|
Мугалимдердин айлык маянасын көбөйтүү үчүн бюджеттен 6,6 млрд. сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин жана мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн, 2016-жылга бюджеттин долбоору боюнча талкуунун жүрүшүндө айтылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Сунушталган мыйзам долбооруна мугалимдердин, мамлекеттик кызматчы эместердин, кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу тууралуу программа киргизилген. Ага ылайык, - мугалимдердин маянасын жогорулатууга 6,6 млрд. сом; - мамлекеттик кызматчы эместердин маянасын көбөйтүүгө 1 млрд. сом; - кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин (КТК, ТТ ... Толугу менен окуу » |
Эске салсак, кеч ... Толугу менен окуу » |
Кошумча: Парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген. Ага 14 партия ат салышууда, алар: "Ата Мекен", "Кыргызстан", "Бир бол", "Ар Намыс", "Аалам", "Азаттык", "Республ ... Толугу менен окуу » |
|
Буга байланыштуу регламент 25-августтан тартып күчүнө кирди.
"Кыргызстандын унааларын Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) бирдиктүү бажы баасы менен, тактап айтканда бажы салыгын төлөбөй туруп Казакстанга ташууга 2020-жылдын 1-январынан тартып гана уруксат беришет. Бул тууралуу Tengrinews.kz булагы жазып чыкты. Буга байланыштуу регламент 25-навгусттан тартып күчүнө кирди",-деп кабарлайт КРдин Экономика министрлигинин басма сөз кызматы. Документке ылайык, Кыргызстанда колдонулган унааларды Кыргызстандын жараны убактылуу айдап киргенден тышкаркы учурда Казакстандын аймагына ташып кирүүгө уруксат берилбейт. Калган баардык учурларда унааларга Кыргызстан ЕАЭБгк ... Толугу менен окуу » |
Египет туризм тармагында орус рублинин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат. Бул тууралуу республиканын президенти Абдель Фаттах ас-Сиси ТАСС кызматынын башчысынын биринчи орун басары Михаил Гусманга берген маегинде билдирди. "Биз туристтик инфрастуктураны кеңейтүү үчүн көптөгөн аракеттерди жасап жатабыз. Анын ичинде орусиялык туристтерге түрдүү шарттарды түзүүдөбүз. Учурда болуп жаткан доллардын курсуна байланыштуу көйгөйлөрдү эске алып, орус валютасын колдонууга даярбыз", - деп белгилеген египеттик лидер. |
Монакодо 27-август, өткөн сезондун жыйынтыгы менен Европанын мыкты футболчусу аныкталды. Жыйынтыгында, "Барселонанын" чабуулчусу жана Аргентинанын улуттук курама командасынын оюнчусу Лионель Месси 2014-2015 сезонунун европалык мыкты футболчусу деп аталды. Мессиден сырткары мыкты оюнчу наамына Мадридтик "Реал" жана Португалиянын жарым коргоочусу Криштиану Роналду жана "Барса" командасынын форварды Луис Суарес талапкер болгон. Кошумча: Лионель Месси өткөн сезондун жыйынтыгы менен жалпы жонунан 58 ирет дарбазага топ киргизген. "Барсанын" курамында Чемпиондор Лигасын багындырып, Испания чемпиону жана Король кубогу үчүн турнирдин чемпиону болгон. |
АКШнын Виржиния штатындагы Манассас шаарчасынын 17-жаштагы тургуну Али Шукри Амин 11 жылга эркинен ажыратылды. Ага “Ислам мамлекети” террордук тобуна жардам берген деген айып тагылган. Соттун чечимине ылайык, ал камактан чыккандан кийин да өмүр бою полициянын көзөмөлүндө болот. Иликтөөлөрдүн негизинде, Амин интернеттеги террордук топтун тарапкерлерине каржылык көмөк көрсөткөн жана социалдык тармактар аркылуу виртуалдык Bitcoin валютасын колдонуу ыкмаларын үйрөткөндүгү үчүн июнь айында ал күнөөлүү деп табылган эле. Амин экстремисттерге материалдык колдоо көрсөткөн эң жаш америкалык болуп саналат. |