12:45 Курман айт болжолдуу 24-сентябрга белгилениши ыктымал | |
"Эгерде Зуль-хижжа айы 29 нан жаңырса, анда Курман айт 23-сентябрга белгиленет. 30 нан жаңырса, анда Курман айт майрамы 24-сентябрга туш келет. Ошондуктан болжолдуу түрдө Курман айт майрамын 24-сентябрь деп жатабыз",-деп маалымдайт КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Исмаилов Жигитали ажы. Бул тууралуу Марал радиосунун сайтында жазылат. Эскерте кетсек, Айт майрамы Ислам жыл санагы боюнча 12-ай болгон Зуль-хижжа айынын онунан тарта 4 күн майрамдалат. Анда мусулмандар Кудайдын ыраазычылыгы үчүн курмандык чалышат. | |
|
Всего комментариев: 0 | |