Кошумча: Ушул жылдын август айында 18 жашар Майкл Браундун полиция тарабынан атып өлтүрүлүшү көптөгөн нараазычылыктарды жаратты. Анткени аталган кырдаал боюнча ачылган кылмыш иши соттордун полицияны актоосу менен аяктады. Кечээ, 25-ноябрь күнү Фергюсон штатындагы митингден 29 киши камакка алынды. Ошондой эле бир полиция кызматкерине ок тийгендиги айтылууда. Кечээ нараазычылык акциялары Нью-Йорк, Вашингтон жана башка ир ... Толугу менен окуу » |
Түркиянын президенти Тайип Эрдогандын айтымында, аял менен эркектин ортосунда теңдик болбойт. "Аял менен эркекти бир деңгээлге коюу мүмкүн эмес. Бул табигый эмес көрүнүш. Аялзаты - эне, анын балдары бар же кош бойлуу учуру болот. Ал короосундагы картөшкөнү казышы мүмкүн эмес",-деди ал аялдардын укугун коргоо тууралуу маалымат жыйынында. Түрк өлкө башчысынын ою боюнча динде аял-эркектин деңгээли эң туура берилген жана аялдарга эркектер менен тең укуктуулук эмес, жөн гана эркектер менен бир катардагы урмат-сый керек. Буга чейин президент түрк аялдары кеминде 3тү төрөшү керектигин айткан эле. Ошондой эле төрөт учурундагы операцияга жана абортко каршы экендигин билдирген. Кошумча: ... Толугу менен окуу » |
![]() |
![]() |
|
|
|
|
$IMAGE1$Түркия парламенти Ирак жана Сириянын аймагындагы өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган согушкерлерге каршы күрөшүүгө түрк армиясын киргизүү демилгесин колдоду. Түркия өзүнү "Ислам мамлекети" деп атаган согушкерлерге каршы күрөшүүнү көздөйт. Анкени согушкерлер 46 түрк жаранын барымтага алганын жүйөө келтирүүдө. Бирок, барымтага алынгандар кайра бошотулган болчу. Анткен менен Түркия өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган согушкерлердин жооп кайтарышынан жана согушкерлердин катарындагы күрддөргө жардам берүүдөн чоочулап турат. Ассошиэйтед пресс агенттигинин “Түркия эми кандай кадамга барат?” деген суроосуна Түркиянын коргоо министри Исмет Йылмаз “Биз тараптан тезинен реакция болот деп күтпөгүлө” – деп жооп берди. Сирия менен Түркиянын чек арасынын узундугу 900 чакырым, чек ара аймактары эки мамлекет үчүн да кооптуу. BBC
|