8
Главная » Статьи » Материалдар » Кызык

8- март аялдар күнүнүн тарыхы

1857-жылдын 8-мартында Нью-Йорктогу текстилдик фабрикада иштеген аялдар эмгек шартты жакшыртуу, иш күнүнүн убактысын кыскартуу жана эркектер менен тең укуктуу болуу талаптары менен демонстрацияга чыгышкан. Бирок алар тез эле тартип сакчылары тарабынан куулуп, таркатылган эле.
Кийин 1908-жылдын февраль айынын акыркы жекшембисинде Нью-Йорк шаарынын аялдары дагы көтөрүлүшкө чыгып, шайлоо укугуна ээ болууну жана жаш балдарды иштетүүнү токтотуу, эмгек шартын жакшыртуу талаптарын коюшкан. Бул ирет полиция аялдарды муз аралашкан суу чачып таратат. Бирок бул көтөрүлүштүн толкуну бүткүл Европаны каптап, кийинки жылы аялдар жөө жүрүш менен гана чектелбестен, массалык иш таштоого чейин барышат.
1910-жылы Американын социалист айымдары Копенгагенде өткөн Эл аралык экинчи конференцияга делегат болуп катталышкан. Бул конференцияда Клара Цеткин аялдардын эл аралык майрамын белгилөөнү сунуштап, съездде отурган бардык аялдарды тең укуктуулук үчүн күрөшүүгө чакырган. 17 өлкөдөн 100дөн ашык аял катышып, Клара Цеткиндин оюн дээрлик баары бир добуштан колдошот. Бирок атайын бир күнгө токтолушпагандыктан, 1911-жылы 19-мартта, 1912-жылы 12-майда белгилешкен. Кийин 1914-жылдан баштап аялдардын эң биринчи жөө жүрүшкө чыккан күнүн – 8-мартты аялдардын эл аралык майрамы деп белгилешкен.

Категория: Кызык | Добавил: Admin_site4510 (23.02.2017)
Просмотров: 1578 | Теги: международный день женщин, 8март тарыхы, аялдар куну | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }