8
Главная » 2015 » Сентябрь » 10 » Орусиядагы университеттерде кыргыз тили окутула баштады
13:38
Орусиядагы университеттерде кыргыз тили окутула баштады

Орусиянын бир катар Жогорку окуу жайларында кыргыз тили окутула баштады. Айтсак, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетиндеги Азия жана Африка өлкөлөрү институтунда кыргыз тили сабагы киргизилди. Бул тууралуу институттун директорунун орун басары Жибек Сыздыкова маалымдады. Анын айтымында, эми анда окуган студенттер кыргыз тилин биринчи чет тили катары үйрөнүшөт. Мунун себеби катары, Советтер союзуна баш ийген мурдагы өлкөлөрдүн адистери учурда Орусияга аябай зарыл экендиги менен түшүндүрүлүүдө. Учурда кыргыз тили боюнча алгачкы сабактарды Ч. Айтматов атындагы Кыргыз тили жана маданият борборунун директору Жеңишгүл Байтерекова берип жатат. "Алгачкы сабактарды Кыргызстан тууралуу тасмаларды көрүү менен баштадык. Бара-бара алфавит, тилдин грамматикасы, фонетикасы тууралуу окутуп жүрүп отурабыз",-Байтерекова. 

Просмотров: 714 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }