8
Главная » Статьи » Материалдар » Кызык

Эл эңсеген Тойотанын тарыхы

Toyota компаниясынын тарыхы өткөн кылымдын 30-жылдарында башталып, кадимки текстилдеги токуу станокторун чыгарган Toyoda Automatic Loom Works комнаниясынын негиздөөчүсүнүн баласы-Киитиро Тоёда атасынын фирмасында унаа бөлүмүн ачып, андан көп өтпөй эле жеке унаа куруучу “Тойота” компаниясын 1936-жылдын, 28-августунда негиздеген.

Идея 1929-жылы Киитиро Тоёда АКШ жана Европага болгон саякатында ал жактын авто куруу тармагы өнүккөндүгү менен таанышып кайткандан кийин чыккан. Япониянын бийлиги Toyoda Automatic Loom Works компаниясынын демилгесине ар тараптан колдоо көрсөткөн.

1934-жылы май айында компания жүргүнчүлөр унаасында колдонулган А1 жана G1 жүк ташуучу алгачкы А тибиндеги кыймылдаткычын иштеп чыгарган

Жүргүнчүлөрдү ташыган АА моделиндеги унааны куруу иштери 1936-жылы башталып, Toyoda Automatic Loom Works модельдери Dodge Power Wagon и Chevroletтин элесин берген.

1957-жылы Япониядан алгачкы жолу АКШга Toyota Crown унаасы экспорттолгон. 

Өндүрүү иштери тездик менен кеңейип, 1963-жылы Toyota биринчи жолу Мельбрунда куралган. Андан көп өтпөй алгачкы Toyota Land Cruiser чыгарылган.

1982-жылдан баштап легенарлуу Toyota Camry чыга баштаган.

 

1988-жылдан тарта Toyota ишенимдүү түрдө Түндүк Американы Lexus бренди менен багынта баштаган. 

Компания ийгиликке ишенимдүү кадам таштап, келечекте мындан да жагымдуу жаңылыктар менен бөлүшүп, каардарларын кубанткан унааларды чыгарып тураарын айтат. Toyotaнын өздүк 14 принцибин бекем кармангандыгынын бири “Ар дайым ишенимдүү жана сыноодон өткөн технологияны колдон”-деп белгилейт.

Категория: Кызык | Добавил: VIP (30.08.2016)
Просмотров: 1055 | Теги: Тайота, История Toyota, сколько стоит тойота в КР, цены Тайоты в Кыргызстане | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }