8
Главная » Статьи » Материалдар » Керектүү маалыматтар

Кыргызстандагы уюлдук операторлордун алдынкы тарифтерин салыштырабыз.

Уюлдук байланыш менен камсыз кылуучуларды 2016-жылдын 1-январынан баштап абоненттерди туруктуу сакталган номерлер менен камсыз кылуу милдеттендирилгенден кийин маркетинг талаасында кардар үчүн согуш күчөдү десек болот. Бул, албетте, уюлдук операторлордун ортосундагы кызматтардын сапаттуулугу, ага болгон баанын жеткиликтүүлүгү жана башка кошумча кызматтарды сунуштоо боюнча атаандаштыкка алып келди.
Операторлор биринен-бири озуп абоненттер үчүн «эӊ ыӊгайлуу, пайдалуу сунуштарды» ойлоп табышууда. Бирок эӊ мыктысын тандоо оӊойго турбайт.  
Көпчүлүк сыяктуу эле мага да бир нече оператордун SIM-картасын көтөрүп жүрүү бактысы буюрган. Бирок ошол номерлердин ичинен бирин гана «негизгиси» катары колдонуп, калгандарын «жардамчынын» ролунда алып жүргөндөр да аз эмес. Сиздер окуп жаткан бул макалада уюлдук операторлордун кимисинин кардар үчүн сунуштаган тарифи ыӊгайлуу, пайдалуулугу жагынан марага озуп чыгып, телефонубуздун «негизги» орунуна ээ болору тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Тарифтерди салыштырууда сүйлөшүү мүнөтү, интернет жана СМС кызматтары кошулганына көӊүл бурабыз. Мисалы, үч оператордон үч тариф алсак: Билайндын «Твой Стиль», О! операторунун «Переходи на О!» жана Мегакомдун «Элдик» жаӊы тарифи.  
Баса белгилей кетчү нерсе, азыркы убакта батыштын уюлдук операторлору интернет-провайдерлерге айланып калган мезгили. Ушул эле көрүнүш Кыргызстанга бир нече жыл кечигип болсо да келет. 
Операторлор трафик өткөрүүчү түтүккө айланып бара жатышат. Тандалып алынган тарифтик пландардын ортосундагы окшоштуктарды, айырмачылыктарды салыштыруу үчүн операторлордун тарифтик торчону кандай ой-максат менен курганын түшүнүү керек болду. Учурда уюлдук операторлордун «үчилтиги» ийкемдүү кызматтарды сунуштаганга өтүштү, ар биринде белгилүү өлчөмдө абоненттик төлөмдү бекер кылуу кызматы бар. Бизди болсо бир айлыктын эсеби кызыктырат. Бардыгында эле абоненттик төлөм бир убакта алынбайт, андыктан өлчөмүн гана көбөйтүп койдум.
Оӊой эсептөө үчүн жалпы таблица түзүлгөн, бул жерде бардыгы ачык көрүнүп турат. Сиздердин көӊүлүӊүздөрдү айрым «фишкаларга» бура кетсем: үч оператордун теӊ «плюс» жана «минус» жактары бар. Андан сырткары жылдызчаларга жана майда шрифтке да назар салууну унутпайлы.
Жыйынтык кызыгуу жаратат. Жөнөкөйлүгү жагынан О! уюлдук оператору кубандырат. Бирок бардык абоненттердин сүйлөшүү мүнөтү, жазган 
СМСи, колдонгон интернети бирдей өлчөмдө эмес да. Кардарда тандоо болбогону, менимче, ыӊгайсыз. Эгер көбүрөөк интернет колдоном десе, кошумча кызматтарга кошулат, албетте, бекер эмес. Андан сырткары биринчи 300 мегабайттан кийин интернеттин ылдамдыгы төмөндөйт – 128Kбит/с. Эгер зарыл жумушуӊуз жок болсо, интернетти көп колдонбойм десеӊиз, анда сизге О! операторунун сунушу туура келет.
Ал эми интернет «күйөрмандарына» сөзсүз Мегакомдун кызматы ылайыктуу. Башкаларга караганда көп өлчөмдө, тактап айтсак, толук беш кызмат бар, ар ким чөнтөгүнө жараша интернет өлчөмүн тандап алат. Мен жумасына 120 сом кетчү пакетти сунуштайт элем. Атаандаштык жаратып келе жаткан Нуртелекомдун тарифине караганда Мегаком ошол эле баага түйүн ичинде көбүрөөк мүнөт тартуулайт. Сүйлөшүү мүнөтү, мегабайтты жалпылагандагы кемчиликтерди эске албаганда, Мегаком интернеттин ылдамдыгы, саны, сапаты жагынан алдына ат салдырбай кетет. Интернетти колдонууда катып, ортосунан кесилип калбайт, ылдамдыгы мактоого гана арзыйт. Ошондой эле түйүн ичиндеги жана башка операторлорго болгон чалууларга мүнөттөр да жетиштүү.
Билайндан «Бардыгы кошулган» деген принципти камтыган эӊ арзан сунуш 500 сомдон башталат. Оператордун мактанчу жагы – түйүн ичинде да, башка операторлорго болгон чалууларга да мүнөттү жетиштүү өлчөмдө бергени. Ал эми эки операторго салыштырмалуу жогорудагы суммага СМС, эӊ негизгиси ылдам интернет аз берилет. Башка кызматтарга кошулуп интернет колдонсоӊуз болот, бирок кошумча суммага. Жалпылап айтканда, Билайндын флагман тарифи мыкты, бирок баасы «чөнтөк жыртат».
Операторлордун түйүн ичиндеги СМС өлчөмдөрүн эсепке алган жокмун. Анткени азыркы убакта СМС жазышкандардын саны аз го дейм. Ар бир оператор бул кызматты мыкты көрсөтөт деп гана «плюс» коюу жетиштүү. 
СтС жана КНС тууралуу сөз кылуунун да кереги жок, бардыгында бирдей схема – көрсөтүлгөн пакеттердин ичинде бардыгы кошулган, ал эми лимиттен сырткары тарификацияда жок. Ушуга байланыштуу бардыгыӊыздарга көрсөтүлгөн лимиттен чыкпоону сунуштайм.
Талкууну сиздердин комментарийлер менен улантсак. Байланыш кызматына акча үнөмдөө үчүн ким кандай куулукка барат?Кыргызстандагы уюлдук операторлор сунуштаган тарифтик пландар тууралуу көптөн берки байкоолорумду атайын долбоор аркылуу коомчулукка жеткирүүгө убакыт келип жетти окшойт...

Категория: Керектүү маалыматтар | Добавил: VIP (26.08.2015)
Просмотров: 1118 | Теги: билайн, Ошка., Мегаком | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }