8
Главная » Статьи » Материалдар » Кызык

Египеттин акыркы Ханышасы Клеопатранын табышмактуу өлүмү

 Клеопа́тра VII Филопатор биздин заманга чейин 69-жылы 2-ноябрда туулган. Ал Птолемей XIII түн кызы жана эллинистикалык Египеттин акыркы Ханышасы. Тарых барактарына кайрылсак,  Ханышанын мүнөзү абдан катаал болгону жана  Египеттин билимдүү аялдардын катарына кирип, 7 тилде эркин сүйлөгөнү жазылат.

Айым өз өмүрүн Александрияда өткөргөн. Анын туугандары Египетти үч кылымдан ашык убакыт башкарган. Клеопатранын сулуулугу боюнча ар кандай уламыштар айтылып келет. Ошондой эле анын ажарына арбалган эркектер арбын болгон.

 

Ал 18 жашында өзүнүн кичүү иниси Птолемея XIII кө турмушка чыккан. Бирок, Птолемей XIII менен такты бөлүшкүсү келбегендиктен, Клеопатра Юлий Цезарга Египеттин жалгыз башкаруучусу болууга жардам берүүсүн суранып кайрылат. Андан соң, дагы бир иниси Птолемей XIVкө турмушка чыгат. Ошол мезгилде ал Юлий Цезардан уул төрөп, атын Цезарион деп атайт. Ал эми инисин өз колу менен ууландырып өлтүргөнү айтылып келет. Анткени, Клеопатранын туулган уулу бийликти башкаруучу орун басары болгондуктан, ал ашыкча болгон.

 

Ханыша 28 жашында Римдик кол башчы Марко Антонио менен таанышып, жашоосу түп тамырынан бери өзгөргөн. Экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанып, Маркону сулуулугу менен арбап алган. Ал тургай Клеопатранын суранычы менен кол башчы өзүнүн бир тууган карындашы Арсенияны өлтүрүүгө чейин барган. Канча бир жылдардан кийин Клеопатра Антониого Алексанр Гелиос атуу уулду жана Клеопатра Селена деген кызды төрөп берет. Сүйүшкөн башкаруучулардын бактылуу турмушу көпкө уланган эмес. Өлкөдө граждандык согуш башталып, Марко Антониого Октовиан каршы чыккан. Тарых барактарында жазылгандай, ал жеңилген соң, Клеопатранын өзүн-өзү өлтүрдү деген жалган ушактан кийин күйөөсү өзүнүн жанын кыйган. Ал эми Ханыша жолдошунан бир канча күндөн кийин өзүнө өзү кол салган. Кээ бир айтылган жоромолдор боюнча айымды жылан чагып өлтүрдү дешет. Бирок, ал өлүмүнүн алдында Октавианга кат калтырган. Окумуштуулардын божомолуна караганда, жылан чаккан соң ортодогу убакытта айымды сактап калуу мүмкүнчүлүгү болгон. Октавиан катты өз учурунда алып, бирок аны сактап калган эмес. 

 

Ал эми кээ бир маалыматтарда Октавиан өзү ханышаны өлтүргөн деп айтылат. Ошол мезгилде Октавиан Чыгыш Римди көзөмөлдөп турган Марко Антонио менен болгон каршылашуусунда Клеопатраны колдонуп, өз максатына жеткен. Ханыша мураскер Цезарионду сактап калуу үчүн Эфиопияга жөнөтөт. Бирок, Октавиан аны таап, өлтүрүүнү буйрук кылат. Эми Октавионго бир гана так талашчу Клеопатра Селен гана калган.

Акыркы изилдөөлөргө караганда Ханыша жылан чаккандан эмес, уулуу коктейл ичип өлгөнү да айтылып келет. Египеттиктер уу жөнүндө көп билишип, колдонууну да өздөштүрүшкөн. Ал эми Ханышанын ичкен суусундугунун курамында опийим, оканит жана болигол болгон. Азыркы учурда бул Ханышанын өзүнө кол салуусубу же киши колдуу болгону белгисиз бойдон калууда. Ошентсе да, Клеопатранын римдик император Октавиана Августтун туткуну болуп калбоосу үчүн 38 жашында өз өмүрүнө кол салгандыгы тасмалардын жана адабият чыгармаларынын белгилүү каарманы болуп калды. Бирок, анын өлүмүн ушул күнгө чейин окумуштуулар жана тарыхчылар табышмактуу өлүм деп атап, өзүнө кол салуусуна ишенбей келишет. Албетте, окумуштуулар божомолдорду гана келтире алышат, анткени 2000 жыл өткөн окуяларга кайта албайбыз да. Бирок, Байыркы Египеттин тарыхы мезгил-мезгили менен өзүн тааныштырып келет.

Категория: Кызык | Добавил: VIP (29.08.2015)
Просмотров: 1567 | Теги: Клепатра | Рейтинг: 1.5/2
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }