[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 2 из 2
  • «
  • 1
  • 2
Модератор форума: Асман  
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » "Күкүк эне же сойкунун тагдыры" (Айгүл Шаршен)
"Күкүк эне же сойкунун тагдыры"
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:10 » Билдирүү # 16
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Экөө кеңешип эртеси эле шаарга чыгып сатыла турган үй издеп жөнөштү. Дурусураак үй көздөшүп анча мынча үйдү карабай жүрүп кеч кирип кетти. Үч күн издеп жүрүп Орто-сай айылынан жакшы үй сатып алышты. Бир жуманын ичинде ал үйгө той берип Сезим менен Куттубекти көчүрүп келип коюп кетишти. Заңгыраган жети бөлмө үй Сезимге жакты. Куттубек экөө бактылуу өмүр кечиришип эч нерседен капарсыз жашап жатышты.***Изат баягы балдар өзүнө кыянатчылык кылгысы келген күндөн баштап өзү ооруксунуп жүрдү. Акыры ал баягы эки жигитти өзү барып сакайтып келбесе ооруй берерин сезип алар жаткан ооруканага барды да медсестрадан сурады:- Өткөндө талаадан табылгандардын палатасы кайсы, айтып берип койосузбу?- Аа-а айтып берем, экөө бир палатада, он беш күндөй болуп калды эч кандай укол дары таасир этпей жатат, кимден таяк жегенин өздөрү билишпейт, мас тура ошондо, - сестра палатага жеткиче быдылдап сүйлөп барды, - мынакей кире гой, чоң кыз.- Рахмат, - деген Изат каалганы ача бергенде тигил экөө тең көздөрү чакчая чоочуп кетишти.- Кечирип кой чоң кыз, кечирип кой, бизден иттик кетти.- Эч нерсе эмес, мен силерди айыктырганы келдим.- Чын элеби, бизди сен айыктырасыңбы? - экөө тең жарыша сурап жиберди.- Көп сүйлөбөгүлө, адегенде сизди көрөйүн, - ал сол жакта жаткан жигитти бел курчоосунан ылдый колу менен сылап кайра өйдө карай үч жолу сылады да, - кыймылдабай жатыңыз, - деп жанына отуруп алып окуй баштады.Экөө бир бирин үнсүз карап коюп жата беришти, бири: "ушул кыз врачтан да кыйын дейсиңби, көрсө көрсүн" деп ойлонуп карап жатты. Ал эми бутун сылап дем салып жатканы болсо: "кудай уур, дубалап өлтүргөнү келген го, өзүнө кыянат кылган кишиге ким эле жакшылык кыла койсун" деп ойлонуп Изаттын ар бир кыймылын көз жаздымдан кетирбей жата берди. Бир сааттай убакыт өткөндө:- Көзүңүздү жумуп үндөбөй жатып туруңуз, - мен айтканда турасыз - деди да оң жактагысына барып жанагы көрүнүштү кайталап анан аны да окуй баштады. Экөөнө тең дем салып бүткөндөн кийин ортого отуруп алып жалпы арбактарга багыштап куран окуп анан бата кылды дагы:- Өйдө болуңуздар! - деди экөөнө. Алар бири бирин карап: "кантип өйдө болобуз, бул биздин басалбай калганыбызды билбейт го, гимнастика ойното тургансыбай кетпейби" деп ойлонуп калышканда Изат, - Силердин баспай калганыңарды билем, өйдө болгула! - деди үнүн бийик чыгарып, - гимнастика ойнотом силерди. Тигил экөө жаш кыздын өздөрүнө катуу буйрук менен сүйлөгөнүнө жиндери келе ордуларынан козголуп тура калышканда өздөрүнө өздөрү ишенбей бир бирин таңдана карашты. Үстүнөн оор нерсе басып калгандай болуп козголсо эле бүт денеси ооруп жаткан эмелер ордунан туруп кеткенге ишенип ишенбей туруп экөө тең Изаттан кечирим сурай койолу дешип караса ал эбак эле чыгып кеткен экен. Сыйкырчыдай сезилип экөө жакаларын кармап коридорго жарыша чыкты. Ал экөөнү көргөн сестра да таңдана:- Ой силер басып калдыңарбы? - деп сурап алардын алдын тосту, - тынч жаткыла, эми врач келсе бизди урушат.- Жанагы кыз качан чыгып кеткенин көргөн жоксузбу?- Жок көргөн жокмун, мен ооруларга укол куюп жүрбөйүнбү. - Ой тобо-о, - деген тигил эки жигит буттарын, эки колун ишенбегендей кармап көрүп кроватка жаткылары келбей турушту. Ал турсун азыр эле врач жооп берсе үйлөрүнө кете бергиси келип ээлигип сестрадан суранышты эле ал жооп бербей койду.Ошонун эртеси врач келип сестралардан угуп жигиттерге жолукту да:- Силер аны тааныйсыңарбы? - деп сурады.- Ооба тааныйбыз, биздин айылдан, -деп экөө жарыша сүйлөгөндө врач:- Бирден сүйлөгүлө! - деди да, -ал силерди эмне менен дарылады? - деп такый сурады.- Эч нерсе менен дарылап же укол куйган жок, буттарыбызды үч сыйрадан сылап анан дем салды да тургула деди. -бири жооп берди.- Кызык экен, канча жаштарда? - Врач кызыга сурады.- Он үч, он төрттөрдө болсо керек.- Да, да, анда силер жата бергиле, - деген врач чыгып кетти.Ошол күнү кечинде Калмураттардын үйүнүн жанына машина токтоп андан оорукананын врачы түштү да алардын эшигин какты.- Ким? - деген үн чыкты ичкериден.- Мен, шаардык оорукананын врачымын, ачыңызчы сүйлөшө турган сөз бар. Айсалкын эшикти ачып:- Келиңиз, жөн-жай эле келдиңизби? -деп сурап калды.- Жөн жай эле, кызыңыз менен сүйлөшөйүн дедим эле.- Ал уктап жатат.- Уктаса ойготуп койсоңуз.- Болбойт, ал уктаганда такыр ойгонбойт.- Кызык экен, -деп артына бурула бергенде,- Ал ким, киргизип коюңуз, - деген Изаттын үнү угулду.- Чоң кыз, кандай, бүгүн…-деп келетканда Изат колун көтөрө тыйып койду. Врачты ички үйгө киргизип өзү столго отурду да болгонун болгондой кылып айтып берди.- Мага арам ойлоп, мени жамандыкка кыйгылары келген, өз жазаларын алышты, эгер дагы башка жамандык кылса биротоло айыккыс дартка чалдыгышат. Ата-энем билбейт ал жөнүндө, айтып алардын жүрөгүн оруткум келбейт.- Дурус, дурус кызым, сен бул касиетке кандай болуп ээ болуп жүрөсүң?- Аны сизге айтып бере албайм, сиз кандай окусаңыз мени да ошондой эле окутту, азыр арбактар менен сүйлөшө алам.- Чынбы? - врач таңкала сурады.- Ишенсеңиз ишенбесеңиз өзүңүз билиңиз.- Кудайга тобо-о, - бир аз ойлуу отурган врач, -макул, чоң кыз, жакшы кал, эртең менин кабыл алуума келсең сүйлөшөбүз. - Макул, жакшы барыңыз. - Изат коштошуп кала берди.Айсалкын ал кетээри менен Изаттын жанына келип:- Эмнеге келиптир?-деди үрпөңдөй.- Жөн эле, апа, бир оорулууну көрүп берип кой деп келиптир.- Ушул чо-оң врач сениби? - Айсалкын таңдана сурады.- Ошол чо-оң врач кичинекей кыздын билгенин билбесе чакырат да.- Садагасы кызым, көп деле киши көрбөй эле койсоңчу, бирөөнүн көзү, бирөөнүн сөзү жаман болчу эле…- Жок, апа, ар ким өз азабын өзү тартат, өзүм ооруп калышым мүмкүн.- Оо кукуй, оорубай кал, айланайын оорубай кал, сен ооругуча мен ооруйун.- Жок, апа, ар ким өз азабын өзү тартат, өзүмө келгенди өзүм эле тартканым жакшы, сиз оорубай эле коюңуз. - Изат Айсалкынды өөп эркелей кетти.- Садагам, аман эле болсоң экен.- Кудай билет апа, кудайдын буйругу кандай болсо биз баарына көнбөскө чарабыз жок!- Садагам, аман эле болсоң экен.- Кудай билет апа, кудайдын буйругу кандай болсо биз баарына көнбөскө чарабыз жок!- Садагам менин… - Айсалкын кенедей кызынын чоң кишидей токтоо, салабаттуу адамдай сүйлөп жатканына абдан кубанып өз ишине киришти. Изат сабакка барып келет бирок аны балдар тамашалап кээси:- Көзү ачык, төлгөчү, -деп кыйкырса, кээси:- Койсоңчу бул умай эне: - дешип айта бергенинен мектепке барбай да койду.Эртеси ал өзү врачтын кабыл алуусунда болду. Ага врач эки кагаз жазып берип диагностикалык центрге жөнөттү. Изатты текшерип көрүп: "Элдик табып, дүйнөлүк кубулуштарды алдын ала билүүчү касиетке ээ" деп колуна кагаз берип жөнөттү.Кайра врачка келгенде ал:- Куттуктайм кызым, сенин кудай колдогон кыз экенсиң, мындай касиет баарына эле келе бербейт, жолуң ачык болсун! - деп узатып койду. Ал анан палатада отурган экөөнө барып, - силер ээнбаш турбайсыңарбы, карачы кичинекей кызды эмне өчүңөр бар, эгер анын касиети күчтүү болбогондо кыз байкуш жабыр тартып силердин колуңардан өлүп калышы мүмкүн эле, эми этиет болгула арам ойлосоңор силерди соо койбойт! - врач аларды ооруканадан чыгарып койду. Ал экөө кубанган бойдон үйлөрүнө кетишти. Экинчи ал кыз жашаган көчөгө басып барбайбыз деп баратышты.Рапия болсо күйөөгө чыгууга макулдугун берди. Шайгүл балдарын, келиндерин чакырып үйүнөн узатууга камынып жатты.- Эже эми күйөөгө тийбей деле койсо болбойт беле? - деп сурады Артур Жайгүлгө шыбырап.- Анын ой боюна койбой эле тигилер алып кетебиз деп жатышат, мен дагы кошулдум, анткени ойлонбой оорудан да алаксыйбы деп ойлоном.- Деги да, өзүңөр эле билгиле, - Артур ары басып кетти. Ошентип Рапияны күйөөгө узатып Шайгүл кубанып калды. Кантсе да кан жанынан жаралган кызы эмеспи, бактылуу болушун тилеп алардын Рапияны барктап аларына көзү жетип өзүнчө чексиз бактылуу болуп жатты: " Акыркы санаасы Болоту, аны үйлөнтүп ушул үйгө эгедер кылып койсо анан телегейи тегиз болуп кудайдан өлүмдүн оңойунан бере гөр" деп жата берет элем деп ойлонуп төркү бөлмөгө кирип балдары менен чогу чаран Марсел, Рапия жөнүндө көпкө чейин сүйлөшүп отурушуп Болоттон башкасы үйлөрүнө кетип Шайгүл менен Болот үйдө жалгыз калды.Ошентип, Рапиянын тагдыры, көргөн азап тозогу бир күнчөлүк билинбей калды деп ойлогонубуз менен анын жүрөгүндө, өткөн өмүрүнүн издери бүткүл денесинде так болуп калбадыбы. Ал чын эле мамыры, жумуру болуп эрди-катындай алдыга максат коюп жашап бактылуу болбоптур…Калмурат менен жашап жүргөндө деле ал таптакыр келечеги жөнүндө ойлогону эсинде жок. Ишенбек менен жашап жүргөндө болсо эптеп жазга чыгып алсам кызымды алып качып кетем деп жүргөндө Ишенбек кызын бербей алып кетип калбады беле?!
 
VIP » Offline » 21.04.2015 » 17:10 » Билдирүү # 17
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Мына эми Марселге келгени жаңы жашоого бет алып, жашоого жаңыдан кайрылып келгенсип айланага, жанында турган Марселге суктана карап:- Мен бактылуумун, бакытым менин! - деп төшүнө башын жөлөп бул жолу кубанычтын жашы көздөрүнөн куюлуп турду.Шайгүл ушул бактысына ыраазы болуп өзүнүн бир кездеги каталыгын жуугандай өзүн жеңил сезип арадан айлар өткөндө өзүнчө дагы бир ойго жетеленди: "Эми өзүнө келип калды, Аруукени чакырып Рустамды өзүм ага айтып туруп анан кызы менен уулун чакырып бетме бет тааныштырып коюум керек, эми ушул милдетти аткарсам бир топ жеңилдеп калаармын" деп ойлоп Рапия менен Марселди конокко чакырып сыйлап анан Марселди карап мындай деди:- Уулум, айланайын биздин сүйлөшө турган сөзүбүз бар, бизди бир аз жалгыз таштап көчөгө чыгып келчи, анан кетесиңер, - деп өтүндү эле ал акырын чыгып кетти, - Арууке, менин менин аруу кызым, атаң да тилегине жетпей сенин жүзүңдү көрбөй өтүп кеткен. Эми сен мени жакшылап ук, сен өлөмүн деп этаждан учуп кеткенде Рустамың дагы Калмурат менен Ишенбектин сөздөрүн угуп калып муунуп калыптыр! - дегенде Рапия:- Эмне деп жатасыз??? - деп ордунан тура калып Шайгүлдү кучактай калды.- Ооба, ошондой кызым, ал эми жок, сенин түшүңө киргени чын болчу, мен барып айтканда асылган жипти чечип коюшкан. Кыйналганы чын, өз жанын өзү кыйган чоң күнөө да, балалык кылыптыр - Шайгүл солкулдап ыйлап жатты.- Ошону билгем, билгем ошону.. . андан кийин дагы кирди бирок анда " жападан жалгыз адашып жүрөм" дебедиби! - Рапия сүйлөп да ыйлап да жатты.- Кайрат кыл кызым, эми экөөнүн өмүрүн тилейли да аларды Болотту үйлөнтөөрдөн мурун чакырып алалы.- Макул апаке, макул, мага эки жолу өмүрдү өзүң бердиң, менде кайсы акыл, - деди Рапия.- Садагам, эмне дедиң ыя, апаке дедиңби? - Шайгүл көзүнө жаш кылгыра Рапияны өпкүлөп жатты. Анткени Рапия биринчи жолу аны "апаке" деген болчу, - апаке дегениңден сенин, эми кудайга ыраазымын! - деп эне-бала бири бирин кучактап, кубанычтары койнуна батпай кайгы менен кубаныч экөө биригип аларды ыйлатып турду. Рапия аргасыз көндү, тагдырдын салганына баш ийип туруп берди. Марсел келгенде Шайгүл менен Рапия басылып бугу чыгып чай ичип отурушкан. Ал келгенден кийин Марсел менен Рапия кетишти.Шайгүл эми уул-келинин чакырып тез арада Аруукенин (Рапиянын) уулу менен кызын конокко чакырууну кеңешишти. Алар каршы болушкан жок. Андан көрө үйгө эмес эле кафеге чакыралы дешип күн болжошту да үйлөрүнө жөнөп кетишти. Шайгүл эртеси эле Калмураттын үйүнө барып келген жөнүн айтып өзүн тааныштырганда алар Русландын дарегин бергенде:- Сен, кызым, кошо бар айланайын, өзүң түшүнүктүү жан экенсиң, менин жалгыз кызым Аруукенин сиңдисиндей эле көрөм, балдарды татынакай кылып өз энесиндей тарбиялаган сенсиң, сөзсүз баргын! - деп кетти.Болжогон күнү Айсалкын Руслан менен Зуураканды, Сезим менен Куттубекти ээрчитип алып Шайгүлдүн айткан дарегине барышты. Аларды күтүп турган Шайгүл үйгө киргизип чай куюп отурганда Рапия менен Марсел келип калды. Босогодон кирип келгенде Руслан ордунан тура калып таңдана карап калды.- Уулум, айланайын, бул апаң менен учураш! -деди Шайгүл Рапияны көздөй колун жаңсап, - баары өттү кетти балам эми энеңер менен катышып тургула, Сезим, айланайын кызым, бара гой апаңа! - дегенде Руслан менен Сезим жетип барып Рапияны кучактап ыйлап калышты. Ушул кез кандай гана бакыт, кандай гана арман эле, бакыт дегеним эне менен баланын дүйнөдө бир бирин кыйбастыгы, арман дегеним ар биринин жүрөгүндө Рустамдын кайгысы, көз алдында элеси туруп: "аттиң аай, Рустам да ушул кезде тирүү болгондо эмне" деген өкүнүч турган эле. Эне-бала көпкө турушкандан кийин Шайгүл алардын жанына келип экөөнү кучактап беттеринен өөп:- Болду садагалар, эми кол үзбөй каттап тургула, эми күйөө бала менен келинге кезек берели! -деди кубанычтуу. Зууракан колундагы уулун көтөрүп Рапияга барганда ал дилдиреген жалбырактай небересин колуна ала коюп жыттап, жыттап алып көзүнүн жашы бетин жууй Зуураканды бир колу менен кучактап өөп:- Садагаларым менин, менин бактым, менин ырыстарым…- дегенден башка сөз айталбай жаш муунтуп сүйлөөгө кудурети жетпей Зууракандын артында турган Куттубекти кучактап чекесинен өөп, -менин кубанычтарым, аман болгула, мен ыраазымын жаратканга! -деп баланы Зуураканга берди да Айсалкынды жетип кучактап: -сага өмүрүм өткөнчө ыраазымын, карыздармын! - деп солкулдап жатты.- Эч нерсе эмес, баары өттү, сенин уулуң менин уулум, сенин кызың менин кызым биздин бактыбыз, болду көп ыйлай бербе, - деп Айсалкын дагы ыйлап Рапияны жубатып турду.Эне-бала бири бирин кечиришип, бири бирин түшүнүп ушул жалган жашоодо бакытка бөлөп турган бир мүнөттүн кымбаттыгы, асылдыгы ай!Айсалкындын жанында турган Изатты Сезим кучактап өөп улам кубанычын жашыра албай ыйлап турду. Андан кийин Бишкектеги чоң ресторанга барышып салтанаттуу кече өткөрүшүп Руслан да өз энесине болгон ызасын, таарынычын унутуп Сезим экөө бир тууган болуп жаркылдап күлө Рапияны ортого алып анын канча тарткан азап тозогун унуткарып отурушту. Бирок ушул кеде Сезим Изатты карады эле ал босого жакты карап отуруп калды. Анткени босогодо Рустамдын элеси турган, Изат башын ийкеп койгондо ал ичке кирип ар биринин жанына келип анан кайра босогого барып: "Мен дайым жаныңардамын" деп колун булгап коюп чыгып баратты. Аны Сезим менен гана Изат көрдү, башкасы күүлдөп ар кайсыны айтып шарактап бир туугандык сезим менен кубанытуу отурган немелер аны көргөн да сезген да жок. Адамдардын сезгичтиги, туюму күчтүү эмеспи, ушул кезде Рапиянын өңү өзгөрө түштү.- Ботом, мен Рустамды көрүп атам да!-дегенде Сезим аны кучактай:- Ал Рустам эмес, анын элеси, биздин бириккенбизди билип ал дагы биздин арабызда, ал эми биздин жаныбызга келбейт арбагы гана биз менен! - деди.- Ооба, антип атын айтпаңыз, качып кетет! - деди да Изат куран окуп киргенде баары тым болуп калышты. Бата кылган соң алардын баарын Руслан конокко чакырды. Ошентип, бир кездеги аты чыккан сойку деген аты унутулуп бакубат жашоонун кучагына баш койду Рапия.Ар дайым тилегиңер кабыл болсун пенделерим. Каталык кетирбөөнү ойлосоңор алгачкы кадамыңарды баштаганда "бисмилла" деп баштап жүргүлө, замандаштар. Анткени тагдыр табышмак, жашоо кызык, убактылуу азгырыктарга азгырылбагыла! Ачыла элек китеп бетиндей эртеңки күн табышмак эмеспи, Рапиянын тагдырындай тагдырга туш болбогула! Ылайым силерди кудай колдосун! 

Айгүл ШАРШЕН
 
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » "Күкүк эне же сойкунун тагдыры" (Айгүл Шаршен)
  • Страница 2 из 2
  • «
  • 1
  • 2
Поиск: