13:00 Орусия Сирияга биринчи авиасоккусун урду | |
Буга чейин Сирия өз президенти Башар Асаддын Путинге жиберген катынан соң Орусия аскер авиациясын жибергенин билдирген. Ал эми бүгүн, 30-сентябрда Федерация Кеңеши Орусиянын аскер күчүн өлкөдөн тыш колдонууну бир добуштан колдоп, уруксат берди. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматтык тастыктоосуна таянсак, бул Орусиянын жердеги аскерий курамына тиешелүү эмес чечим. Сентябрь айынын орто ченинен тарта америкалык маалымат каражаттары Орусия Сирияга өз аскерин жайгаштырып жатканын байма-бай айтып келген эле. Бирок, Орусия бул маалыматты четке каккан. Ошондой эле 28-сентябрда Нью-Йоркто жолуккан Обама менен Путин Сирия жана Украина маселеси тууралуу сүйлөшүп, Путин Сирияда Орусиянын жер аскер күчтөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан болчу. | |
|
Всего комментариев: 0 | |