууна зорго сурады. Ал азыр анын ушул абалын көрүп зээни кейип турган. Жаткан жерин төшөнчүсүн көрүп андан бетер каңырыгы түтөп: "ай кудай ай, ушундан көрө жолукпай койсом эмине, ушул азапты жүрөгүм көтөрө алабы, бул оңбой калган го, же Султанга ачыгын эле айтып үйгө алып кетип өзүм карасамбы?" деп ойлоду. Рапия жүзүн бери буруп:- Кандайын сурайсын, мен бүткөмүн, келбей эле койбойт белең, же мени табалап жатасыңбы?-деп көзүнүн жашын тыйбай алсыз шыбырады.- Койчу садага, мен сени табалап эмне, сени көргөнү эле келгенмин, бери болчу тамырыңды кармап көрөйүн, - деди эле Рапия колун тартып алды.- Жок, кереги жок, ушул азапты өзүм тилеп алгам, мага эч кимдин жардамынын да, жакшы сөзүнүн да кереги жок!- Андай дебе кагылайын, ансыз да элүү жылга жакын убактан бери ичимден ойлонуп азап чеккен дартым сен болчусуң, көзүмө көрүнбөсөң болот эле эми мен сени ажалага бербейм, болгон аракетимди жумшап бастырууга аракет кылам! Мына жетимишке жакындап калдым, жакында үйдө болом. Пенсияда болсом да иштеп жүрбөйүнбү. - Ык, - Рапия мыскылдуу жылмайды, анын жүзү сырданып, өтө арыктаганга сулуу жүзү ого бетер апакай тартып бирок абдан сүрдүү да сумсайып да турду, -мени айыктырсаң, колуңда үч ай жүрдүм, ошондо эмне айыктыра албадаң?- Дарылоону жаңы баштап, массаж кыла баштаганда өзүң кылбадыңбы, ишен мага Арууке, кагылайын периштем, мен эми эч кимден жашыра албайм, бүт баарын Султанга да, балдарыма да айтып сени өз колума алам!-Ушул учурда сырттан кирип келе жаткан Таалайкүл "Арууке" дегенди угуп таң калып койду: "Бул аял адашып келип алган го, кайдагы Аруукени айтып жатат?" деген ойдо кирип келди да:- Сиз кайдан келдиңиз эле, кайда иштейсиз врач болуп?-деп Шайгүлдүн жанына келип сурады.- Бишкекте, сыныктар боюнча хирургмун, Рапияны өзүм карап жаткам, кол бошоп акыбалын билүүгө келе албай калдым.- А сиз эмне Арууке деп жатасыз, жаңылып келип алган жоксузбу?- Жок, жаңылган жокмун, атын адаштырып алдым го, карый баштаганмын го? -Шайгүл шашып калды. Бирок Шайгүлдүн азыркы турушу жетимишти таяп калганына ишенбей турган эле. Таза, тыкан, шаардыктарча кийинип алганы жаңы эле элүүдөн ашкандай көрүнөт эле.- Кайериңиз карып турат, мына менин айтсаңыз болот, элүү бешке карадым.- Оо анда жаш экенсиң, сиңдим, мен алтымыш жетидемин.- Койсоңузчу, сизге кантип ишенесин, ким айтат сизди ошо жашка келди деп.- Чын эле сиңдим, жетимишке барып калдым…- Жакшы жашасаңыз, түйшүк тартпасаңыз керек да, мен ушул жайдан бери оору багам деп эле жаман кыйналдым, ушуну же бар кылып же жок кылбайсыңарбы, деги өзү да кыйналды бизди да.. . -деп келатканда Шайгүл:- Ошентип кантип айтып жатасыз, биз врачтар адамдарды айыктырууга гана аракет кылабыз, сиз андай дебеңиз!-деп ордунан тура калды.- Туура айтат, ары же бери болсом болот эле.- Айыгасың, сөзсүз айыгасың! -Шайгүл Рапиянын колун кармай ойлуу отуруп: "Муну алып кетпесем оңдурбайт, дурус деле тамак аш бербейт окшойт, байкушумду өзүм алып кетейин, айыктырайын" деп ойлонду ал. Ушул учурда сырттан машинанын токтогон үнү угулду. Таалайкүл сыртка атып чыкты: "дагы кимиси келип калды, ботом дегеле бүгүн баары эле Рапияны көргүсү келип калган го?" деп ойлогонго үлгүрдү. Ал үйдөн чыкканда Сезим таксиден түшүп үйдү көздөй баскан.- Кызым, сага ким керек? - Таалайкүл анын алдын торой сурап калды.- Мага оорулуу аял керек? - деген Сезим үйгө кирип кетти. Ал оорулуу аял кайда деп сураган да жок, тек күндө кирип жүргөн сымал эшикти ачып төрдө керебетте жаткан Рапиянын жанына барып:- Сизди дарылоого келдим, бизди жалгыз калтырыңыз! - деп Шайгүлдү карабай туруп эле сүйлөдү.- Мен бул оорулуунун врачымын, мен жанында болушум керек - Шайгүл Сезимди карай жооп берди.- Сен… сен кимсиң? - Рапия дагы бирдеме деп келатканда Сезим үнсүз гана колун көтөрүп токтотуп койду.- Сизге сүйлөөгө болбойт! - деп Рапиянын үстүндөгү эскилиги жеткен жуурканды алып көйнөгүн түрүп эти сөөгүнө жармашкан буттарын ачып кармалай баштады. Шайгүл үндөбөй отура берди. Сезим Рапиянын жамбашына чейин ачып кармап көрүп: - жамбашыңыздан ылдый буттарыңызга кеткен тамырларга доо кеткен тура, - деп анан колдорунун тамырын алмак салмак кармап, нервиңизге да бар. - Ал аңгыча Рапиянын жоолугун алып башын, желкесин ушалап кирди. Рапия сөз сүйлөөгө дарманы келбеди, тек анын өз кызы, ымыркайында Ишенбек көзүнө көрсөтпөй заматта жоголгон кара чечекей Сезими экенин билип турду бирок ал абдан алсыз да аргасыз да болчу. Себеби: "сен Сезимсиңби, кагылайын кызым?" деп айтууга кудурети жетмек эмес.
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:08 » Билдирүү # 10
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Сезим Рапияны өмүрүндө көргөн эмес, анын кайда, кимдин колунда чоңойгонунан да кабардар эмес эле, бирок ал өзүнүн кудай берген ишараты менен гана бул үйдү таап алып келип калды. Анткени, мындай болду. Ал уктап жаткан, бир кезде түш көрдү. Ал турсун анын көзүнө түшкөн таксинин, тайкеси Камчынын жашаган үйү баары көзүнө көрүндү да ушул үйдө керебетте жаткан Рапия даана көрүнүп: "ушул аялды сен гана айыктырасың, болбосо ал өлүп калат, сен аны сөзсүз айыктырышың керек!" деген үн угулду кулагына. Сезим эртең менен туруп алып эч кимге айтпай үйүнөн чыгып турган таксинин жанына келди да түшүндө көргөн адрести айта салды эле, таксист:- Билем, жол акысын ойдогудай төлөсөң тез эле жеткирем, - деп жылмая күлдү.- Төлөйм, кеттик! - деген Сезим көп күтпөй эле так#### отуруп жөнөгөн эле. Бул учурда Ишенбек менен Кымбат Сезимди жаткан бөлмөсүнөн таппай өздөрүнчө будуң-чаң болуп жаткан.Ошентип Сезим Рапияны массаж жасап өзү ала келген дарылардан берип май сыйпай баштаганда Шайгүл ордунан турду.- Рапия кызым, мен кетейин, эмки жума келем-деп Рапиянын чекесинен өптү-өзүңдү сакта, көп эле кейип ыйлай бербе! - деди да сыртты көздөй жөнөдү. Рапия башын ийкеп койду. Сезим болсо өзүнүн дарылоосун улантып жатканда Камчы келди жумушунан. Таалайкүл ага эртеден бери болгон жаңылыктарды айтып саймедиреп жатты.- Эми дагы бирөөсү келип алып тимеле тирилтип ийе тургансып буту-колун ушалап жатат, эми кайдан жакшы боло коймок эле, куру убара тарткан эмелер да, буттары кадимкидей куурап баратпайбы. - Койсоңчу, жакшы болсо болуп кетсин, арыктаганга эле куурагандай көрүнүп атса керек, көп сүйлөбөчү, андан көрө жуунтуп койдуң беле?- Ооба, жуунтуп таза көйнөк кийгизип койгондон кийин биринин артынан бири келип жатпайбы, кудайга тоб-боо, сен периште болдуң ай, болбосо баягы бойдон сарайда болгондо уятымдан өлмөк экем.- Эркектин айтканын угуп жүрсөң ажылдайбай, мен сени жаман болсун демек белем, кана тамак ашың даярбы, тиги кызды чай ич деп койбойлубу? - Үйгө кирсең, врачмын деген эмеге нан да ооз тийгизген жокмун, өзүм карбаластап жүрүп кеткенин көрбөй калдым.- Врач келсе даам ооз тийгизбегениң уят го? - Камчы аялына кабак бүркөй үйгө кирди. Алар эрчишип Рапиянын үстүнө киргенде Сезим анын буттарына чылпылдатып май сүйкөп алып ушалап жаткан эле. Колдору тынымсыз иштеп жаткан кызды көрүшүп экөө тең бир топко карап туруп анан Камчы Сезимге карап унчукту:- Кызым, чай ичип алчы, күн кечкирди.- Жүрө гой кызым чай ич, - Таалайкүл да шыпшына аны карап чын ниетинен аны жакшы көрүп сүйлөдү. Сезим үн каткан жок, үнсүз гана Рапиянын буттарын сылап өйдө ылдый колдорун иштетип отура берди. Камчы: "кудай уруп кулагы укпаган немеби, өзү татынакай кыз экен" деп ойлоп алды. Таалайкүл да ошол ойду ойлоп аткан эле. Экөө кайрадан чыгып кетти да бир аздан кийин Таалайкүл кайра кирип чакан дасторкон салып тамак ашын алып келди да Сезимге карай "тамак ич" дегендей белги берип чыгып кетти. Сезим болсо эч нерсе сезбегендей бир калыбынан жазбай отура берди. Рапия анын кыймыл аракетин карап жатып: "Кагылайын каралдым ай, силерге түйшүк салдым го, экөөнү эки жакка бөлсө керек, мени угуп анан келген го, Ишенбек муну окутуп койгон экен, врач го?" деп ойлоп жатып жаны жыргап уйкуга кеткенин сезбей калды. Сезим негедир ошол ооруп сакайгандан бери киши менен сүйлөшпөйт оорулу менен гана сүйлөшпөсө үйүндөгүлөргө ооз ачып сүйлөп же тамак ичпейт. Карандай гана кайнак суу ичип жүрө берет. Ооруну касиети го деп Ишенбек менен Кымбат да таң калышчу. Таалайкүл алып келген тамакты Сезим Рапиянын башын өйдөлөтүп туруп колуна карматты:- Ичиңизче ичиңиз, сиз айыгасыз, мен сизди сакайтып анан кетем, мен ошондой тапшырма менен келгем.- Ким тапшырма берди эле? - Рапия таңдана сурады.- Анын сизге тиешеси жок. - Сезим сөз бүттү дегендей кайрадан өз ишин улантып үнсүз отуруп калды. Рапия чыныны кармаган колу талып бир аз ичти да Сезимге сунду, ал чыныны кайра ордуна коюп өзү дасторкон четине отура калып оозун кыбырата куран окуп анан бата кылып дасторкондогу даамдан ооз тийип туруп жыйнап койду. Таалайкүл кирип чыныдагы тамакты көрүп Сезимдин жанына келип колун жаңсап тамакты эмне ичпедиң деп белги бергенде ал:- Мага кайнак суу эле керек, башка тамакка убара болбоңуз! - деди эле ал чоочуп кетти:- Кокуй катыгүн, сүйлөйт эле турбайсыңбы, кечирип кой айланайын, азыр кайнак суу апкелем, - деп эшикке чыга жөндү.Убакыт аккан суудай эмеспи, көз ачып жумганча он беш күн өттү. Сезим болсо Рапиянын жанынан карыш жылбай күнү-түнү массаж жасап, майлап, чөптөн жасалган дарылардын үч түрүн ичирип жатты. Негедир Рапия бутун өйдө төмөн жылдырганга жарап калды. Мурункуга караганда жылыш болуп өзүнө да жашоонун үмүтү жанып, "өлөм" деген ойдон алыстап акырындан жакшы болуп келатты.Ишенбек Сезимди издебеген жери калбады. Айылга барып ата-энесине айтып андан Калмураттарга кайрылды эле алар да чочулап калышты. Шаарга келгенден кийин Русланга да айтты, ал милицияга берели деген сунушун айтты. Ошентип анын сүрөтүн алып алышып Свердловский райондук РОВДга барышты. Руслан ошол тушта өз энеси Рапия жөнүндө катуу ойлонуп жүргөн эле. "эмне кылсам, шаардагы майыптарды баккан үйгө алып келип тапшырсамбы, Зуураш бага албайт. Жок дегенде тазараак болот эле, тиги жеңеси аны кордоп күн көргөзбөөчүдөй түрү бар экен, эмнеси болсо да бир айласын табыш керек" депсар санаада жүргөндө Сезимдин кайрадан жоголуп кетиши аны ого бетер ойго салды. Ал айылга барып ата-энесине жолугуп өз оюн бөлүшкүсү келди. Айылга жөнөмөкчү болуп турганда Ишенбек келди да:- Руслан, Сезимди апасынын үйүнөн бир карап көрөлү, болсо ошол жерде болот болбосо кайдан издээримди билбей башым катып бүттү, агын сууларды, моргдорду издей берип тажадым-деди эле, Руслан таң калып:- Аякка кайдан бармак эле, анын үстүнө аны ал билбейт эмеспи-деди. - Жо-ок Руслан ал өткөндө Кымбатка айыптыр, сен өз энеңди айыктырышың керек деп жатат кишилерим деп, ошону эстеп сага келдим, сен билесиңби анын дарегин?- Билем, барса баралы, атамдарга кайрылып аларды ээрчитип алсак кантет?- Макул, жүрү кеттик. Экөө "Кара-Балта" -"Бишкек" маршруткасына түш ченде отуруп жөнөп кетишти. Алар келгенде Калмурат үйдө жок болчу. Айсалкын аларды чочулай тозуп алды.- Эмне болду, Сезимден кабар барбы?- Жок, эми акыркы үмүт аны Рапиянын жашаган жеринен издеп көрөлү, болбосо арга канча, - Ишенбек үшкүрүнүп отуруп калды. Ишенбек чындыгында эки оттун ортосунда калган. Ал жан алы калбай Сезимдин тагдырына күйүп бышкан сайын Кымбат: "шаарда жүрүп сен Сезимдин апасы менен жашагансың да, болбосо эмнеге эле жандаластап ага жүгүрүп атасың, мен издебейм, этпейм, сенин өз кызың экен издей бер, ушундай машакаттуу кыздан тажап кеттим!" деп кийинки күндөрү таптакыр Сезим жөнүндө сөз кылбай калган. Ишенбек жумушун таштап аны издеп чарчап келсе да эч нерсе сурабайт, тултуюп унчукпайт. Ишенбек ага эрегишип өзү да айтпай Руслан менен Кара-Балтага жөнөп кеткен. Айсалкын, Руслан Ишенбек болуп үчөө Кайыңды айылына барып Таалайкүлгө сырттан жолугалы дешсе үйдөн эч ким чыкпады. Ошондо ал базарга кеткен эле. Алар түз эле Рапия жаткан бөлмөгө баш бакканда Сезим чоочугандай артына кылчайып бир карап алды да кандай тез бурулса дал ушундай кайра артына бурулду да бир аз туруп калчылдак басып жыгылып түштү. Тигилер топурап эле Сезимди тегеректеп калышты. Ишенбек Русланды карады.- Уулум, сен сыртка чыгып турбасаң болбойт, баарын кайрадан эстеп алып, балээ болбосун, Айсалкын экөөң унчукпай эле койгула дагы ооруп калып жүрбөсүн.- Макул, - Руслан эшикке чыгып кетти. Рапия болсо тилден калгандай мелтиреп ордунан козголууга дарманы келбей жатып көздөрүнүн кычыгынан мөлтүлдөп жаш куюлуп Сезимди карап жаткан жеринде катты.Бир топтон кийин Сезим көздөрүн ачып:- Силер мени жайыма койгулачы, мен оорулуу адамды дарылап жатам, оорулуу айыкмайын мен артка кайтпайм! - деди.- Макул кызым, өзүңө да кара, биз кетели! - Ишенбек аргасыз Сезимди бетинен өөп, чачынан сылап койду да Айсалкын экөө ээрчише эшикке чыгышты. Рапия дале үнсүз: "Кудая тоб-бо, ушундай да айкөл аял болот экен ээ, бирөөнүн төрөгөн баласына өз баласындай жаны ачып жүгүрүп жүргөнүн кара!" деп Айсалкынга ыраазы болуп атты.Сезим Рапияны жанынан карыш чыкпай карап жатты. Рапия болсо күндөн күнгө көңүлү сергек болуп айыгып келатты. Ал бутун өзү көтөрүп, ары бери жылдырганга жарап өңүнө да чыгып калды. Бирок Сезим баягы калыбынан жазбады, сүйлөбөдү. Рапия ага бир деме дегенден тартынат. Шайгүл Бокойова болсо тынбай келип турду. Кийим кеченин жаңысын алып келип кийгизип, тамак ашты толтуруп, керектүү дары дармекти да даярдап, күчтүүлөп тамак берип карап жатышты. Арадан эки жарым ай өткөндө Рапия такандап басып калды. Шайгүлдүн кубанганына чек жок, өзү врач болуп туруп кенедей кыздын билгенин биле албаганына, ошол кыздын күчтүү кудуретине тан берип ыраазы болуп турду. Бир күнү Сезим сыртка чыгып бир эки сат жоголуп кеткенде тынчсыздаган Рапия жанында отурган Шайгүлгө эшикти бир карап алып мындай деди:- Мына бул Сезим менин кызым, эмнегедир сүйлөшпөйт же сырын айтпайт, кудайдын кудуретиби мени ушул дарылабаганда эмдигиче өлмөк белем…-деди. - Ошондой, өзүңө окшошунан ойлодум эле, мейли аман эле болсун, ар нерсени айтпай эле койо тур. -Шайгүл ага өз акылын айтты.- Ооба, эч нерсе айтпайм дечи, бирок жүрөгүм бир жамандыкты туйгансып атат, бул соо эмес, эмне балакет болгонун билбейм, баягы Ишенбектер келгенде "кайрадан эстеп алып ооруп калбасын" дегени эсимден кетпей койду, сиз барып андан көрө билип көрүңүз..- Жаман ойлой бербе кызым, барса барып сүйлөшүп келейин.- Ошентиңизчи, жаным жай алып калсын, алардын кабарын угуп, жакшылык эле болсо экен.- Эч кам санаба, сөзсүз мен барып келем. -Шайгүл оозун жыйгыча Сезим кирип келди да:- Сиз эми жакшы болуп калдыңыз, мен кетишим керек, - Шайгүлдү карап, - Сиз болсо эми мен көрсөткөндөй кылып дагы бир ай карайысыз, анан кадимкидей болуп кетет, бирок дагы бир коркунуч бар…-Сезим бир азга үнсүз туруп Рапияны карап, - Эми көзүңүз көрбөй калуу коркунучу турат, - деди да алар менен шаша кошотошуп чыгып кетти. Шайгүл да Рапия да эч нерсе дегенге даабай кала беришти. Канчалык убараланып карап, дарылаган менен Рапия өзү басып кадимкидей болуп калган кезде жакшынакай туруп эле заматта көзү бозоруп, башы айанып барып көзү көрбөй калды. Бул кезде Шайгүл үйүнө кеткен эле. Ал ортодо Шайгүл Калмураттардын үйүндө болду. Аны көргөн Айсалкын жадырап жайнап тозуп алып дасторкон жайып чай койду. Канчалык улуу адам болсо да акыл болбосо анын алдында адамгерчилик, адамдык сапат жогору болсо баарын жеңет эмеспи. Айсалкын Шайгүлдү сыйлап аны врач катары кабыл алды.- Кызым, - деди Шайгүл, - Бу Рапиянын эки уулу бар тура, жүрөгүңдү оорутуп берген суроом үчүн кечирим сйрайм, ал мага ошол уулунун улуусу кызы менен баш кошуп алганда өлөйүн деп кулап ушул абалга келгенин айтты эле, мүмкүн болсо алар эмне болду, айтып бере аласыңбы?- Эже… эже ал уулубуз аны билип калып өзүн өзү асып алган, мына жыл айланайын деп калды, - Айсалкын ыйлап жиберди, - ошондой, эже.. Айсалкын болгонун болгондой кылып баарын төкпөй чачпай айтып бергенде Шайгүл да токтоно албай ыйлап отурду: "Байкушум ай, эми эмне болоор экен, куурагыр ай, куурайсың го, жок, жок эч нерсе айтпашым керек" деген чечимге келип, Айсалкын менен жылуу коштошту да жөнөп кетти, Шайгүл келгенде Рапия солуп жаткан болчу. Шайгүлдүн үнүн уга калып ордунан козголуп:- Келдиңизби, кандай жаңылык бар, Рустамым аман бекен, ал эмне келбей атыптыр? - деп шашкалактап сурап ийди.- Эч кабатыр болбо, аман-эсен эле экен, болгону ал сага таарынып келбейм деп коюптур, алыскы Якутияга иштеп кеткен тура, ал эми Сезимге эч нерсе айтпай коюшуптур, ал Рустамдын айтпай кетип калганына капа болуп ооруп айыгыптыр.- Олда кудай ай!!! - деп эчкирип жиберди Рапия, - менин жаным таттуу болду го, өмүрүм узун болуп жаралганымды кара, ушундан көрө өлгөнүм жакшы эле го?!- Койчу кызым, кыйынчылыктын баары артта калды, минтип бутуң басып кадимкидей болуп баратасың, көп кейий бербе, кайгырган менен ордуна келбейт.- Менин шорум көп экен го?! - Рапия көзүнүн көрбөй калганын Шайгүлгө айтпады.- Антпе кызым, денсоолугуңду тиле, - Шайгүл менен Рапия сүйлөшүп жатканда Таалайкүл келди да:- Тамактанып алгыла, - деди экөөнү карай. Шайгүл алдыга чыга берди, Рапия бозомуктап көргөн көзү менен эптеп ордунан туруп аста басып болжолдоп чыгып ички үйгө кирип отурду. Ал азыр караңгы түн баскан өмүрүн тобокелге салып эч кимге билгизбөөгө аракеттенип жатты. Бирок ал бозоруп бүдөмүк көргөндүктөн алдындагы чыныны көрбөй сыйпалап алып нанга колун узатып таппай отурганда Шайгүл чоочуп:- Сага эмне болду, кызым? - деп сурап ийди.- Эч нерсе, бир азаптан кутулсам экинчиси тооруп туруп алды, көзүм бүдөмүктөп атат.- Койчу, чын элеби? - Шайгүл бая күнү Сезимдин айтканын укканы менен көңүлүнө алган эмес, ушул азыр кенедей кыздын айтканын эстеп: "чунак кыз десе, алдын ала билгенин кара, эми эмне болот кокуйгүн?" деп ичинен зыркырап үнсүз отуруп калды. Таалайкүл сөзгө аралашкан жок. Анткени ал азыр баягыдай ажылдабай калган. Тамак ашынын баарын белендеп алып келип атканга кымылдап колунан келгенин жасап жатканы ошондон. Камчы болсо Сезим келип Рапияны өзү карай баштаганда бир койду союп этин илип койгон эле. "Ал Рапиянын басып калганына кубанып жүрдү. Эми минтип көзү карайлап калганын укса ал дагы кейип ага боору ооруйт го?" деп Таалайкүл ичинен күйөөсүн аяп койду.Ошентип күндөр аккан суудай ала салып өтө берди. Рапия эми буту баскан менен көзү бозоруп анча көрбөй отуруп калды.***Руслан уулдуу болуп Калмурат менен Айсалкын шаарга Изатты ээрчитип алып барып калышты. Чоң-ата, чоң-эне небересинин атын ырыстуу бала болсун дешип Ырсбек коюшту. Коңшуларын чакырып жээнтек беришти. Зууракандын колун сууга салдырбай Изат же Айсалкын экөө кезектешип жалаяктарын жууп турушат. Изат болсо кичинекей наристеге ыктап аны колунан түшүрбөй алып көтөрүп кечке эрмеги ошол. Руслан жумуштан келип ата-энеси менен чай ичип отуруп бактылуу үйбүлөө өздөрүнчө бакылдап отурушуп бир кезде сөз Рапия жөнүндө уланды.- Руслан, апаң басып калыптыр, аны Сезим өзү дарылап бастырган тура, мага врач аял келип айтып кетти.- Баскан дурус, дечи, Сезим аны билет бекен же?- Анысын билбейм, врач менден Рустам жөнүндө сураганынан баарын ачык айтып бердим, - Айсалкын Русланды карап: "Эмне дээр экен" дегендей сөзүн улады, - дагы бир барып акыбалын көрүп же бир аз күн үйүңө алып келип коноктоп койсоң жакшы болот беле, уулум.- Азыр колум бошобойт, силер кетсеңер Зууракан да жалгыз калат анан кантип барам, басып калса болуптур, бир күнү барабыз да.- Жок, балам, сөзсүз барып турушуң керек, сен деген анын таянар тоосусуң билсең, силер каттап турсаңар ага ошончолук дем болот.- Ошону убагында сезсе болмок, дагы сиз экенсиз, башка бирөө болсо сизчилеп бар, бар демек турсун табаламак, сизге абдан ыраазымын, апаке! - Руслан Айсалкынды эркелей кучактап өөп койду.- Кыйын учурда табалаган адамгерчилик эмес да уулум, анын ошол абалын көргөн кандай гана адам болбосун ушундай кылмак деп ойлойм.- Эч кандай антмек эмес, ал сиздин чексиз мээримиңиз. - Ким билет уулум, эне баланы бир бирине жоолаштырып, бир биринен алыстатып коюга мен чыдай албайм.- Алтыным апам, сиз болбосоңуз мен ага окшогон энеден алда качан кечип койгон элем, бирок сиздин сөзүңүздү укпай коюга акым жок!- Ыраазымын садага. - Эне бала андан кийин да көпкө чейин кобурашып кичинекей наристени эркелетип алмак, салмак алып отурушуп анан жатууга кам урушту.- Биз эртең жолго чыгалы, барбасак болбойт. -Айсалкын ушуну менен сөз бүттү дегендей ордунан туруп сыртка жөндү.Негедир Изат улам чоңойгон сайын кыял жоругу, баскан турганы Калыбектин өзү болуп баратты, муну сезген Айсалкын ичинен: "кудая тоб-оо, ушунча да окшош болот экен, Калмураттын бир жерине да окшобойт" деп ойлонуп "Калмурат ушуну сезип койбосо экен, эгер билсе урушуп дагы бир балээни баштайт" деп сар санаага батып коркуп да кетчү болду. Бирок Калмурат байкайбы, байкабайбы белгисиз. Изатты өз кызы катары эле жакшы көрүп эрке кылып өзү каалагандай өстүрүүдө.***Адам баласы жамандыкты да жүрөгү менен сезип, үмүт менен жашап улам алдынан жакшылыктын шооласы көрүнүп кыялданып үмүткө жетеленип жашайт эмеспи. Анын сыңаары Рапия да көзү мунарыктап, күүгүмдөнүп баратканына карабай үмүткө жетеленип баратты. Шайгүл аны кийинки келгенинде шаарга алып кетти. Үйүнө алып келип душка түшүрүп анан көз доктуруна көрсөтүүнү чечти. Эртеси өзү ээрчип врачка алып барганда ага врач буларды айтты:- Шайгүл Бокойова, тезинен операция жасоо керек.- Болуптур, бүгүн эле киришсек кантет?- Үч күндөн кийин жасайбыз, ага чейин операцияга даярдаш керек, азыр үчүнчү палатага жаткызып коюңуз.- Жакшы болот, Сонун Дегенбаевна. - Даярдана бериңиз.- Жакшы калыңыз Сонун Дегенбаевна. - Жакшы барыңыз, Шайгүл Бокойова.Шайгүл Рапияны ооруканага жаткызып коюп үйүнө кетти. Анын негедир көңүлү жайлана түштү: "баары жакшы болуп калса анын өзүмдүн кызым экенин сөзсүз айтып балдарыма тааныштырам, эмне десе ошол десин, Султанга да түшүндүрөм" деп үйүн көздөй кетип баратты. Үйүнө келсе конок келип калган экен, эң кичүү уулу Болоттун туулган күнү эле, карбаластап Рапия менен жүрүп аны да эсинен чыгарып коюптур.Бул учурда Рапия палатада бир аз жатты да жанындагы кыздын жардамы менен сыртка чыкты да "чоң жолго барчу жакка алып барып таштап кой" деп суранды. Бирок ал болгон жок. Кайра ээрчишип киришти да кечки тамакты ичип жатып калышты. Үч күнгө чейин Шайгүл келе албады, конокторун жөнөтүп Султан менен сүйлөшүү үчүн убакыт таппай кыйнала берди. Бирок тагдырдын буйругу кыйын эмеспи, алдын ала эмне болоорун адам баласы кайдан билмек. Конокторун узатып коюп бир аз кызымтал болуп калган Султан заматта кан басымы жогорулап "тез жардам" менен ооруканага жеткирилди. Бирок канчалык карап укол куйганга карабай түн ичинде көз жумуп кете берди. Бир үйбүлөө кайгынын кара түнүн жамынып кала беришти. Мээге кан куюлуп кеткен дешти врачтар. Ошентип Шайгүл ооруканага бара албай калды. Рапиянын көзүн операцияга эч ким даярдаган жок: "ал жок, бул жок, операцияга төлөш керек" деген шылтоолор менен кечигип жатты. Ооруканага келгенден бери сыртка чыгып кирип акырындап көнүп калган Рапия бир күнү чыгып алып баш оогон жакка кете берди, бүдөмүктөп көргөн көзү менен эптеп жолду таап караандарды ээрчий кетип жатып карайган чоң түп даракты сүзүп алып чалкасынан түштү эле аны көргөндөр: "мас тура, жолдо жүргөн селсаяктардын биридир" деп карап коюп өтүп жатты. Эсине келген Рапия: "деги кудай мени албады, машинага урунуп өлөйүн десем чоң жолго жетпейм, бул бактын ичи окшойт, эптеп бирөөнү чоң жолго жеткирип кой дейин" деп ордунан туруп эки жакты абайлап караса түн кирип эч нерсе көрүнбөдү. Ал ошол бойдон эч жакка жыла албай жатып калды. Эртеси эртең менне ордунан теңселе туруп өтүп бараткандарды карай:- Айланайындар, машина өтчү жолго жеткирип койгулачы, көзүм көрбөйт, кечээтен бери ушул жерде отурам-деди ыйламсырай. Өтүп бараткан эки жаш жигит ага жакын келди да абайлап карап көрүп:- Кайда барат элеңиз?-деп сурады бири.- Жолго жетсем эптеп бирдеме жалмалап кардымды тойгузат элем, - Рапия калп айтты. Ал өлүмгө шашып жатканын аларга кайдан айтмак, анын үстүнө айткан менен алар болмокпу.- Эч кимиңиз жокбу? - бириси боору ооруй сурап калды. Анткени: "бул татынакай аялдын көзү көрбөсө да жакындары бар чыгаар?" деген ойдо сураган эле.- Жок айланайын, караарым жок, эптеп күн көрүп жүрөм, - Ал чын дилинен айтты, аңгыча зуулдап аркы, терки өткөн машиналардын үнү угулуп чоң жолго да келип калышты. Балдар абайлап Рапияны жолдон өткөрүп коюп жолго түштү. Рапия алардын кеткен караанын карап туруп анан кайра артка басып баратты… Бир, ки, үч, төрт жан таттуулугун кара, негедир Рапия көзүн жумуп жиберди, эми бир аттаса тигил жулунуп келаткан машина заматта устукандап койот, беш… Кы-ыйч эткен машинанын үнү угулуп: "Энөнеңди алкаш, жаныңдан кечсең тиякка барып өл, сенин азабыңды тартаар абалым жок!" деп күрсүйгөн эме ачуулуу машинасын токтотуп түшүп келди да Рапияны түртүп жиберди, жок ал анча түртпөдү, оорудан жаңы айыккан, дарманы жок Рапия ошого туруштук бере албай көмөрөсүнөн жыгылып кетти эле жол жээгиндеги цементке башы тийип заматта кан жайылып кетти. Аны көргөн шоопур кайра чоочуп кетти, ары бери өткөн эл үймөлөктөп калды эле бирөө:- Капырай, өлүп калып жүрбөсүн, өйдө кылып койбойсуңарбы! - деди эле эки үч аял аны кийиминен тартып өйдө кылганда чекеси катуу жарылып кан токтобой турду. Аны көрүп шоопур дароо машинасын айдап качып кетти. Бир кезде тургандардын бири:- Жанагы түртүп ийген шоопур кана, өзү жеткирсин, - деп эки жагын, жолдун боюн караса машина да шоопур да жок болуп чыкты. Өзүнүн сырткы күрмөсүн чечип айрып чекесин таңып коюшту да эсине келген Рапиядан сурай башташты.- Ичкен түрүң көрүнбөйт, эмне болуп тигил киши сөгүп түртүп жүрөт?- Көзүм көрбөйт, жолго чыгып алганмын го, ошон үчүн…- Алдаа кокуй күн ай-йя, ошондой дейм да - деп бир аял тамшанып алды, -ичкен болсо билинет эле го, бечара ая!- Кай жакка барат элеңиз? - бирөөсү сурап калды.- Баррар жерим жок, эптеп күн көрүп жүрөм.- Катыгүн ай, жамана болгон тура, жанагы карылар үйү бар го ботом, бирөө жарымыңар билсеңер соопчулукка жеткирип койсоңор боло.- Билбейбиз, - дешип эки, үчөө басып кетти. Рапия үндөгөн жок. Ал дагы таң калып жатты; "ушунчалык жаным бекемби, эмнеге мен өлбөйм, же тигил дүйнөгө дагы менин керегим жокпу?" деп ойлонуп отуруп калды. Маңдайы какшатып ооруп жатты, канаганы токтогон менен сызылып суу чыгып жан кейите ооруганда чыдабай кетти. Анын үстүнө кечээ ушул учурда ичкен бойдон карды ачып ичи эңшерилип турган.Ооба, ал эми өлүмдү биротоло эстегиси келбей калды, азыр ал эптеп бирдеме жалмалагысы келип турду: "Ой тоб-боо, мен чындап эле тирүүнүн тозогуна кабылдым, өлгөндөн кийин ким билет, мен өз жазамды өтөп жатам, бул менин тагдырым, мен эми өлбөйм, жашоого умтулушум керек!" деп алды ал кайраттана. Ал жолдун боюнда отуруп калганда үймөлөктөшкөн элдин баары тарап жалгыз калды. Ары өткөн, бери өткөндөрдүн кээ бирөөлөрү анын колуна бир сомдон карматып кетип жатышты. Ошентип ал күнү Ош базарынын бир четиндеги жол боюнда өскөн дарактын түбүндө калды эле түн бир оокумда эки үч мас келип анын чыркырап жардам сураганына карабай жулмалап моокумдары канган соң эсин оодарып коюп басып кетишти. Рапия эртеси түшкө чейин ордунан козголо алган жок. Аттиң дүйнө, адам деген эмине болуп баратат? Көчөбү, талаабы бир бирине аша берген макулук болсо бир жөн, адамдык касиетин жоготуп бир мүнөттүк кумар үчүн бечара байкушту жулмалаган эркек сөрөйлөрдү кантип адам деп айтабыз катыгүн? Анын түшкө чейин козголбой жатканын көргөн милиция кызматкерлери жанына барып таяктын учу менен түртүп көрдү эле көзү жылтырап ачыла түштү. Маңдайы шишип көзү көрүнбөй калган, ал турсун таңган чүпүрөктөн сарыккан кан жаагына, агып катып калыптыр. "Тирүү тура" деген кызыл шапке жигит ары басып кетти. Эгер өлгөн болсо бир чара көрүп "тез жардам" менен өлүкканага жеткирип таштамак. Тирүү, айбан эмес адам жапайыдан жабыркап алсыз жаткан бечарага жардам берүү анын оюна да келбеди. Рапия козголбоду, өзү күткөн өлүмдүн жакындап келатканына абдан сүйүндү, дилинде күлкүсү келди, өлгүм келгенде өлбөдүм эле, эми, өлгүм келбей калганда… деп каткырып жиберди ал, бирок анын үнү чыккан жок… Чындап эле өлүп баратты…Шайгүлгө Сонун Дегенбаева келип болгонун болгондой айтты.- Өзү кантип калганын билбейм, чыгып кетиптир, эки жакты издеп таппадык.- Кайда кетти экен, кантип издейм эми, күйөөм өлүп отурса көчөдө жүрсөм эл эмне дейт, көзү көрбөгөн неме бирдемеге урунуп алса…- Эмнеге кетип калганына түшүнбөйм, бир аз күндөн кийин сиздин катышууңуз менен операция жасасак көзү көрүп калат эле.- Издешим керек!-Шайгүл өзүнчө сүйлөнүп алды да ордунан турду, -Кай жактан издешим керек? - деп ойлонуп Сонун Дегенбаеваны узатып кайра үйгө кирди эле улуу баласы келип калды. Бир аз отургандан кийин:- Сиздин баягы чолок оорулууңузду бүгүн бирөө түртүп жиберген экен, башы жарылып канжалаган бойдон калды, мен аны таанып калып баса бердим, - деп калбаспы.- Кайдан, кайсы жерден көрдүң? - Шайгүл шашкалактап сурап ийди.- Ой мама, аны эмне кыласыз, ал эмгиче өлгөн болуш керек, чекеси жарылып кеткен.- Өлбөйт, ал-сенин эжең! - Шайгүл өзүнүн оозунан чыккан сөздү байкабай да калды.- Эмне дейсиз? - баласы көздөрүн чоң ача апасын таңыркай карап калды. Шайгүл: "эми баары" бүттү дегендей:- Ооба, ошол дегеним, ал менин мурунку күйөөмөн төрөлгөн кыз болчу!- Ушунча жыл айтпай эмнеге жашырып жүрдүңүз эле, калп айтпаңызчы, атам да билчү беле?- Атаң билсе баягыда эле айтпайт белем, билчү эмес, олдо кудай аа-ай, ал ошентип өлүп калабы, жок, жок, издейм, аны таап келем! - Шайгүл кечке маал үстүнө халатын жамынып сыртка чыкты. Бул учур кызыл шапке карап кеткен убак болчу. Шайгүлдү баласы үн дебей ээрчип жөнөдү. Экөө маршрутка менен кечээги Рапия жыгылган жерге келишти. Жерде уюган кан карайып калыптыр. Бир топ эле аккандай түрү бар. Аны көргөн Шайгүлдүн жүрөгү шуу этти: "моргдордон караш керек!" деп ары көздөй бурула бергенде он, он беш кадам арыраактан бирөөнүн жатканын көрүп жүгүрүп жетти. Рапия ачкалыктан, жараттын оордугунан эти ысып эч нерсе сезбей жаткан эле. Заматта такси кармап келген баласы аны кармашкандан жийркенип турду: "Ушуну кызым деп апам алжып калган го, кантип эле ушул биздин эжебиз болсун". Канткен менен көтөрүп так#### салды. Таксист:- Бул эмне бир демеңер болобу? - дегенде Шайгүлдөн мурун баласы:- Эч кандай эч кимибиз эмес, апам врач, боору ооруп ооруканага жеткирип койолу деп эле…- Оо, эжем сооп издеп жүргөн тура, туура кыласыз, бул заманда бирин бири өлтүрүп жатса да карабай өз адамдар өз парзын билбей өтө берет тура.
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:08 » Билдирүү # 11
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
- Туура айтасыз.Аңгыча ооруканага келип калышты. Рапиянын кийим-кечесин которуп Шайгүл түнү менен жанында отурду. Каткан кандарын жылуу суу менен жууп, жаратына дары сайып таңды да тамырын кармап көрдү. Алсыз согуп жаткан тамырын көрүп Шайгүл чоочуп кетти: "өлүп калбаса болду, али үмүт бар" деген ойдо кайнак суудан алып келип кашык менен оозуна куюп кирди. Ошондо анын тамагынан "кылк" деп сууну жутканын көргөндө Шайгүл кубанып ыйлап алды; "байкушум ай, азап жедиң го, эми сенин жаныңдан чыкпай кайтарам" деп ойлоп, андан карегин албай карап отура берди. Түн бир оокумда баласы Болот келип "алып кетем" дегенде болбой койду, "али эсине келе элек, өзүнө келип калса анан барам" деп баласын жөнтүп жиберди. Шайгүл Рапиянын керебетинин жанында отурган бойдон уктап калды. Таң агарганда көзүн ачып, керебеттин этегине башын коюп уктап калганын көрүп чоочуп кетти. Ордунан туруп ажатканага барып келди да Рапиянын жанына келип карады эле этинин ысыганы түшүп калыптыр.Ал бир аз отуруп анан дагы суу тамчылатты оозуна. Арадан бир сааттай убакыт өткөндө Рапия кыңкыстай баштады да көздөрүн ачып:- Суу, -дегенге жарады. Шайгүл анын башын өйдө көтөрүп оозуна чыны менен суу ууртатты да:- Тынч жат, сага кыймылдоого болбойт. - деп эки жагын кымтылап коюп сыртка чыкты.Врачтар Рапияны "баш сөөгүнө жаракат кеткен, көп сүйлөгөнгө болбойт, кыймылдатпагыла" деп Шайгүлгө эскертти. Ал кайрадан санааркап: "баш сөөгүнө жаракат кетсе же өлүп калышы мүмкүн же жинди болуп калышы күмөн, демек коркунучтуу" деп күнү түнү жанынан кетпей карап жатты. Балдарына Шайгүлдүн кайдагы бир жолдо жүргөн аялды "кызым" дегени жаңылык болуп ишенип ишенбей аргасыз ооруканага тамак өтө көңүлүндө калган жүрөк ооруткан армандуу мезгили экинчи жолу кайталанып ушул азыркысы өмүрүн алып тынчудай сезилет өзүнө. Анткени Нуржигит дайынсыз кетип анан мунжу болгон кезде жолукканда күнү түнү ыйлап өмүрүндө бир келген бактысы талкаланып жашоосу бүткөндөй баарынан кечкен кезинде дал ушундай азап тарткан эле. Эмичи; "аруу сүйүүмдөн жаралган Аруукемди эми таап маңдай тескей отруп баарлашып чайлаша албадык, азаптуу күндөрдө жолугуп же дартына дабаа табалбай тирүүлөй кыйналдым" деп бир түндө чачы агарып жүзүнө бырыш түшүп, дурустап тамак иче албай күнү, түнү санаа тартып жатты.***Ишенбектин жашоосунда өзгөрүү болуп аялы менен такыр келише албай акыры ичип кетти. Кымбат балдары үйлүү жайлуу, очор-бачар болуп калган кезде сүйдүм, күйдүм деп кызматчы адам менен жүрүп алып Ишенбек менен иши да болбой калды. Ушул Сезимдин айынан бир үйбүлөө жабыр тартты. Балдары канчалык аларды бириктирүүгө аракет кылса да болбоду. Ишенбек кээде үйүнө келсе кээде келбей "досторунун" үйүнө түнөп калып бара бара анын бомждан айырмасы болбой калды. Камбаттын балдарына берген жообу: "атаңар бир кезде мени таштап коюп шаарда иштеп жатам деп аял алып алган, мен билсем да билмексен болуп силерди чоңойттум, эми силер өз оокатыңарды кылгыла, мага киришпегиле" деп үйдөн чыгып кеткен. Сезим бир үйдө жалгыз калды, эч ким менен иши да жок же өлүүсү же тирүүсү билинбей бир айдан бери жатат, ажатканага барып кайра келгени болбосо ал үйдө эч ким жашабагандай жымжырт. Сезимдин кантип жашап жатканы менен кабардар болгон жан жок. Анда-санда гана чоочун адамдар кирип чыкканы болбосо ал үйдө эч ким каттабай калган. Ишенбек бир күнү келсе Сезим кадимкисиндей болуп аппак көйнөгүн кийип ак жоолугун салынып алып теспе тартып отурган. Ишенбек босогодо көзүн бардап, бардап ачып нез болгондой туруп калды. Сезим өзүн бул дүйнөдө жоктой сезип, Ишенбектин келгени менен иши жок отура берди: "Кагылайын кызым ай энеңдин эле өзү болгон турбайсыңбы, сенин айыңдан баарынан ажырадым, аман бол садага!" деп турган жеринде көзүнө жаш алып теңселип турду.Бирин, серин кирип чыккандарды Сезим тик багып карап да койбойт, болгону:- Отуруңуз, - дейт да келген себебин айтып кирет, келген адам таң калып:- Кантип билдиңиз? - деп кайра өзүнө суроо берет.- Унчукпай отуруңуз, - дейт да болгонун болгондой айтып берип, - бара берсеңиз болот, - деп калыбынан жазбай отура берет. Келген адам кадимки ыйык адамдай ага ийиле сый көрсөтө берчүсүн астына коюп чыгып кетет. Керээлден кечке келген адамдарды көргөн Сезим кечке маал сулк жатып калат. Ишенбек негедир Сезимдин адам көрүп кайрадан өз калыбына келгенине кубанып өзүн өзү токтотуп ичпей эле кадимкисиндей болуп оңоло баштады. Ошентип, кубанып жай турмуш уланып баратты. Ишенбектин балдары кээде келип ал абалын билип Ишенбектин ичпей калганына кубанып кетип жатышты. Кымбат болсо карыганда келген сүйүүнүн кулу болуп же балдарына же Ишенбекке келбей дайынсыз жоголду. Сезим бара бара кадимкисиндей болуп үй оокаттарын жасай баштады, бирок ага көрүнгөнү келген эл аны бошотпойт. Күн санап анын аты угулуп кайрадан кезекке тура баштады. Анткени Сезим Рапияны дарылаганы кеткенде элдин аягы сууп калган эле. Айтканы айткандай келген Сезимге элдин ишеничи артып атайы ага көрүнгөнү келгендери да сынап келгени да бар, бирок ал аты жөнүн же эмнеге келгени сурап койбой өткөндү жана алдыда болор тагдырын да айтып бергенде сынап келгендер уялып кете берчү. Бир жолу ага депутаттын жаш аялы атайы сынаганы келди эле ал:- Сиз эмнеге мындай ой менен келгенсиз, өз турмушуңуз да ойдогудай эмес экен, ал эми күйөөңүз сиз үчүн күч келгенде туруп бере албайт, ал сиздин жаштыгыңыз менен сулуулугуңуз үчүн гана жашап жүрөт, сиздин тагдырыңыз өтө кооптуу, бир кезде өз ордуңузду табуу кыйын болуп калат, андан көрө ушул баштан түбөлүк жар издеңиз! - деди да анын берген акчасын албай; - Эмки келгенде бересиз, азыр бара бериңиз, дегенде уялганынан кызарып эч сөз сүйлөй албай чыгып кеткен эле.Рапиянын жарааты бүтүп калганы менен өзүнө келе албай жатты. Шайгүл кадимкидей карып кетти. Эң кичүүсү Болот ага келип:- Мама, эс албасаңыз болбойт го, карачы түрүңүздү, абдан чарчагандай болуп турасыз, оорулуу жакшы болуп калган тура, эми калганын врачтар өздөрү карай берет, - деди эле ал ага болгон жок.- Жок балам, али жакшы боло элек, айкканда үйгө алып кетем.- Кызык, карыганда ушундай карыйбы адам же папамдын күйүтүнө чыдай албай ар кайсыны сүйлөй баштадыңызбы? - Уулу таңдана энеси карады.- Ооба, менде толгон токой күйүт бар, мына бул аял менин оюмдан түк кетпей кыйнап келген оору эле, эми көз алдымда минтип ооруп жатканы ошол жарамды ырбатып баратат, чоңойдуңар, жашооңор жаман эмес, мени оюмдан түк кетпей кыйнап келген оору эле, эми көз алдымда минтип ооруп жатканымы коюп өз күнүңөрдү көргүлө каралдым… - Шайгүл ыйлай албай буулугуп сөзүнүн артын айтууга чамасы келбей токтотту.- Мама, сиз биз үчүн да керексиз, ооруп калбаңыз, ошол эле керек болсо мен деле карап турайын, сиз үйгө барып эс алыңыз.- Баралбайм уулум, барбайм, качан ушунун өзүнө келип сүйлөп калганын көрүп анан эс алам.- Болуптур, - Болот таарынып чыгып кетти. Ал кетип жатып: "бул аял өлүп калса кошо өлбөгөндөй эле, түрүн кара, анысы өлүм алдында жатса өзү да өңдөн кетип оорулудай болуп калыптыр" деп ойлонду да басып кетти.Бирок Рапия күндөн күнгө сакайганы менен сүйлөбөй калды, көзү да көрбөй биротоло майып болуп калды. Шайгүл аны үйүнө чыгарып барып, жакшылап бага баштады. Балдары чогулуп келип апасынын көңүлү үчүн көрүп кетишти. Рапия азыр алсыз эле ошондуктан анын көзүн азырынча операция жасаганды токтотуп коюп жакшылап кароого өттү. Оору багуу кандай гана азап, кандай оор, жетимишке чукулдап калган аял көзү көрбөгөн, сүйлөбөгөн адамды багууда кыйналды бирок ага кейиген жок. Өкүнүп жатты: "ачка калып өлүп баратсам да, ата-энем өлтүрүп койот деп корксом да өзүм бакканда болмок экен, мынчалык болбос беле…" деп басса турса ойлонуп бир кезде орус кемпирдин битиринде жаш төрөлгөн кызы менен өткөргөн аз өмүрүн эсине салды…***Рапия жаңы эле "роддомдон" чыгып келген. Ошол учурда ал жалгыз болчу. Орус кемпир жалгыз уулунукуна россияга кетип келе элек болчу. Рапия кызын бооруна кысып Нуржигиттин оор тагдырын, анын өлүмүн эстеп жата берет. Бир күнү анын тамак ашы түгөндү, кемпирдин муздаткычында да эч нерсе калбаптыр. Улам суудан жутуп коюп бир күн өттү. Эртеси суу иче бергенге шишип калыптыр, ымыркайы да ыйлап эмчекке тойбой какылдайт. Аргасы кеткенде кызын көтөрүп алып иштеген жерине барып "декрет" айлыгын сураганы үйдөн чыгып кетип жатып көзү караңгылап жолго жыгылып калды. Ары өткөн бери өткөн элдер аны тегеректеп калышты.- Баласы бар неме ичпей эле койбойбу, - бириси жактырбагандай үн катты.- Мастай көрүнбөйт, ооруп калган го, "тез жардам" керек окшойт, - деп бири айтканда Шайгүл:- Жок, жок жөн койгула, бир аз башым айланып эле…-ордунан туруп кызын кучактап өйдө болууга аракет кылганда тургандардын бирөөсү сүйөп тургузуп койду. Шайгүл жарданган элге "ачкамын" деп кайдан айтмак.- Өзүң ооруп турсаң, жаш балаң болсо жолго чыкпай эле койсоңор болмок экен, - бир аял аны боор ооруй карады. Сенделип баратып эсине бир кезде чогуу окуган группалаш кызын эстеди. Ал шаарда ата-энеси сатып берген үйдө жашачу. Чындыгында намысы ага алып бармак эмес, бирок аргасыз кичинекей жетим наристеси үчүн жашоону, аны аман-эсен алып калууну ойлоп ага барууга туура келди. Ошол эле күнү кечинде ал өзү билген дарек боюнча аны таап алды. Шайгүлдү көргөн Роза эшикти ачып эле сүйүнүп кетти:- Оо-ой кандайсың, келгениң жакшы болбодубу, - деп Шайгүлдүн колундагы ымыркайды ала койду, - кир үйгө, - анан шыбарай мындай деди бактылуу жылмая, - Үйдө аяшың бар.- Ийи-ии, - дегенге зорго жараган Шайгүл ичкериге кирип баратып эле токтоп калды. Анын маңдайында студент кезинде өзүнө кат жазып жүрөгүн тартуулап жүгүрүп жүргөн Сагынбек турган эле. Шайгүл анын каттарына жооп бербей, алдынан чыкса кагып коюп Нуржигитти таап алгандан кийин аргасыз калып калган эле. Шайгүл келээрин келип алып же чыгып кете албай же калп болсо да күлүп учураша албай мостоюп туруп калганда кичинекей наристени ички бөлмөгө жаткырып чыккан Роза:- Эмнеге туруп калдың Шайгүл, өт, өйдө, - анан күйөөсүнө карап тааныштырып кирди:- Бул менин күйөөм, ал эми бул сулуу менин бирге окуган группалаш, сырдаш кызым Шайгүл, - Шайгүлдү карай жылмая аны колтуктай төргө өткөрдү.- Аа-аа келиңиз, мен тааныйм бул сулууну, Нуржигит деген жигитин да таанычумун. - Сагынбек Шайгүл менен кол алышып учурашты. Шайгүл колун сунуп жылмайып койду.Ал азыр ачкалыктан алсырап турган.- Сен ооруп турасыңбы? - Роза Шайгүлдү үрпөйө карады.- Ооба, жаңы эле чыккам, анан… - ок сүйлөй албай мукактана калды, - анан жаш балам менен квартирадан кыйналып…- Нуржигит кайда? - Сагынбек сөзгө аралашты.- Ал… ал жок.- Койчу Сагынбек, ооруп турган эмени суракка албай, жайыраак сүйлөшөбүз, кел төшөккө кыңкайып турчу, мен чай алып келе койоюн. - Роза Сагынбек менен Шайгүлдү жылмая карап кухняга чыгып кетти.- Жаш төрөгөн аялын, ымыркай баласын жалгыз таштап беймарал жүргөн жигиттин кандай зарыл иши бар болду экен ээ, эгер менин чүрөктөй аялым болсо, минтип балалуу болуп жатсам жарым карыш жылмак эмесмин! - Сагынбек ойлуу ары бери басып тамекисин түтөтүп жатканда Шайгүл капысынан үн катты.- Эгер ал тирүү болсо мен да мында келмек эмесмин, тагдыр деген ушундай экен да!- Эмне, ал өлүп калды беле? - Сагынбек Шайгүлдү ишенбегендей карады.- Ооба, ал өлүп калган!-Ушул учурда дасторкон көтөрүп кирип келаткан Роза алардын сөзүн угуп калды.- Кимди айтып жатасың Шайгүл, ким өлүп калды эле?- Нуржигит.- Ий жаман болгон тура.- Кечирип кой Шайгүл, орунсуз берген суроом үчүн кечирим сурайм.- Эч нерсе эмес, - Шайгүл улутуна отуруп калды. Үчөө үнсүз отуруп чай ичишти. Шайгүл үч күндөн бери наар албаганга жарытып иче албады, ага азыр бир сындырым нан да көптүк кылмак. Роза жан алы калбай тамак ашын жасап Шайгүлдү коноктоп "ич, же" деп жатты. Бир аз сүт ичкенге кичинекей Арууке да көшүлүп уйкуга кирди. Бир топтон кийин тамак аштан аз аздап ичип өзүнө келген Шайгүл Нуржигиттин тагдырын айтып ыйлап отурду. Аргасыз ата-энесине да дарегин билгизбей жүргөнүн да жашырган жок. Роза менен Сагынбек чын дилинен кейип Шайгүлдүн көңүлүн жубатып кайрат айтып отурушту. Ошентип Шайгүл Розанын үйүндө кетип кечинде келет. Шайгүл алардын үйүнө кечке Аруукеси менен калып аз аздап оңолуп калды. Роза болсо аны аяп: "Жаш төрөгөн аял жакшы тыңыбаса оорукчан болуп калат, жумуш жасабай эле кой, өзүңө кара" дегенине карабай колу бошой калганда анча мынча жумуштарын жасап коюп жүрдү. Роза бир күнү жушмушунан ары конокко кетип Сагынбек өзү келди. Ал бир бөтөлкө коньяк менен шампанский көтөрө келиптир.- Шайгүл, - деди ал, - Мен сени кандай сүйөөрүмдү билесиң, али да менин сүйүүм өчө элек.- Сагынбек, ал убак өткөн, унутулган, жаркылдаган жаш алган жарың туруп ушуну сүйлөгөнүң уят.- Ха, ха, ха, мен Роза менен үйлөнбөйм, уктуңбу? Мен аны сүйбөйм, жөн гана жашап жүрөм.- Уятсыз, - Шайгүл ары басып кетээрде Сагынбек аны колдон ала күч менен өзүнө тартып кучактап калды: - Уятсыз, ушул кантип болсун, Роза көрсө эмне дейт, арам ойлуу турбайсыңбы! - Шайгүл, мен сени сүйөм, билесиңби мен сенин артыңдан канча чуркаганымды. - Калп, Розаны дагы сүйөм деп анан ушул жерде жүрөсүңбү же сүйөм деп айткан жоксуңбу?! Койо бер!-Шайгүл ызаалуу карады.- Убактылуу эле жашап жүрөм Шайгүл, отурсаң, жайыраак сүйлөшөөлү. - Отурбайм, менин сени менен сүйлөшө турган сөзүм жок, койо бер сыйың менен, мен эртеңден баштап бул жерден кетем, сенин мындай кылаарыңды билгенде бир мүнөт турбайт элем.- Антпечи жаным, сен кетсең мен кошо кетем, эми сенден жарым карыш калбайм, уктуңбу карыш калбайм!?- Сен эмне деп жатасың, эсиңе келчи Сагынбек, мен деген жубанмын, балам бар, арам оюңдан кайт, Роза укпасын. - Шайгүл Сагынбектин кучагынан бошонуп кызы жаткан бөлмөгө кирип ыйлап жатты."Эмнеге менин тагдырым ушундай болуп жаралдым, тырмактай кызым менен кайда барып батам, ата-энеме барсам эмне дешет?" Эшикти ичинен илип алып ыйлап отурган Шайгүл кызын кучактап жатып уктап кеткен экен, каалга такылдаганда чоочуп ойгонуп кетти. Аңгыча Розанын үнү угулду:- Шайгүл, ээ Шайгүл уктап калдыңбы, тур тамактанып ал,- Азыр, - Шайгүл ордунан туруп ойлонуп отуруп калды: "эмне кылсам, Розага ачык эле айтсамбы, ал мага түшүнөбү?" деп ойлонгуча Роза кирип:- Сага эмне болду, кызың менен кыйналып жатасыңбы, жүрү тамактанып ал, мен азыр эле келдим, Сагынбек тамак жасап коюптур.- Кыйналбай эле, баланы уктатам деп кошо уктап калыпман. Экөө ээрчишип ашканага кирип столго отурганда Сагынбек:- Роза, шкафта коньяк менен шампанский бар, алып келчи, бүгүн бир майрамдап койолу.- Сөзсүз да, сен бизди майрамдатсаң кантип биз каршы болмок элек, - Роза Сагынбекти кучактап эркелей өөп койду да шкафтан коньяк менен шампанскийди алып келди, - Мынакей жаным, алып келдим, өзүң куюп бизди тейлей кой!- Силердей сулуу селкилерди тейлебегенде, -Сагынбек коньяктын оозун ачып стаканадарга куюп бирин Розага, бирин Шайгүлгө сунуп, бирин өзү колуна кармап; - кана эмесе сулуулар, биринчиден силердин денсоолугуңар чың болсун, биз эркектер аялдар бар жерде гана бактылуубуз! -деди Шайгүл менен Розаны алмак салмак карап.- Силердин да денсоолугуңар чың болсун, биз үчүн силер барсыңар да, - Роза бактылуу күлө Шайгүлдү карады, - Чынбы ыя, Шайгүл?- Ооба, ырас айтасың, - Шайгүл Розаны карап жылмая сүйлөдү. -Анын жылмайышы Розага супсак сезилип: "байкуш эмне кылсын, бекер кылдым, эгер күйөөсү жанында болсо бул да мендей бактылуу болмок" деп ойлоп: -Шайгүл, кана алып жиберчи, сенин кичинекей Аруукеңдин дагы денсоолугу чың, өмүрү узун болсун! -деп стаканын тийиштирип койду.- Роза, мен ичпей эле койоюнчу, мен ичип көрө элекмин, анын үстүнө баланы да караш керек го?- Ой аяш, кызыңды биз деле карашабыз, алып кой эми.- Жок, мен ала албайм! -Шайгүл Розаны карап сүйлөдү.- Азыраак ичип кой эми, эч нерсе деле болбойт, Сагынбек экөөбүз карашабыз Аруукени, Сагынбек ээ? -Роза Сагынбекти карай сүйлөдү.Шайгүл алардын көңүлүн кыйбай аздан алып отурду. Бир топко чейин отуруп анан өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти. Роза Шайгүлдүн бүгүнкү көңүлү суз болуп отурганын башкага жоруду. "Байкуш десе күйөөсү өлүп жаман болуптур, ошону ойлоп кыйналып жүрөгү сыздайт да, анан калса булардын сүйүүсүн студенттер суктануу менен кеп кылышчу эмес беле, кызынын атасыз өсөөрүн ойлоп да зээни кейийт да, буга жакшы сөз айтып көңүлүн көтөрүп колдон келишинче жардам беришим керек" деп ойлоп Сагынбек оюн айтты:- Саке, Шайгүлдүн көңүлүн оорутпаш керек, каалаганча жүрө берсин, кызы чоңойсо иштеп алат. Ушундайда жардамыбыз тийбесе анан качан тиймек. Кокус мен жок болсом жаман айтпа ээ?- Койсоңчу, мен эмнеге жаман айтмак элем, анын үстүнө Шайгүл өзү деле баарын түшүнүп турат, камчы салдырбайт. - Камчы салдырбайт дегениң эмнең?- Айтырбайт билет дегеним, баардыгын өзү билип жасай берет, анан эмне демек элем.- Кызык, сен аны кызматчыңдай көрүп жатасыңбы, ал деген башына иш түшүп күйөөсү өлбөгөндө ата-энесине барып бизге кор болмок эмес, ал эми жумушту болсо өзүм эле жасайм.- Эмне, бекер отурганча жасай берет да, биз болсо кечке жумушта болсок, сен кайдан жетишмек элең?- Жок антпе, эмеле ал да бутуна турат, койкойгон врач болот, анан бүгүнкү күндү эстесе жаман болбойбу, мен анте албайм. Жүрө берсин каалаганынча, ал менин кесиптешим, курбум.- Өзүң эле бил, "киши арыгын сактасаң башың кандайт, мал арыгын сактасаң оозуң майлайт" дегенди билесиңби?- Шайгүл андай эмес, ал абдан жакшы.- Макул жаным, жаталы, сөз бүттү, кааласаң анын кирин жууп, жалаягына жардам бер!- Бул эмне дегениң, каралашса каралашып койом, эмне экен? -Роза тулдуңдай ары карап жатып калды. Сагынбек аны артынан кучактап алып тиги үйдө жаткан Шайгүлдү элестетип Розадан кантип кетип, Шайгүл экөөнүн ортосун кантип суутууну ойлонуп жатты: "эмнеси болсо да Шайгүлдү колдон чыгарбашым керек, мен аны сүйөм, аны да сүйдүрөм! " деп көңүлүнө түйүп койду. Шайгүл: "Кандай болсо да эртең биерден кетишим керек, болбосо жакын курбум менен жаман айтышып калбайын" деп чечим кылды ичинен. Үч адам, үч башка ой менен түнкү караңгылыкта ичтеринен чечим кабыл алышты. Ал эми алдыда кандай окуя болуп кетээрин Шайгүл менен Роза сезген жок. Сагынбек өз планын ишке ашыруу үчүн көз ирмебей ойлонуп өз оюн эртең эле ишке ашырууну ойлонуп жатты.Эртеси Шайгүл абдан эрте ойгонду да кызынын ороо-чулгоосун өзүнүн кийим-кечесин чогултуп даярдап жатты. Роза туруп Шайгүлгө карап:- Эмнеге эрте туруп алдың, уктай берсең болбойбу, ансыз деле баланын түйшүгүнөн кыйналып жүрөсүң-деди. - Кыйналган деле жокмун, бүгүн өзүмдүн квартирама барсамбы дегем, хозайкам Галя апа эмдигиче келип калгандыр, сага ырахмат, кыйналып ооруп турганымда жардам бердиң, эми тыңып калдым, барайын.- Шайгүл, азыр кетпей эле кой, мен сени кетирбейм, али тыңый элексиң, кызыңа бир ай болгондо деле кетсең болот, Галя апаң келсе жашай турар сенсиз эле.- Жок, кетпесем болбойт.- Шайгүл дейм, койо тур, бир аз жакшылап тыңы, анан кетсең болот, кызың да торолуп калат, болбосо таарынам.- Макул, макул кетпейм, он күндөн кийин кызым бир ай болот, силерге деле жолтоо болуп жаткандаймын, азыр баягыдан жакшымын, жаш төрөлгөнгө эле кыйналып атыпмын, көрсө.- Алтыным курбум, сени кантип сыртта калтырайын, төрөгөн аял ысык, күчтүү тамак ичпесе ооруп калат да, дагы жакшылап тыңып алып деле кетсең болот, биз дагы Сагынбектин айлына барып үйлөнүп келебиз, азыр мындай эле жашап жатпайбызбы! -Роза күлүп койду.- Бактылуу бол Роза, тилектешмин! -деген Шайгүл кечээги Сагынбектин: "мен аны сүйбөйм, ага үйлөнбөйм дагы, мындай эле жашап жүрөм" дегенин эстеп азыркы курбусунун бактылуу боло айтып жаткан сөзүн угуп денеси "дүр" этип алды: "Эгер буга үйлөнбөй кетип калса эмне болоор экен, ушундай кең пейил, дили таза аялга туш болобу же кийин өкүнүп калаарын сезер бекен?" Ошол бойдон Шайгүл Розанын көңүлүн кыйбай калып калды. Сагынбек алардын сөзүн бүт угуп отурду: "шашпа, экөөңөрдүн ысыгыңарды бат эле суутам, анан кантээр экенсиңер" деп мыйыгынан күлүп коюп ордунан туруп жуунуга ваннага кирди. Экөө тең жумушка кетип Шайгүл үйдө кызы менен отурган. Түш оогон кезде каалга такылдап калды. "Жумуштан кайтаар маал боло элек эле ким болуп кетти?" деген ойдо Шайгүл босогого жетип барып:- Бул ким? - деп сурады.- Мен эле Шайгүл аччы, керектүү кагаздарым калып калыптыр, тезирээк кетишим керек, - Бул Сагынбек болчу. Шайгүл ачаарын же ачпасын билбей дендароо болуп туруп калды: "дагы бирдеме десе башын жара чаап салам" деп ойлонуп турганда ал кайра такылдатты. Шайгүл эшикти ачып ары басып кетти эле Сагынбек каалганын ичинен илип койду да Шайгүлдүн артынан басты.- Шайгүл, мен сен үчүн келдим, жүрү Роза жокто экөөбүз кетип калалы, ишенчи жаным, мен сени сүйөөрүмө, бир жоготком эми сенден бөлүнбөйм! -Сагынбек чынын айтып жатты, эгер Шайгүл анын тилин алып Розанын адамкерчилигине түкүрүп басып кеткенде ал чыны менен Шайгүлдүн кулу болууга даяр эле.- Сагынбек, мен сага кечээ эле айтпадым беле, мен курбума кара санай албайм, андан көрө бактылуу болгула, мени кыйнабай өз жолуң менен бол!- Кантип өз жолум менен болом, айтчы кантип, мен сени жүрөгүм менен сүйөөрүмдү билесиң, Нуржигит ажыраткан экөөбүздү, болбосо сен меники гана болмоксуң уктуңбу, ал болсо жазасын алыптыр!- Тарт тилиңди, ага тил тийгизбе, ал менин аруу сүйүүм болчу, анын өлүмүн табалаба! - Болуптур ага тил тийгизбейм, келчи өзүмө Шайгүл, билесиңби, сен Нуржигитти тандап алганыңда мен жинди болуп кете жаздагам.- Ал өткөн нерсе Сагынбек, азыр сени сүйүп, сага ак дилин арнап коюнуңда жаткан аялың бар, ошону сыйлап ал!- Ихи, ал мага аял эмес, мен аны албайм уктуңбу?! -Сагынбек саатын карап туруп эшиктин илгичин ачып койду да: "келээр убагы болуп калды, шашпагыла экөөңөрдүн ынактыгыңарды заматта ыдыратпасамбы" деп ойлоп Шайгүлдүн жанына барып аны карыдан кармап өзүнө каратты, -айтчы сен мени жок дегенде бир жолу сүйгөн жоксуңбу, сүйбөйсүңбү же Нуржигиттей боло албаймбы ыя?- Кайдан болмок элең Сагынбек, мен сени эч качан эч убакта сүйгөн эмесмин сүйө албайм!- Сүйдүрө-өм, сен мени сүйөсүң! - деп кучактай баштаганда сырттан Роза кирип келди. Экөөнүн кучакташып турганын көрүп селдейе бир аз туруп калды. Ал эми Сагынбек болсо:- Шайгүл дейм койо бербейсиңби, Роза келип калды, койо бер! - деп өзү кучактап алып сүйлөй берди.Бир топто барып эсине келген Роза жини келе экөөнө жетип келип:- Бети жоктор десе, ушундай экенсиңер да, Шайгүл сен ушундай белең, мына сага сенин кара ниеттигиңе менин берген жообум, - деген Роза Шайгүлдү жаактан ары чаап, чаап ийгенде Сагынбек койо берип койду да:- Мен кала берген кагаздарыма келгем, өзү көптөн бери асылып жүрөт, мен болбой койсом бүгүн өзү асылып койо бербей жатты.- Жалга-ан!! ! - Шайгүл бир гана кыйкырып алды, - Андан башка шылтооң жокпу, акмак!- Экөөң тең үйдөн чыгып кеткиле, мен эми экөөңдү тең көргүм келбейт! - Роза ыйлап да, сүйлөп да жүрөт, - Бети жок айбандар, мен силерге ишенип жүрсө, - Шайгүлдү дагы жаакка чапты да түртүп босогого алып барып эшиктен чыгарып койду, кайра кирип болгон буюмун сумкасына салып кызын алып барып колуна карматты да сумкасын ыргытып коюп каалганы тарс эттире жаап алып буркурап ыйлап жатты.- Бети жок акмактар, айбандар, кантип ушуга бардыңар ыя? Мен сага ишенип жүрсө ушуну кылмак белеңер?- Койчу жаным, менде эмне күнөө, эгер менден башка болсо алда качан сага билгизбей жүрө бермек, ал мага өзү асылып атпайбы, кечирип койчу жаным, мен сени гана сүйөөрүмдү билесиң да-деп ага жалбырап жатканын босого түбүндө кызын кучактап ыйлап отурган Шайгүл угуп алып жини келип ушул азыр кирип барып бычактап өлтүрүп койгусу келип турду: "адам түспөл айбан, жүзү кара бети жок, жугунду ичкен ит, Розанын жылуу төшөгү, майлуу тамагы үчүн жандалбас кылган шүмшүк!" деп кыжынып көзүнүн жашын аарчый сумкасын алып кызын бооруна катып жолуна түштү. Келсе, Галя апасы келе элек экен. Өзү бекиткен жерден ачкычты алды да үйгө кирди. Көзүнө үйдүн ичи кунарсыз көрүндү. Кызын диванга жаткырып коюп жарым саат мурун болуп өткөн окуяны эстей жүрөгү ачышып Розага боору ооруп турду. Ага таарынган жок түшүндү, анын ордунда өзү болсо да ошентмек, "бүгүн эртең үйлөнүп айылга ата-энесине алып кетем деген күйөөсүн бирөө эле кучактап асылып атса ким чыдасын, буйкушум" деп койду өзүнчө. Ишенген адамың ошол болсо… отурган ордунда көзүнүн жашын көл кылып: "эки жол бар, же ата-энеме чындыкты айтып барып түшүндүрүшүм керек же, же бул кызды биротоло ташташым керек!" "Кимге, кайда таштайм?" акыры ал кызын кайрадан өзү төрөп чыккан роддомго алып барып таштоону ойлоду…" Ачка болду го?" деп ойлонгон оюнан алыстай түшкөн Шайгүл Рапиянын жанына келди. Ал жалдырап карап отурган. Шайгүл ага тамакты таптап берип кайра горшокко отургузуп кайра ары бери сүйрөп өзүнчө эле машакат тарта берет. Рапия болсо эки көзү жалдырап турганы менен эч нерсе көрбөйт же сүйлөбөйт. Ал мурункудай же өлүмдү же өмүрдү ойлоп машакат тартпайт, ага азыр баары бирдей күн менен түндүн, өмүр менен өлүмдүн айырмасын сезбегендей нез болуп калды. Ошентип бар менен жоктун ортосунда макулук катары жашоо кечирип жатканына Шайгүлдүн гана жүрөгү ооруп картайганда анын кайгысы күчөп оорукчан болуп кетти. Балдары тез келип кабар алып турат. Шайгүл эптеп денсоолугу калыбына келсе Рапиянын көзүн операция жасоого аракет кылып жатты. Күндө өзү текшерип көрүп тамырын кармап: "кудай буйруса жакшы, эми операцияны көтөрөт" деп ойлоп эртеси эле Сонун Дегенбаеванын кабинетине барып операцияга даяр экенин айтты эле ал да каршы болгон жок. Ошентип Шайгүл Рапиянын көзүн операцияга берди. Операция оор болгон жок, ийгиликтүү аяктады. Үч күндөн кийин анын таңылган көзүн ачканда ал кубанганынан кыйкырып жиберди. Анкени анын көзү бир аз бозоруп барып палатанын ичиндеги жарыктыкты, жанында турган Шайгүл менен врач Сонун Дегенбаеваны көрүп сүйүнүп, улам көзүн колдору менен сыйпалап ыйлап да күлүп да жатты. Бирок ошол саамда ыраазычылыгын билдирүүгө чамасы келмек эмес, анын сүйлөбөй калганына көп болгон. Рапиянын абалы түзүк болуп калган кезде аны Шайгүл чыгарып келди. Ал азыр анча түйшүк тартпай калды. Өзү басып, баарын өзү жасоого үлгүрө баштаганы менен сүйлөбөй калганына өкүнөт да ушунусуна дагы шүгүр кылат. Бирок Рапиянын башы көбүрөөк ооручу болду, "жыгылганда башына доо кеткен эмеспи, ошондон го?" деп ойлоп Шайгүл ага керектүү дары дармекти өзү берип саксактап турат. Канчалык азап тартпасын Рапиянын өңү өзгөргөн жок кайрадан супсулуу болуп бир аз арыктаганга ого бетер жакшына болуп калган. Шайгүл пенсионер экенине карабай иштеп жүргөн эмеспи, Рапия колуна келгени ал биротоло жумушунан чыгып үйдө болуп калды. Пенсиясы кудайга шүгүр, экөөнө жетет, анан калса балдары да кайрымдуу, каралашып турат. Шайгүлдүн туулган күнүндө балдары, келиндери болуп чогуу келишти. Алар Рапиянын татынакай болуп өзү басып, көрүп калганын көрүшүп чын эле Шайгүлдүн жаш кезине окшоштуруп аны абдан сыйлап отурушту. Алардын үйүндө аза кайгысы али бүтө элек болгондуктан апасын куттуктап коюп кайра эле кетишти. Анткени Султандын жылдыгы боло элек эмеспи. Шайгүл Рапиянын жанынан чыкпайт, "дагы эмне болуп кетет, эмнени ойлоп жатат ким билет" деген ойдо карыш жылса да кошо жүрүүгө аракет кылат.
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:09 » Билдирүү # 12
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Сезим бара бара болуп көрбөгөндөй өзгөрүп баратты, күлкүсү чыгып, келген сыркоолор менен тамашалаша сүйлөшүп көңүлү шат шайдоот болуп өзүнчө керемет дүйүнөгө кабылгандай. Өзүн өзү карап кийимин түрлөп кийип намазын каза кылбай окуп, келгендерди да суктантчу болду. Ооруп ага көрүнгөнү келгендер апакай кийинип үлпүлдөп отурган Сезимди көргөндө өздөрү эле сакайгандай сезип анын айткандарын кунт койо угуп, болгон дити, дили менен ишенип тез сакайып кетишчү. Ишенбек да өз ишине иштеп жашоону кайрадан жаңы баштагандай… Кымбат болсо ошол бойдон кайрылган жок, бала деген бала эмеспи алар апасынын жаңылып жазганын акыры терең ойлонуп түшүнүштү да ага кечирим берип катышып калышты. Ишенбек аны кеткенине ичи күйсө да анын Сезимди өз баласындай кабыл ала албаганына жини келип: "Энеңди урайын десе, катындыгын кылды, болбосо ушунча жыл жашап бир жолку жаңылыштыгымды көтөрө алган жок, өлүп кетсин" деп сөгүнүп алат. Ал Сезимдин кадимкидей болуп калганына кубанып жүрө берди. Бир күнү алардын үйүнө Калмурат менен Айсалкын Изатты ээрчитип келип калды. Ишенбек аларды көрүп:- Сезимге көрүнбөй эле койгула, - деп эшиктин алдында турганда үйдөн чыга калган Сезим:- Ата, эмнеге антип жатасыз, кире беришсин, булардын келээрин мен билгем, сиздин кайтарып жиберээриңизди билип чыга калдым, - дегенде тигилер таңдана Сезимди карап туруп калышты, - кириңиздер, мен бул кыздын жөлөмөсү бар экенин билип атайы күтүп жаттым эле, - Сезим Изатты жылмая карады да кирип кетти.Калмурат менен Айсалкын "бул эмне деп жатат, мунун жөлөмөсү бар экенин кайдан билди, бизди болсо такыр тааныбагандай болуп калганы эмнеси же оорудан кийин ушинтип да калабы?" деген ойдо бир-бирин суроолуу карап туруп калышканда Ишенбек аларды үйгө баштап кирди:- Жүргүлө үйгө, мага капа боло көрбөгүлө, мен Сезимди кайрадан ооруп калабы деп эле, жалаң ушул кыздын айынан аялым да кетип тынды, аны уккан чыгаарсыңар? - Ишенбек алдыга кирип барашып божурап сүйлөп жатты, Калмурат менен Айсалкын болсо бир бирин карап башын чайкап анан Калмурат төргө олтуруп жатып жооп берди:- Кайдан укмак элек, Сезимди көңүлүбүз чыдабай эле көрүп келеличи деп келгенбиз, өз бала болуп калбады беле?- Аныңарга ыраазымын, чынын айтсам сезим такыр башкача болуп өзгөрдү, өткөндү такыр билбегендей эч нерсе менен иши жок жаңыдан жаралгандай. - Мейличи, аман эле болсун, эми бактылуу болсо экен, - Айсалкын сөзгө аралаша кетти, -көңүл чыдабайт экен балабыздай болуп калбады беле, өзүм да жакшы болуп калды, бара бара көңүлү да ачылып баратат, адегенде такыр сүйлөбөй жүргөн эми мени менен да сүйлөшүп үй тиричилигине каралашып, колу бошой калса тамак ашты да өзү жасап койчу болду.- Ошентсин садага, жакшы эле болуп калса болдду. Алар кобурашып бир аз отургандан кийин Сезим өзү кирди алардын үстүндө. Изаттын жанына отурду да Калмурат менен Айсалкынды карап:- Бул кыздын касиети күчтүү экен, эмитен жолун ачтырып акка баш ийдирбесеңер ооруп калышы мүмкүн, анткени бул кызыңар нурдан жаралган, сиз төрөбөй жүрүп төрөгөн экенсиз, ошондуктан кызыңардын касиети күчтүү. Сиздер муну менин жаныма бир ай таштап кеткиле, анан ак кийим тиктирип ак жоолук ала келиңиз, мен муну жолго салам. Жетилип баратыптыр, эгерде бул бойдон жүрө берсе ооруп өлүп калышы мүмкүн! - деди Сезим Изаттын чачынан сылай. Калмурат менен Айсалкын эч нерсе дей албай бир бирин карап отуруп калышты.- Мен калбайм, үйгө кетем! - Изат ыйлап жиберди. Ошондо Сезим аны карап оозун кыбырата келме айтып көзүн сүзө эки жагын карады да:- Кеткенге болбойт, сени бүгүн Алла Таала өзү мага алып келди, мен алланын айткандарын аткарбай койо албайм!-деди да бир топко чейин кайрадан көзүн сүзө отуруп оозун кыбыратып жатты.- Айланайын Сезим, кичине чоңойо түшсүн, бир эки жылдан кийин алып келбейинби? - Айсалкын Сезимге жалооруй карады.- Анда эки жыл кечигип каласыз, айтканы айткандай болот мунун, күнөөгө батпасын, кудай жолуна түшсүн, акка баш ийсин деп жатат, азыр өзүнүн макул болгонун көрөсүз, бул сөзсүз бүгүн биерде калышы керек! -Сезим көзүн ачпай туруп сүйлөп жатты. Айсалкын: "өлүп калышы мүмкүн" дегенди ойлоп алып коркуп: "кудай ай бир кыз бердиң эле ушунуңа шүгүр деп жүргөнүмдө кандай түйшүк салганы турасың?" деп ичинен кудайга жалынып жатканда Сезим аны карай минти:- Айтканды аткарсаңыз эле бул кыз көп жашайт.Айсалкын чоочуп кетти: "ботом бул менин ичимдеги оюмду кантип биле койду, кудай кечире көр, кызыма өмүр берсең эле болду" деп ойлонуп калганда Сезим кайрадан Айсалкынды карап жылмая сүйлөдү:- Кечирим сураганыңыз бул дурус, ал эми кызыңыз болсо калат, кийимди унутпаңыз, мен деле кийинтмекмин, биринчи ак кийимди өзүңөр кийинтишиңер керек! - деп ордунан турду да Изатты карап колун сунду, - Жүрөгой, менин бөлмөмө, эми мени менен бир айга чейин бирге болосуң, андан кийин ата-энең менен кошо кетесиң, коркпо! - дегенде Изат ордунан туруп Сезимдин колун кармап алып анын жетегиңде коңшу бөлмөгө чыгып кетти. Калмурат, Айсалкын, Ишенбектер үнсүз орундарында бир топ отурушту. Бир бирине сөз жалгоо кыйын эле болду. Акыры Ишенбек ортодогу тынчтыкты бузуп мындай деди:- Ишенсеңер бул өлүп тирилди, адегенде мени да тааныбай чоочун адам көргөндөй селт этип кетчү. Эми кудайга шүгүр, өзүнө келе баштады. Бирок өткөн окуяны түк билбегендей түрүн көрүп турбайсыңарбы? - Ооба, ооба бизди чоочун адамдай кабыл алып жатпайбы, биз да таң калып калдык. -Айсалкын өз оюн айтты.- Кандай болгон күндө да жакшы болуп калганына шүгүр дейли, өткөн өттү, Рустамым намыскөй эле алыс, алыстарга кетип калганда болмок, өх мейличи, аны ойлогондо ичим өрттөнүп кетет, айла жок, -Калмурат үшкүрүнүп алды.- Эмне, Изат калабы? -Айсалкын Калмуратты карай сүйлөдү.- Калса калат да, келип турабыз, Сезим биз алып кетебиз дегенге болбойт го?- Айла канча калса калсын, Сезимди кудайга, Изатты Сезимге тапшырып кете берели. -Айсалкын кабатырлана Ишенбекти карап койду, -Ишенбек да, көз салып тураар…- Көз салбай анан, менин караганым эле Сезим болуп калды азыр. Калмурат менен Айсалкын ордунан туруп кетүүгө камынышты эле, Ишенбек аларды узатып чыкты.Жашоо агымы өмүрдүн кызыкчылыгын улам арттырап отуруп, адам баласынын үмүтүн алга карай сүйрөп канчалык кыйналып, азап тартып турса да эртеңки күндөн күндүн шооласындай жарыктык жакшылыктан үмүт эттирип күн өткөрөт эмеспи. Анын сыңары Айсалкын адегенде Изатты таштагысы келбегени менен "кызыңыз нурдан жаралган, ооруп өлүп калышы мүмкүн" деген сөздөн улам аны таштап кетип баратып Изаттын боюна болгондогу эсинде калган элестерди эстеп кетип атты."Ошондо Калыбектин менин рухумдан жаралды, бул менин кызым, эми мен кетем" дегенин ойлоп чын эле Калыбектин арбагы менин көз жашымда, сезип туюп ушул кызды мага берген тура, оо жараткан ушунуңа да шүгүр, кызым аман болсо болду, Сезим бирдеме билгенинен айтып жаткандыр… деп өзүнчө сар санаага батып баратты. Кез, кез үндөбөй кетип бараткан Калмуратты карап койот: "бул эмне дээр экен, ансыз да бар кезде Калыбектин кызы менин кызым эмес" деген эле, ого бетер ичи күйүп бирдеме дейби же түшүнөөр бекен? Деген ойдо аны караган менен ал сыр бербей эч нерсе менен иши жоктой баратат.***Рапия күн өткөн сайын оңоло баштады. Шайгүл анын оңоло баштаганына ичинен кубанып: "мээнетим кайтаар, эми сүйлөп кадимкисиндей болуп калса кандай жакшы болот эле" деп жанында бир нерсени ойлогондой үнсүз мелтиреп отурган Рапияны карап, чекесиндеги кыйгачынан кеткен жырык анын көп азаптарды тартканынан кабар бергенсип турганын көрүп ичи ачышып жүрөгү зырп этип алды да: "баары артта калды, эми сүйлөп калса дагы баары унутулат, эми элүгө карап барат, али да болсо жаш, көрөөр күнү алдыда, өзү да түшүнүп тагдыры салганга баш ийээр" деп ойлонуп үшкүрүп койду.Кантсе да эне улук, эне ыйык, эне кең пейил, бала үчүн чалкып турган көл, мелмилдеген деңиз, колунан келсе ажалына аралжы болгусу келген мээримдүү калк эмеспи. Шайгүл дагы бир кездеги ак сүйүүсүнөн жаралып жүрөгүндө катылып өзөгүн өрттөп келген арманы, көңүлүнөн кетпей күндүр-түндүр ойлоп тымызын издеп келген, жандан артык көрүп бирок аргасыз чоочун адамдарга тагдырын тапшырып койгон кызы көз алдында азап тартып, жүрөгү сыздап тагдырдын катаал канжабына кабылып бечара болуп турганына жаны кейип жүрөгү сыздап далай уйкусуз түндөрдү кирпик какпай таң атырып анын денсоолугу үчүн далбастабадыбы. Ооба, эне деген дүйнөдө эч нерсеге теңдештиргис бийик, кол жеткис асмандагы ай менен жылдыздай жаркыраган асыл зат го! Рапиянын кечигип болсо да жанында отурганы ага канчалык дем, кубат. Ал күндүр, түндүр анын сүйлөп кадимкидей болуп кетишин тилеп кудайдан суранат. Бир күнү адаттагыдай эле кечки тамактарын ичкенден кийин өз-өз ордуларына жатышкан. Рапия уктап жатып түш көрдү. Түшүндө ал адашып токойдо жүрөт, бир кезде ал токойдон чыгып бир бузулган үйлөргө жетип аралап кетип жатып жүрөгү алып учуп улам артын карап, кайра бир нерседен качкандай кете берди да кандайдыр үндү угуп токтой калды. Эки жагын элеңдеп карап туруп бир жерден Рустамдын асылып турганын көрдү. Ал Рапияны карап: "мени бошотуп коюңузчу, кыйналып баратам, мойнумдагы жипти чечип коюңузчу" деп аны көздөй жүгүргөндө ал: "Менден кечирим сураба, андан менин мойнумдагы жипти чечип албай кесип коюшкан, ошону айтып чечтирип койюңуз!" дегенде Рапия: "Кагылайын уулум!" деп кыйкырып ордунан тура калды. "Рустам, Рустамым, Рустамым кагылайын" деп сүйлөп ыйлай баштаганда Шайгүл тура калып жанына келип:- Кагылайын кызым, сага эмне болду?-деп чекесин кармап көрүп далбастап ийди, - Сен сүйлөдүңбү? - Мени кудай алмак беле, мен кара жерге эле кирбейинби, менин Рустамым соо эмес, соо эмес, -кара терге түшүп калган Рапия боздоп ыйлап жатты.- Айланайын ай, эми кичине дурус болуп калганыңда өзүңдү кыйнабачы, кудай сактасын… - Шайгүл андан ары сөз сүйлөй албай бир кубанып бир кайгырып оозуна сөз кирбей калды. Ал азыр Рапиянын сүйлөп ийгенине кубанса да Рустамдын өлгөнүн эне жүрөгү сезип турганына ичинен сыздап атты.- Эс алчы кызым, эс ал, оорудан жаңы эле сакайып келе жатасың, али күчүңө кире элексиң, өзүңдү аячы, садага.Рапия үндөбөдү, ары карап жатып алып ыйлап жатты, жүрөгү бир жамандыкты сезип сыздап жатты… "Тирүү болуп жерде, өлүү болуп көрдө жокмун ушу көрөкчө мени алып кетпейт белең кудайым, неге мени тирүү арбак кылып жанымды албай койдуң" деп жан дүйнөсү суукта бүрүшүп үшүп калган жалбырактай дирилдеп турду. Шайгүл бир топко чейин ар кайсыны айты, акыл кошуп кубурап жатып: "уктады окшойт, кокус уктап калып дагы эч нерсе сезбей калбайын" деп ойлоп акырын туруп барып каалганын туткасына жип байлады да бир учун өзүнүн бутуна байлап жатып алды. Бул амалды көптөн бери колдонуп жүрөт, анкени түндөсү чыгып кетип дагы кырсыкка учурап калабы деген күмөнсүүсү күч эле. Бүгүн да ошентип ойлоп байлап койду. Уйкуда ар жок демекчи катуу уктап кеткен экен, кылдыр эткен добуштан ойгонуп кетсе Рапия туруп эшикке чыгып бараткан экен. Башын көтөрүп бутундагы жипти чечип койду. Таң атып калыптыр. Өзү да туруп чай койду да кайра ордуна жата кетти. Бир аздан кийин Рапия дагы ордуна келип жатып калды. Күндөгүдөй эле эртең менеки чайга отурушкан, Шайгүл Рапияны сүйлөтүүгө аркы беркини айтып күлкүлүү сөздөрдөн сүйлөп отурду. Рапия үндөбөдү. Шайгүл: "бул сүйлөйт эле окшойт, өзүнүн сүйлөгөнгө көңүлү жок же мени менен сүйлөшкүсү келбейт" деп ойлонду да:- Рапия, кагылайын, мен сенин де-соолугуңду кудайдан тилеп отурам, энеңдин сен үчүн күйүп бышканын ойлосоң боло, эне-бала катары божурашып бир сүйлөшүп отурсак канча жыл жүрөгүмдү өрттөп адам эмес айбан катары жашап өз жанымдан кечип турганда менде кайсы сөз?- Олда кагылайын ай!!! - Шайгүл алдындагы чай ичип жаткан чынысын кармалаган бойдон эмне дээрин билбей отуруп калды.- Түндө түшүмдө Рустам кирип мойнумдагы жипти чечпей кесип коюшкан, чечип коюңузчу, кыйналып турам, дегенине караганда ал соо эмес, ал бир балээ болгон, жип-эмне болгон жип, билбейм… - Рапия көзүнүн жашын куюлтуп отуруп калды.Шайгүл да ичинен ойлонуп: "капырай, кыйналып жатам дегени эмнеси, мен сөзсүз Калмурат менен Айсалкынга жолугуп Рустам муунган жипти сурашым керек экен" деп үнсүз бир топ отурду да:- Мен анда Калмураттыкына барып билип келейин сен үйдө телевизор көрүп отуруп тур, кечке барып келе калам. Бирок, кызым, сен дагы жаман ойлоп ары, бери болбой отур айланайын, өзүң билесиң кандай кыйналдың.- Менден кам санабаңыз, Рустамдан бир кабар алып келбесеңиз болбойт, ал соо эмес!- Ооба, мен сөзсүз кабар алып келем. - Шайгүл чай ичкен идиштерин жыйнаштыра салып кийинди да чыгып кетти. Анын шайдоот жаш келиндей кыймылын карап отурган Рапия: "карасаң жапжаш эле бойдон тура, менин энем деп ким ойлойт, сиңдисиндей болуп турам, мен тарткан азапты тартпаса, кийип ичип бактылуу жар, мээримдүү бактыны кармана албаган турбайынбы, Калмурат кандай гана көзүмдү карачу эле, чырактай уулдарды төрөгөнүм бакыт эмей эмне эле, оо шордуу жаным, кесирим башыма эле көрүнсө болот эле, балдарым эсен-соо болсо экен…" деп отуруп башы ооруп чыкты. Шайгүл анын башы ооруганда бере койчу дары кайсы экенин көрүп да албаган экен. Башынын катуу ооруганына чыдабай жатып алды эле ага болбоду. Ордунан туруп дары койгон текчеден эч нерсе таппады, "кокус да ичип алат деп бекитип койгон го" деп ойлоп суурмаларын карап жатып уйкунун дарысын таап алды да: "уктап калсам басылып калаар" деп экини ичип алды да кайра жатты.Шайгүл тезирээк келиш үчүн дароо так#### отруду да Кара-Балтага жөнөп кетти. Ал келгенде үйдө Айсалкын эле отурган. Врач аялды көрүп: "бул эмнеге келди экен?" деп ордунан тура жадырай күлүп тозуп алды.- Келиңиз эже!- Жакшысыңбы айланайын, - Шайгүл Айсалкын көрсөткөн төшөккө отуруп жатып келген жайын түшүндүрүүгө шашты: - Менин келгеним, Рустам муунган жиптин кайда экенин силер билесиңер да ээ? - ал Айсалкынды тынчыздануу менен карады.- Аа-а ал шаарда Русландар жашаган жакта болчу, - ойлоно калып, - ал жип мүмкүн ошол асылган эле жеринде болуш керек эле, анткени биз Рустам менен алек болуп эле кесип алган бойдон калган.- Айтам да, ошондой болуш керек деп ойлодум эле, ошону тезирээк таап байланган жерин чечиш керек!- Эмнеге? - айсалкын таң кала Шайгүлдү карады.- Кечээ ал Рапиянын түшүнө кирип, кыйналып жатам, мойнумдагы жипти чечип койуңуз дептир.- Оо кудай, садага болоюнум ай, кыйналганы эмнеси, аны билгенде… -Айсалкын Рустамды эстеп ыйлап жиберди, - шашып эле жипти Калмурат кесип жибергендей болгон.- Ошон үчүн ал кыйналып жатыптыр, кесип коюшту, жиптин байланган жерин чечип кой деп.- Анда сөзсүз чечиш керек, бирок ошол ордунан табаар бекенбиз, Калмурат да жок эле, сиз бара бериңиз, биз барып ордунда болсо жипти чечип алып койобуз.- Ошенткиле, айланайын кызым… - Шайгүл бир топко үндөбөй отуруп анан минтти, - Мен Рапиянын өз энеси болом, аны мен кичинекейинде жоготуп алып таппай калган элем…- Сизби? Аны "деддомдон" алып багып алыптыр деп укпадым беле? -Айсалкын шашып дасторкон жайып чай куйду да Шайгүлдү таң кала карап, -сиз жоготсоңуз балдар үйүнө кантип түшүп калды?- Мага өчөшкөн бирөө менден уурдап барып таштаган го, үмүтүмдү үзүп койгон кезде таап, болгондо да кыйналып жандан кечип турганда жолукпадымбы! - Кантип билдиңиз, Рапиянын сиздин кызыңыз экенин?- Анын төрөлгөндө эле кулагынын түбүндө бармактай сыргасы бар болчу, ошондон тааныдым…- Жакшы болгон экен, ал өзү кандай жакшы болуп калдыбы?- Дурус эле, көп азап тартты, эми баары артта калды, үмүт чоң, башынан алган жаракаттан гана арыла албай ооруп турат, мен барайын, силер сөзсүз жипти таап чечип койо көрүглө, мен Рустамды Россияга иштеп кетиптир деп койгом.- Туура кылыпсыз, ооруп жаткан кишиге чынын айтканда көтөрө алабы, жокпу ким билет.- Айланайын кызым, сенин тереңдигиңе ыраазымын, жакшы тургула, мен барайын, -Шайгүл Айсалкын менен коштошуп чыгып кетти. Узатып чыккан Айсалкын бул салабаттуу аялды аяй карап туруп: "кызык ушунча жылдан кийин кызын таап алганын кара, мүмкүн такыр эле башка чыгаар… бирок негедир окшоштук бар экөөндө, кой Калмурат келсе айтып шаарга тезирээк жөнөтөйүн да жипти тапшырайын" деп ойлоп дарбазаны жаап үйгө кирди.***Сезим Изатты алып калгандан баштап түнкүсүн шам жагып арбактарды чакыра баштады. Адегенде коркуп турган Изат эки үч күндүн ичинде көнө түштү. Бир күнү экөө отурганда алардын маңдайында Рустам пайда болду: "Изат, апаңдарга айтып менин мойнумдагы жипти чечтирип кой, кыйналып кеттим, өзүм жалгыз жүрөм, бияктагыларга да кошула албай калдым, мени кыйнабай жипти чечип койгула!" деп элес-булас көрүнгөн караан жоголуп кетти. "Аке, Рустам аке" - деген Изат үргүлөп отурган жеринен тура калайын дегенде Сезим аны колдон тартып отургузду:- Болбойт, сен антпе, ал сага көрүнгөн арбак, андан көрө жанагы айтканын аткарыш керек, мага көрүнгөн жок сага көрүнүп жатат, ошондуктан арбактын айтканын орундатышыбыз керек!- Кантип, жипти кантип, кайдан табам? - Изат арбак дегенден коркуп алаңдай Сезимди карады.- Аны ата-энеңден сураш керек, ошондуктан атамды мен аларга бүгүн сөзсүз жөнөтөйүн - деп ордунан туруп Ишенбектин бөлмөсүн көздөй жөнөдү. Дал ошол күн Шайгүл келип кеткен күн эле, Ишенбек келгенде Калмурат жумуштан жаңы эле келип Айсалкын экөө сүйлөшүп отурган. Сыртан кирген Ишенбекти көрүп экөө тең ордунан тура калышты.- Оо, кел Ишенбек, кандай жатасыңар? - Калмурат менен Ишенбек кол алыша учурашып Ишенбекке төрдү көрсөтө кол жаңсады, - өйдө өт.- Келдим, баары жайында, - Ишенбек төргө өтүп малдаш токунуп отурду да, - Келгеним Изатка Рустам көрүнүп: "менин мойнумдагы жиптин түйүнүн чечип кой, кыйналып жатам" деген экен, ошону айтайын деп эле…- Оо кудай, бул эмнеси, арадан тогуз ай өттү, ошондон бери кыйналган экен да байкушум, бүгүн эле Рапияны дарылаган врачы келип дал сен айтканды айтып кеткен болчу, - Айсалкын көзүнүн жашын аарчый сүйлөдү.- Ага ким айтыптыр? - Ишенбек таңдана сурап койду.- Рапиянын түшүнө кирип дагы ошентип айтыптыр.- Ээ жараткан алла, жалган дүйнөдө тиги дйүнөнүн барына ишенбей жашап жатабыз, кудуретиңден айланайын кудай кечире көр күнөөбүздү, - Ишенбек жакасын кармана отуруп калды.
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:09 » Билдирүү # 13
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
- Уулум, садагам өз жанын өзү кыйып бекер кылбадыбы, жаны жаннатта болсун, арга канча, -Калмурат каңырыгы түтөп кетти, - кой эртең менен эрте жөнөйүн дагы жипти таап түйүнүн чечейин. Андан кийин аркы-беркини сүйлөшүп отуруп Ишенбек кайра шаарга кетти. Эртеси Калмурат таң заардан шаарга жөнөп Руслан жумушка кете электе барып келген себебин айтты да экөө Рустам асылып өлгөн курулушка келишип салаңдап турган жипти арматурадан чечип алып түйүндөрүн чечишти да үйгө алып келип жипти куран окуп туруп өрттөп жиберишти. Ошондон соң Калмурат кайрадан Изатты көрүп жолуга кетүү үчүн Ишенбектин үйүнө жөнөдү.Бара, бара Изаттын да көзү ачылып бир нерсени алдын ала биле турган болуп калды. Кадимкидей куран, намазды үйрөнүп бат эле адамдарды көрүп эле себебин сурабай айта баштады. Калмурат келгенде ал ага буларды айтты:- Ата, үйдүн ичин бир сыйра тазалап анан ысырыктап койгула, анткени үйдө бир дуба бар экен, сиздин мурунку аялыңыздын кетишине дал ошол дуба таасирин тийгизген, ошондуктан ал дубаны тазалап кетирбесек дагы бир кырсык болот, алдын алышыбыз керек!- Макул кызым, апаңа айтып барайын. - Калмурат таң болгон бойдон үйүнө жөнөдү. Изаттын айткандарын Айсалкынга айтканда ал дагы аң таң болду. Айсалкын үй ичин жайып, тазалап ысырыктап күнү кечке убараланды, ал турсун актап да жиберди: "Эки күндөн кийин сөзсүз Изатты кийимдерин алып барып алып келишим керек, бир ай бат эле өтүп кетти, кызымды сагындым, капырай дубасы кайеринде болду экен, таба албадым, аны өзү табаар бекен, кенедей кыз аны кайдан биле койду, кудуретиңден айланайын кудай, эмнеси болсо да кызым эсен болсо экен" деп жумушун жасап жүрүп да ойлонуп жаратканга жалынып жүрдү.Калмурат Айсалкынга айтпаган менен ичинен: "Тобо-оо, нурдан жаралган эмнеси, чын эле Калыбектин арбагы буга бала бергенби? Киши колду болгон эмеспи, анын арбагы тирүү бейишке чыккан болуш керек, Изатты мен кызым дегенден бир кезде баш тартам деп өзүм талаада калдым. Кой, аман болсун, зыяны тиймек беле, өз баламдай эле болуп калбадыбы" деп ойлоп эч сыр бербеди. "Ким бизге кастык кылды экен, эгер дубалабаса Рапия кетмек эмес тура, кайсы ниети бузук бизге кара санады, деги билсем өлтүрүп салат элем кеч болсо да, кырсык болушу мүмкүн деди го, анын бетин ары кылсын" деп Калмурат өз оюнан чочуп кетти.Үй ичин жыйнаган Айсалкын суй жыгылды, баарын бүтүп эми босогодогу веранданын каалгасынын шыбагы көчкөн жерлерин шыбап анан актоону ойлоп ылай жасап келип шыбай баштады да эшиктин бир жагында чубалып турган чүпүрөктү көрүп сууруп алганда көргөн көзүнө ишене албай турду. Ал чүпүрөктө оролгон ар түрдүү жиптери түйүлүп коюлган экен. Айсалкын аны ороп сыртка алып чыкты да: "өртөп койсом кантет" деп ойлоп кайра Калмурат келгиче коюп коюну чечти да сыртка дарбазадан чыгарып таштын түбүнө койду. Калмурат ары жактан келгенде ага көрсөттүү да:- Муну эмне кылайын, өртөп жиберсемби? -деди.- Кой, Изат келсин, өрттөп дагы бир балээге кабылып жүрбөйлү, - деди ал.- Макул, деги үйдөн алыс эле койолучу, - Айсалкын жиптерди чыбыктын учуна илип барып тээ алыс жолдун боюна таштап койду да, үстүн таш менен белгилеп жаап койду.Эртеси эле Айсалкын Изатка деп даярдаган кийимдерин алып шаарга келди. Ал келгенде Сезим менен Изат сеанста отурган. Ишенбек аны тосуп алып астына чай койду.- Айсалкын, мен болсо иштебей калдым, келген кеткен көп, киргизип чыгарып турганга бирөө керек экен, Сезимдин атын уккан врачтар чыныгы элдик табып экенин текшерип көрөлү деп чакырып жатышат. Өздөрү көрүп текшергенден кийин элдик табып деп кагаз берет эмиш.- Жакшы болгон тура.- Сезим болсо азыр эч жакка бара албайм деп жатат.- Эмнеге?- Билбейм, азырынча болбойт дейт го?- Өзү билсиң. Экөө кобурашып отурганда Сезим келген адамдарды сыртка чыгарып анан алардын үстүнө кирди.- Кызыңыз менден да күчтүү чыга турган, бирок күндө төрт же беш киши кабыл алсын-деди Айсалкынды карай.- Ой азыр киши көрбөсө деле мейли, сабакка барса колу бошобой калат го?- Андай болбойт, айта турганын өзү эле айтат, ага эл өзү келет, бир ай мурункуну айта алат, арбактар менен сүйлөшүүгө жарап калды. Жөлөмөсү күчтүүлүгүнөн куранды, намазды өзү эле үйрөнүп алды. Эми бир аз эс алыш керек. Сиз алып кетесиз да мага өзү келгиси келгенде келип турсун. Кудай буюрса, Изат көп адамдардын сообуна калган эл кишиси болот.- Ылайым айтканын келсин Сезимтай, өзүң да колуң эмдүү болуп элдин керегине жараган акжолтой болуп жүрө бер! - Айсалкын Сезимдин бетинен өөп ыраазылыгын билдирди. Ошол күнү түш оогон ченде бир оорулууну алып келишти. Сезим аны көрүп эле жүрөгү кабынан чыкчуудай түрс, этип кагып, өзүнчө эле толкунданып бирок сыр билгизбей жылмайгансып алды. Анткени аны түшүндө көргөн. Болочок күйөөсү болоорун билет. "Тагдары ушул жаш жигитке байланчуудай, эми муну оорусунан сакайтыш керек, анан… анан өзү эле кете албай калат, болгону менден эки же үч жашка кичүү болуш керек" деп ойлонуп алды. Ал бир үйдүн жалгыз уулу эле, үч кыздын ортосунда эрке өскөн. Жакшынакай эле туруп бир күнү заматта ооруп калып врачка көрсөткөндө менингит деп коюшуп үч ай дарылаганда оорусу басылбай кайрадан күчөп абдан кыйналганда ата-энеси аргасы түгөнгөндө Сезимди алып келишкен болчу. Сезим аны көрүп эле:- Эмнеге мынчалык кеч алып келдиңер, оору өтүшүп баратыптыр, болгону сезгенип калган экен, -деди да бир идишке муздак суу алып келип алдына коюп алып дем сала баштады, улам суудан бүркүп кайра окуп жатты. -Түнкүсүн эски курмушу менен жылдызга суу коюп сезгентип коюңуз, жети күн үч маал окуйм, анан уулуңуз куландан соо болуп кетет, - Сезим баланын апасын карап жылмайды.- Оозуңа май айланайын, үч айдан бери алып барбаган жерибиз калган жок, аргабыз кеткенде сени угуп бул жакка келдик, - деди апасы сүйүнгөнүнөн ыйламсырап. - Ыйлабаңыз, тобо кылыңыз, бул убактылуу алланын адам баласына берген сыноосу, Алла-Таала пенделерине ар кандай сыноону жиберет, биз жеңилбей жеңүүгө аракет кылышыбыз керек!- Кудуретиңден айланайын десең, ырас эле… -баланын апасы Сезимге карай таң кала туруп калды: "капырай өзү чыканактай эле кыз экен, айтып жаткан сөзүн кара" деп ойлонуп алып, -Кызым уулум он жетиде аты Куттубек, биз эми бара берейлиби?- Бара берсеңер болот, бирок кечиңде алып кетесиңер, күндүзү алып келесиңер, жети күн дем салам.- Макул кызым, - Эне уулун карай унчукту, - уулум биз бара берейли, береги кыздын колуна кудай кубат берсин, кечке маал келебиз, -деди да акырын чыгып кетти.Улам эс алып дем салып кечке үч жолу окугандан кийин эс ала түшкөн Куттубек башынын басыла түшкөнүнө жаны жай алып көзү илинип кеткенин сезбей калды. Ушул азыр жанымда көшүлүп уктап жаткан уланды бир азга көңүл койо карап отуруп: "Менин Рустамга деген сүйүм бир туугандык тартылуу тура, биз анын билбей үйлөнүп алган экенбиз, байкушум десе кыйналды, өз жанын өзү кыйды, оор күнөө экен, же бейиште эмес же тозокто эмес орто жолдо турат, эгер мага Алла-Таалам өзү эскертпесе мен да эбак өзүмдү өзүм кыйнамакмын… эми өлүмдү ойлоого мүмкүн эмес, ансыз деле башта бир өлүм" деп ойлонгон Сезим ооруп өзүн өзү билбей жаткандагы көргөндөрүн эстеп жатты. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда алпурушуп жатканда ал терең орго түшүп кетип баратты эле ортодон эмне экени түшүнүксүз аны чуңкурдун түбүнө жеткирбей бир күч алып учуп жөнөдү. Бир кезде ары бери басып жүргөн адамдардын жанынан өтүп андан ары баратып аба менен жердин ортосунда асылып турган Рустамды көрүп кыйкырайын десе үнү чыкпады, дагы бир аз жүргөндө анын алдынан үч киши чыкты да:- Сен кайда кызым, бул жерде сага орун жок, - деди.- Койо тур тизмени карап көрөйүн, -деп бири айтканда дагы бири мынтип жооп берди:- Тизмеге түшө элек, койо бергиле, бул эл дарылайт, адамдар үчүн керек, азырынча буга жол жок бул жакка.- Кызым, сен өзүңдү өзүң кыйба, өзүнүн жанын кыйган адам күнөөгө батып тигинтип бул жакта да асылып тура берет, качан гана күнөөсү арылганда буларга кошулат, сен өзүңдү күнөөгө батырбай оорулуулардын сообун алып адам көр, сенин колуңдан адам көп сакаят, бар бара гой!-дегенде Сезимди жанагы күч алып учуп ээн талаага жеткирип койду. Сезим ээн талаада элеңдеп кетип баратып өздөрү жашаган үйгө туш болду да коңшу жашаган жигиттин аварияга учурап өлүп жатканын көрдү, балдары, аялы аны жоктоп ыйлап жаткан эле. Сезим көзүн ачканда чоң энесине айткан биринчи сөзү ошол болгон. Эми турмушта болуп көрбөгөндөй бакыт аны күтүп тургандай дагы бир жолу уланды карап койду.***Шайгүл шаша-буша такси менен келип үйүнө кирээри менен Рапиянын бөлмөсүнө баш бакты. Ал дары ичип алгандан кийин уктап калган. Анын эч нерсе сезбей уктап жатканын көрүп эс ала түштү да кайра кайрылып бара жатып уйку дарынын кагазы баш жагында турганын көрүп чоочуп кетип ала койсо эки таблетка алынганын билди да: "башы катуу ооруганынан ичкен го, дарыны берип кетсем болмок экен" деген ойдо ашканага кирип кечки тамакты жасап анын ойгонушун күтүп калды. Бир топтон кийин ал ойгонуп оордунан туруп сыртка чыгып баратып Шайгүлдү көрүп, андан Рустам жөнүндө сурап кирди.- Барып келдиңизби, Рустам аман-эсен бекен?- Баары жайында, ал Россияда экен, -деп айтканда Рапиянын санаасы тына түштү.Шайгүлдүн оюнда болсо, балдарын чогултуп Рапияны алар менен жакшылап тааныштырып, баарынын башын бириктирүү керек экенин ойлоп эртеңкинин камын ойлой баштады. Экөө кечки тамагын ичип бүтүп телевизор көрүп жатканда Болот келди. Ал диванда отуруп сыр билгизбей ага баш ийкеп учурашкан болду да Шайгүлдүн бетинен өөп:- Мама, жашарып кетипсиз го? - деп тамашалай жанына отура кетти.- Ооба уулум, туура байкапсың, канча жылдар жүрөгүмдү өйүтүп келген жарам айыгып эжеңерди таап төгөрөгүм төп болуп турам, эртең агаларыңды жеңелериң менен чогуу чакырып бир чай ичейли. Мына Арууке деген кызым сакадай бою сары алтын болуп маңдайымда отурат, мындан нары муну менен чоочун кишидей болбой бир туугандай болуп жүргүлө, ыраматылык атаңа эми айтайын деп жүргөнүмдө кете берди, бул да болсо тагдыр, балам.- Мама, чын эле абдан окшош экен сизге, экөөңөрдү көргөндөр эже-сиңди деп эле айтпаса кызым десеңиз ишенбейт го? - Болот күлүп койду.- Тун кызым да уулум, он тогузумдагы ушул, ал эми Артурду жыйырма бештен өткөндө төрөгөм, - Шайгүл ойлуу отуруп калды да анан Болотту карады, - тамак ичесиңби?- Жок, кардым ток, кайгым жок, тамаша.. . папамдын кайгысы бир аз жүрөгүмдү орутат да, болбосо…- Ата-энени өмүр бою алып жүрө албайсыңар да уулум, эртедир кечтир мен да өтөм, силер улгаясыңар, өмүр ошентип улана берет… алмашат…- Кой мен эс алайын, эртең кайрадан жумуш, - Болот Шайгүлдүн эки бетинен өөп анан, - жакшы жаткыла! -деп бөлмөсүнө кирип кетти. Рапия алардын сүйлөшүп жатканын угуп жаткан менен аралашпады. Ал өзүнө эне болуп балдарын өз колу менен тарбиялай албаганына ичинен сыздап отурду: "өлөйүн деп өлө албадым, бирок азапты аябай тарттым, ушул аял болбосо алда качан өлөт белем өлүмгө бербеди, бир кезде таштап кеткенин актады, чын эле бул да мени күндүр, түндүр ойлоп азап чеккендир…" деп Шайгүлдү көз кыйыгы менен карап койду. "Эне баласы үчүн кандай тозокторго чыдаары анык эмеспи, мен өз балдарымдын күйүтүнөн өлө албай жатсам бул мен үчүн шайтан көпөлөктөй айланды го чиркин " деп ага дилинен ыраазы болуп отурду.Күндөн күнгө Рапия оңоло өңүнө кирип баштакысындай боло баштады. Ал азыр өлүмдү ойлобой калган. Шайгүл ага: "акырындык менен балдарыңа катышасың, баары өтөт кетет, унутулат, көп эле өзүңдү кыйнап ойлоно бербе, асты жаман ойдон алыс бол" деп эртели, кеч акыл айтып турат. Шайгүлдүн уул-келиндери чогулуп келип Рапиянын жакшы болуп калганын куттукташып баары бирдей кийим-кече алып келип көңүлүн көтөрүп кафеге чакырышты. Бир туугандук сезим алардын жүрөгүн жибитип Рапияны апасынын көңүлү үчүн абдан сыйлашты. Бул да болсо Шайгүл Бокойованын энелик мээриминин чексиздигинен, балдарды туура тарбиялап өстүргөндүгүнүн аркасында алар жерибей, бир чети эжелүү болгондоруна кубаныч менен кабыл алышты. Бир кездеги апасынын жаңылыштык кылганын түшүнүштү. Шайгүлдүн үч уулу бар эле, төртүнчүсү Рапия болуп мамыры жумуру болуп акырында ага денсоолук каалап, ойлоно бербей жакшы жүрүүсүн эскертип:- Эми жалгыз эмессиз, бир туугандарыңыз бар, биз сизди жер каратпайбыз, - дешип көңүлүн көтөрүп отурушту.- Мен бактылуумун балдарым, - деди Шайгүл Бокойова эң акырында, - жүрөгүмдү өйүтүп, көкүрөгүмдү буюктуруп келген санаадан арылдым, өлгүчө көрбөй калдым го деген элем, кудайга шүгүр тун кызым маңдайымда турат, бир бириңе жөлөк болгула, кокус мен өтүп кетсем жерибей араңарга алып, ал турсун акыл-насаат сурап, кадырлап сыйлап жүргүлө кагылайындарым, эми өлсөм арманым жок! - Шайгүл Бокойовна көзүнө жаш алып жиберди.- Мама, антип айтпаңыз, биз сиздин көп жашап, төрүбүздүн куту болушуңузду тилейбиз, андан көрө эжемди кантип, кайда таштагансыз, кайра кантип тааныдыңыз, же өзүңүзгө окшоштуруп эле болжолдоп жатып жүрбөңүз, дегеним сиз ымыркайында таштасаңыз азыр ушул турушу менен ымыркай кезин салыштырып таануу кыйын го дейм? - Артур Шайгүлдүн жанына келип бетинен өөп, - көңүлүңүзгө албаңыз, сизге оор болуш керек бирок биз анык чындыгын билгибиз келет, - деди.- Туура уулум, бул узак сөз, - ойлуу отуруп калды да бир топтон кийин - бул сурооңо бир эле кат менен жооп берем, - деп чөнтөгүнөн саргайып эскире баштаган газетаны алды да, - муну баарына чогуу окуп бер! - деп үнсүз отуруп калды. Бул гезит Рапиянын энесин издеп гезитке жарыя бергендеги гезит эле, - Мен ошондо да үндөгөн эмесмин, акыры өз көз алдымда оорудан жабыр тартып оозуман "Арууке" деп чыгып кетип андан ары жашырууга мүмкүн болбой калды. Акыры ачыкка чыгардым, балдарым….. - Сиз менин жарыямды окуган экенсиз да, эгер ошондо мага жолугуп койгонуңузда мынчалык азап тартмак эмесмин….- Ошондой болуп калган кызым, ал кезде иштеп тургам, ар намысым булганат деп ойлогом….- Тууган баласын таштап кетүү, болгондо да никесиз төрөп намыстанбаган менин жарыяма жооп бергенден намыстанган экенсиз да!? - Рапиянын көздөрүнө мөлтүлдөгөн жаш толо түшүп башын мыкчый калды. Андан ары баары аны менен алек болуп эптеп машинага салып үйгө жөнөштү. Шайгүл дары берип, укол куюп жаткырып койгондон кийин бир топтон кийин эс алды. Рапия эс алгандан кийин Артурлар келинчектери менен кетип Болот гана калды. Ошол бойдон эч кимиси үндөгөн жок. Шайгүл диванда отуруп: "туура айтат, никесиз төрөп алып, аны кайрабелгисиз бирөөлөргө таштагандан намыс кылбай катына жооп бергенден намыстанганым туура эмес болгон экен, Султан да түшүнүгү начар эмес беле ошондон чочуласам керек" деп ойлонуп уктап кетти. Эртеси күнү жашоо кайрадан кадимкидей эле улана берди. Шайгүл Рапияга башы ооруганда ичер дарысын дайындап берип өзү пенсиясына кетти. Ал кетери менен эшиктин коңгурооосу чырылдаганда Рапия аягы эле босогодо турган улгайган салабаттуу адам аны карап туруп таң калгандай унчукту:- Мен Шайгүл Бокойованага келген элем, жаңылбасам сиз анын сиңдиси болсоңуз керек?- Ооба, эмне сизди келип кетти деп койоюнбу, аты-жөнүңүздү айтып койсоңуз.- Мен… мен Жусуп Курманович, мени келип кетти деп айтып койсоңуз.- Макул, айтып койоюн, - Рапия дароо эшикти жаап коюп кирип кетти.Кечинде келгенде Шайгүлгө келип-кеткен адамды айтып турганда эшик кайрадан чырылдады. Шайгүл сыртка чыкканда аны жылмая карап Жусуп Курманович турган болчу.- Оо келиңиз, келиңиз, сиз жөнүндө азыр эле сүйлөшүп жаткан элек. - Шайгүл аны ызат менен үйгө карай баштады.- Бир тууган сиңдиңиз го, абдан окшош экен, сиздин жаш курагыңызга кездешкендей эле абкаарып калыптырмын, билесизби бир кезде сизге далай жигит даай алчу эмес эле.- Оо ал күндөр артта калды, азыр сыры мөлтүрөгөн менен ичи көңдөйлөнүп чирий баштаган алмадай болуп мезгилге уттуруп картайган убак эмеспи.- Коюңузчу, али да болсо жакшынакай элесиз, сизди картайды деп ким айтат, ырасын айтам, сиңдиңиз сизге куюп койгондой окшош экен.- Жусуп Курманович, кечирип коюңуз, ал менин сиңдим эмес, улуу кызым, - деп келатканда аларды босогодо карап турган Рапияны көрүп, - мына таанышып койгула, бул менин кызым, аты Арууке, - деп Шайгүл Жусуп Курмановичти караганда ал:- Өтө кубанычтуумун Шайгүл Бокойовна, абадан кубанычтуумун, мен сиздин сиңдиңиз го дегем… Кечирип коюңуз. - деп Рапияны карай, - биз бүгүн эртең менен эле таанышканбыз ээ Арууке… аты абдан жакшы экен. - деп үйгө кирип келишти. Шайгүл коногуна чай коюп көпкө чейин кобурашып отурушту да анан Жусуп Курманович сылык коштошуп чыгып кетти. Арадан эки жума өткөндө Жусуп Курманович алардын үйүнө кайрадан пайда болду. Бирок бул келишинде ал Шайгүл Бокойовна менен ачык эле сүйлөшүп отурду.- Шайгүл Бокойовна, мен сиздин ушул кызыңызга куда түшүп келдим, билесиң да менин да уулум бар го, кызың менен ошол уулумду үйлөнтүп койсок абдан жакшы болчудай… -деди сөздү алыстан баштап, - анын аялы эки жыл мурун каза тапкан, ылайыктуу эч ким жок, менин көзүм сенин Аруукеңе түштү, Арууке, арууке дегендей эле жан экен, сиз макул болсоңуз ушул жума аялым, уулум болуп келем, өздөрү бир бири менен сүйлөшүп көрүшсүн.- Мен аны айта албайм, Жусуп Курманович, куда болуу урмат-сый эмесми, мен бул сунушуңузду жүрөгүм менен кабыл алам, бирок өзү эмне дээр экен?- Энени укпаган бала болбойт, энеси сиз болгондон кийин кызы жаман болбойт, мен сизге ишенем, - Жусуп Курманович Шайгүлдүн колун кыса кармап ызаат кыла сылык коштошуп жүрүп кетти. Булардын сөзүн Рапия даана укту бирок эмне дээрин билбеди. чынында ал Калмурат менен жашап жүргөндө гана бактылуу болгон экен ойлосо, андан кийин баары эле күндүк, бир мүнөттүк кумардын курмандыгы болуптур. Чын дилинен сүйүп же сүйүүсүн арнаган эркек менен жашабаптыр… Ал залдагы тулку бою менен тең күзгүгө барып өзүн өзү каранды. "Дагы деле адамды бир көргөндө өзүнө тартчу жамалы бар экен, кандай эркек болбосун ээрчий турган убагы али өчпөптүр, бирок мен бирөөнү сүйдүмбү, мени бирөө жан дили менен сүйдү беле?" деген суроо койду азыр Рапия өзүнө. Бир да адам сүйүүсүн сезбегендир… "Ким билет, балким мен сүйүүнүн кандай экенин билбей өтүп кетеримин, жашым болсо элүүгө чамалап калды, азапты көп тарттым, эми ушул жашымда кайдагы сүйү, кайдагы жаңы жашоо, мен сабагынан үзүлүп жерде калган борсуп чирий баштаган алмамын, мени ким карамак эле?…" деп ойлоп Шайгүл менен да сүйлөшкүсү келбей уктоочу бөлмөгө кирип кетти.
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:09 » Билдирүү # 14
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Шайгүл көпкө чейин ары бери басып жүрдү: "Эмне дээр экен, мен айтканда макул болобу, ансыз да жүрөгү ооруп баарынан көңүлү калып, жашоодон кечип жүргөндө менин айтканыма макул болбой койсо эмне дейм, жок, жок мен эч нерсе айтпайм, жөн гана шарт түзүп беришим керек, калганын өзү билсин" деп ойлоду да азырынча Рапияга айтуунун кажети жок экенин сезди, анан Рапия жаткан бөлмөгө кирип анын ары карап жатып алганын көрүп кайра чыкты: "Башынан алган жаракаты али айыга элек, мээге да доо кеткен, көп сүйлөп, же кайгырууга да болбойт, эгер башынын ооруганы күчөсө операция кылууга мажбур болобуз, мүмкүн операциясыз дарылап турсам айыгып кетиши да мүмкүн" деп ойлонуп жатты.Сезим Куттубекти дем салып карап жатканга жети күндөн ашты, ал кадимкидей болуп калганда анын ата-энеси Сезимге ыраазылыгын билдирип белек-бечкегин алып келип Куттубекти алып кетишти. Бирок Куттубек жарым жаны Сезимдин жанында калып калгандай эки үч күндөн кийин кайра өзү келди. Муну Сезим билген, ал келгенде адамдар көп болгондуктан дароо чыгууга болбоду. Көптөн кийин аны кабыл алды:- Келип калыпсың Куттубек, кандай денсоолугуң жакшыбы?- Жакшы эле, дурусмун бирок… бирок негедир сизди көрүүгө ашыктым, келип турсам болобу?- Эмнеге болбосун келип тур, сен үчүн дайым эшик ачык, келгениңди көрүп чоочуп кеттим, кайра ооруп калдыбы деп.- Жок, ал оорумдан айыктым, кайрадан жүрөк ооруга, сүйүүгө чалдыктым окшойт.- Куттубек, сен али жашсың, сүйүү оюнчук эмес, жакшы көрүү же жылуу мамилени сүйүү менен салыштырууга эч мүмкүн эмес, жөн эле балалык кылып жаткан болуп жүрбө? - Сезим жылмая Куттубекти карады.- Эч кандай андай эмес, мен ата-энеме айтам да сизге жөнөтөм.- Куттубек, жакшылап ойлон, сүйөм деп айтыш оңой, сүйүүнүн азап тозогуна чыдай билүү керек, адегенде сен мага жооп берчи, сүйүү деген экенин билесиңби?- Эмнеге билбейм, сиз мени жаш бала деп ойлоп жатасыз го, жаралгандан кийин, тирүү адам сүйүүгө кабылбаса, сүйүүнү башынан өткөрбөсө анын тирүүлүктө жашап өткөнү кайсы, жан жаныбар да бир бирин сүйбөсө көбөйбөйт да, мен дагы жашоодогу, чоң сүйүүгө кабылдым, демек өзүмдү бактылуумун деп эсептейм! Сезим үндөбөй Куттубекти карап отурду. Ал Сезимди көздөй колун сунуп:Сен менин асмандагы айым, күнүмКакшасам жетер бекен сага үнүмАк сүйүмдү кабыл албай басып кетсеңАнда менин өчкөнү үмүтүмдүн, - деп чөгөөлөй Сезимдин алдына отура калып эки колун сунганда ал эч үн дебей отуруп көпкө чейин көзүн жумуп анан:- Куттубек, эсиңе кел, али жашсың, далай кыздарга жолугасың-деди Сезим.- Мен сенден жакшы сөз укмайын кетпейм, мен сени сүйөм, сенсиз мен бул дүйнөдө жашабайм, кана жооп бер!?- Болуптур, кызуу кандуулукка алдырба Куттубек, мен да сени сүйдүм дейли, анан эмне болот?- Эмне болмок эле үйлөнөбүз.- Анан? - Сезим жылмая Куттубекти карап жооп күтүп калды.- Андан аркысын өзүң билесиң да Сезим, мени жаш баладай сынап, шалдыңдап жатасыңбы?- Сени шылдындагаң жокмун Куттубек, мен өзүмдү шылдыңдап жатам, өзүмдү…-деди ойлуу.- Сезим антпе, мени да өзүңдү да аячы, өмүр бою колума көтөрүп жүрүп өтөм, биз бактылуу болобуз ээ? - Куттубек Сезимди бекем кучактап бооруна кысып алып сүйлөп жатты. - Сен мага ишенесиңби Сезим?- Ишенейин, Куту, ишенейин. -Сезим да өзүн токтото албай көптөн бери эркек жытын сагынганга анын төшүнө башын жөлөй көкүрөк мойнун жыттай, - Жаным, мен ишенем сага ишенем, анткени мен да сени сүйүп калгам, - деп аймалап кирди. Күн кечке маал болуп күүгүм кирип калгандыктан элдин аягы сууп калган эле. Бир гана Ишенбек Куттубектин кирип кеткени көрүп күтүп жатты. Сезимден кечки тамак ичээр маалы болуп калган болчу. Ал эми экөө эшикти илип алышып көпкө чейин бир бирин кучагында коргошун болуп көкүлдөп бул табышмактуу да таразалуу да тагдырын татаал жолуна биригип кадам таштоону максат кылып жатышты. Сезимдин андан ары чындоого аргасы жетпеди, жаш, али аял менен боло элек Куттубекти арыдан бери чечинтип, өзү да ууздай аппак денесин толук жылаңачтап алып Куттубекти аймалап үстүнө чыгарды. Ошентип эки дене өмүр бою ажырагыс болуп бирикти. Эми бул экөөнү эч ким ажырата албас эле. Куттубек кубанычтуу Сезимди кучактап туруп:- Мен тезирээк ата-энеме айтып сени үйгө алып кетем, болбосо мен сенсиз бир мүнөт да үйдө туралбайм, кандайдыр бир күч сени көздөй жетелейт да турат, биз экөөбүз ажырабайбыз ээ? - деп Сезимдин эки бетинен өөп койду.- Сөзсүз ажырабайбыз, бирок баары кудайдын айтканындай болот Куту, экөөбүздү кудай кошту, кудай гана ажыратат.- Туура, мен дагы кудайга ишенем жаным, биз бактылуу болуп кө-өп балалуу болобуз, кыздарың сага, уулдарым мага окшош болот. -Куттубек толкундана сүйлөп жатты. Ушул тушта эшикти Ишенбек тыкылдатып калды эле Сезим өзү эшик ачты.- Кызым, оокатың муздай электе тамактанып алсаңчы, -Ишенбек Сезимди аягандай үн катты, - керээлден кечке адам көрүп жатып чарчадың го, кызым.- Азыр ата, Куттубекти жөнөтүп койоюн, дем салып бүтүп койдум, - Сезим уялгандай эки бети кызара артына бурула берди, муну Ишенбек байкаган жок ал чыны менен эле ооруп калабы деп Сезимди аяп аста мамиле кылчу. Куттубекти жөнөтүп коюп тамактанып отуруп:- Ата, сизге кыйын болду го, үйлөнүп албасаңыз болбойт, тамак ашты, үй түйшүгүн тартуу оор болуп жаткандыр…- Кызым, үйлөнүү үчүн көңүлдөгүдөй аял керек, андай аял чыгабы, чыкпайбы? - Ишенбек бир жагы таңдана бир жагы күмөнсүй жооп берди.- Менин азабымдан жалгыз калдыңыз, аны түшүнүп эле турам, чоң-энем да карып калды, мен жер которуп айылга кетип сиз бул жерде үйлөнүп жашасаңыз болот эле.- Ал жөнүндө шашпай сүйлөшөлү кызым, бирок айылга барам дегениңди кой, эл деген… -Ишенбек андан ары айталбай туруп калганда Сезим:- Түшүнөм ата, эл оозу элек, ар кандай сөздү айта беришет, эми мен андай сөзгө кулак салбайм, ал эми ушак айткандарды кудай өзү жазалайт.- Кызым, чын эле кулак салбай, ооруп калбай барсаң жакшы болот эле, кемпир-чал карыганда убал болду.- Мен барганы барам ата, бирок аларга түйүшүк саламбы дейм, анткени ал жактан да уккандар келсе чоң-энем эле кыйналат го?- Анысы да бар, эмнеси болсо да кызым оорубай-сыркабай эле жүрсөң болду. - Ошону менен сөз бүтүп экөө эки бөлмөгө кирип кетти.Изатты апаппак көйнөк, ак жоолук салып койгондо койкоюп периштедей эле көрүнүп калды. Жеринен көп сүйлөбөгөн неме ого бетер сүйлөбөй беш маал намазды үзбөй окуп айылда болчу жамандык жакшылыкты алдын ала билип айтып койчу болду. Ошондуктан ага мал жоготкондор, буюм уурдаткандар келип айтканы айткандай келип бат эле өрөөн, шаар боюнча атын уккандар келе башташты. Бир күнү эки, үч үй ары жашаган кошунасы келип:- Айланайын Изат, баккан атым жоголду, кеминде отуз миң болот эле сатсам, ошол табылабы деги? - деп ыйламсырап отурду. Изат чоң кишидей токтоолук менен ал кишини жылмая карады да:- Эч кабатыр болбоңуз, атыңызды алып кетерин алып кетип алып абийрим төгүлөбү деп коркуп атат, эртең кечинде жем жеген акырыңызга өзү келет, бара бериңиз! - деди.- Оозуңа май айланайын, көп жаша, элдин батасын алып аман-эсен жүр, айтканың келсин! - деп кудуңдаган кошунасы кеткенден кийин кечке маал күүгүм ченде ошол эле айылдык кадыр барктуу адамдын баласы келип:- Абийримди төгүп мени айта көрбө карындашым, ата-энемдин жүзүн жер караткым келбейт, шүмшүктөрдүн тилин алып кошула койдум эле… - деди шашкалактай. - Бирөөлөрдүн тилине кирбей эле өзүңүз алгансыз, калп айтпай жүрбөйсүзбү! - деди Изат жини келе.- Кечирип кой садага, кечирип кой, - деген тигил башка сөз айталбай ордунан тура жөнөдү.- Экинчи мындай кылбай жүрүңүз! - Изат акырын анын артынан айтып койду.Ошонун эртеси чын эле жоголгон ат ээсинин эшигинин алдында турду, бул кереметтүү кыздын көзү ачыгын билип калган айылдын ууру кескилери ал айылдан эч нерсе алалбай калышты, ал турсун, аны ээндетип кармап кетип көзүн жоготууну ойлоно башташты. Аты табылган адам үч күндөн кийин келип Изаттын алдына эки миң сом койду эле ал:- Бул эмнеңиз, мен мынча акчаны албайм аба, мен сизге акча үчүн эмес кудай үчүн айтып берем! - деди эле ал киши:- Жок кызым, бул менин чын пейили менен ыраазылык билдирип айтканым, эки миң азыр эки сомдой да баркы жок, сени өз кызым катары берип жатам, ат жоголгондо эмне болот эле, сен болбогондо аны алган эме кайтармак эмес ыраазымын садага, - деп астына таштап коюп чыгып кетти.- Алла ыраазы болсун, малыңыз өзүңүзгө насип болсун, - Изат алакан жайып бата берип калды. Айсалкын Изатка көрүнгөнү келгендерди киргизип чыгарып кечке убара, ар кимдин ар кандай тамшана айтып жаткандарын угуп: "Оо кудай суук көздөн, жаман сөздөн сакта" деп кудайга жалынып алат. Кээде: "көпчүлүк эле балдардай жүрө берсе болбойт беле" деп да кейип койот ичинен. Изат ошол күнү кечинде сыртка чыккан кезде аңдып турган эки жигит оозун басып улактай көтөрө калып жол боюндагы машинага салды да жүрүп кетти. Баратып эле алардын машинасы өчүп калды. Түшүп рулдагысы эки жагын караса баары жайында, майы деле толук, мотору жайында кайрадан от алдырайын десе от албайт. Изат оозу таңылып, буту-колу байланып арткы орундукта жаткан. Айылдын четине чыга бериште токтогон машинанын ээлери:- Машина мында туруп турсун, муну тигиндей көтөрүп барып деле атасын тааныта жайласак болот, - деп Изатты экөөлөп көтөрүп барып эми кийимин чечип зордуктайлы деп кызга колдорун тийгизгенде аларды кандайдыр бир күч экөөнү эки жакка түртүп жиберди. Андан башка эч нерсе билишпейт. Изат болсо заматта өз үйүнө эч нерсе билбегендей кирип ордуна жатып калды. Эртеси эки жигитти ээн талаадан көк ала болуп жаткан жеринен табышты. Үй-бүлөөсү аларды ооруканага жеткирип милиция чакырганда алар эч нерсе айта алышкан жок. Экөө тең катуу токмок жегендей бирок ким сабап урганын элестете алышпай ооруканда көпкө жатышты. Бирок алар ичинен: "Изаттын атасы эле билип калып артыбыздан келген го?" дешип ойлогон менен көздөрүнө көүнбөгөн күчтүн сырын билбей башы катып кыздын сыйкырлуу күчүнөн коркуп жатышты. Ошол бойдон экөө тең бир напталары иштебей майып болуп өз жазаларын алып кудайдан кечирим сурап жалынганга өтүштү. Ушуга чейин кудайды оозуна албаганын билген ата-энелери таң калды. Сураганда эч нерсе айтышкан жок. Изаттын аты алыска угулуп кадыр баркы көтөрүлгөндөн көтөрүлө берди.***Шайгүл Рапияны колунан келишинче өзү дарылап жатты. Бара бара башы ооруганы азайып бирок бутунун сынган жери кээ кээде ооруп калып жүрдү. Шайгүлдүн оюнда: "Жусуп Курмановичтин келээри күнү бүгүн, алар келсе эмне дейм, мен айтканда болбой койсочу, келсе көрөөрмүн" деп ойлоп конок күтчүдөй камынып жатты. Рапия дагы "бүгүн келишет кандай неме болду экен, адегенде көрөйүн, андан кийин ойлоноюн" деп ичинен тымызын ойлонуп жуунуп конокко барчудай өзүн жасап түзөп жатканда Шайгүл:- Кызым, бир жакка барганы турасыңбы? - деди чочулай.- Ооба, сыртка чыгып эки жакты карап келейинчи, отура берип башым ооруп кетип жатат, - деди Рапия дагы билмексен боло.- Жаңы кийимдериңден кийип алсаң, катып отура бербей, анан тезирээк кел, үйгө коноктор келет.- Конок келсе сизге жардам берейин.- Жок, өзүм эле, ооруп жүрсөң сени жумшамак белем, бир аз сейилдеп анан тез келип кал, кызым.- Макул, тез эле келем, - Рапия кийинип алып чыгып кетти.Аңгыча коноктор келип, Шайгүл аларды дасторконун кең жайып сыйлап бир саатай отуруп калышканда Рапия келди. Ал киргенде эле Шайгүл:- Кел кызым, коноктор келип калды, отуруп чай ич! - деди.- Оо кандай кызым, жакшы жүрөсүңбү? - Жусуп Курманович аны карай күлө учурашты, - биз конокко келсек сен жоксуң.- Келиңиздер! ? - Рапия алар менен сылык баш ийкеше учурашып Шайгүлдүн жанына отуруп жатып Жусуп Курмановичтин оң жагындагы арык чырай жаагы узун кара каш адамды көз кыры менен карап койду. Андан кийин коноктор бир топко аркы, беркини сүйлөшүп отуруп кайтышты. Рапиянын көңүлүнө тигил жигит жакты: "Салабаттуу, билимдүү адам экен, адамкерчиликтүү тартиптүү да болсо керек" деп ойлонуп: "эмне экен тийсе тийип алайын, эки көзү менден өтүп отурду сөзсүз келет" деп жылмайып да койду.Ошондон эки күн өтүп, сүйлөшкөндөй эле Шайгүл үйдө жокто Жусуп Курманавичтин уулу элүү эки жаштагы Марлес келип калды. Эшикти ачып эле Рапия дел болуп туруп калды. Ал колуна бажырайган роза күлүн көтөрүп алган экен.- Саламатсызбы? - эшик ачылганда эле анын биринчи айткан сөзү ушул болду.- Келиңиз, -Рапия суз тосуп алды. Ошенткен менен анын жүрөгү дүкүлдөп бир башкача абалда турду.- Мүмкүн болсо бир аз сейилдеп келели, - ал колундагы гүлдү Рапияга сунуп жылмая сүйлөдү.- Менин убактым жок! - Рапия кескин жооп берди.- Анда таанышып алсак кантет, менин атым Марлес, - колун сунду.- Рапия.- Эмне дейсиз? - ал таңдана сурап койду. - сиздин атыңызды башкача уккан элем.- Аа-а Арууке деппи, менин төрөлгөндөгү атым, ал эми көбүнчө Рапия дешет.- Ошондой, кечирип коюңуз, кирүүгө руксатпы, эгер сейилдегенге көңүлүңүз болбосо бир азга сүйлөшүп отурсак кантет?- Кириңиз! - Рапия сылык жооп берип алдыга жол баштады.- Сизди бир көргөндөн тартып кайрадан көрүүгө куштар болдум.- Бул көп эркектер айтчу жадатма сөздөрдүн бири деп ойлойм.- Андай эмес Рапия, чындыгын айтып жатам, мага кыз-келиндердин баары бирдей эмес, ал эми сиздин чырайыңыз чынында эле адамды өзүнө бир көргөндө тартып алчу чанда жолукчу сулуулардан экенсиз.- Бул айтканыңыз мени кубанта койбойт, сулуу болгончо көптүн бири болгон жакшы.- Өзүңүзгө жараша акылыңыз да келишкен жан экенсиз.- Мындай сөздөрдөн тажаган жанмын, андан көрө келген жумушуңузду айтканыңыз жөндүр, - аңгыча залга кирип келишти, -отуруңуз! -Рапия Марселге бир орундукту көрсөтүп өзү да отурду.- Сүйлөңүз.- Келген жөнүмдү айтсам бойдокмун, аялымдын өлгөнүнө эки жылдан ашса да үйлөнбөй жүрөм.- Эмнеге үйлөнбөдүңүз? - Ылайыктуусу табылбады.- Анан? - Рапия Марселди тикирээ караганда ал анын көздөрүнөн жалтана көзүн тартып алды.- Анан сизди капысынан көрүп калып жүрөгүмдү сизге тарттырып ийгендей болдум. -Марсел тамашага чала сүйлөдү, - заматта мени кишендеп алдыңыз окшойт.- Кишендегендей ат белеңиз?- Жо, жо чындыгын айтып жатам, жашыңызда сизге жолуккан жигиттерди көз отуңуз өрттөп жиберчү го дейм?- Болсо болгондур, жаш кез менен азыркы убакты салыштырууга болбойт эмеспи.- Аныңыз ырас дечи, бирок мен сизди чын жүрөгүм менен жактырдым Арууке, сиздин колуңузду сурап алдыңызга келип отурам!- Болбогон кептен көрө болоор жагын ойлосоңуз болмок, мен азыр саргарып сабагынан үзүлүп түшө баштаган жалбырактай күбүлө баштаган чагым, күйөөгө чыгуу али оюма эмес түшүмө кирбей калган убак.- Коюңузчу, али да болсо жамалыңыз жайнап көңүл отун тутандырганга жарайсыз. Ачыгын айтсам сизди сүйүп калдым, ооба, мен дагы дал ушинтип ойлоочумун, бирок менин да жашоодо көрө турган күнүм, тата турган тузум бар экен, кудай экөөбүздү жолуктуруп отурат.- А менин үмүтүм эбак өчкөн, анын үстүнө өзүм оорукчан болуп калдым.- Оорудум деп айтпаңызчы, көңүлүңүздү оорутпай алаканыма салып, өлгөнгө кадырлап алууга жарайм, жок дей көрбөңүз.- Шашылбаңыз, андан көрө бир чыны чай ичиңиз дагы үйүңүзгө барыңыз.- Бул кет дегенеңизби? - Кандай кабыл алсаңыз ошондой кабыл алыңыз, бирок менин бүгүн сиздин жомогуңузду угууга чамам жетпей калды көрүнөт.- Кечирип коюңуз, Марсел унчукпай отуруп калды. Рапия ордунан туруп барып чай алып келди. Астына коюлган чайдан ууртап кайрадан сөзүн улады Марсел. - менин үч уулум бар, үчөө тең үйлөнүп өз-өзүнчө жашайт, заңгыраган үйдө мен өзүм жалгызмын. Жанымда сизге окшогон жайдары жандын болушу өтө зарыл, жумушум кудайга шүгүр, балаңыз болсо аны да багып ата болуп берүүгө даярмын.- Балдар өзүнчө кеткен, ал жөнүндө ойлобой койсоңуз да болот, бирок мен сизге эч нерсе ачык айта элекмин да.- Туура, бирок мен сизге өз сунушумду айтып жатпайынбы. - Сунушуңузга азыр жооп бере албайм, ойлонуп көрөйүн.- Сөзсүз, убакыт бар эмеспи, мен сизди шаштырбайм. - Анда биздин апабыз келип калаар учур болуп калды, ал сизди көрсө эмне дээр экен?- А кишини билем, жаман ойлобойт, түшүнүктүү адам эмеспи.- Ошондой болсо да…- Анда мен барайын Арууке, эртең сизди саат үчтө Октябрь кинотеатрынын алдынан күтөм, эгер менин сөзүмө, оюма кошулуп көңүлүздө туура түшүнсөңүз барыңыз, жок көңүлүңүз келбесе өзүңүз билиңиз! - деп Марсел коштошуп чыгып кетти. Аздан соң Шайгүл келип калды.- Зерикпей отурасыңбы, кызым? Башың ооруган жокпу?- Зериккенде, зерикпегенде не, башым бүгүн оорубай турат, бирок баш ооруткан окуя болуп жатат.- Кандай окуя?- Сиздин таанышыңыздын баласы келиптир, мага күйөөгө чык деп.- Эмне дедиң анан?- Күйөөнү ойлой турган убактым өткөн дедим.
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:10 » Билдирүү # 15
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
- Бекер кыласың кызым, эгер күйөөгө чыксаң баш оорудан кутулуп кетишиң мүмкүн, жакшы үйбүлөдөн чыккан, билимдүү түшүнүктүү абдан жакшы жигит.- Ойлонуп көрөйүн дедим, өзүм оорукчан болуп калдым, бутум болсо оор көтөргөнгө жарабайт, зорго басып жүрөм, оорукчан аял кимге керек болмок эле?Бутуң али күчүнө кире элек, дагы ушуга шүгүр дейли кызым, ушунчалык болуп калганына кубанып отурам. Ал эми анын оор түйшүгү деле жок, үйүндө электр жылыткыч бар, керек десең кызматчы жалдаганга кудурети жетет.- Ошентсе да…- Жакшылап ойлон садагам, сени кайрадан төрөп алдым, кайрадан жаңы жашоого аттанышың керек, ой санаа оорутат, көп ойлоно бербе, жакшы адамга жолксаң ооруну сезбей да калышың мүмкүн.- Ким билет, баары бир балдарымды ойлосом жүрөгүм сыздап кетип жатпайбы, Сезим болсо мени сүйлөтпөй койду, мени эне катары көрбөй калышты го?! - Рапиянын көздөрүнө жаш толуп, мууна түштү, - төрөгөн балдарымдан жат болуп калдым, эмки жашоонун кызыгы барбы мага, айтыңызчы?- Эч нерсе эмес кайда бармак эле, энени бала эч качан кечип кетпейт кызым, өзүңдү кыйнай бербей алаксысаң боло!- Кыйналбаганда эмнем калды дейсиз, өзүм тирүү жүргөнүм менен өлүктөн айырмам болбой калды го? - Рапия көз жашын сүртүп улутунуп алды.- Антпе кызым, андан көрө тобо де, канчалык азап тартсаң да периштедей болуп өңүңө кирип калдың, кудайдын пешенеңе жазганын көрөсүң дагы.- Билбейм… - Рапия бөлмөсүн карай басты. Шайгүл анын артынан карап туруп: "ушунун көз жашы кургап жадырап бир күлө турган күнү болоор бекен байкушум, мен да карып баратам, көзүм тирүүсүндө бактылуу болуп өз ордун таап калса болот эле…" деп ойлоп анын артынан басып баратып столдун үстүндө турган гүлдү көрүп бир кездеги Нуржигиттин өзүнө дал ушундай роза гүлүн алып келгенин эстеп гүлдү барып коомай сылап эңкейе жыттап койду: "ошондогу буруксуган жыт, ал эми Нуржигиттен калган розам минтип жабыркап отурат, ушул гүл ак жолтой болгой эле…" деп оор күрсүнө улутунуп ийгенин өзү сезбей калды.Рапия көп ойлонду: "ырас эле орун которуп жаңыча жашоого барсам оорудан алаксыырмын, жаман адам көрүнбөйт, мени бир күнгө бирге өткөргөнгө ылайыктуу жар болчудай, өлөмүн деп жакшы эле далбастаганым менен өлө алганым жок, эми кудайдын буйруганын көрөйүн" деп ойлоп эртеси жарашыктуу модалуу көйнөгүн кийип алып Октябрь кино театрынын жанына барды. Билгиленген убакыттан жарым саат кечирээк жетти. Ал эки жагын карап турганда артынан тааныш үн чыкканда селт эте карады.- Салматсызбы, келишиңизге кубанычтуумун! - Марсел дал кечээгиндей роза гүлүн кармап турган эле.- Кандайсыңар? - Жакшы, менин сөзүмө кошулуп, сунушумду четке какпай келип бергениңизге ыраазымын! - деп Марсел гүлдү Рапияга сунду.- Рахмат.- Кайда басалы? - Марсел Рапияны колтуктай калып суроолуу тигилди. - Сиз кайда десеңиз мен даярмын!- Рахмат сизге, өзүңүз эле билиңиз.- Анда жүрүңүз, - Марсел колтуктаган бойдон Рапияны жол боюндагы кыпкызыл "Аудиге" жеткенде машинанын эшигин ачты да, - отуруңуз! - деди жылмая. Рапия отургандан кийин эшикти жаап рулга отуруп, - кана кайсы ресторанга? - деп сурап койду.- Өзүңүз билиңиз. - Рапия кайдыгер унчукту.- Анда Парламентке кеттик, эл аз, четкерээк, ээ эркин сүйлөшүп отурганга ылайык, - деп койду да машинаны зуулдата айдап жөнөдү. Алар Парламенттен чыгышканда күн ылдыйлап калган эле. Рапия Марселге карап:- Менин апам күтүп калды го, айтпай келе берген элем издеп убара болбосун, - деп кабатырлана айтканда Марсел аны жайгарып койду.- Мен өзүм жеткирип барам, демек куда түшүп келе берсек болоор го дейм?- Шашылбаңыз, дагы да бири бирибизди жакындан биле элекпиз, сиз мени, мен сизди дегендей, экинчи жолу көрүшүп жатпайбызбы, - Рапия күлө жооп берди.- Сиздин күлүшүңүз жайкы таңдын атышы, жүзүңүз толуп турган ай, турпатыңыз келишип ак маралдын басышындай, көзүңүз күйүп турган чырак, кашыңыз жаңырган айдай болуп ушул убакка чейин көрүнбөй кайда жүрдүңүз экен? - Марсел Рапиянын колун кыса кармап сүйлөп келатты, - азыркы турушуңузду жолуктурган кудайга ыраазымын.- Сиз аялыңызды сүйүп алдыңыз беле? - Рапия күтүүсүз суроо берди.- Сүйгөн эмесмин деп айта албайм, бирок чынымды айтсам сизчелик сүйбөсөм керек, чыныгы сүйүүгө эми кабылдым го деп ойлойм.- Сүйүүгө ишенесизби? - Кантип ишенбейм, ишенем.- А мен ишенбейм.- Сиз сүйбөй эле сүйдүрө турган болуп жаралган жан окшойсуз го?- Өтө тамашага айландырып баратасыз, чыны менен бир адамды берилип сүйбөгөнмүн. - Анда сизди мен сүйдүрөмүн! - Экөө тең күлүп калышты. Аңгыча үйдүн жанына келгенде Марсел Рапияны түшүрүп коюп өзү бурулуп артына кетти. Рапия үйгө киргенде Шайгүл аны күтүп жаткан эле. Рапия айтпаган менен ал телефон аркылуу Марселдин үйүнө чалып Шайгүлгө айтып коюшкан. Ошондуктан ал бир аз тынчсызданганы менен көңүлү ток эле. Рапия эч нерсе айтпай бөлмөсүнө кирип чечинип чыгып диванга отурду. Шайгүл да ооз ачып сурабады: "Эмнеси болсо да өзү чечсин" деп ойлонду ал. Экөө өз-өзүнчө ойду ойлоп келээрки таңдын атышы менен кандай жаңылык болоорун күтүп жатып калышты.Куттубек ата-энесинин каршы болгонуна болбой жатып акыры аларды көндүрдү да Ишенбектин алдына ата-энеси менен келди. Ишенбек угуп таң калды. "Сезим эмне дээр экен" деп ашыкча сөз айта алган жок. Куттубектин атасы:- Кудайдын буйругубу же чын эле уулум сүйүп калдыбы кыскасы биз Сезимди жаман көрбөйбүз, болгону балабыз жаш, кичине койо тур десек болбойт, эмки сөз сизде калды, - деп сөз баштады жайланышкындан кийин.- Мен эми эчтеке дей албайм, Сезим эмне дейт, өзү билсин, макул болобу же… -Ишенбек Сезимдин бөлмөсүнө баш багып келгендерди айтты эле ал келди да:- Келиңиздер, жөн-жай элеби? - деди билмексенге сала.- Келдик айланайын, уулубузбир оорудан кутулуп экинчи ооруга тутулду, биерден баргандан кийин эле жаныбызды койбойт.- Эмне деп?- Эмне десин, Сезимди албасам өлөм, ага барып куда түшкүлө, мен аны сүйөм, деп эле күнү түнү уйку көрбөй калды балам. Куттубектин энеси саал какшытагандай сүйлөдү.- Куттубеке мен айткам, экөөбүздүн жолубуз эки башка, ата-энеңди кыйнаба деп, мени кечирип коюңуздар, адам көрүп жаттым эле барайын.- Барагой айланайын, ал да бизге окшоп жанга аралжы издеген бирөө болсо шыпаа боло бер айланайын. Сезим чыгып кетти.- Мен бул жерге кирип алам, силер көңүлүңөр менен макул болбосоңор, - Куттубек Ишенбектин көзүнчө ушуну айтты да калды. Ишенбек деле үндөбөдү. Акыры кийинки жумада келип Сезимди кол менен алып кетүүнү болжолдоп үйлөрүнө кайтты.Алар кетип Сезим менен бет маңдай отурганда Ишенбек ага карап минтти:- Ыя кызым, тигилер эмки жумадан алып кетмей болушту, буга эмне дейсиң?- Алар ошентпеске аргасы жок ата, мен алдын ала билгем, ооруп келээрдин алдында эле мен түш көргөмүн, тагдырым ошол балага байланаарын Алла-Таала мага аян берген.- Эк кудая тобо-о, ошон үчүн мени үйлөм дегенсиң го? - Ишенбек Сезимди таң кала карады.- Ооба ата, мен кетип калсам сизди жалгыз калат деп аяп жатпайынбы. - Оо садага болоюн кызым, мен аны кайдан билдим. - ойлуу бир аз отуруп, - мени деле көрүп койсоң боло, адам катары жашаймбы же…- Сизди көрүп эле жүрбөйүнбү, ата, апам өзү сизден кечирим сурап келет, ал аны менен жашай албай калды, ушул ай ичи келет, сиз аны кечирип коюңуз, ал сөзсүз келет, анткени сиздердин нике бузула элек, насибиңер бирге дагы деле.- Эми кайсы бети менен келмек эле, балдарды көзүнө илбей күйдүм, сүйдүм деп чыгып кетсе, намысы болсо кайрылып келбес.- Жок, ата, ал келет. - Сезим андан кийин унчуккан жок. Ишенбек да ойлонуп отуруп калды.Кийинки жума Сезимди Куттубек алып кетти. Алар шаарда жашагандыктан алар менен эч кимдин иши да болгон жок. Куттубектин тууган уруктары Сезимди жакшы эле кабыл алышты. Экөөнүн ортосу үч жашка айырма болгон менен анча билинген жок. Куттубек намаз окуганды үйрөнүп кээде ичип койгонун токтотуп койгонго ата-энеси кубанып атышты. Ал жерде бир айдай туруп эле алар Россияга жөнөмөк болду эле атасы каршы болду.- Ал жакка барганда эмне, соода кыласыңарбы? - Жок, ата ал жактагы адамдарга да жардам бериш керек, бир жылдай туруп келебиз, - Сезим кайнатасына иймениңки карап акырын жооп берди.- Балам, бул жерде деле өлбөстөй оокат табылат, эгер соода, акча үчүн баратсаңар убара болбогула, мына канчалык эл келсе ошончолук акча келип жатпайбы, кудай деп бул жакта эле болсоңор болот эле, анын үстүнө Куттубек биздин жалгыз балабыз, алыска кетсе эмне болду деп апасы экөөбүз ойлой берип курубайбызбы. - Ата, кудай сактасын, барса барып келели, кыйналган эл келиниңиздин түшүнө кирип тынчын алып жатат, силер көп эле ойлоно бербегиле, - Куттубек да ата-энесин тынчтандырууну көздөрү, - ал жакта деле көп турбайбыз.- Уулум, биздин караган карманганыбыз сен болсоң кантип ойлонбой койобуз, алыска чыгып көрө элексиң - апасы сөзгө аралашты.- Койсоңорчу апа, мени кичинекей баладай көрбөй, мен чоңойдум, бала эмесмин да. - Куттубек намыстангандай апасынын сөзүнө териге түштү.- Чоңойдуң го дечи, ошентсе да…- Мен сиздерди түшүнөм, ата-энеге бала кымбат, бирок мен өзүм эле барып келейин десем Куту болбой атат.- Эмнеге сен жалгыз бармак элең мен турганда, - Куттубек кызыктай абалда болуп чычалай калды, - баарың эле мени жашсың, жашсың дей бересиңер, ошенте берсеңер өзүм кетип калам Россиягабы же башка жакка, - таарынгандай тултуңдай эшиикке чыгып кетти. Анын артынан Сезим чыкты. Үйдө калган ата-энеси аларды шаарга бөлүп эле койсокбу деп кеңешип акыры экөөнү Бишкектен үй алып бөлүп коюну чечти.- Кемпир экөөбүз али күчүбүз барда экөөңү бөлүп эле койолу, келин болуп кызмат деле кыла албайт экен, керээлден кечке келген элдин түйшүгүн сен эле тартып калдың.- Эми бечарам эмне кылсын, кудай берген ишаарат менен киши көрүп жатса эмне демек элем, анын үстүнө мунун атын уккандар алыстан келип жатканын көрүп турбайсыңбы. - Ошону айтам да, тапканы экөөнө жетмек турсун ашат, кой бөлүп койолу.- Ошентсе ошентели чал, кайда болсо аман болсун жаман уулубуз.
 
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » "Күкүк эне же сойкунун тагдыры" (Айгүл Шаршен)
  • Страница 1 из 2
  • 1
  • 2
  • »
Поиск: