8
Главная » Статьи » Материалдар » Керектүү маалыматтар

Компьютер үчүн көз айнекти туура тандоонун эрежелери

Компьютерден эң жакшы коргонуу бул – көз айнек. Бирок аны тагып алуу сактанууга кепилдик бербейт. Аны туура тандоо чон мааниге ээ. Эмесе, көз айнекти туура тандоонун эрежелерин сунуштайбыз, пайдаланыңыз. Ошол эле учурда көз айнек тандоо жөнөкөй жумуш эмес экенин да эске салмакчыбыз.
  Алгач компьютер үчүн дал келе турган көз айнек тандоодо окулистке көрүнүү керек. Адис көздүн көрүү деңгээлин талдап, соң көз айнектин туура тандалышына көмөк берет.  Компьютер иштеп чыгаруучулар кандай убадаларды бербесин көз - адамдын негизги бермети. Компьютер бүтүндөй зыянсыз деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал эми компьютер үчүн колдонулуучу көз айнектин негизги милдети – электромагниттик нурларды нейтралдаштыруу, теңдөө.

Заманбап жашоого ылайык, айрымдар көзүнө линза койдуруп алышат. Бирок, ошентсе да линзалар адамдын аткарган жумушунун оорчулугуна карата коюлуусу шарт. Мисалы, текст, сүрөттөр жана оюндар менен “алектенүүчү” линзалар үчүн башка-башка түрдөгү линза тандалат. Бул үчүн албетте профессионал адистин көрсөтмөсү зарыл. Бул учурлардын ар бири эске алынуу менен линзага атайын кабыкча чапталат. Айтор ар бир көз айнек кишинин көзүн экрандын түркүн-түскө алмашуусунан, кызаруудан жана аллергиядан максималдуу түрдө сакташы керек.
Компьютерге көз айнек тандоонун эрежеси:
- Окулист сиздин көзүңүз үчүн кепилдик бериши керек. Андыктан дарыгерге баруу үчүн убакыт бөлүңүз. Жакынды жакшы көрүп, бирок алысты жакшы көрө албаган адамдар үчүн эреже боюнча дайымкы тагып жүргөн көз айнегинен 1-2 диоптр (көз айнектин линзасынын өлчөө бирдиги) аз көз айнек сунушталат.
- Компьютер үчүн көз айнекти каалаган жайдан эмес, атайын соода жайларынан алуу туура. Эсиңизде болсун, көз айнекти алып жаткан жайда көздүн көрүү деңгээлин текшерчү адис болушу зарыл.
- Көз айнекти албетте капчыгыңызга карап аласыз деңизчи. Бирок Швейцария, Германия жана Япониянын чыгарган линзалары сапаттуу жана ишенимдүү экенин эсиңизге салып койгубуз келет. Бул линзалар арзан турбасы да сыр эмес.
- Көз айнектин четки бөлүгүнүн сулуу болушуна көп талапкер болбоңуз. Ал сизге ынгайлуу “отуруп” жана жагымсыздык алып келбеген болсо, кийин да кыйынчылык жаралбайт.
- Көз айнекти туура тандагандыктын эн негизги жана ишенимдүү далили – компьютерди канча карасаңыз да көзүңүз чарчабайт, оорубайт.
  Эгерде компьютердин алдында көпкө отурбагандардын катарын толуктасаңыз, анда көз айнекке атайын антикомпьютердик линзаларды чаптатуу сунушталат. Тескерисинче компьютер менен тыгыз байланышта болсоңуз, анда көзүңүзгө туура кам көрүүдөн зерикпеңиз. Ден соолукта болуңуз!

Категория: Керектүү маалыматтар | Добавил: VIP (18.04.2015)
Просмотров: 1541 | Теги: Компьютердин пайдасы жана зыяны, компьютердик коз очкилер., окулист | Рейтинг: 2.0/1
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }