8
Главная » Статьи » Материалдар » Керектүү маалыматтар

Жаңы жыл тууралуу ырлар


Каныкей Эралиева
«ЖаҢы Жыл»

ЖҮрөк эргип кагылып,
Санаа жеткис жанылык.
Кирип келет аздан соҢ,
ЖаҢы жылым жаҢырып,
ЖаҢы бакыт агылып.

үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен, 
Жаңы Жылды тосолу!

Жаштар дагы карылар,
Кубангыла баарыңар.
Жаңы Жылдын айрыкча,
Айтып бүткүс жагы бар,
Айтып бүткүс жагы бар.

Биз да добуш кошолу,
Күлкү менен шат менен, 
Жаңы Жылды тосолу!

Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели,
Соо жүрөлү дешели.

Биз да добуш кошолу,
үндү бийик созолу,
Жаңы Жылды тосолу.

Биз да добуш кошолу,
үндү бийик созолу,
Жаңы Жылды тосолу.

Жаңы Жылды тосолу! 

 

_________________________

 

Жаны жыл кирип келет жакында,
Жаны бакыт алып келсин баарына.
Баарын жандан эч ким карап олтурба, 
Мындай майрам бир кун эле бир жылда.
 

___________________________

 

Бек Борбиев 

Жаңы Жыл

Кубанабыз баарыбыз 

Жаңы Жылда жылына. 

Көңүлүбүз бөлөнүп 

өмүрдүн шаң ырына.

Жараткан чачкан кут болсо,

Баарыбызга тең жетсин. 

Жаңы үйлөнгөн жубайларга 

Жаңы жылым бакыт, бакыт берсин! 

 

Кайырма: 

Келсин Жаңы Жылым, келсин! 

Элге бакыт-таалай берсин! 

Аруу сезим – тун сезим,

Ыйман, ырыс ала келсин. 

Келсин Жаңы Жылым, келсин, 

Тынчтык берсин, бакыт берсин, 

Кош айтып өткөн жылыбыз 

Кайгы-муңду ала кетсин. 

 

Жаңы Жылды тособуз 

Жакшы тилек, ой менен.

Шаңдуу көңүл, шапар менен,

Шарап аткан той менен.

Таарыныч, капалык болсо,

Досту досу кечирсин. 

Жаңы жыл бейкут жыл болсун деп

Аксакалдар бата берсин, бата берсин! 

 

__________________________________

 

Жаны жылым баарыбызга бакыт берсин ,

Ак карга кошуп бакыт себелесин. 

токчулук,молчулуктун жылы болуп,

Ар бир уйго ырыскы алып келсин!
 

 

______________________________________

 

Кел, жаны жыл алыс жолду арытып
Кел жаны жыл тозон уруп кар учуп
Жаш бобокту да бир жашка чонойтуп
Карыяны да бир жашка карытып
Шаркыраган дарыядай агып кел
Шанга толуп адам затка жагып кел
Баарыбыздын кутконубуз топ келсин
Бак таалайды ар бир жанга алып кел
Ден-соолук бер кеселдери оорлорго
Дуйноо бергин мандайлары шорлорго
Коколосун зоболосу бийиктеп
Кадыр-барк бер ,карыптарга корлорго
Карапайым калк турмушун ондоорго
Ынсап бергин эл башкарган чондорго
Баарысына Ар-намысты ала кел
Бузулгандар тушсун быйыл ак жолго
Бороон болсун бирок кайгы болбосун
Суук болсун бирок конул толбосун
Жаманчылык жылас болуп элимден
Жаратканым Кыргызымды колдосун
Калк ичинде каар учпастан кар учуп
Кел жаны жыл бакыт кутка маарытып
Мекенимди жарык кунго жеткир да
Мейли мени бир кунго сал карытып 

Категория: Керектүү маалыматтар | Добавил: Admin_site4510 (13.12.2016)
Просмотров: 71358 | Теги: Жаны, ырлар, Жыл, жаны жылга карата, тоок жылы | Рейтинг: 3.5/56
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }