18:50 АКШ. Нараазычылык митингдери барган сайын күчөөдө | |
Кошумча: Ушул жылдын август айында 18 жашар Майкл Браундун полиция тарабынан атып өлтүрүлүшү көптөгөн нараазычылыктарды жаратты. Анткени аталган кырдаал боюнча ачылган кылмыш иши соттордун полицияны актоосу менен аяктады. Кечээ, 25-ноябрь күнү Фергюсон штатындагы митингден 29 киши камакка алынды. Ошондой эле бир полиция кызматкерине ок тийгендиги айтылууда. Кечээ нараазычылык акциялары Нью-Йорк, Вашингтон жана башка ири штаттарда да болуп өттү. Ондогон үйлөр, унаалар өрттөлүп, марадёрлук жүз берди. Ал эми 18 жаштагы кара терилүү Браунду аткан полиция кызматкери Даррен Уилсондун жактоочусу, туугандары сотко ыраазычылык билдирүүдө. Алардын айтымында, полиция кесиби аябай татаал - эң кыйын учурдун 1 секундунда туура чечим кабыл алышы керек. Акталган полициячы август айынан бери эмгек өргүүсүндө жүрөт. Ал кайрадан жумушуна кайтабы жокпу, белгисиз. Ошол эле учурда маркумдун жакындары сотту адилетсиздикке айыптоодо. "Биз колубуздан келгенин кылдык жана соттордун канчалык уятсыз, адилетсиз экендигин билдик",-дейт алар. | |
|
Всего комментариев: 0 | |