[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
Модератор форума: Асман  
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » "Тайганын алтын жолборсу" (Чолпонбек Абыке уулу)
"Тайганын алтын жолборсу"
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:37 » Билдирүү # 1
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Кызыл жуздуу,устуно ак чепкен кийген,аппак сакалы кокурогун жапкан ушул адам тушуно уч жолу кирди.Уч тушу тен куну бугункудой эсинде турат.Биринчи жолу он беш жыл мурда кирген,экинчиси арадан рн жыл откондон кийин беш жыл мурда кирди.Буга чейинки эки жолкусунда бул ак сакалдын козун коргон эмес.Учунчусундо козун корду.Агы жок капкара экен.Даанасы, козунун ордунда капкара,тупсуз тунгуюк тешик тургандай.
Коргон тушторунун айрымдарын гана эстеп калып оз ичинен жорумуш болуп койбосо,тушко ото маани бермей адаты деле жок.Журогундо Кудайга ишенип „мусулманмын”дегени менен динди да катуу тутпайт.Ошондо да ушул озгочолонгон тушторго маани берип,унуткус болуп калган жагдайлары бар.Эмесе, соз учугу башынан болсун. Республикада откорулгон панкратионго катышып баш байгени алгандын эртеси куну жеке машыктыруучусу „Сен чонтогу кенен бироолорго жагып калыпсын,Кудай берди деп эсептей бер.Экообуз мындан ары адамдай жашайбыз.Бизден болгон талап мыктап машыгып,мелдештерде жентшке жетишмей.Калган чыгымды бут ал которот.Сен али атын уга элек эс алуу жайларында машыгууларды откоробуз.Мингенибиз машина.Акча чонтокто тутам болот.Ашканага кирээрде майдабызды санап отурбайбыз. Мен баарына макул болуп,экообузгь тген пайдалуу келишим тузуп койдум”,-деп барбалактап суйунуп алыптыр.

Ото сыйлаган,бир чети атасындай болуп калган машыктыруучусына „Менин макулдулугумдуделе бир ооз сурап койсонуз болмок экен„ ...-деп айтууга тилин таптап барып ,кайра „Мактап эле калдыныз,мейли, бара королу,жакпаса баса беребиз да.
Ошентип,машыктыруучусу экоо жаны кожоюндун карамагына отушту.Жаны кожоюн эч нерседен кем кылбаган,чонтогу кенен болгону менен тартипти темирдей кармаган каардуу адам болуп чыкты.Машыктыруучусу экоо кайда тушкондорун да тушуунуго улгурушкон жок.Алардын пикирин да эч ким сурабады.Бардыгы план менен журшузуло баштады.Бир гана нерсе-бул тамашалашчуу адам эместигин,астыда ото олуттуу оюндар барын,ошого камылга башталганын туюшту.Мырзанын жалгыз башына эн акыркы улгудогу заманбап компьтерлер, анализ чыгарчуу апараттар менен жабдылган кабинет,бир догдур,чыгыш курошу боюнча бир машыктыруусу, индиялы бир иог,тибеттик лама экстрасенс, бир психолог догдур беркитилди. Булардын астында озунун машыктыруучусу Мырзаные жанында жон эле жургон тууганына же атасына окшоп калды.Алгач чычаламыш болду эле кайра иш озгочо журуш алганын коруп унчукпай тагдырына ыраазы болууга аргасыз конду.
Арадан бир айча откондо Мырзадай „менмин”деген спортсмендердин бери дегенде он чактысы машыгаарын билишти.Кызыгы ар кимиси оз-озунчо,бири- бирин корбой,башка башка машыктыруучуларда, ар кимисинин оз стилинде машыгышат
Мырзалар машыгуусун улам жер которуштуруп, бирде бийик тоонун арасында монгу тубундо айлап улантса,кайра токой арасында,дайра боюнда,дениз жеегинде айлап,жумалап созулат.Бирде кайнаган ысык чолдуу олкого барышса,бирде тундуктун Тайгасына барышчуу болду. Мырза да машыгууга тим эле баш оту менен кирип кетти.Болгон аракети машыктыруучуларынын талабын толук аткаруу.Орусча одоно суйлогон кытай машыктыруучусу канча жанталашып иштесе да дайым нааразы болуп башын чайкап ушкурунот да турат.Ансайын Мырза да ожорлонот.Анткени, азыр негизги машыктыруучусу ушул уюткан таштай болгон торт бурч кытай куну-туну жанынла.Индиялык иогго болсо жумасына уч гана жолу эки сааттан болунгон,психологго жумасына бир жолу бир саат.Тибеттик лама-экстрасенске жумасына бир жолу бир саат.Эртен менен,тушто, кечинде догдур байкоо жургузот.Озунун жеке машыктыпуучусуна болсо мунозундогу, журуш-турушундагы, табитиндеги, машыгуу учурундагы озгочолукторду узбой байкоо,кичине озгоруу болсо белгилеп жазып туруу,озгочо тынчсыздандырган жагдайды байкаса кытай машыктыруучуга же шефке токтоосуз билдируу тапшырылган. Ал ушуга да Кдайга тобоо деп кубанып журот.Болбосо такыр жумушсуз калуусу да мумкун болчу.Мына ушундай татаал график ойлоп таап тузгон да кытай машыктыруучусу болду.

Башкы шефти анда-санда корот.Ону сурдуу,коздору унуройгон,каштары калын,уксуйгон, кичине киркиреп кавказдык акцент менен суйлогон чечен.Нак атын,тубу ким экенин эч кимиси так билбейт.Шеф кытай менен гана суйлошот.Бут каражатты да ошого берет.Кытай болсо башкаларын керектешинче жабдып турат.Тогуз айдан ашыкка созулган мындай машыгуудан кийин Мырза озун жерде баспай эле учуп жургондой бир башкача сезип калды.Денесине жыйналган куч ташты да талкан кылчудай.Эми мен аткара албаган ыкма калбаса керек десе эле кытай жаны бир укмушту корсотот.
Башында „Биз ким менен беттешебиз? Мелдеш кайда болот?”-деген суроо бергенде кичинеге унчукпай туруп „Сен чын эле билбейсинби? ”-деп тикирейе карап сураган.„Жок. Билбейм”,-дегенде, адатынча башын чайкап „Отур”,-деп мандайына отургузуп алып шашпай тушундургон.  
-Сен азыр туз маанисинде айтканда эрксиз гладиоторсун. Оз башынды беш жылга кожоюнга саткансын.Ал ким менен кандай мелдештерге катыштырат оз эрки.Мен да беш жылга оз эркимди саткан машыктыруучумун. Менин милдетим-болгон онорумду сага уйротуп,сени узгултуксуз машыктыруу. Бшканы билбейм.Билгим да келбейт.Кожоюндан бир гана нерсени сурадым.Сени бир жылга чейин мелдешке катыштырбай узгултуксуз машыктырууну. Сен азыр дуйнолук чон мелдештерге эч жараксыз,мажуроосун. Кандуу кармашта жаш баладайсын. Эгер азыр сени мелдешке салса,биринчи эле турда мойнунду жулуп алышат.Кожоюнга рахмат.Суранычыма макулдук берди.Буга биринчи кезекте сен „Тобоо”де. Убакытты каалашынча кыскартса да оз эрки эле.Анткени, сени бир жыл чыгым болуп бакса,анан биринчи эле мелдеште жожодой пырпырап женилууго учурап,бут чыгымын талаага учурушун толук мумкун.Кеп ушул.Экинчи доопурос суроолорунду бербе.Бут оюн машыгууга,онор уйронууго гана жумшалсын! -дегенде оозу ачылган.
 
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:38 » Билдирүү # 2
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Мурдагы машыктыруучусу Закир байкесинен иштин жайын сураса „Туура,келишимди беш жылга тузуп сенин атындан да,оз атымдан да бекиткеним чын.Булардын мындай адамдар экенин Кудай акы Мырза,билген эмесмин.Азыр „кын”десек баштан айрылчудайбыз. Экообузду чымынча жалпыйта чаап туруп уйлоп коюш булар учун жан кейиткидей деле иш эмес экенин эми тушундум.Кудайдын салганын королу.Сен жеништерге жетишип баалуу спортсменге айлансан биз оз унубузду чыгара баштайбыз.Келишимдин пункттарында да ар бир женишке жетишкен сайын финансылык жагдайларды озгортуп карап туруу белгиленген. Ошого таянабыз.Угушумча, булардында дуйнолук денгээлдеги „разборка”болгон жагдайлары бар имиш.Келишим одоно бузулса жолун табаарбыз.Аз сен эч нерсени ойлобо,бут дилинден машыгуудан жана келечектеги мелдештерде женип чыгуудан башка жолубуз жок.Сага менин да тагдырым байланып калды.„Биздин иш тууралуу бир ооз соз сыртка чыкса ,оз башын эле эмес,уй-булоо, тууган -туушканын да жапа чегет”,-дешип, катуу эскертишти. Озум да тонгон май жегендей болуп журом.Ушинтип акча тапкандан коро ачка жургонум да жакшы болчу”,-деп бут чындыкты ачык айтып ушкурунду.Мырза коп суйлогонду жактырчу эмес.Мунозу ушундай.Бир нерсени кайталап айтып же сурап эзе бермейи да жок.Тушунгон сон ичинен чечим чыгарчу да,ошону аткарчу.
Закир байкеси менен суйлошкондон кийин „Мен ойлонуп коройунчу”, -деди да башка суйлобой чыгып кетти.Тан атканча иштин ийне-жибинен бери ойлоп уйкусуз жатты.Бир чындык, „бугун рлтурсонор да мен оз билгенимди кылам.Силерге эрксиз гладиатор эмесмин.Мен учун Закир машыктыруучум мындай келишим тузууго акысыз болчу”,-деп чыкса,экинчи жолу кытай,индиялык иог,тибеттик лама-экстрасенс ондуу онундо эмес тушундо да таба алгыс чебердин -чебери болгон машыктыруучуга жолукпас.
 
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:38 » Билдирүү # 3
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Келишим бузулса булар Закир машыктыруучусун „ээн ооздук” кылганы учун жазалап,озун „торт тарабын кыбыла”деп коё бериши мумкун.Кайда барат?Кайрадан баягы майда мелдештер,майда рекеттик кылмай.Бироолорго телохранитель болмой.Оп-чап жетпеген жашоо башталат.„Машыктыруучусун сатып кеткен”деп кайда барбасын эч ким сыйлабай да калат.Анын устуно Закир байкени тындым кылып салышса торт баласынын убалы кимге?Деги эле ушундан кйин озу жер бетинде басып журо алабы?
Демек,Закир байкеси туура айтат.Озун корсотуп,баасы артса унун чыгарганга укуктуу болор.Ага чейин бул ким?Жок болуп кетсе да эч кимдин жаны кейибейт.Эн башкысы-кытай устаты да,Закир байкеси да чындыкты туз айткандары жакшы болду.Башынан так чечимге келишине туртку болуп.Эртен менен кундогу белгиленген убакта устуно кирген Закир байкеси Мырзаны коргондо эле туну жаман уктаганын тушунду.Жанында кичинеге батына албай карап отуруп:
-Эмне деп чечтин?-деди. Кантсе да Мырзанын мунозундогу эгер бир чечим кабыл алса,олсо да андан кайра тартпаган ожорлугун,оз ойлогонун бербеген кок беттигин,чындап очуксо олумдон кайра тартпаган эрдигин жакшы билчу.Тундо озу да „Мырза эмне дээр экен.Урдум баарын.Мен озумо-озум ээмин.Тапкан экен „эрксиз гладиаторду, деп баса берсе кантем?”-деп санаа кечип чыккан.
-Закир байке,кам жебениз.Биз баарын женишибиз керек.Ал учун аябай машыгуу керек.Иштеш керек.Озунуз айтасыз го „Жан дилден бут дитинди коюп иштеген иштен созсуз майнап чыгат”деп.Ордунан шайдоот турганда Закир байкеси кубанганынан кучактап ооп жиберген.Ошентип тогуз ай отту.Башка бул темага кайрылышпады.  
Кечки эс алуу маалында кытай устаты Мырзаны чогуу видеотасма корууго чакырды.
-Биз куткон мелдеш эки айдан кийин болот экен.Ошондо бизге бир ай жетпей калат.Мен сени он эки ай машыктыргандан кийин мелдешке чыкса дегем.Бир ай оной убакыт эмес.Арга жок.Кожоюн бут аракетин жумшап,моонотту жылдыра албаптыр.Мелдеш Сибирдеги чакан шаарда жашыруун отот.Дуйнонун бут булун-бурчунан спортсмендер келет.„Тайганын алтын жолборсу”деген ат менен откорулот.Себеби, женичууго таза алтындан куюлган,баасы 1 миллион долларлык жолборсту тартуулашатБир гана баш байге бар.3 миллион доллар.Оюн беш тур менен откорулот.Уунчу турга жеткендерге жуз мин,тортунчу турга жеткенге эки жуз мин.Бешинчи турга чыккандын женилген жагына беш жуз мин доллар берилет.
„Тайганын алтын жолборсунан”умуттонсок болот.Беттешуулор кадимки кандуу кармаштагыдай плавкиден башка кийимсиз откорулот.Эреже деген жок.Кыскасы, чон мелдештин даамын татасынар.
Мырза „Кандуу кармаштар”деген видеотасманы коруп отуруп даана жырткычтарды коргондой болду.Атаандаштар жениш учун бар мумкунчулугун колдонуп жатышты.„Тиштээк”аттуу бир спортсмен ондон ашык атаандашын булчун этин тиштеп жулур алып,куроо тамырын
кырча тиштеп жениптир.
Эртесинен баштап машыгуу мурдагыдан да кучоду.Кытай устаты да кардуу болуп кетти.Белгиленген он кундон кийин ички беттешуу башталды.Корсо, кожоюн чон мелдешке мыктынын мыктысын тандап алыш учун Мырзадан болок дагы бир нече спортсмендерди бири-бирине корсотпой даярдап жургон экен.Биринчи беттешкени менен эле туш жарым кармашты.Экоонун тен тырп этерге алдары калбай,терилери тырмактарга тилинип,кызыл канга боёнушту.Акыры муунтуп ээсин оодарып зорго женди.Эки жолу тигил аз жерден эсин оодарып коё жаздады.Кийинки сегизинен анча кыналган жок.Айрымдарын жарым саатка жеткирбей эстерин оодара чаап же тээп салып жатты.
Этегинде кайра баягы биринчи куну беттешкени менен экинчи ирет кармашты.Корсо, ал да берки сегизин женип чыгыптыр.Кожоюн „экоону кайра беттештиргиле”деген экен.Экоо тен он кундон бери кармаша берип алдары кетип калса да тим эле тажаалдана тытышты.Бул жолу ар бир он беш минута сайын уч минутадан эс алып туура жети сааи кармашышты. Акыры Мырза тигинин тизесинен томугун чыгара тээп,муунтуп ээсин оодарып женди.
Бул Ооганндан кийин келген жанкечтинин машыктыруучусу Самурай экен.Спортсмени женилгенде кыйкырып-окуруп жиндеп кетти.Кожоюн: „Мырза таза женди.Мырза чон мелдешке барат”,-деп койду.
Тамаша бутпоптур.Арадан 20кун откондо оогандык экоо кайра беттеше турган болушту.Мырзанын кытай устаты:„Мырза дагы деле женет,Кеп анда эмес,Кеп чон мелдештин алдында бир жерин кокустатып алса калыбына келиши кыйын болот”,-деп чыйпылыктаганына кожоюнболбой койду.
Бул жолу уч жарым саатта женип чыкты.Баягы томугун дагы чыгара тееп,колун кайрып,каруудан сындырып салды.Кожоюн ушундан кийин коксоосу суугансып басып келип Мырзаны кучактап,далысынан таптап:
-Сенден умутум чон.Ишеничти актасан болду,деди да,кытай устаттын колун кыса кармап туруп-Дагы машыгышы керек.Иштеш керек,-деп коюп басып кетти.Кытай устаты болсо,Мырзанын эч жерин кокутатпай аман чыкканынв кубанды.Убакыт кыстап,чон мелдешке болгону бир айча,тагы 29кун калган.
 
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:38 » Билдирүү # 4
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Кытай устатынын талабы боюнча Обь дарыясынын жээгиндеги чакан,кооз шаарчадан алысыраак токой арасындагы ак сооктор мергенчиликке чыгып же жон эле жаратылыштын кооздугуна суктанып эс алуучу акыркы модада мейманкананы убактылуу бошоттуруп алышып,машыгуу ушул жерде откоруло баштады.Корсо, мелдеш отуучу шаарчанын аба ырайынын шарты так ушул жердикиндей экен.Бул жер кайсыл бир жагынан Кыргызстанга окшоп кетет экен.Мурдагыдай тынымсыз куч урогон машыгуулар токтотулуп, женил конугулорго отушту.Бул жерге кытай устаты,тибеттик лама,индиялык иог,озу,анан тишине чейин куралданган он беш телохранителдер болуп келишти.Кун сайын дарыя жээгиндеги боксо донсоолуу тоолорду кыдырышат,дарыя бойлоп балык уулашат.Таптакыр эле астыдагы „чон мелдешти”унутуп калышкандай болушту.Беш мал узбой тамак ичишет.Тамакты кытай устаты менен тибеттик лама экоо оздору жасайт.Мурда деле кандай ичишти экоо акылдашып туруп,ашпозчуга айтышчу.Азыр болсо оздору жасашчу болду.
Устаттары эч нерсе айтпайт.Ошондо да Мырза туюп журду.Он бир айлык тынымсыз машыгуу,озгочо ичкт беттешуудогу кармаштар аны алсыратып койгон эле.Демек,кайра куч топтотуп жатышат корунот.Арадан бир жума откондо Мырза деги эле кутпогон окуя болду.Эртен мененки конугуудон кийин тамактанууга отуруп жатканда сулуу кыз кирип келди.Сулуу болгондо да жутуп жибергидей. Коздору бажырайып ботонукундай жайнайт.Чийилген каштары,молтур эриндери,акак тиштери,койкойгон мойну,шынга бою,тошун тиреп тикчийген кокурогу,тим эле коз албай карап тургудай.Мырзанын деги эле аялзатын корбогонуно он бир ай болгон экен.Кызды коруп эси ооп кала жаздады.Колунан кашыгы тушуп кетти.„Кейпи, кыздын улуту кыргыз же казак болуш керек”,-деп ойлоду.Кыз жылмая илберинки басып келди да,отургандар менен уян учурашып тамакка чогуу отурду.Дайым тамакты тортоо гана ичкендиктен торт орундук турчу.Бул жолу беш орундук,беш тамак ичуучу тарелка,вилка, кашыктар коюлганын Мырза эми байкады.Кытай устаты тынчтыкты бузуп соз баштады:
Мырза,таанышып кой.Бул коногубуздун аты Ботокоз.Биз жалан эркектер чогулуп алып,аялзатынын колу жетишпей жатканын билип,кожоюн Ботокоз сулууну жиберген экен.Чынында озубуз деле жетишмекпиз. Ырас,кожоюн каалаган сон жок дей албайбыз.Эми Ботокозду иштетип деле жудоткудой жумуш жок.Ошондуктан биз менен чогуу эс алып,конул ачып кетсин.Эгер озу каршы болбосо.Кандай дейсин, Ботокоз?
-Каршылыгым жок,-деп кыз жылмайып койду.Жылмаюусунда кандайдыр бир жасалмалуулук жаткан эле.Жанатан кыздын сулуулугуна суктанып эси ооп отурган Мырза ичинен ичиркене,денеси „дур”дей тушту.Унсуз тамак ичмейге отту.„Кейпи, мага деп сойку кыздардан алып келишкен го.Жылтыраган онун акчага сатып кун коргондордон болсо керек.Мага апкелгенден кийин дени таза,текшеруудон откон болуш керек.Бара королу.Ит кумарды кандырса кандырып коё беребиз да.Жок демек белек.Устаттар туура коргондон кийин керектуу нерседир”,- деп ичтен ойлой кызга коп деле маани бербеген кейипте тамактанган сон ордунан туруп оз болмосуно кетти.
 
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:39 » Билдирүү # 5
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Бугун график боюнча катер менен Обдун куймасына чыгып балык уулап,ордок атышмак.Кийимдерин даярдап саатын караса,чыгууга дагы жарым саат убакыт бар экен.Журналдарды барактап,жата кетти.Коз алдынан Ботокоздун элеси кетпей туруп алды.
Кайдан да пайда боло калды эле.Тынч жашоосуна булук тушуруп.„Эмне учун ону жылманын баары сойку болуп кетишет?”-деп ойлоп койду да,баягы Бишкектеги сауналаган кундор,бутка чалынган жапжаш сойку кыздар эсине тушуп „Балким,анча деле эместир.Коптон бери аял коро элек болгондуктан козумо сулуу корунуп жатат го”,-деп озун соороткон менен кыздын элеси журогун тызылдатып тынчын алат.Бут ишти тымызын жасап коюп,эч нерсе билмексен болуп кылтыйып калуучу кытай устатынын бул эмне деген „тамашасы”болду экен? Мырза кытай устатынын уруксаты жок озу бир тамчы да суу ичууго болбосун эчак тушунгон.Ошондуктан эч убакта„Бул эмне учун?Эмнеге? ”деген ондуу апенди суроолорду берип,озунун да,устанын даубактысын алчу эмес.Тескерисинче бут оз акылы менен андап,устатынын „табышмактарын”оз акылы менен чечкиси келчу.Бул жолку „табышмактын”да жообун озум табам деп койду.Кийинип эшикке чыкса кызда спорт формачан туруптур.„Мына сага!Бул да балыкка барабы.Булар „круто” кетишти го”,-деп ойлой ичтен жылмайды.Ктай устаты,тибет ламасы,жана дагы уч телохранитель болуп чон катерге отурушту.Ботокоз экоо жанаша отуруп калышты.
-Сиз казаксызбы? -деди кыз унун пас чыгара орусча.
-Жок.Кыргызмын.  
-И-им.Мен Кыргызстанда болгом.Кичине чагымда Ысыкколго барып эс алганбыз.Аам- апамдар,бут уйбулобуз менен.
-Озунуз казаксыз го?
-Ооба.Алтайлык казактардан болбобуз.Атам „Тубубуз кыргыз экен.Кийин эле кыргыздар менен байланышпай журуп казак болуп кетиппиз”,- деп калчу.Паспортторубузда„казак деп жазылган.Балким атам айткандай кыргыздырмын. Ким билсин,-...улутунуп койду.
-Казакча билесизби?
-Ооба.Оз эне тилимди кантип билбейин.
-Ким билет.Тундуктогу копчулук казактар эне тилин билишпейт.
-Аныныз да туура.Бизде эне тилине караганда орус тилин жакшы билишет.Силерде, кыргыздарда жакшы.Бардыгынар эне тилинерди билесинер.
-Эми бут жуз пайыз дегенде болбойт го,токсон пайызга чукул кыргыздар эне тилин билсе керек.
-Бизде андай эмес,тескерисинче. Тундукто алтымыш пайыз казактар гана казакча суйлой албаса,кобу билбейт,билсе да чала-була.Экоонун создору кызып,жзбат эле жакындашып кетишти.Экоо бат сырдашып кетсе да ортого муздак дубал болгон Мырзанын оюндагы „катардагы сойку,деген пикири кызга анда-санда тенсинбеген текебер мамиле кылууга туртсо да,мурда сойкуларга жасап жургон мамилени,орой мунозду корсото албады.Ботокоздон кандайдыр бир ак сооктуктун, тазалыктын илеби уруп,„Балким, сойку эместир.Таптаза кыздыр.Жанылышып конулун жону жок оорутуп албайын”,-деп ойлой кетет да,кайра:Анда бул жерге,жалан эркектин арасына неге келди.?Кожоюндун „бас”деген жагына эмнеге басат?”деген карама-каршылык башын оорутат.Куугум талаш мейманканага аябай чарчап кайтышты.Бугун мергенчиликтен да,балык улоодон да жолдуу болушту.
 
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:40 » Билдирүү # 6
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Кечки тамактан кийин жылуу басскйинге тушуп келип болмосундо жатса,эшиги такылдады.Мырзанын тынчын бейкам эч ким алчу эмес.Кытай устаты болсо такылдатпай эле кирип келчу.Бул ким болуп кетти?деген таризде „Кире бериниз”деп карап калды.Эшик акырын ачылып,Ботокоз кирип келип босогодон бери отпой коздорун жайнатып,Мырзаны тиктей буйдала тушту.Эки бетинин жамалы кыпкызыл болуп албырып кетиптир.Экоо тиктешип калышты.Мындайда Мырза да эмне айтышты билбей калды.Ордунан тура калып.
-Кел...,кел,от бул жакка,-деп креслону корсотуп,озу эмне кыларын билбей,барып иштеп жаткан телевизордун каналдарын которуп жатып кайра „Шайтан алгырдыкы десе.Кайдагы бир сойку кыздан эмне мынча калдастайм. Сууга чайканып келип чечинип жата бер деп эле ачыгын айтпаймынбы. Мышык-чычкан ойногудай бул ким эле?Бугун мени менен эртен дагы бироо менен.Мага таза кыздан бетер артист болгонун карабайсынбы”, -деп ойлой чыйрала тушту.
Ботокоз да озунун боюн жыйса керек,чайпала басып келип креслого отурду да:
-Мен сиз менен суйлошойун дедим эле...,-созун бутурбой мукактана тушту.
-Тартынба.Айта бер,-деди Мырза унун токтоо чыгарып.Ичинен „Бул кожоюндун берген акчасына алым сынбай ,менден да акча сураган жатат го”,-деп ойлоп кетти.
-Сиз...сиз мени сойку кыз деп ойлоп жатат окшойсуз.Ботокоздун уну дирилдей чыгып,бетин басып ыйлап ийди.„Мына артистиги башталды.Бардык сойкулардын эски ыкмасы.Бул мени машыктыруучулардын ортосунан чыкпай „Груша”койгулап жургон бир апенди”,-деп ойлоп жата го.Кой ордуна койбосомдагы далай „спектаклдерден”узунду корсотот" ,-деп ойлой,унун которунку чыгарып:
-Ботокоз,маселе менин эмне ойлогонумда деле эмес.Маселе сенин бул жерге кандай келип калганында. Бул жерге келген жумушунду кандай аткарасын оз ишин.Сени мен апкелген жокмун.Ким аркылуу келгенинди да билбейм.Эмне тапшырман бар муну да билбей.Сни биринчи ушул жерден кордум.Сйкусунбу же таптаза кызсынбы аны да билбейм.Кыскасы мага коз жашындын кереги жок.Каалайсынбы кал.Каалабасан кете бер.Мен сени зордобойм.Жеке мага милдеткер да эмессин.Мага турлуу жомокторду айтып башымды да оорутпа.Мени „Груша” койгулап спорт залдан чыкпанан „тируу машина”коруп турсан жаныласын.Турмушта сойкуну да,соону да жетишээрлик коргом.Кеп ушундай,-деп созун жыйынтыктады да эки кишилик диванга жантыгынан жата кетти.
 
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:40 » Билдирүү # 7
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Ботокоз Мырзаны унсуз укту.Унсуз ордунан туруп чайынууга кирип кетти да бир топко жуунду.
Чайынгандан кийин кийими жок,энеден туума жыланач чыга келди.Мырзанын коздору чекчейе тушту.Чиркин, дене тузулушу кол менен чегип жасалгандай экен.Кокурогундогу кош алмасы тикчийген комкоргон эки чыныдай.Бели ичке келип,жамбаштары кенейип кеткенда,киндик тушу артка тартылган да,жумуру балтырлары, узун шыйрагы туптуз куюлган.Ийнин жапкан чачын жазып жибериптир. Жузун чачы жаап жакшы корунбоду.Жамбаштарын чайкай басып келди да:
-Сиздин айтканыныз туура.Ар кимибиз оз жумушубузду кылалы.Мен буйрук боюнча уч кун сиздин карамагыныздамын. Эмне кылсаныз оз эркиниз.Кичине жылышып жатпайсызбы? -деп оозу ачылган Мырзанын мандайына туруп калды.
-Оюн койбой эле ишти ушундан баштоо керек болчу,-деп шарт тура Мырза устундогу кийимдерин чечип ыргыткыча шашты.
-Чын айтам.Коп эле сулуу кыз коргом,бирок, сендейди корбопмун,-деп демиге басып жыгылып алкымынан,эриндеринен жабыша соруп,озун жоготуп койду.„Мама”деп бир бакырган Ботокоздун козунон жаш буурчактап куюла,эрдин кесе тиштеп ону кубара тушконуно да конул бурбады.Кол- шал терге чомулуп,бир эмес бир нече жолу кумары канганда барып эсине келе,жарыкты да очуруп койбогонун корду.
Чайканып келейинчи деп ордунан туруп баратып ушаланып тебилген шейшепти бир карап алып шалдырай тушту.Оз козуно озу ишенбей мала кызыл канга булганган шейшепти карап турду.Алгач балыктай туйлап „Аячы.Аяп койчу.Кичине аясан боло”,-деп ыйлп атса,албуут кумарга алдырган неме кылыгы укмуш экен деп ансайын кучогон.
Ону кубарып,коздорун жайнатып тиктеп турган Ботокозду бир карап алды да,ордунан илкий туруп чайынууга кирип копко жуунду.„Кожоюндун эмне болгон белеги?Чын эле таптаза кыз тура.Эмне кылдым?Бейкуноо бироонун тагдырына балта чаап алдым.Бул шордуу кожоюндун торуна кантип чалынып калды болду экен?”Сансыз суроолор башын жеп жатты.Жуунуп чыгып келсе,Ботокоз одеялга оронуп отурган экен.Булганган шейшепти алып шкафтан жанысын салып коюптур.Усуз чайынууга кирип кетти.Мырза женил кийимин кийип,Ботокоздун чыгышын кутту.Суйлошо турган коп создор,жообун ала турган коп суроолор бар эле.Чайынуудан Ботокоз копто барып чыкты.Толук кийинип алыптыр.Чачын жыйып,артына туйуп койгон.Коп ыйлаганданбы коздору шишип кеткен.Акырын басып келди да:
-Мен оз болмомо барсам болобу?-деди унун пас чыгарып.Мырза эмне суйлошту билбей турду.
-Ботокоз кечирип кой,Мен сенин кыз экенине чын эле ишенген эмесмин.Кп сойкулардын бири катары ойлогонум чындык.
-Эми аны мааниси жок.Озунуз айткандай сизде эч кандай куноо жок.Мен оз ишимди аткардым.Сиз оз ишинизди аткардыныз. Ботокоз Мырзанын созун болуп жиберди.
-Ботокоз...
-Сизден суранам,мага оз болмомо барууга уруксат беринизчи?-деди да,Мырзанын жообун кутпостон бетин басып ыйлаган бойдон чуркап чыгып кетти.
-Ботокоз...Артынан кыйкырса укканда жок.Мырза ордуна жата албай же уктай албай чабалактап жатты.Журогундо бир гана ойугон „бул периштедей сулуу кыз кантип торго тушуп калган?”деген суроо турду.Акыры чыдабай кетти да Ботокоз жаткан болмого жоноду.Эшигин акырын чертсе эч ким ун деген жок.Туртсо ачын экен.Жарык очурулбоптур. Ботокоз жанакы кийим менен комкоросунон жатыптып.Эшик ачылганда оодарылып бир карап алып ордунан обдула,жаткан жерине отура калды да:
-Сизби... келиниз...-деди конулсуз.Аябай ыйлаганы коздорунон корунуп турду.Мыпза басып келип жанына отурду да,имере кучактап озуно тартты.Ал ушуну кутуп тургансып башын кокурогуно жолой эчкирип жиберди
-Бото...Ботокоз, ыйлабачы.Ыйдан пайда жок...Андан коро иштин жайын суйлошолучу. Сен менин айрым суроолорума эгер оор дебесен жооп берчи.
 
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:40 » Билдирүү # 8
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Ыйлабайын десем деле болбой...озумду озум кармай албай жатам.Бугунку кечте мен жаштыгым менен ,балалыгым менен коштоштум.Омурумдо биринчи... биринчи эркек кордум... ал сиз болдунуз.Тагдырым ушундай болот деп такыр ойлогон жок элем.Минтип сойкудан жаман кейипти кийип отурам.Эртеним эмне болот?Жашоонун кереги барбы?Билбей башым ман...
-Ботокоз,менин бир эле суроомо жооп берчи.Бул жакка кандайча келип калдын?Ал кичинеге ойлонуп калды.Анан жайылган чачтарын артка салаалай жыйып:
-Мейли,сизге айтып берейин.Кептин кыскасы сатылып келдим.Сиз ойлобонуз арзанга интер сойкуларча 100-200долларга экен деп.20мин долларга сатылдым.Кайра бетин басып боздоп ыйлап ийди.
-20эмес 100 минге да сатылбайт болчумун...Баарынарды жек кором...Силерге акча эле керек...Мырза унсуз кызды кайра озуно кучактай тартып,башынан сылады.
-Ишенем Ботокоз.Ишенем. Кейпи,ошонун оор себеби болсо керек.Эми озунду карма.Эсинди жыйна.Озунун ашыкча кетип баратканын сезип калды окшойт.
-Кечириниз.Мен озумду жоготуп койдум.
-Эч нерсе эмес.Мырза кыздын ээгинен акырын которуп коздорун тиктеди да,бут жан дуйносу менен эзиле эриндеринен сорду.Кызда озун жоготуп колдорун жигиттин мойнуна арта обушуп кетти.
Экоо копко обушуп жатышты даанан обушкон боюнча эле шашыла чечине башташты.Бул жолу экоо тен жыргалдын туу чокусуна жетип,махабатка батышты.Денелери тим эле жуурулушуп кетти.Эмне деген таза гана таттуу создорду бири-бирине айтып жалынышпады дейсин.Бул дуйнодо экоо гана калып,баарын унутуп коюшту.Анан кыса кучакташкан боюнча уктап калышты.
Ийининен бироо туртконунон ойгонсо,кытай устаты коздорун кыбындатып карап туруптур.„Ун чыгарба”,-деп, оозун баса жандап „ордундан тур”,-деди.Ботокоз экоонун устундогу шейшепти кейпи ,кытай устаты жапма керек.Кызды ойготпой этият турду да,бутунун учу менен дабыш чыгарбай басып жоноду.Устаты эртен мененки жугурууго ойготуп келген.
Устатынын астында куноо кылып койгонсуп жалтактап,козун карай албады.Байкаса, устаты эмнегедир озунчо култундап кубанганы козунон билинип турат.Кантсе да бир жылдан бери чогуу журуп бут мунозун билип калган эле.Демейдегидей жугуруп,конуугулорду жасап келгенден кийин чайканып алып эртен мененки тамакка барса,Бтокоз келе элек экен.Балким, уктап жаткан болбосун деп кайра болмосуно барды.Бул жолу тыкылдатпай эле кирди.Ботокоз кийинип алып дивандын устундо ойлуу отуруптур.Ону кубарып калыптыр.
-Ботокоз,тамакка журбойсунбу? -деди жылмая.
-Менин тамак ичким келген жок.Барбай эле коёюнчу?
-Кой.Жок дегенде женил тамактан,жашылча -жемиш жеп,шире ич.Колунан тартып тургузуп,акырын эрдинен ооп койду.
-Сиз качан туруп кеттиниз эле?Мен ойгонсом жок экенсиз.Сизден такыр айрылып калгансып аябай коркуп кеттим.Мырзанын белинен кучактай башын кокурогуно жолоду.
-Периштем,эми экообуз ажырабайбыз. Мен сени эч кимге бербейм.Мырза бекем кучактай алкымынан аймалай жыттап,эрдининен бериле сорду.
-Чын айтасызбы?Мени эч кимге бербейсизби? Ботокоз Мырзаны жалооруй суроолу тиктеди.
-Чын созум.Эч кимге мынчалык чын дилден убада берелек болчумун.
-Сиздин аялыныз жокпу.
Мырза кулуп жиберди.
-Андан кам жебе.Бойдокмун. Ботооз секирип мойнуна асыла ооп-ооп жиберди.Экоо жетелешип эртен мененки тамакка келгенде,баары эчак буларды кутуп отурушуптур.
 
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:40 » Билдирүү # 9
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Ботокозду бул жакка апкелген тагдыр уй булоосуно байланыштуу экен.Атасы бизнес баштап алгачкы жылдары иши жакшы журушуп машина алышып,уй алышып,чакан дукон ачып,бир топ ийгиликке жетет.Анан чон иш кылам деп бир куйгондо эле 10 мин долларга куйот.Колдогун бир сатып эптеп кутулушат.Ал эмне болгон бизнес экенин Ботокоз озу да билбейт.Апасы нервтен ооруп ооруканага жатып калат.Атасы карыз доолагандардан качып уйго жолобойт.Тентиген турмуш башталат.Акыры карыз бергендер Ботокоздун жалгыз инисин залогго алып кетишет.Ботокоз окуусун таштайт.Ошондо шаардык сулуулардын конкурсу журуп калат,баш байге утканга 1000доллар деп.
Ошол конкурста Мырзанын кожоюнуна жолугушуптур. Кожоюн Ботокоздун уй-булоосу тууралуу иликтеп билип,атасын таптырып келип суйлошуу журот.Кожоюн ачык айтыптыр.„Ботокоз барып бир жума менин спортсмендеридин конулун ачат.Мен сени бут карызындан куткарам.Баланды бошоттурам”, -деп.Ботокоз иниси учун макул болуптур.Атасы ыйлап „бар”да,„барба”да дебептир.Чын эле эртеси куну эле инисин залогго алгандар тируу апкелип „Эч кандай карызынар жок.Эсептештик”, -деп кетишиптир. Ботокоз бул жакка жоноптур.Иштин жайы кыскача ушундай болгон.„Инимди аядым.Атамда деле куноо жок.Ал ушундай болот деп ойлобогон.Аны деле куноолой албайм”,-деп шолоктоп ыйлап айтып берди.

Арадан уч кун откондон кийин,эртен мененки тамакты ичип бутушкон сон кытай устаты:
-Бугун Ботокоз кетиши керек экен.Кожоюн телефон чалды,-деди астыртан Мырзаны карай.Мырзанын ону бозоро тушту.Ботокоз ун деген жок.Ал да Мырзаны тиктеп калды.
-Ботокоз эч жакка барбайт.Мени менен болот.Кожоюнга ушинтип айтып кой,-деди Мырза окум.Тим эле бут денеси туйулуп,азыр бироо жок андай эмес десе жерди астын-устун кылып талкалап жиберчудой болуп турду.Мырзанын мынчалык жинденгенин мурда кытай устаты корбогон.Каяша суйлогон жок.Унун жумшак чыгарып:
-Макул айтайын.
Мырзанын ырайын коргондо Ботокоздун да коркконунан муундары калчылдап кетти.Соз ушу менен бутуп,бул темага экинчи эч ким кайрылган жок.Арадан эки кун откондо кийин кожоюн озу келди.Мырзаны жалгыз чакырып алып созду жай баштады.
-Мырза,менин созумо ишенсен керек.Сага жалан чындыкты айтайын.Ботокоздун ата энеси „кызыбызды королу”деп атышат.Кейпи телефон менен суйлошконго ишенбей жатышат окшойт.Ата-энесине барсын.Мелдешке саналуу кундор калды.Азыр бизге ашыкча чырдын кереги жок.Балким,органга кайрылып ийишсе аны бас-бас кылгыча далай иш болот.Анын устуно озунду да машыктыруучуларын менен Кыргызстанга барып,эки жума Ысыкколдо эс алып,эл жерине учурашып келсин деп жатам.Эгер Ботокоз озу макул десе,ата-энеси макулдук берсе,мен сенин бул периштенди чон мелдешке ала барам.Ошол жерден жолугушасынар. Ага чейин озумдун жеке атымдан убада берейин,Ботокоздун бир тал чачы да бейкуноо тушпойт.Бир да эркек колун да кармабайт.Мага ишенесинби? -деп колун сунду.Экоо кол алышып убадалашты. Ботокоз деле ата-энесине барып бир кабарын алууну дегдеп жургон экен,суйунуп макул болду.Экоо коштошуп жатканда Мырза катуу эскертти.„Эгер кимдир бироо сага ыдык корсотсо же эркине каршы иш кылса мага жашырбай айт.Анда булар менен башкача суйлошом”,- деп.Ботокоз болсо „Чон мелдешке созсуз келем”,-деп убада берип кетти.

Мырза кыргыз жерин чынында эле куса болуп сагынган экен.Муну келгенде билди.Тоолоруна суктанып талбайт,колуно тушуп канбайт.Кеке жээкте кумда оонайт.Уч кунчо мас кишидей журду.Анан барып озуно келе баштады.Келгендеринен бир жума откондон кийин машыгуу кучоду.Кайрадан график.Бир минута бош убакыт жок.Тынымсыз машыгуулар. Толук эки жумадан кийин мелдеш отуучу шаарга учушту.
 
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:41 » Билдирүү # 10
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Озунчо спорт залы бар чакан мейманканадан орун алышты.Мелдеш болсо эки кундон кийин башталмак.Кожоюн мелдеш башталарга бир кун калганда келди.Келип эле Мырзага жолукту.Сураттырбай озу айтып кирди.
-Ботокоздун иши баары жайында.Кызын коруп ата-энеси тынчтанып калышты.Мурда жогорку окуу жайындагы 2-курстан окуусун таштап койгон экен,кайра улантууга документтерин топтоп тапщырып жатыптыр.Мен ишенимдуу кишилерге тапшырдым.Кайсыл куну болсо да „келем”десе, шак жеткирип келишет.Сенин санаан тынч болсун деп номеринди бердим.Кыскасы, Ботокоздон тынчсызданба, а бул болсо сеники-деп чонток телефонду карматты.Каалаган жагына чала бер.Арендага алып койгом,-деди.  
Мырзанын чала турган жагы деле жок болчу.Болгону Ботокоз журогунон кетпей,кожоюнга бир ишенип бир ишенбейт.Эмне учун келбей калды?деп кумон санагандыктан телефон чалышын кутуп жатты.Кечки тамактан кийин коптон куткон телефону шынгырады.
-Ал-ло,Мырза, сизби?..
-Оо-ба,менмин. Ботокоз кандайсын?Баары жайындабы?Кандай жеттин?
Кыздын унунон кубанганы билинип турду.
-Баары жакшы.Атам-апамдар аябай санаа чегишкен экен,тушундуруп баарын айтсам тынчтанып калышты.
-Мелдешти коргону келем дебедин беле...
-Барам.Созсуз барам.Болгону апам эч жакка жибергиси келбей кыйнап жатат.Сиз жонундо толук айтып бердим.Мелдеш буткондон кийин убактыныз болсо биз жакка келе аласызбы?
-Созсуз барабыз да.Убакыт болот.
-Мен апамды созсуз кондуром.
Экоо копко суйлошушту. Арадан эки эле жума отсода Ботокозду коргусу келип сагына баштады.Экоо чогуу откоргон кундор кайра-кайра эсине тушуп,эркелегени, махаббат лаззатына батканда жалынганы,кыялдары, баскан турганы,деги койчу баары коз алдынан чууруп элестейт.Спорт деп журуп,жалан машыктыруучуларынын тилинен чыкпай журуп отуп барткан омурундо биринчи албуут суйууго туш болгонун толук туя элек болчу.

Оюн башталганда эле курч кетти.Дуйнодон „менмин”деген 16спортсмен келген экен.Оюн торт тур менен отмой болду.Козун чукуганга,мурдун, кулагын жулганга,оозун айырганга,жан жеринен кармап толгоп жулганга,арткы тешике колдун манжасын сойлотконго гана уруксат жок.Калганы бут бар,ал тугуул тиштоого да болот.Спортсмен „женилдим”деп рингден жыгылып турбай калса,оор жаракат алып „оюнду уланта албайм” десе гана оюн токтотулат. Эн оору экоонун бири женилмейин оюн токтотулбайт. Убакыт жок.
Биринчи рингге которулгон аты далайдын журок ушун алган „Тиштээк”каршылашын жарым саатка жеткирбей моюн этинин алакандай жерин тиштеп жулуп алып женди.Оозу,бут денеси кызыл канга боёлгон „Тиштээк”тим эле козго жырткычтай корунду.Тиши куроо тамырга жетпей калган экен,ээси ооп жыгылган каршылашы Кудайдын буйругу менен аман калды.
Экинчи чыккандар эки саатка чукул кармашышты. Акыры Балтикадан келген спортсмен немисти муунтуп ээсин оодарып женди.
Учунчу „Жолборс”атыккан, кармаган жери тырмактары менен мыжып кан чыгарып эзген сибирлик спортсмен англичанды жарым саатка калбай кабыргаларын талкалап женди.Оозу мурдунан кан аккан аран жан спортсменди рингден которуп кетишти.Ар бир оюндан коз албай карап отурган Мырзанын кытай устаты „Ушул „Жолборсту”эсинден чыгарба.Кармаштагы ар бир ыктарын унутпай турган бол”,-деп эскертти.
Тортунчу кезек Мырзага келди.Туштук Африкалык негр менен чыкты.Экоонун кармашы да жарым саатка жетпеди.Негр чыкыйга тептирип жиберди.Эсине келтирбей ээкке тепти.Жаагы быркырап сынып кетти.Мырза озунун 95 килограммдык салмагын,секирген ийилчектиги, акробаттарча айланып секирип келип тушсо да бутунун учтары менен мышыкча жумшак тушушу коручулорду тан калтырып,дуулдаган кол чабуулар менен коштоп турушту.
 
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:41 » Билдирүү # 11
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Экинчи турда Мырза учун оорго турган жок.Ирандык спортсмен менен эки саатча кармашып,акыры муунтуп эсин оодарып женди.Торт кундун аралыгында эки спортчу олуп,бешоо оор жаракат алды.Торт саатка чукул созулган тытышкан кармаштар болду.
Учунчу турда Мырза „Тиштээк”менен кармаша турган болуп калды.Оюндун шарты боюнча „Тиштээк” менен „Жолборс” кармашып,Мырза индиялык спортсмен менен беттешмек.Беттешти жарыялаганда кандай болуп кетти тушунбой калышты.Калыстардын жогорку кенешине эч кимдин доо койгону акысы жок.Кытай устаты „Сен Индусту женесин.Ага ишенем.Ал откон турда бутунан жаракат алып калды.Бул турга акча учун чыгып жатат.„Жолборс”менен Тиштээкке”кыйын болот.Бирин -бири жаралантып коюшу мумкун”,-деп кымылдап турган.Иш тескери айланып кетти.Ал тугул бут турларда озун токтоо кармаган кожоюн да кыжырлана согунуп „Мафия оз ишин кылып жатат.Мен ушундай болоорун билгем”,-деп жиберди.
Биринчи „Тиштээк”менен Мырза беттеше турган болду.Бою 190см,салмагы 95кг болгон уюткан темирдей чыналып,чытыраган Мырзанын каруусунан кармаган кожоюн „Сак бол,сенин чыныгы мушташты корсотуучу оюнун эмкиси экенин унутпа.Мунун болсо жаагын быркырата муштап сал”,-деп коюп,кадимки кавказдык керсейиши менен басып кетти.
„Тиштээктин”салмагы 90кг,бою да 190 см,экен.Кытай устаты кайта-кайта: „Тишинен сак бол.Эби келсе жаагын сындыра ур”,-деп эскертип жатты.
Рингде экоо бирин-бири мышыктай андып айланып калышты.„Тиштээк”да Мырзанын буга чейинки оюндарын коруп,сырын билип калган.Итче улам тишин корсотуп журок ушун алганга аракеттенип жатты.Алгачкы он минута чала-була чабышуулар менен отуп кетти.Экинчи качырышканда „Тиштээк”Мырзанын балтырынан чала тиштеген менен кан жая берди.„Тиштээктин”тиштери чын эле устарадай курч экенине Мырзанын козу эми даана жетти.
Учунчу кармашта „Тиштээкке, мол билегинин ички бетин сала берди дабилекти толук тиштей электе жаактын астына болгон кучу менен уруп калды.„Тиштээк”сендиректей тушту.Эсине келтирбей ээкке дагы уурду.Ошондо да жыгылбай чайпалганы озу эле „Тиштээктин”кучун корсотуп турду.Артка бир кадам секирип,айланып келип согончок менен жаакка тепкенде,астынкы ээги бир капталына чулчуюп чыга тушту да,ошондо аран барып комкоросунон „куп”кулады. Ээги такыр быркырап,азуу тиштери кубулуп тушкон экен.
Мырза да ондуу чыккан жок.Балтырынан, сол билегинен,он ийнинин устунон жаракат алып чыкты.Бир саатка чукул созулган бул уруш чыныгы жырткычтардын кармашына окшоду.Акыркы кармаш „Жолборс” менен Мырзанын беттешуусу эртесине калды.Ринг кан жыттанып,зал ичи кунурт тартып сурдуу болуп,омур менен олумдун тирешип турганы баарынын журогун опкоолжутуп, ашык суйлоочулор да болбоду.Коруучулор да аз.Атайы чакыруу менен келгендер гана.
Мырза мелдеш башталган биринчи кундо эле тушунду,бул жерде акчалуу мафиялардын „мен каалаганымды жасай алам”деген бирин-бири эргешишкен кармашы журуп жатканын.Женилген спортсмендердин айрымдарын, ал тугул жол кирелик чыгымдарын бербей таштап кеткен кожоюндары болду.Кун сайын мелдештин ачылышында секирууго даярданган жолборстун таза алтындан куюлган келбетин рингге алып чыгып корсотушот. Мелдеш башталган биринчи кундо эле Мырза менен жан адамды суйлоштурбой катуу кайтарууга алышты.Мындайда акчага сатылып кетуучу спортсмендердин болушу толук мумкун.Бир чети ошондон сактанышса, экинчиден спортсмендин жеке керт башынын амандыгын да сактай керек. 

Так ушул эртен акыркы финалдык мелдеш деген туну Мырза эстен кеткис тушту кайта корду.
Танга жуук эшик акырын ачылып,аппак жундон токулган чепкен кийген,ак сакалы кокурогун жапкан кызыл жуздуу адам кирип келди.Мырза „Бул ким болуп кетти?Эшиктен чымын кийирбей кайтарып отурган он чакты сакчыдан,белги беруучу аппаттардан кантип отту?”-деп чочуп кетип ордунан „лып”тура калайын деген менен кыймылдай да албай койду.Деми кысыла тушконсуду. Колдорунун учтары эле кыймылдагансыйт.  
Ак сакал каалгый басып келди дп,Мырзанын баш жагына чоголой отурду.
-Ойгонуп кеткенин жаман болду уулум.Ээми мага кыйын болуп калды...
Мырза ун чыгарганга жараган жок.Эмне дешти да билбеди.Ушул абышка азыр жанын сууруп кетчуудой туюм пайда болду.Денеси тим эле титиреп кирди.Журогу улам кысылып баратат.
-Ботокозду бир корсом арманым жок эле.Бир кун Бото менен чогуу болсом,андан кийин жанымды алсаныз да мейли,-деди булдурай.Коздорун кароого далалаттанды. Капкара чексиз терендикти корду.Коркуу дегенди билбеген неменин муундары титирей тушту.
-Журогундо кучтуу от бар экен.Мындай отту очуруш да кыйын.Болуптур бул жолу калдын.Сенин ордуна башкасын издоого туура келет,-деди да каалгый басып чыгып кетти.Абышка эшикке чыгары менен Мырза озуно келе тушту.Ордунан секирип туруп жугуро эшикти ачса оозгу болмодо эки сакчы карта ойноп отурушуптур. Мырзаны тандана тиктеп калышты.
-Азыр менин болмомдон ким чыгып кетти?-Тигилер бири-бирин карап унсуз турушту да:
-Эмне дейсин?-Кайра суроо узатышты.
-Бул жактан ким чыгып кетти дейм?Тигилер чогуу каткырып кулуп жиберишти.
-Тынчсызданба, сага чиркей да кирип чыкпайт.Экообуздон башка сыртта дагы сегизи уйду айланып басып журушот.Эшикти туурасынан тосуп эки устатын жатат.Сени Президенттен да кыйын кайтаруудабыз, баатыр,-деди толмоч келген бири.
-Акыркы мелдештин астында тынсызданып жатасын го.Кам жебе.Андан коро уктап эс ал.Али эрте,-деди экинчиси,бейкапар.  
Мырза чындап озун онтойсуз сезип кетти.Тушубу? Ушундай да онундо коргондой туш болобу?
Тобоо.Унчукпай кайра келип ордуна жатты.Жатаары менен мээмиреп уктап кетиптир.Эртен менен устаты ойготту.Ордунан шайдоот турду.Конулу да ачылып калыптыр.Бугунку ото оор беттешуну унутуп калгандай кынылдап ырдап,женил конугуулорду жасагандан кийин шашпай жуунуп-тазаланды. Тундогу тушун унутуп да койду.
Тибеттик лама менен кытай устаты экоо кайра-кайра оздорунчо суйлошуп,кункулдошуп жатышты.Тибеттик ламанын козу ачыктык да жайы бар болчу.Астына ала боло турган окуяларды айтып койчу.Кечээ кытай устатына:
-Астыдагы иш жаман.Канча ондоюн десем да болбой жатат.Мырзаны кара булут айланып турат,-деп капа боло кункулдогон. Эртен менен турары менен Мырзаны коруп:
-Тобоо.Мырзанын жолу ачык.Бугунку жениш Мырзаныкы.Мырза тим эле арстандай кудуреттуу, карылуу болуп кетиптир.Бир тундо болгон мынчалык озгорушту биринчи корушум,-дегендей кытай устаты:
-Оозуна май.Ушундай эле болот дегем да,-деп кубанып кетти.„Мына, рингге чыгарыма он беш минута калды”,-деп оз болмосундо жашыл халатты чумкой кийип,тынчсыздана басып турганда кутуусуз кожоюну менен Ботокоз ээрчишип кирип келди.Мырза Ботокозду коргондо тим эле суйлой албай калды.
-Бото... келдинби?
Ботокоз мырзанын мойнунан кучактай секирди.
-Келдим.Кожоюнунуз ата-энемди кондуруп,алып келди.Кожоюн Мырзаны жылмая карап койду да,бурулуп чыгып кетти.Бул иштин баары кайсыл максатта жасалып жатканын Мырза башында эле тушуно баштаган.Эми аныгына козу жетти.Мындай чон план менен жургузулуп ойнолгон спектаклдин курмандыгы жалгыз озу элеби же Ботокоз да оюндун сырын тушунбогон курмандыкпы? Ушул суроо журогун ойуп турду.
-Бото,экообуз озубузчо суйлошуп алалычы.Озунчой жетелей четке басты.Тегеректеген устаттар да экоону ээн калтырып чыгып кетишти.
-Бото,сен мага азыр чынынды айт.Болбосо, кийин окунуп каласын.Ото катуу окуносун.Макулбу? ..Ботокоз коздорун жайната Мырзаны тандана тиктеп туруп:
-Макул...чынымды айтайын,-деди. Мырза ото олуттуу болуп турган.
-Ботокоз,сен мени чындап эле суйосунбу же бироолордун айтуусу боюнча артистик роль ойноп жатасынбы?Ботокоз жанагыдан да тандана тиктеди.
-Мырза,Кудай акы чынымды айтып жатам.Менден „Мырзаны суйгон кыздын ролун ойно”деп эч ким суранган эмес.Мен сени чын дилимден жакшы кором.Эмне мага ишенбейсинби? -деп башын жигиттин кокурогуно жолоп тунжурай тушту.Ал тугул коздорунун кычыктарында жаш да пайда боло калды.Мырза кыздын ээгинен которуп,эриндеринен акырын назик опту да:
-Жаным,мен сага ишенем.Бирок ушул суроону сурап коюшуп керек болчу.Бул кытай устатымдын эле кылганы.Ошентсе да адам тан кааларлыктай так эсептептир. Менин журогумдун бош экенин жана экообуздун табышып кетерибизге ишенишкенин кара.Балким, булардын ойлогонунан да биздин мамиле ашып тушкондур,ким билсин...
-Мырза,мен эч нерсе тушунгон жокмун.эмнени айтып жатасын?..Ботокоз суроолуу тиктеди.
-Мен сага шашпай тушундуром. Экоо сагынычтары тарабай эзилише обушушту.Кытай устаты кирип келди да: 
-Мырза,рингге даярдан,-деди унун сурдуу чыгара.
 
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:41 » Билдирүү # 12
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Рингге биринчи чыккан „Жолборс”коруучулордун буйурун кызытып кыйкырып кирди.
-Мен жанагы жулжук коздун бугун кабыргаларын талкалап,торопойдой чыныртам.Анан чымчыктай чыркыратып туруп мойнун толгоп жулам.Муну оз козунор менен коросунор.Ал байкуштун бугунку куну акыркы жарык куну.Айтып койгула,жанында жургондор менен коштошуп чыксын.Рингден анын олугун судуроп кетишет.Эгер акылы болсо чыкпай койсо да болмок.Ансыз да жолборсту коргон коёндой титиреп чыгалбай жатат окшойт.Менин жиним шакардай кайнап чыдабай турам.Мен жулжук козду тытып жейм.Э-эй,жулжук коз чычкан,чыкпайсынбы? !-деп рингди айлана басып бакылдап кыйкырып жатты.
Бою 2 метр,салмагы 130кг бул сары доо чындыгында коргондун ушун алгыдай бар болчу.Булчундары буркуюп,бир балтыры бир кишидей болуп,муштуму чайнектей бар.Таза кырдырган башы жалтырап,оозун ачса арсак тиштери арсайып,кош козу чойсоктой болуп ырайы да тиршумдук.
Ринг жакшы коруно турган,жакын ,секичерээк келген орунтукка жаны отурган Ботокоз „Жолборсту”коргондо буткон бою титиреп кетти.Мурда мындайды корбогон неме „Жолборс”козуно чындап жан алгычтай корунду. „Жолборстун ”астында Мырза тим эле жаш баладай боло тушту.Мурда Мырзанын келишкен сымбатына суктанып сыймыктанчуу. Мырзадан кучтуу эркек жоктой туюлчу.
Бул „Жолборс”озу айткандай чын эле Мырза ринге чыгары менен тырпыратып баса калып,тытып жечудой туюлду.Ордунан обдулуп нечен жолу Мырзага чуркап барып:Мушташка чыкпай эле койчу,жаным. Тигил желмогуз сени тируу койбойт десемби”деген менен Мырзага жете албайт болчу.Ал рингге чыгуучу эшикке кирип кеткен.Ал жак болсо тосулуу.

Мырза эмнегедир чыкпай кармалды.Ансайын „Жолборс”„Коркок чычкан,чык титиребей! ”-деп жер буза окуруп жатты.Мырзаны кытай устаты кармап турду.Акыркы акыл насаатын улам шыбырап айтып „Мейли,тигил кичине окуруп алгачкы энергиясын кетирсин.Туйулгон булчундары жазылып,сени чын эле коркуп атат экен деп эрдемсий баштасын” деп кармап турду.Коручуулордун да чыдамдары кетип,кыйкырып, ышкырып башташты.Чыдамы кеткен калыстардын бири „Эмне кечигип жатасынар?”- деп чуркап келди.Ошондо барып кытай устаты Мырзанын башынан бери чумкогон халатты сыйрып алды да „Ак жол,уулум! Ким экенинди корсот”,-деп далысынан турто рингге коё берди.
Темир тордогу жырткычтай жулунган „Жолборс”Мырза ринге чыгып-чыга электе эле качырып сала берди.Каршылашын мындай онору бар экенин астына ала билген Мырза сак болчу.Жакын келгиче байкамаксан болуп коруучулорго кол булгалап учурашып жатып ,тигил чукул келгенде онго тоголоно буйтап баратып курсакка,бетке кош аяктай тээп отту.Куу менен келаткан „Жолборс”мындайды кутпосо керек,энги-денги боло далдайып туруп калды да,жаралуу жырткычтай кайра окуро качырды.
-Жулжук коз,мен сени жейм!Тытып жейм.Колума илинчи!Мырза буйтай качып,карматпай сокку устуно сокку берип жатты.„Жолборстун”чынын да доо экенин биринчи курсакка тепкенде эле билди.Кишини эмес кирпич дубалды тепкендей эле болду.Ар бир соккусун „Жолборс ”чиркей чаккандай да корбогондой туюлуп,журогу опкоолжуп,апкаарый тушту.
Шуулдаган Мырзанын буттарынан кайта-кайта сокку жеген „Жолборс”да жээлигип качырбай абайлап калды.Мырза эч кимге тушунуксуз бир бийди бийлей баштады.„Жолборс”бул эмне кылып жатат?дегенсип унуройо карап,токтой калды.
Бул индиялык иогдон уйронгон оз денесине кучтуу энергия жыйноо менен бироо сокку урса аны женил тосуп,тескерисинче сокку урган адамдын кучун озуно каршы колдонууга даяр болуунун ыкмасы болчу.Мындай ото татаал иогдук ыкманы спортсмен бир жылда бир гана жолу ,бир нече саатка колдонушу керек.Болбосо, адамдын ички организми топтолгон энергияны кайра эки-уч кундоп,ото жай чыгара билуу маанилуу роль ойнойт. 
Мырзанын маймылча шылкылдаган бийине алаксыган „Жолборс”эсине келип чабуулга откучо Мырза бийди эн негизги болугун буттуго улгурду.
Кандай да болбосун кармап алып мыжыгысы келген „Жолборс ”бул жолу укмуштай сокку жеди„Уу-аа! ”деп кыйкырган Мырза качырып келаткан немени тошко тепкенде,токко урунган адамдай артка эки метрче учуп кетти.
Эч нерсе тушуно бербей ордунан тура калып бир чети уу-дуу тушуп кыйкырган коруучулордун унунон,бир чети чын эле мени ушунча ыргыта тептиби?деген ишенбоодон башы айлана сендиректеди.  
Мырза „Жолборсту”эсине келтирбей былчылдаткан жок.Тескерисинче, аркы бурчта бийин шылкылдап бийлеп жатты.
Ордунан опон-опон секиримиш болгон „Жолборс”15- 20 секунда да барып аран озуно келди.Эми жанагыдай курулай окурбой ичинен ыйрылып,бут булчундар таштай туйулуп,жини шакардай кайнап чыкты.Оной жоого жолукпаганын билип,туз качырбай андышмайга отту.Унун чыкпай калды го,сасыган аюум,-деди Мырза кекете.„Жолборстун ”каны башына тепти.
-Жулжук коз,сени баари бир жейм,-деди да,кутурган букадай качырды.Эки колдоп кекиртектен алды.Так ушуну кутконсуп Мырза дагы „Уу-аа!”, -деп кыйкырды да,эки колун кере жайыа туруп тигинин эки колтугунун астына колдун кырлары менен урду.„Жолборстун”колдору абада шалактай тушту да,озу сендиректеп ордунда чайпалып турганда,-„Уу- аа-уу!”деген ачуу ун залды жарып жиберди.Мырза артка бир секирип,ордунан чимирилип келип кош аяктай чыкыйга удаа-удаа тепти.Зал тыптынч боло тушту.„Жолборс”жер кочкондой куп кулаганда ооз-мурдунан кан атып кетти.
Калыстар жугуруп чыгып тамырын коруп,„туболук тынчыптыр”деп айткыча эле коручуудор анын экинчи тургус болгонун туюшкан.Кайра секируучу илбирсче туйулгон Мырза акырындан боюн жазып ордуна туз турганда барып,коруучулор дунгурото кол чаап жиберишти.
Оюндун шарты боюнча Мырзаны рингден тушурбой туруп,утуп алган байгеси тапшырылмак. Так ошондой болду.Башкы калыс бир чемодан акчаны жана алтын жолборсту алып чыктыда,Мырзанын кожоюнунун чыгуусун отунду.Жол тоско кайтаруучулардан отуп,рингге чыккан кожоюну менен Мырзага байгени тапшырып жатып „Тайганын алтын жолборсунун башкы женуучусу”деген алтын медальонду Мырзанын мойнуна илди.Мырзанын кожоюну соз сурап суйлоду.
-Урматтуу коруучулор! Коноктор.Бардыгынар менин коногумсунар. Бугун кечте биз тамактанып жургон ресторандын чон залынан жолугалы.„Алтын Жолорсту”ортого коюп сайран куюп,шапар тебебиз.Тамак- аш,ичкилик деген суудай агат.Баардыгыныздар келиниздер, -дегенде зал жаныра дуркурото кол чабуу коштоп кетти.
Мындай чон сыйдын артында эмне сыр катылып жатканын Мырза тушунгон эмес.Кытай устатынын жанын коёрго жер таппай тынчсызданганына да маани бербеген Рингден тушору менен Ботокозду кучагына кысты да бул дуйнодогу калган ташпишти унутуп койду.Эртээрек „Жолборсту”женип, жетууго коксогону да ушул гана Ботокоз менен озунчо болуу болчу.
 
VIP » Offline » 01.05.2015 » 14:41 » Билдирүү # 13
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Мырза Ботокоз менен махаббат жыргалына батып оз болмосундо жаткан.Эшик тыкылдаганынан ачса кытай устаты жана тибеттик лама туруптур.Индиялык иог болсо оюн буторуно бир кун калганда кетип калган.
-Уулум, тез кийинип негизги керектуу гана буюмдарынды алып жолго даярдан.Жакшысы эч нерсе албай койсон да болот.Ботокозду да даярда.Спорттук турдо кыймылы шамдагай болгудай кийинсин.Бизди узак жана татаал жол кутуп турат.Беш минутадан кийин астынкы кабатка туш.Биз сени ошол жерден кутобуз,-деди да башка соз айтпастан бурулуп ылдам басып кетип калышты.Мырза суроо бергенге да улгургон жок.Устатынын убайымдуу жузунун иш жонокой эмес экенин туйду.„А-а кечки ресторандагы отурушчу?Же ал бизсиз отобу?”деген суроо оозунда айтылбай кала берди.Озу деле иш байгени утуп алуу менен буто калбасын сезген.Ошондуктан копко ойлонбоду.
Шашыла кийинишип чакан ийиндегич сумкаларына негизги деген кийимдерин алышып Ботокоз экоо томон тушкондо тигил эки устаты эчак кутуп турушуптур. Колдорунда эч нерселери жок экен.Тибеттик лама дайыма жанынан чыгарбаган тушунуксуз китептери салынган сумкасы да корунбойт.Кытай устатынын килейген чемоданы да жок.
Эмнегедир Мырзанын козуно астынкы кабат томсорунку корунду.Баягы толгон кайтаруучулар корунбойт.Арыта экоо отурат,бейкапар суйлошуп.Кытай устаты беркилерди короору менен ордунан турду да унсуз башы менен жансай жертолого тушуучу тепкичтер жакка баштады.Жертолонун ичинде озунчо узун коридор бар экен.Кол фонардын кунурт жарыгын да ээрчишип журуп отурушуп кайра сыртка чыгуучу темир эшикти ачышканда уйдун такыр башка жагынан дубалдын сыртынан чыгып калышты.
Арыта эски „Жигули”маркасындагы машина турган экен.Ылдам басып барышып тушушоору менен тигил зуу койду. Ботокоз Мырзаны карап улам суроолуу тиктеп коёт.Мырза ийининен куйшоп койду да ун дебеди.Ашык суйлогонду жактыра берчу эмес.Кытай устаты ансыз да учуру келгенде бут озу тушундуруп бермек.
Тортоо тен унсуз баратышты.Эки саатка чукул журушкондон кийин „Джип”улгусундогу жаны машинага отурушту.Айдоочу кайда барышты жакшы билет корунот,унсуз айдап жоноду.Коп журушпой токой ичиндеги жолго бурулушту.Ошондо гана Мырзанын жанын да отуруп келаткан кытай устаты иштин жайын унун пас чыгарып тушундуро баштады.„Баары мен ойлогондой болду,-деп койду да кичинеге унсуз туруп-Кожоюн бизди таштап качып кетти.Мен деле ошентет болуш керек деп ойлогон элем.Акылдуу экен.Так байгеге коюлган „алтын жолборско”окшош тугойун жасаткан экен.Аны ресторанга алпарып бийик текче жасаттырып туруп койдуруп,торт кузотчу менен кайтартып койсо атаандаш андыгандар ишенип кала беришти.Ал жакындарын алып ошол замат жылт койду.Кейпи, жерге вертолёт даярдаган болуш керек.Бизди кошо ала кеткенден сактанышты. Билинип калат деп чочуду окшойт.Экообуз колокодой ээрчип артынан калбай койсок „Иш жаман жагына айланбасын”деди окшойт.Бизге деген улуштун бир болугун берууго аргасыз болду.Ошондо да толук бербеди.„Калганын эртен салтанаттуу турдо тапшырайын, демиш болуп кылтындаганынан кыстабадым. Болбосо,ушуну да албай калышыбыз мумкун эле.Билип туруп алданууга аргасыз болдум.
„Алтын жолборсту”алдырып жибергени аз келгенсип чыгымга да учурап калган жак катту арданып „кандуу концерт”коёбуз дешип катуу даярданып атышканын уктум.Муну биздин кожоюн да астына ала билсе керек.Тигилер качып кетишпесин дешип жолдордун баарын тостурушуптур. Кожоюндун „500чу мерсин”,телохранителдери минген „Джипти”сыртынан тигилер кайтарып турушат.Канткен менен баарыбызды сызга отургузду.Карышкыр тура.Колундагы саатын карап койду да-эми бир сааттан кийин чуу башталат.Тигилер эч кимибизди таппай сыйпалап калышат.Бут жол тоскондорго кабар кетет.Бирок биз коркунучтуу аймактан чыгып кеткен болобуз”,-деди да ушкуруп койду.
-Биз кай тарапка баратабыз?Бул машиналар кандайча табылып калды?-деди тынчтыкты бузуп.Кытай устаты ушул суроону кутсо керек.Шыр жооп берди.
-Эки кун мурун индиялык иогду жибергем иштин жайын тушундуруп, тиешелуу каражат берип.Ал азыр бизди мейманканада кутуп турат.Кожоюнга башынан коп ишенчуу эмесмин.Эртен самолёт менен Алматыга учабыз.Билеттер брондолгон.  
Мырза кичинеге унсуз барды да жанатан бери эч бир созго кошулбай бараткан Ботокозду озуно имере тартты.Ал да ушундай мамилени гана кутконсуп жигитке ыктай жабышты.Кытай устат женилдене курсунуп койду.Машина болсо Сибирдин токоюн аралай зымырап баратты.
 
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » "Тайганын алтын жолборсу" (Чолпонбек Абыке уулу)
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск: