Главная » Статьи » Тамашоу |
В разделе материалов: 30 Показано материалов: 11-20 |
Страницы: « 1 2 3 » |
Тата Улан кичине кезинде У-ту-ту, Му-ту-ту Улан болчу. Бирок аны ата-энеси кандай атабасын, ага ошондо эле чын жүрөктөн баары бир эле. |
Адик дагы ыйлап жатат. – Эмне ыйлап жатасың, Адик? – Гороскоп боюнча, эртең мени сүйлөшкөн кызым таштап кетет экен. – А сенин кызың жок да. – Жашым келип калса да, менин сүйлөшкөн кызым жок,- деп андан да катуу ыйлап кирет. – Кыз элеби сага? Мына, Мадина мындан ары сенин сүйлөшкөн кызың болот. – Аа-аа (ыйлап), анда ал мени эртең таштап кетет экен да... |
Кыргызстанда ар бир үчүнчү адам юрист же экономист. Ар бир төртүнчүсү ырчы болсо, ар бир бешинчиси президенттикке талапкер... |
– Сүт, айран алабыз. Сүт, айран... – Жаагыңды бассаң боло? Түнкү саат экиде кайдагы сүт?! Элди эс алдырасыңбы? – Аа, эс алгыңар келип жатабы? Анда арак, пиво, тамеки алабыз... |
Бала ыйлап жатат. – Аа-аа... – Эмне болду, Адик? – Колумду жылан чагып алды. – Анда эмнеге бутуңду кармап ыйлап жатасың? – Жыгылып түшпөдүмбү... |
Ар бир кыргыз эркеги өмүрүндө үч нерсени аткаруусу керек: 1. Үйлөнүп, там салып, артына из калтыруу 2. Президентти өлкөдөн кууп чыгуу 3. Президенттикке талапкер болуу |
Кыз өксүп милиция кызматкерине кайрылат. Милиция: – Сизге эмне болду? – Тоноп кетишти. – Ким? – Тата Улан, бет капчан экен. – Бет капчандардын баары эле Тата Уланбы сизге? – Тата Улан болчу, кетип баратып "капа болбо, карындаш” деди. |
Таластык жигиттин ыры: "Токоюң бойлоп баратсам, Эч ким жок, кимге мактансам?.." |
Куудул Күмөндөрдөн таңкы жарнама: – Сен мени менен сүйлөшкүң келип жатабы?.. Же Абдылда менен сүйлөшкүң келеби?.. Сен өзүңчө эле бир нерсе болуп жатасыңбы? Анда мага чалбай, Жамбылга чалгын, уктуңбу?! |
– Азаттын сүйлөшкөн кызына эч ким жетпейт. – Эмнеге? – Анткени ал аябай бат чуркайт да. |