[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
Форум » Мен билем » Дин » Таасирлүү окуялар
Таасирлүү окуялар
Admin_Site » Offline » 28.03.2014 » 19:37 » Билдирүү # 1
Супер_Админ
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 8
Репутация: 0
Жаш жигиттин окуясы.

“Мен Аллахтын динине кайдыгер караган адам элем. 2000 - жылдары Рамазан айы келгенге чейин мен мечитке барчу эмесмин. Күндөрдүн биринде үйдө уктап жатып, таң калыштуу түш көрдүм. Түшүмдө өзүмдүн керебетимде өзүмдүн уктап жаткандыгымды көрдүм. Аялым келип, мени ойготуп атты. Мен андан: “Эмне болду?”-деп сурасам, бирок ал негедир мени укпайт. Мени кайра-кайра ойготуп жатты. Мен андан кайра-кайра “Эмне болду?”-деп сурасам ал менин сураганымды укпайт. Менин ойгонбогонумду көргөн аялым бир убакта чочуп, агаларымды чакырып келди. Бир кезде врач келип, мени көрө баштады. Мен врачтан: “Эмне кылып жатасың?”-десем, ал да укпайт. Мени текшерип көргөн врач агаларыма менин өлгөндүгүмдү айтты. Алар менин өлгөндүгүмө аябай кайгырышып, аябай ыйлашты, аларды көрүп мен да ыйлап жаттым. Эмнеге булар мени укпай жатышат, эч түшүнө албай жаттым. Келесо болуп калгансыдым. Эмнеге мындай? Эмнеге мен агаларымды, аялымды көрүп, угуп жатам да, алар мени угушпайт? Алар мени жерге көмүү жөнүндө сүйлөшүп, “Эгер бул жакшы адам болсо, Аллах менен эртерээк жолуктурушубуз керек. Эгер жаман адам болсо, анда мындан эртерээк кутулушубуз керек”-деп жатышты. Мени жууп, кепинге орошту. Көрүстөнгө алып жөнөштү. Мен болсо, алдымдан чыккан адамдын баарына “Мен тирүүмүн, мен өлгөн жокмун”-деп айтып жаттым, бирок мени эч ким укпады, эч ким мага жооп бербеди. Көрүстөнгө жеткенде мени жерге имамдын алдына коюшту. Оролгон бойдон жерде жатам, имамды жалооруй карап, “Мен тирүүмүн, мен өлгөн жокмун. Эмне кылып жатасыңар?”- деп жаттым. Бирок имамдан да жооп болбоду. Баары бир добуштан куран окуй башташты. Куран окуп болушкандан кийин мени кабырга кое башташты. Ал эми мен болсо, “Токтоткула! Мени көмбөгүлө! Мен тирүүмүн! ”-деп кыйкырып жаттым. Эч ким укпады. Алар кабырды тактайлар менен тосуп, үстүнө топурак сала башташты. Ошондо мен Мухаммаддын (САВ) бир хадисин эстедим: “Чындыгында, өлүү адам сөөктү көмүп бүтүп бараткан адамдардын ар бир кадамын угат”. Мен да мени көмүп бүтүп бараткан адамдардын кадамдарын угуп жаттым. Караңгы, ным жерде жатып мунун баарына түшүндүм. Ошол убакта эки адам пайда болду. Бирөөсү менин баш жагыма, бирөөсү бут жагыма туруп, мени сурап башташты.

- Сенин кудайың ким?

- Менин кудайым....... ... Менин кудайым....... ...........

Кудайым ким экенин билчүмүн, бирок эстей албай жаттым, ким эле... кантип анын атын унутуп калдым...... ким эле....... ким эле...........

Алар дагы суроо берди.

- Сенин Элчиң ким?

- Менин Элчим........... ... Менин Элчим........... .......

- Сен диниң кайсы?

- Менин диним........... .. Менин диним........... .........

Менин аялымдан, дүкөнүмдөн, акчаларымдан, машинамдан башка эч нерсе акылыма келбей койду. Жашоомдогу эң жагымсыз, уяттуу учурлардан башка эч нерсени эстей албай жаттым. Бир кезде алар мени дубинка менен катуу уруп жиберишкенде, мен кыйкырып жибердим. Ачуу үнүм менен кыйкырып, үйдө уктап жаткандардын баарын ойготуп жибердим. Коркуп кеткен аялым: “Эмне болду? Эмне кыйкырып жатасың? Тез жардам чакыралыбы? ”-деп сурап жатты. Ошондо гана мен мунун баары түш экенине түшүндүм. Анан эле мечитте багымдатка азан чакырып калды. Ушул жерден менин жаңы жашоомдун барагы ачылды. Бул түш менин жакшы жолго түшүшүмө, Жараткан тарабынан тыюу салынган нерселерден алыс болуума себеп болду. Мен Жараткандын буйругу менен ага баш ийип, ислам жолуна түштүм.

Азыр аялым, балдарым, агаларым менен бактылуу турмушта жашайм, мени адашуудан сактап калган Аллахга шүгүр кылам жана биздин жаныбызды алып жатып, бизден мусулман катары ыраазы болушун суранам.
 
Admin_Site » Offline » 28.03.2014 » 19:38 » Билдирүү # 2
Супер_Админ
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 8
Репутация: 0
Эненин көз жашы.

Жаш кезинде күйөөсү каза болуп калган аял төрт баласын өзү жалгыз тарбиялап чоңойтот. Эң улуу баласы күйөөсү каза болгон убакта араң гана 11 жашта болчу. Күйөөсү аябай камкор эле. Ал дүйнөдөн өткөндөн кийин күйөөсүнүн милдеттери аялына түшүп, бардык убактысын балдарын тарбиялоого, балдарына кам көрүүгө жумшады. Күнү-түнү иштеп, жалгыз көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Күндүзү иштесе, түнкүсүн балдарына тамак жасап, түн жарымда араң уктачу. Кайрадан эрте менен эртелеп туруп, балдарынын тамак-ашын, кийим-кечесин даярдап, аларды мектепке жөнөтүп, кайрадан алардын мектептен келерин чыдамсыздык менен күтчү. Балдарынын эр жетип, мыкты уул болушу үчүн баарына чыдачу эле.

Түйшүктүү күндөр, айлар, жылдар өтүп балдары бой жетип чоңойду. Балдары баралына жетип, өз алдынча турмуш өткөрүп, үй-бүлөлүү болушса деле апасы балдарынын бардык түйшүктөрүн өз мойнуна алып жүрдү. Арадан жылдар өттү. 60 жашка келген апасы бапестеп өстүргөн уулдарына оор жүк болуп, жалгыз калды. Апасын карагылары келбеген балдары бир күнү чогулушуп, апасын кезектешип карай турган болушту. Апасынын ден соолугу начарлап, сүйлөй албай калды. Убакыттар өттү, апасы керексиз буюмдай бир баласынын колунан экинчи баласынын колуна өтүп, күн өткөрүп жатты. Келиндери да жаман сөздөрүн айтышып, орой мамиле жасашты. Ал мындай кордукка чыдады. Унчукпады. Төрөгөндөн үйлөнгөнгө чейин кам көргөн уулдарынан ушундай мамилени көрдү. Уулдары болсо, апасынын жоопкерчилигин алыштын ордуна бири-бирине түртө салышты. Апасын карагандан айынан бири-бири менен урушушту. Кароо кезеги кичүү баласына келди. Ал аялы экөө достору менен конокко бармак болушкан. Бирок апасын ким карайт? Жинденген уулу улуу агасына чалды.

- Байке, бүгүн менин аябай зарыл жолугушум бар, барбасам болбойт. Апамды сеникине алып барам, бүгүн менин ордума сен карап тур.

Агасы ачууланып инисине: “Алып келсең мени эшикти ачат деп ойлобо”-деп кыйкырып, экөө урушуп кетишти. Урушканына карабай иниси апасын агасыныкына алып жөнөдү. Дарбазаны такылдатты. Эч ким ачпады. Дагы такылдатты. Агасы дарбазаны ачмак турсун, кызыгып келип сурап койбоду. Такылдатып тажаган иниси: “Дарбазанын артында апаң отурат. Дарбазаңды ачып, апаңды үйүңө алып кирип ал”-деп кыйкырып, барчу жагына кетип калды. Апасы булардын баарын көрдү. Көзүнүн жашы көл болуп куюлду. Кыймылдаганга алы келбеди. Сүйлөй да албайт эле. Көпкө отурду. Эч ким дарбазаны ачпады. Бир тирүү жан апасын издеп чыкпады. Эч ким апам тамак жейт бекен, уктайт бекен деп ойлободу. Апасы уулдарына жасаган көп жылдык камкордугуна ушинтип таш боор жоопту алды. Уулдарынын жаш кездерин, уулдары үчүн тамак, кийим-кече издеп өткөргөн күндөрү элестеп жатты. Өзүнө-өзү: “Чын эле ушулар менин балдарымбы? !!!.... Мен буларды аздектеп сүйүп, ыйласа кошо ыйлап, сүйүнсө кошо сүйүнүп чоңойттум... . Түнкүсүн суу ичет элем, тамак жейт элем деп түн уйкумду канча бузушту... Ага жинденбедим. ... Оорушса кошо оорудум... Окуттум, үйлөнттүм, үйлүү-жайлуу кылдым, бирок акырында жалгыз калдым, суукта калдым! Ачка калдым. Караңгы түндө жалгыз калдым! Апасы аябай ызаланды. Өткөн күндөрүн эстеп аябай ыйлады. Караңгы түндө кароосуз жалгыз калды.....

Эрте менен жумушка жөнөгөн уулу дарбазасын ачса, апасы дарбазанын артында өлүп калыптыр....

Ыйык Куранда айтылат: “Ата-энеңерге камкор болгула жана аларга эч качан “уфф” деп айтпагыла! Аларга мээримдүү сөздөрүңөр менен кайрылгыла! ”.

Ата-энеңерге жасаган жаман мамилеңер үчүн бул жашоодо жазаланышыңар мүмкүн! Ошондуктан, ата-энеңерге алар мындан ары силерге керек эместей мамилени сездирбегиле! Ата-энеңер менен бирге жашагыла! Аларга жылуулук бергиле, мээрим чачкыла, көңүл бургула! Алар ар дайым силердин жылуу мамилеңерге муктаж экендигин унутпагыла! Ата-энеңерди таштабагыла! Силер ата-энеңерге кандай мамиле жасасаңар, силер да балдарыңардан ошол мамилени көрөсүңөр! Ата-энеңерди карагыла!
 
Admin_Site » Offline » 28.03.2014 » 19:39 » Билдирүү # 3
Супер_Админ
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 8
Репутация: 0
Абу Ханифа жана атеист
Бир атеист адам: “Кудай жок, эгер бар болсо, аны мага көрсөткүлөчү. Бул ааламды Аллах эмес, жаратылыш жараткан”-деп мусулмандар менен дайыма талашып тартышат. Аллах темасында сүйлөшүү үчүн мусулмандардан чоң мусулман окумуштуусуна жолуктурууну суранат. Мусулмандар атеистке Абу Ханифа имамды жолуктура турган болушат. Атеист менен Абу Ханифа бир күндөн кийин жолугууну чечишет. 

Жолуга турган күн да келди. Мусулмандар менен атеист белгиленген убакытка чогулушту, бирок Абу Ханифа кечигип жатты. Арадан бир саат өттү. Абу Ханифа келбеди. Арадан канчалаган сааттар өттү. Абу Ханифа дагы деле келбеди. 

- Көрдүңөрбү? Силердин имамыңар корккондугу үчүн келбей койду.

Ушул убакта Абу Ханифа кирип келди. Атеист анын кечиккендигин айтып ачууланды. 

- Мени күнөөлөгөндөн мурун менин эмне үчүн кечиккендигимди сура. Менин үйүмдөн экөөбүздүн жолуга турган жерге жетүү үчүн дарыяны сүзүп өтүү керек. Мен жолугушууга камданып, жээкке келгенимде жээкте кайыктар да, эч нерсе жок экен. Мен башка жээкке бардым. Бирок ал жерде да кайыктар жок экен, мен күтүүгө аргасыз болдум. Ошол убакта катуу шамал болуп, бак-дарактардын бутактарын сындырды. Бутактар топтолуп, кайыкка окшоп калганынан мен топтолгон бутактар менен экөөбүз жолугушчу жээкке жөнөдүм. Бирок катуу шамал мени башка жээкке алып барып койду. Ошону үчүн мен кечигип калдым. 

Абу Ханифаны уккан атеист аябай күлүп, мусулмандарга кайрылды. 

- Карагылачы, силердин имамыңар эмне деп тантырап атат. Ал акылынан адашкан окшойт. 

- Эгер сен менин айткандарыма ишенбесең, мындай нерселердин болушуна ишенбесең, анда башкаларга, бул дүйнө өзүнөн өзү жаралган деген сөзүңө кантип ишенесиң? 

Абу Ханифа ушул суроосу менен атеисттин пикиринин абсурд экендигин далилдеди.
 
Admin_Site » Offline » 28.03.2014 » 19:41 » Билдирүү # 4
Супер_Админ
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 8
Репутация: 0
Күмүш эшик жабылса алтын эшик ачылат

Илгери бир падыша жашап өткөн экен. Анын аябай акылдуу вазири бар эле. Бир күнү падышанын жакшы көргөн аты жоголуп кетет. Падышанын аты аз кездешүүчү породадагы ат эле. Падыша аябай кайгырат. Аны көргөн вазири: 

- Көп кайгыра бербеңиз! Болбой калган иштин артында ар дайым андан жакшысы күтүп турат

Менин сүйгөн аргымагым жоголуп жатса, кайдагы жакшысы күтүп турат! 

Ошол убакта падышанын аргымагы башка үйүрдөгү жылкылар менен кошулуп кетип калган жактан табылгандыгы жөнүндө кабар келет. Аргымакты тапкан аскерлер падышанын атын бир үйүр жылкылар менен кошо айдап келишет. Аргымагынын арты менен көп жылкылуу болгон падыша туура эмес кылгандыгын айтып, вазиринен кечирим сурайт. 

Бул окуядан кийин падыша аңчылыкка барып, бир манжасын оорутуп келет. Натыйжада манжасын кесип салышат. Падыша буга аябай кайгырат. Анда вазири: 

- Көп кайгыра бербеңиз! Болбой калган иштин артында ар дайым андан жакшысы күтүп турат

Падыша: “Мейли, аргымагым жоголгондо, кайра таап келишти. Эми манжамды кесип салышты, эми аны кайра таппайбыз. Мындан да эмне жакшылык күтүп турмак эле ! - деп вазирине ачууланып, вазирин түрмөгө каматып салды.

Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин падыша дагы аңчылыкка жөнөдү. Падыша менен аскерлери адам жегичтердин туткунуна түшүшөт. Алар качып кутула албайт эле. Алардын баарын адам жегичтер жеп баштады. Падышанын кезеги келгенде адам жегичтер анын бир манжасы жок экендигин көрүшүп, аны жебей коюшат, себеби адам жегичтердин салты боюнча бир мүчөсү кем жаныбарларды жешчү эмес. Аскерлердин баарын жегенден кийин падышаны кое беришет. Падыша хан сарайына кайтып келип, вазирин өзүнө чакырып,андан кечирим сурап, мындан ары ал менен талашып, тартышпай тургандыгын, камабай тургандыгын айтат. Анда вазир падышанын кечирим сураганынын зарылдыгы жоктугун, андан көрө аны түрмөгө камагандыгы жакшы болгондугун айтат. Себеби, падыша вазирди түрмөгө камабаганда, ал да падыша менен аң уулоого барып, адам жегичтерге жем болмок эле.
 
