Бүгүн, 8-майда саат 10:50дө Кыргызстандын аймагында күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталганын, Казакстан илим-билим министрлигинин сейсмологиялык тажрыйба-усулдук экспедициясы маалымдайт.
Ал эми КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө бүгүн саат 10:50дө катталып, очогу 4,5 баллга жеткен. Жер титирөөнүн күчү Токтогул шаарчасында 4 баллга, Кара-Көл шаарында жана Кара-Сакал айылдарында 3,5 баллга, Үч-Терек айылында 3 баллга жана Торкен айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Кошумча: Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
|