8
Главная » 2015 » Сентябрь » 4 » Япония Пан Ги Мундун Кытайдагы аскердик парадка катышканын туура эмес деп баалады
12:34
Япония Пан Ги Мундун Кытайдагы аскердик парадка катышканын туура эмес деп баалады

 Япония Пан Ги Мундун Кытайдагы аскердик парадка баргандыгын туура эмес деп баалады. Тагыраак айтканда, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун Кытайдагы Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналган аскердик парадка катышуусу Япониянын сынына кабылтты. Бул тууралуу Япониянын баш катчысы Ёсихидэ Суга да өзүнүн расмий позициясын билдирген. “Тарыхтын бөлүнгөн этабынын ар бирине өзгөчө көңүл буруу туура эмес жана БУУ ар дайым нейтралдуу тарапта болуусу шарт. Жободо жазылгандай, БУУнун максаты - адамдарды тынчтыкка бириктирүү. Ал эми Пан Ги Мундун парадка катышкандыгы жана өз сөзүндө Кытайдын аскердик бөлүгүнүн күчтөнүүсүн колдойт экендиги максатка дал келбейт",-деди ал.

Эске салсак, кечээ, 3-августта Кытайдын Бээжин шаарынын Тяньаньмэнь аянтында Экинчи Дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 70 жылдыгына арналган парад болуп өттү. Ага жалпы 12 миң аскер катышып, жалпы 40 түрлүү 500 техника, 20 түрлүү 200 учак тартылды. Ошондой эле салтанатка 30дай мамлекет башчылар жана 49 өлкөнүн саясатчылары катышышты. Алардын катарында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев да бар. Аны менен катар Кыргызстандын Улуттук Гвардиясынын 74 аскери парадка катышып, аларды Улуттук Гвардиянын өзүнчө комменданттык бригадасынын башчысы, полковник Данияр Исаков жетектеди.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 640 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }