8
Главная » Статьи » Материалдар » Керектүү маалыматтар

Руханий оорулардан айыгуунун жолдорун билип алыңыз

Чыгыш медицинасында адамдын руханий ден соолугуна көп маани берилет. Анткени, кандай оору болбосун түпкү себеби жан дүйнөнүн бөксөргөндүгүнөн пайда болот. Сыртка билинбегени менен бир топ убакытта адам бул ооруларды ичинде көтөрүп жүрө берет. Качан гана адамды жүдөтүп, алсыратып жибергенде кошумча оору жабышат. Эгерде руханий оорулар менен күрөшүүнү адам өзү колго албаса, медицина жардам бере албайт. Эмне кылуу керек деп ойлоп жатсаныз, анда көңүл буруңуз.

Жашоодо руханий ооруларга кабылдырган 10 абал жана эмне кылуу керектиги тууралуу: .

1.   Бүтпөгөн, аягына чыкпай калган иштер;

Жаңы ишти колго алып жатканда, кандайдыр бир себептен аягына чыкпай калган учурлар көп кездешет. Адамдын психикасы комьпютер сыяктуу эле жабылбай калган файлдардай катып калат. Көңүл бурбайын деген менен мындай учурлар убакытты, күчтү, энергияны кетирет. Ошондой эле мындай абалдарга карыз алуу да кирет.

Эмне кылуу керек: алына жараша жумушту баштап, аша чаап убада берүүнүн кереги жок.

2.  Жалган айтуу жана өзүн-өзү алдоо ;

Адам жалган сүйлөгөн сайын башка ойду ойлоп табуу үчүн аябагандай көп образ керектелет. Бул учурда жүрөк менен алкымдын байланышы начарлап кетет. Мындайды “жан дүйнөнүн кыйналуусу” деп калышат. Чындыгында жалган сүйлөө жан дүйнөнүн кыйшаюусуна алып келет.

Эмне кылуу керек:эки жүздүүлүктү, өзүн-өзү алдоону коюп, чыныгы жүзүн көрсөтүүдөн коркпоо керек.  

3.  Таарыныч, түнттүк жана башка жол менен өзүн көпчүлүктүн арасынан обочолонтуу ;

Адам - бул ачык энергиялык система. Аны башкалардан бөлө берүү алсыздантат. Мисалы: айылга, шаарга же бир өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк бербей, чек араны жаап койгон сыяктуу. Ошондой эле мындай адамдар маданияттан, өсүп-өнүгүүдөн артта калышат.

Эмне кылуу керек: туугандык, достук мамилелерди кеңейтип, катташып туруу керек. Ошондой эле атайын топторго, маданий иш-чараларда активдүү катышуу зарыл.

4.  Коркунуч, ишенбестик, керексиз тирешүү, кастык ;

Коркунучтан жана ишенбестиктен адам таарыныч сыяктуу эле энергиясын алсыратып алат. Анткени, алар энергиялык ресурстарын катуу тирешүүгө, согушууга же качууга дайыма даярдап турушат. Бул абал адамды төмөн салаңдатып жиберет.

Эмне кылуу керек: кечиримдүү болууга, боорукеликке, жумшактыкка үйрөнүңүз.

5. Физикалык, эмоционалдык, маалыматтык окуяларды ашыкча жүктөө же табият менен байланыштын жетишсиздиги ;

Булар жумушун аша сүйгөн же айласыздан көп иштеген, сүйүү, ажырашуу сезимдерин өтө эмоционалдуулук менен кабыл алган адамдар. Адам өзүнө көп жумушту жүктөп салганда энергиясы азайып, күчү кетип ар кандай ооруларга тез кабылышы мүмкүн. Ушул сыяктуу эле аша чаап кубанычка, кайгыга кетирген энергия үчүн организмде бөйрөк безинен гормондор көп иштелип чыга баштайт. Мындан улам бөйрөк, без ооруларына кабылуу толук мүмкүн.

Эмне кылуу керек: Жашоо кандай учур, кандай абалга жолуктурбасын биринчи адам өзүнүн саламаттыгын ойлоосу керек. Бул жашоо убактылуу экендигин эстен чыгарбасак.

6.  Туура эмес жана жетишсиз уйку ;

Эгерде туура эмес шартта же аз убакыт уктаганда организм күндүз керектелчү энергиянын камылгасын толук камсыздай албай калат. Мындайда уулуу заттар организмде топтолуп, биоритм бузулгандыктан мээ ашыкча маалыматтарды кабыл ала албай калат.

Эмне кылуу керек: Күн менен түндү туура пайдалана билиңиз. Эң пайдалуу уйку 20:00 дөн 1ге чейинки уйку. Анткени ал убакта мээ эс алат, калган убакта дене эс алат. Жакшысы режим кылып алып, уктоону адатка айлантыш керек.

7.  Аша чаап, көп тамактануу, спирттик ичимдиктер, тамеки жана баңги заттарды пайдалануу ;

Көп тамактанууда заттарды сиңирип, уулуу заттарды чыгаруу үчүн энергия дагы көп сарпталат. Нерв системасынын, бөйрөктөрдүн жана ичегилердин иштөөсүн кыйындатат.

Эмне кылуу керек: Ченеми менен өз убагында, туура тамактанууну адат кылып алыңыз.

8.  Көп сүйлөө, өзү менен өзү сүйлөшүү жана жаны тынбагандык ; 

Сиз маани бербешиңиз мүмкүн, бирок сүйлөө үчүн дагы аябагандай көп энергия сарпталат.

Эмне кылуу керек: Макалда айтылгандай, көбүрөк тыңшап, аз сүйлөңүз :)

9.  Айыккыс оорулар, айлана-чөйрөнүн терс таасири, энергиялык кан соргучтар ;

Энергиялык кан соргучтарга сиздин чөйрөңүздөгү жагымсыз, зыяндуу адамдар кирет. Ошондой эле экологиянын бузулуусу, оору, жаракаттар дагы адамдын жан дүйнөсүнө жарака кетирет.

10. Ашкере жыныстык мамилелер ;

Адамдардын сексуалдык маданиятынын төмөндүгү учурда көптөгөн жагымсыз окуяларга алып келүүдө. Мындан сырткары, ашкере жыныстык мамилелер организмде топтолгон энергияны тез арада жок кылат. Энергияны кайра калыбына келтирүү үчүн бир топ убакыт керек.

Эмне кылуу керектигин ансыз да ойлонуп калсаңыз керек... 

Адамдын дем алуусунан баштап, ар бир кыймылына чейин энергия жумшалат. Ошол эле учурда таасирленүүлөргө дагы тең энергия керектелет. Ден соолугуңузга кам көрө билип, энергияны акыл менен иштетүү өзүңүздүн гана колуңузда. 

Категория: Керектүү маалыматтар | Добавил: VIP (29.08.2015)
Просмотров: 1262 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }