15:21 Индия. Нараазы болгон жарандар премьер-министрге чач жана тырмактарын жөнөтүшүүдө | |
Эскерте кетсек, мындай өзгөчө нараазычылык акциясына себеп болгон окуя төмөндөгүчө болгон. Бихар штатынын саясатчысы Нитиш Кумар премьер-министрдин партиясынан өз партиясынын мүчөлөрүн алып чыгып кетүү чечимин кабыл алгандыгын айткан. Бул чечимди уккан премьер-министр бихарлык саясатчыга "Сиздин саясаттагы ДНКңыз негедир башкача..." деген оюн билдирген. Ал эми Нитиш Кумар премьер-министр муну менен бүтүндөй Бихар штатынын элин акаарат кылгандыгын айтып, аталган штаттын элин анализди текшерүү үчүн чач жана тырмактарын жиберүүгө чакырган эле. Ал эми индиялык маалымат каражаттары өкмөт башчынын наамына 600 миңден ашуун мүшөк келгендигин жазышууда. Ошондой эле дагы миллион даана "чачтуу" жана "тырмактуу" мүшөк келери пландалып жатканын билдиришет. Өз учурунда Кумар мүшөктөрдүн саны 5 млн го жетет деп ишендирип жатат. Кошумча: Премьер-министр Нарендра Моди өкмөт башчылыкка 2014-жылдын май айында шайланган. Индиянын Конституциясына ылайык, премьер-министр Министрлер Кеңешинин төрагасы жана Республикадагы дээрлик бардык мыйзам жана чечимдер анын башчылыгы астындагы парламент аркылуу кабыл алынат. Ал эми президент башчылык, расмий гана милдеттерди аткарат жана өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башчысы эсептелет. Өлкө башчы ошондой эле түрмөдөгү жарандарга мунапыс берүү, штаттардын парламенттерин таратуу укугуна ээ. | |
|
Всего комментариев: 0 | |