22:40 Япония. Биринчи жолу биоотун менен жүрүүчү автобус ишке кирди. | |
Бүгүнкү күнү дизелдик автотранспорт үчүн кара отун менен(бензин) дизель майынын ордун биоотунга алмаштыруу эң эле ыңгайлуу чечим болот. Анткени мында узак жолго баруу мүмкүнчүлүгү үчүн суу да, электр тогу да негизги чечими болбой калат. Бирок, биоотундун бир кемчилиги кыймылдаткычка жогорку деңгээлде күч сарпталышы болуп жатат. Эгерде бул амбициялык проект ишке ашса, анда компания базарга жаңы майды сунуштайт. Ал эми "Euglena" компаниясы дүйнөдө биринчи жолу Евглена жашыл балырларынан өстүрүп масштабтуу түрдө өнөр-жай базарына чыгарышмакчы. Балыр майлуу түп негизден турат, ошол себептен окумуштууларды биоотун катары колдонууга көңүл бурдурган. Мындан сырткары анын курамында хлорофил бар, ал өз кезегинде көмүр кычкыл газын сиңирүүгө жөндөмдүү. Анын алгачкы автобуста иштетип башташы, проекттин максаттарын иш жүзүнө ашырууда биринчи кадам болуп саналат. | |
|
Всего комментариев: 0 | |