Admin_Site » Offline » 28.03.2014 » 19:41 » Билдирүү # 5
Супер_Админ
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 8
Репутация: 0
Кечирим 

Абу Ханифа жолдо кетип бара жатып, жүзүн катып багытын башка тарапка бурган адамды көрдү. Имам өзүн ыңгайсыз сезди. Ал адамды чакырып: -Эмне үчүн мени көрүп башка тарапка бурулдуң?-деп сурады. Тиги адам мукактанып: -Мен сизден 10 000 акча карызга алдым эле, белгиленген убакта төлөй албай калдым. Уялганымдан сиздин көзүңүзгө көрүнбөйүн дедим, -дейт. Улуу имам: -АЛЛАХка мактоолор болсун! Мен ал акчаны сага белек кылдым. Сени жаман абалга калтырганым үчүн мени кечир,- деген экен.
 
Admin_Site » Offline » 28.03.2014 » 19:42 » Билдирүү # 6
Супер_Админ
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 8
Репутация: 0
Дүнүйө азгырыгы 

Бир күнү кечинде бир адам соода - сатык кылган катарлардан өтүп бараткан. Жакын жердеги мечитте азанчы намазга азан чакырып баштаганда, күтүүсүздөн бир аялга назары түштү. Кара кийимчен жана бетинде пардасы болсо да ага тартылып кетти. Аял көз багып турган адамды байкаган соң, анын карашына жооп катары жалт бурулуп ага башын ийкеп өз жагына жаңсады да, азгырып соода орундуктарын аралатып алып жөнөдү. Тиги адам сыйкырланып калган сыяктуу көз ирмемде акылын жоготту. Ал белгисиз аялдын изине түшпөө керектигин ойлоп ар кандай жоромол кылууга аракет кылды. «Азыр намаз убагы эмеспи?» - деди өзүнө. Бирок, кеч болуп калган, кайрадан аялдын артынан түштү. Аялдын караанын жоготуп албаш үчүн кадамдарын ылдамдатып демиге соода- сатык катарларын аралап баратты. Ал эми аял болсо, жеткирбей басканга аракет кылганы менен кайрыла турган жерлерде бир аз тыным алып, артында келе жаткан адамга жол көрсөтүп келе жатты. 
Аял күтүүсүздөн жалт бурулду. Тиктеше калганда анын жүзүнө жабылган чүпүрөктөн да көздөрү мыскыл күлүңдөп турганын байкады. Бирок, мага ушундай сезилип жатат го деп өзүн ишендирди. 
Аял эми тиги кишинин ышкысы менен ойноп жетелеп келе жатты. Улам барган сайын аялга жетип аны кармап ала турган болот. Бирок аял ойт берип улам алдыгы жыла берди. Ушинтип отуруп алар базарды артка калтырышты. Жанагы жолуккан жерден бир топ алыстап кетишти. Балким, бул аял акылынан адашкан немедир? Ал минтип ойлонгуча аял белгисиз жакка алып жөнөдү. Ошентип, алар шаардын четине жетип калышты. 
Алардын ортосун 20 мерчемдей аралык бөлүп турган. Качан ал аялды караганда менин артымдан жүр деп качанкы табытка алып бара турган чоң коло эшикти ачты жана өзү кирип кетти. Тиги киши ичкери кирип, шашылып баратып бир бөлмөгө туш келди. Эшиктин маңдайында жыйнактуу керебетте баягы азгырып келген аял отурат. «Бери бурул жана эшикке кара! Ачкычты алып кел!» -деди аял өктөм үн менен. Киши болсо бейтааныш аялдан назиктикти күтүп айтканын аткарды. Аял күтүүсүздөн «муну ыргыт!» деп кыйкырды. Тиги киши аялга азгырылып келгенин эми түшүндү. Мындай чечкинсиздикти байкаган аял: « Кана, сен намазыңды калтырып мени ээрчип келбедиңби? » -деп келекелеп күлө баштады. Тиги киши үнсүз турду. 
«Кечки намаздын убактысы өттү» - деп кулагына шылдыңдап шыбырады. Сен эмне турасың? Таштабайсыңбы? Сен менин ким экенимди билгиң келбейби? Тиги киши өзүн кармана албай ыргыткан ачкыч кантип түшүп баратканын байкаш үчүн колун кудукка салды. Ушул учурда анын көкүрөгүндө каардуу сезим пайда болуп, кыйкырып, же талкалап салгысы келди. Ал тан калды, коркту, анан барып түшүндү. 
«Эми мени көрсөң болот», - деди бейтааныш аял жамынгычын таштап. Тиги адамдын көз алдында ажарлуу, азыткылуу аял эмес эле бети - башынын тамтыгы жок тырык издер, бырыш баскан мастан турду. Мени көңүл коюп кара! Менин атым Дүнүйө. Мен сен издеген дүнүйөмүн! Мен сенин сүйүктүүңмүн! Сен менин артымдан ээрчийм деп акылыңдан адаштың. Мына биз сенин кабырыңдан кезиктик. Сен муну өзүң каалагансың, кош келдиң! 

Урматтуу бурадарым келиниз акыретибизди дүнүйөгө алмаштырбайлы. Бул дүнүйө акыретке эгин эгүүчү жай эмес беле? Бул жашоодо акыретке болгон камыбызга кайдыгер болбойлу!
 
Admin_Site » Offline » 28.03.2014 » 19:43 » Билдирүү # 7
Супер_Админ
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 8
Репутация: 0
Энесинин курсагындагы эгиздердин диалогу

Кошбойлуу аялдын ичиндеги эки ымыркай сүйлөшүп жатат. Биринчиси мусулман экинчиси атеист 
Атеист ымыркай: 
–Сен төрөттөн кийинки жашоого ишенесиңби? 
Мусулман ымыркай:
–Албетте, төрөттөн кийин жашоо бар экендиги баарыга түшүнүктүү. Биз бул жерде болушунча күчтүү жана бизди күтүп жаткан нерселерге даяр болуу үчүн жашап жатабыз. 
Атеист ымыркай: 
– Бул келесоолук! Төрөттөн кийин эч кандай жашоо жок! Сен кандай жашоо болорун элестете аласыңбы?
Мусулман ымыркай:
–Мен майда–чүйдөсүн айта албайм, бирок, ал жакта мындан да жарык жашоо болоруна ишенем жана биз өзүбүз басабыз, өзүбүз тамактанабыз. 
Атеист ымыркай: 
–Кандай гана акылсыздык! Өзүбүз басып, жеп–ичкенге мүмкүн эмес! Бул күлкү келээрлик нерсе! Бизди киндик азыктандырат. Билесиңби, төрөттөн кийин жашоо жок, анткени биздин жашоо–киндик, ал эми киндик ансыз да кыска.
Мусулман ымыркай : 
–Мен ишенем, бул мүмкүн. Бардыгы бир аз башкачараак болот. Муну элестетсе болот.
Атеист ымыркай: 
–Бирок, ал жакка эч ким барып келген эмес! Жашоо төрөт менен бүтөт. Жашоо бирөө гана, 

Мусулман ымыркай: 
–Жок, жок! Жашообуз кандай болорун так биле албайм бирок, кандай болсо да, биз апабызды көрөбүз жана ал биздин камыбызды ойлойт. 
Атеист ымыркай:
–Апа, Сен ага ишенесиңби? Ал кайда жүрөт?
Мусулман ымыркай: 
–Ал биздин айланабызда, бардык жерде жүрөт. Биз ал бар үчүн жашап турабыз. 
Атеист ымыркай:
– Жеткен акылсыздык! Мен эч кандай апаны көргөн эмесмин, ошондуктан ал жок, болбойт дагы.
Мусулман ымыркай:
–Мен сени менен макул эмесмин, анткени кээде анын ырдаганын угууга болот. Тонубуздан сылап жатканканын сезүүгө болот. Биздин чыныгы жашообуз төрөттөн кийин башталарына терең ишенем.
 
MKR2 » Offline » 05.03.2015 » 16:16 » Билдирүү # 8
Тайпасы: Колдонуучулар
Билдирүүлөрү: 6
Репутация: 9
жыйырма жылча чогуу омур суруп, бала-чакалуу, уйлуу-жайлуу болгон уй-було ажырашат, себеби бир куну жолдошу уйуно коллегасын алып келет, жубайы менен тааныштырса ал экоо эбактан бери тааныш, мектеп учурунда кыз-жигит болуп журушкон экен. ал адам уйдон узаар замат куйосу жубайына талак берет.

Добавлено (05.03.2015, 15:20)
---------------------------------------------
жашы 35 теги эже бир уулу менен жалгыз жашайт. жолдошу жок болгондуктан ага корунгон эркеги тийишип, конулуно жакканы менен бир аз убакыт жашап, башкасын таап - башаламан турмуш сурот. жолдошу менен ажырашкан себеби кызыл камчы болчу экен. бирок жолдошунун кол которгон себеби, ал эженин жаш кезинде, мектеп учурунда балдар менен достошкону, суйлошкону, кыз-жигит болгону. 

Добавлено (05.03.2015, 15:21)
---------------------------------------------
жанылбаган жаак, мудурулбос туяк болбойт, мен турмуштун айынан чогуу жашоосун уланталбаган келиндерге каршы эмесмин. ар бир адам бактылуу болгусу келет. мен турмуш курбай туруп, женил ойлуулук менен жаш кезинен, мектеп курагынан баштап жигит дегенди тааныган кыздарга каршымын. турмуш куруп алып куйосунун кадырына жетпеген келиндерге каршымын. 10-20 жыл чогуу омур суруп алып жолдошун жек коргон аялдарга каршымын. улгайып, чон апа болуп туруп кызын куйобаласына каршы умдогон энелерге каршымын. 

бир эже айтып жатат: "куйо балам абдан жакшы кызымды эле карай берет, балам жаман чыкты - келинчегин эле карай берет"

Добавлено (05.03.2015, 16:16)
---------------------------------------------
Аял жана арстан.

Бир күнү бир Аалымга бир аял келип, күйөөсү өзүнөн башканы сүйбөй турган кылып, уу чөптөрдөн дары жасап беришин сурайт. Аалым айтты:

- Бисмилях! Макул, жасап берейин.

- Чын элеби?

- Ооба, бирок ал дарыны жасаш үчүн мага бир нерсе керек.

- Эмне? 

- Мага тирүү арстандын жалындагы кылынан алып кел.

- Мен аны кайдан табам? Тирүү арстандын жалынын кылын кантип алам? Өлүк арстандан болсо, алып келмекмин.

- Жок, тирүү арстандыкын гана алып келишиң керек.

- Макул, алып келгенге аракет кылам.

Аял күйөөсү өзүн гана сүйөрүн аябай каалагандыктан, мергенчилерге барып айтты.

- Арстандын жалынан кылды кантип алууга болот?

- Арстан адамды жанына жакын жолотпойт, кылды арстандын курсагы ток кезинде гана алса болот.

Аял аракет кылып көрүүнү чечет. Мергенчилерден арстандар жүрчү жерлерди билип, эт сатып алып, токойго жөнөдү. Күткөн арстандарга кезигип, эттен аз-аздан ыргытып бере баштады. Ар бир күнү ушинтип арстанга эт берүүсүн уланта берди. Арстан да аялдын курсагын тойгозгонун сезип, ага үйрөнүп калды. Экөөнүн аралыгы күндөн-күнгө жакын болуп баратты. Акыры бир күнү арстандын жанына барды. Жалын колу менен сыйпалады, арстан каршылык көрсөтпөдү. Ошол убакыттан пайдаланып, аял арстандын жалынан бир тутам кыл кесип алып, артка карай жөнөдү. Аалымдын айтканын алып келди.

- Мынаке, алып келдим.

- Субхан Аллах! Мага айтып берчи, кандай айла менен алып келдиң?

Аял болгон окуянын баарын айтып берди.

- Мен арстандын мүнөзүн, адаттарын, өзүн кантип алып жүрөөрүн, баарын үйрөнүп чыктым. Анан мен ага жакындоонун эң жакшы ыкмасын тандадым.

Анда окумуштуу жылмайып, “Эми үйүңө бар да, ушул ыкманы күйөөңө колдон! Бирок ал арстандай жырткыч эмес, ал сени жебейт!”- деди.
 

 
Форум » Мен билем » Дин » Таасирлүү окуялар
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск: