Главная » Статьи » Тамашоу |
В разделе материалов: 30 Показано материалов: 21-30 |
Страницы: « 1 2 3 |
– Кана мага бирдик салганың?! – Эрназар, кечирип койчу, менде болгону 5 эле сом бар болчу. Аны кызматы үчүн эле төлөп койдум. |
Эки жакшы киши тоого чыкса кудалашып түшөт, эки сулуу киши тоого чыкса сүрөткө түшөт. |
Аргентинада: – Месси! Месси! Месси! Англияда: – Руни! Руни! Руни! Кыргызстанда: – ... Кетсин! ... Кетсин! ... Кетсин! |
Эгер жигитиңер жаңы телефон алып бербесе, анда жаңы жигит таап алгыла! Жаңы жигит дайым жаңы телефон алып берет. |
Жигит менен кыздын таанышуусу. 19-кылым. Жигит: – Абдан толкунданып жатам. Ички сезимдеримди айта албай... Атыңыз ким, чоң кыз? – Айнура. – Меники Эрмек. 20-кылым. Жигит өтүп бараткан кыздын көчүгүнө бир тээп: – Менин атым Эрмек. 21-кылым. Жигит: – Абдан толкунданып жатам. Ички сезимдеримди айта албай... Атыңды ким дедиң? – Айнура. – Кой, Айнура, эми кийинели. |
Бата менен эл көгөрөт, муштум менен бет көгөрөт! |
Мактанган кыз, тойдун алдында ичине суук тийгизип алат! |
Немис гоньщиги - Мерс айдайт! Корей гоньщиги - Хюндай айдайт! Дунган гоньщиги - ЖЕР айдайт :) |
Базарда: Энеси: – Кана, балам, бул шым чак болдубу? Баласы: – Ий, апа, чоң го... Энеси: – Эч нерсе болбойт, эмдиги жылы да киесиң. Дагы өсөсүң. Баласы: – Апа, бут кийим да чоң болуп калды. Энеси: – Бутуң да чоңоёт, балам. Эмки жылы алып бербейбиз, үнөмдөйбүз да. Баласы: – Апа, эми турсийим да чоң болуп калды. Энеси: – Ой, өсөсүң, балам, өсөсүң. Баласы: – Апа, мен 25ке чыгып калдым, өспөйм го?! |
Милиция бөлүмүндө: Кыз: – Милиция, милиция! Милиция кызматкери: – Эмне болду? Кыз: – Мурунку күнү көчөдө бара жатсам, бир жигит сумкамды алып качты. Бүгүн соткамды алып качты. Милиция кызматкери: – Коркпоңуз, биз баарын таап беребиз. Кыз: – Мага алардын кереги жо-ок... Милиция кызматкери: – Анда эмне керек? Кыз: – Алар мени качан ала качышат?! |