13:02 Украина. Саакашвилини премьер-министирликке шайлоо үчүн кол топтоо башталды | |
Украинанын президентинин расмий сайтында Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвилини премьер-министрликке дайындоо талабы камтылган электрондук петиция (жогорку өкмөткө жазылган көпчүлүктүн өтүнүчү) жайгаштырылды. Бүгүнкү күнү ага 1500 кишиден ашуун киши жазылды. Ал эми керектүү добуш - 25 миң киши. Бул үчүн 90 күн убакыт берилди. Эсиңиздерге салсак, Михаил Саакашвили Грузиянын мурдагы президенти. Экс-президент 2013-жылдын 13-ноябрда бийликтен түшүп, өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Андан соң, 2015-жылдын 13-февралынан тарта Украинанын президентинин кеңешчиси жана 30-майдан тарта Одесса облусунун губернатору. Кошумча: Өткөн аптада Президенттин басма сөз кызматы Порошенко Өкмөткө жиберилген петицияларды кароого жиберүү тууралуу мыйзамга кол койгонун маалымдаган. Ага ылайык, Президенттин өздүк кароосуна жетишүү үчүн петиция 3 айда эң аз дегенде 25 миң добушка ээ болушу шарт. Ал эми президенттин администрациясы петицияны колдоого алып, 10 күндүн ичинде кароого милдеттүү. Мындай мыйзам ишке кириши менен ок атуучу куралдарды алып жүрүүгө уруксат берүү сунушу көп колдоого жетишти. Ошондой эле, депутаттардын кол тийбестигин алуу сунушу көп кол топтогон. Айрымдар Украинанын желегин алмаштыруу сунушун да киргизишүүдө. | |
|
Всего комментариев: 0 | |